-Азыр биздин үйгө барабыз, атайын дайарданып олтурабыз. Күйөө бала, азаматсың.
— Албетте эжеке, сиздин жардамыңыз менен баары. Сиз чакырсаныз биз кантип барбай койобуз.
Көңүлүбүз көтөрүңкү маанайда Аида эженин үйүнө бардык. Аида эже эмнеге жаркылдап калган десем күйөөсү менен жарашкан тура. Жезде кой сойдуруп шишкебек, шорпо жасатып жатыптыр. Ыңгайсыз боло түштүм, кантсе дагы чоң кызматтагы киши эмеспи. Жусуптун кайда иштейт экенин эч кимге айтпай эле коюңуз деп сурангам Аида эжеден, күйөөсүнө деле айтпаса керек. Биз менен жылуу учурашып, бирок мени башкача көздүн кыры менен карап койду. Жанагы Алматыда болгон окуядан кийин мени бузуку деп ойлоп жүрөт да. Анан Акжолду дагы тааныйт, эми Жусуп менен ээрчишип барсам оозу ачылды болуш керек. Түшүндүрүп бергим келген жок, Аида эжени бир карап коюп үйгө кирип кеттим. Аида эже күйөөсү менен бир бөлмөдө кыжырданып жатты. Бул чыр мен үчүн болуп жатканын билем, күйөөсү үйдө экенин айтса барбайт элек.
— Жусуп экөөбүз сүйлөшүп алышыбыз керек, эшикке чыгып келели.
— Айта бербейсиңби Айжамал.
— Жок, бул эч ким укпай турган кеп, сен мага сөз бер. Баарын туура кабыл алам деп, мурун айтпаганым үчүн кечирим сурайм. Жүрү кайра келебиз.
Жусуп экөөбүз эшикке чыгып, машинага олтуруп бир аз нары жүрүп, анан сүйлөшүп алуу үчүн токтоду.
— Жусуп, сага бул нерсени айтпай койбосом болбойт. Билесиң да, мен алтын менен иштеп жүргөнүмдү. Бир жолу Казакстанда мейманканада бир окуя болгон. Аида эженин күйөөсү Аида эжени таштап кетип, жылдап көңүл бурбай койгон. Анан Аида эже күйөөсүнөн үмүтү үзүлүп, бир бала менен мамиле куруп алган. Аида эженин күйөөсү чоң кызматта, аны билсең керек. Аида эженин артынан адам коюп, мейманканадан кармап калды. Эгер мойнуна алса өлтүрүп салат эле, ошол үчүн ал баланы менин күйөөм катары тааныштырган. Күйөөсү жөн калбай аны да териштирип, менин күйөөм Акжол экенин аныктап, Акжолго жолугуп баарын териштириптир. Акжол экөөбүздүн мамилебиз ошол жерден баштап талкаланган. Акжол аябай жаман болду, анан мен мен….
— Анан сен? Тартынбай айта бер.
— Акжол эркектин милдетин аткара албайт болчу, кандайдыр бир себептер менен. Мен мурун турмушка чыккан эмесмин, врачка көрсөтүп, менин кыз экенимди далилдеген соң унчукпай калган. Ошол менен бул маселе козголгон эмес, эми азыр болсо күйөөсү мени жаман көрүп жатат. Чындыкты айта албайм, ошол үчүн эптеп чыдап олтуруп кетиш керек.
Жусуп мени шек санаган көздөрү менен карап алды.
— Мен дагы эмне дешти билбейм, билмексен болоюн анда. Калганын үйгө барып сүйлөшөбүз.
Баш ийкеп койдум. Жусуп базар тарапка айдады. Конокко барганда бир нерсе ала баруу керек эмеспи, биз дагы дасторконго көп нерсе алып кайттык. Кирип барсак Аида эже сүйүнүп кетти, бизди кетип калды деп ойлогон экен. Көздөрү кызарып калыптыр, күйөөсү менен биз үчүн урушуп ыйлаган сыяктуу.
— Ий, жөн эле койбойт белеңер. Кана киргиле, жезденер күтүп калды. Жусуп сен жаздене жардамдаша койчу.
Жусуп жезде жакка кетти, биз үйгө кирип кеттик.
— Айжамал күйөм үйдө экенин айтпаганым үчүн кечирим сурайм. Мен силерди жакшылап тааныштырып, ортодогу түшүнбөстүктөр жоголсун деген элем. Эгер айтсам сен келбей койот элең, туурабы?
— Ооба, болоору болду эми. Мен Жусупка баарын түшүндүрүп келдим, билмексен болом деди. Батыраак үйгө кетсек экен.
Көп өтпөй Жусуп менен жезде күлүп кирип келишти. Жүрөгүм бир аз болсо дагы ылдыйлап, олтуруп калдым. Кенен таанышып, эч нерсе болбогондой жакшы болуп кеттик. Батыраак кетели деген ой унутулуп, таң атып калганын сезбей калыптырбыз. Кызып калган жезде, биздин үйлөнөт экенибизди угуп, өкүл ата болом деп чыкты. Биз дагы макул болдук. Жакынкы арада үйлөнүү тойду уюштуруп, чоң тойканада өткөрүп берүүнү убада кылды. Ортодогу түшүнбөстүктөр жоголуп, жакшы мамиледе болуп калганыбызга аябай сүйүндүм. Бирок Аида эже өкүл апам болуп калат экенин эч ойлогон эмес элем. Биз кетүүгө камынып жатканда Аида эже мечитке барып, нике окутабыз деп туруп алды. Мен көнбөй койдум, анткени мен Жусуптун тууган туушкандарын, ата-энесин тааныбайм. Жок, таанышып карап көрөм деген жокмун, мен нике окулуп жатканда жакындарыбыз жаныбызда болсо дегем. Ал оюмду айтсам, өкүл апам жүрө берсең деп болбойт. Талашып тартышып жатып акыры Жусуптун үйүнө бардык. Көрсө Жусуптун туугандары эчак чогулуп, даярданып олтуруптур. Көзүмдөн жаш агып, бир чети катуу уялып турдум. Үйгө аккардеон коштоосунда ырдап шаңдуу алып киришти. Бизди өзүнчө бөлмөгө алып киришип, молдо алып келип нике кыйды. Баары чыгып кеткен соң, көшөгөдө жалгыз калдык. Жусуп менин колумду бекем кармап, — эми сен мендиксин!-деп өөп коюп чыгып кетти. Бактылуумун деп айта алам, эми мына эми мен чыныгы үй-бүлө кура алам. Чоң тойду кеңешип жатканда мен каршы болдум, анткени экөөбүздүн тең экинчи турмушубуз болчу. Анан жөндөн жөн чыгым болгум келген жок. Мен кайненем жөн отур деп койду. Каяша айта албайм, олтуруп калдым. Жусуп бир айдан кийин дем алуу алат экен, ошол убакка даярдана турган болуп, баары тарап кетти. Биздин кубаныч койунубузга батпай, таң атканча боло турган тоюбузду сүйлөшүп чыктык. Мен дагы башка кыздардай ак көйнөк кийип турмушка чыгат экеним, мени албетте кубанычка бөлөдү. Мага ушундай керемет жашоону берип жатканы үчүн Жусупту жанымдан артык көрүп калдым. Израилден Катя апаны дагы чакырабыз деп айтып калды, мейли эртең байланышам десем мен байланышып койгом дейт. Макул болуптур. Ошентип биз той болчу күнгө чейин жетинчи асманда учуп, эң бактылуу жашадык. Жусуп менин кандай күндөрдү башымдан өткөргөнүмо карабай, намысымды бек сактап калганыма ыраазы болду. Башкалар укса күлкү болот, күйөөдөн чыккан неме кыз экен десе. Биз эч кимге айтпайбыз, бизге эң башкысы ортобуздагы мамиле ачык, таза болгону гана жетиштүү. Той жакындап, жакын туугандар чогулуп башташты. Өкүл атамдын артында биздин той эң жакшы жерде өтөт, ал тойго өкүл атамды куттуктап аттуу-баштуу адамдар келет. Мен болсо кардан ак, күндөн сулуу көйнөк кийип, суйкайган келин болом. Баарынын алдына чыгып, келиндик саламымды салам. Катя апаны дагы тосуп келдик, мени көрүп катуу кубанды. Бир аз толуп, денем түзөлүп, өңүм оңолуп калыптыр айтуусу боюнча. Биз күткөн күн келип, той башталды. Баардыгы мени суктануу менен карап жатты, мен өзүмдү эң сулуу гана сезбестен бактылуу дагы сезип жаттым. Эгер мага бул бакытка жетүү үчүн башымдан өткөн азаптарды дагы бир жолу өтүү керек десе, мен эч ойлонбостон макул дейт элем. Куттуктоолор, белектер, элдин биз үчүн кубанып жатканын карап өзүм дагы асмандын жетинчи катмарына уча жыргадым. Той ортосунан өтүп калганда, мен өзүмдү жаман сезип, таза аба менен дем алгым келди. Баары бийлеп жатканынан пайдаланып эшикке чыгып баратып, көзүм караңгылап кетти. Калганын билбейм, көзүмдү ачсам үстүмдөгү той көйнөгүм жок. Ооруканада экенмин, жанымда Жусуп кабагы салынып олтурат. Мага эмне болду десем, эшикке чыгып баратып куладын дейт. Догдур мени текшерүүдөн өткөрүп, керектүү анализдерди алыптыр. Жыйынтыгын чыгара элек окшойт, колума асма укол сайып койгон.
— Жусуп кыжаалат болбо, аябай сүйүнүп кеттим окшойт. Мурун мындай болгон эмесмин, жүрү үйгө кеттик.
— Кантип эле кубангандан өзүн жоготсун? Эч жериң оорубай элеби? Кубарып турасың, каның аз окшойт. Болду бир ай эс алуумда жаныңдан чыкпайм, сен мага керексин. Сен менин болочок көөп балдарымдын энеси болосуң. Азыр сенин эмнеге кулаганынды билмейинче үйгө кетпейбиз, эгер керек десе жатып даарыланасын.
— Биз жаңы үйлөндүк, мен ооруканада жаткым келбейт.
— Биринчи орунда сенин ден-соолугун. Эмнеге шашасың? Биздин бүтүндөй жашообуз алдыда, буйруса баарына жетишебиз. Мени ук.
Жусуп мен бул жерде калтырып биротоло кетип кала тургансып таарындым. Биздин сөз бүтө электе догдур кирип келип калды.
— Баары жакшы, ойлонууга себеп жок. Болгону бир аз чарчап калган, боюнда бар учурда көбүрөөк эс алуу керек.
— Боюнда бар? Кимдин?
— Кимдин эле, сиздин Айжамал.
— Канчалык? Качан? Апей ….
Сүйүнүп сөздөн адашып кетиптирмин, өзүм уялып кеттим. Доктур дагы жылмайып карап турат. Демек себеп менин кош бойлуулугум экен да. Жусуптун дагы көздөрү жанып, катуу кубанып, мени кучактап алды. Бири-бирибизби кучактап, куттуктап дагы жаттык. Жусуптун биринчи аялынын боюнда болуп түшүп калганбы, ошондон улам төрөй албай калган болчу. Ошондуктан Жусуп мени балага өтө аяр мамиле жасайсын деп талап койду.
— Силерди куттуктайм, бирок сизге бир бөйрөк менен төрөөгө аябай кыйын болот экенин түшүнөсүз да. Ошол үчүн азыр сиз бул жерде калууга тийиштүү сүз. Кийин көрөбүз, балким акыркы айларда ушул жерде айлап жатып калуунуз мүмкүн.
— Мейли, аман-эсен төрөлсө болду. Төрөгөнгө чейин жатса да мейли.
— Жусуп, мен жата бермек белем тогуз ай бою. Төрөгөнгө жакын келип эле жатам, сенден алыс жүргүм келбейт.
— Төрөгөнгө чейин чыда, анан баары жакшы болот..
Биздин талаш догдурга кызык көрүндү окшойт, күлүп чыгып кетип калды. Мен болсо ооруканада калуума туура келди. Эртеси уйкудан көзүм ачыла электе Жусуп апабыз менен ысык тамагын жасап, гүл көтөрүп келишиптир. Эх кудай, ушул бактым өзүмө түбөлүк кут кылса экен…
Уландысы бар