19 болум
Дагы баягы акыбал, эмне кылууну билбейм. Жакшы же жаман ойлонууга күчүм жетпейт. Акжолду издеп ооруканага коңгуроо кылдым, жок. Бирок бир чети тынчып калдым, демек ден-соолугу жакшы. Коркуу сезими дагы деле мени каптап турган эле, титиреп жүрүп үйдөгү сынган идиштерди жыйнап, үйдү ирээтке келтирип апамды күттүм. Түн болуп кетсе да апамдан же Акжолдон кабар жок. Экөө айылга кетип калганбы? Эгер таң атканча кабар болбосо айылга барам. Андан бөлөк бараар жери жок. Ушундай буулугуп, көз жашымды карманып тура албай, жер тепкилеп бакырып ыйлап алдым. Эмнеге менин башыма азап күндөр гана жазылып калды экен. Балким бирөөнүн каргышына калган болсомчу, түшүнбөйм. Эч бир адамга жамандык кылган эмесмин, жамандык тилеген дагы эмесмин. Же башка адамдарга сабак катары мени бул жашоого жиберген окшойт кудай. Азыр Акжол мени колдоп туруусу керек болуп жатат, ал болсо менин актыгыма ишенбейт. Апам таңкы төрттө маанайы суз кирип келди.
— Апа, апа кайда жүрөсүз? Акжол кана?
Жооп берүүгө алы келбей апам ыйлап жиберди, мага жетпей жерге олтуруп калды. Бир нерсе болгону анык.
— Апа дейм, Акжол кана? Тынчылыкпы?
— Кайдан, Айжамал Акжол өзүнө кол салыптыр. Мен жумуштан келсем мына сен турган жерде олтуруптур. Уктап калганбы деп жанына барсам, колу ылдый түшүп кетти. Тамырын кесиптир.
— Апа эч жер кан эмес, чын айтып жатасызбы? Акжол күчтүү адам го.
— Мен дагы түшүнбөйм, экөөң урушкан эмес белеңер?
— Апа, неме. Мени Акжолго Аида эжем бар го ошол жамандаптыр. Менин эч күнөөм жок экенине ишенбей, катуу чыр чыгарып, үйдөн кууп чыккан. Эс алсын деп эшикке чыгып кеттим, ыйлап кайра бир саатка жетпей келсем жок экен. Ооруканаларга байланышып таппай койдум, кайда кетти деп, кайдан издээримди билбей олтургам.
— Каап, Акжол кайдагы бирөөгө ишенип кылганын карап кой. Аида менен эми сүйлөшпөй эле койчу. Кудай сактап Акжолду сактап калышты, базарга барайын деп эч бутум тартпай үйгө келдим эле. Кудай өзү жиберген экен мени үйгө, бир аз кечиксем Акжолду жоготмок экенбиз. Мейли жатып эс ал, мен Акжол менен өзүм сүйлөшөм. Эмне деп жамандаптыр?
— Апа, биз Астанада мейманканада бир түнгө токтогон элек. Аида эженин күйөөсү чоң кызматта билесиз го, аялынын артынан киши коюптур. Анын жанында жардамчысы бар болчу, көңүлдөш дагы экен. Кармап алып, Аида эжени алып кеткен жатканда ал баланы менин күйөөм деп калп айтты. Аны сактап калуу үчүн мен дагы калп айттым. Билбейм ошол окуяны видеого тартып бирөө таратып салыптыр. Акжол дагы ошол видеону көрүптүр, Аида эже менен кантип байланышкан аны билбейм. Акжол тууралуу биринчи ирет угуп жатам дептир, бирок Аида эже билет Акжол күйөөм экенин. Балким өз жанын сактап калуу үчүн калп айткандыр. Өз жанын алып калуу үчүн бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуу керекпи? Үй-бүлө мейли, биз Акжолду жоготуп ала жаздадык.
— Каап, бул жинди катын үчүн баламдан айрылып кала жаздадым. Кудай урсун ошону, өлүп кеткир.
— Апа сиз мага ишенесизби?
— Ишенем Айжамал, сенин Акжол үчүн кандай кадамга барып жатканыңды көрүп турам го. Капа болбо, бар эс ал. Эртең менен Акжолго чогу барабыз, мен тамак жасап койом.
— Жок апа, сиз эс алыңыз мен өзүм жасайм.
— Мейли өзүң бил, мен жаттым.
— Апа сизге чоң рахмат.
— Эмнеге рахмат деп жатасың?
— Мага ишенгениниз үчүн, мен үчүн бул маанилүү.
Апам барып жатып алды, мен болсо бир чети Акжол өз жанына кол салганы үчүн кайгырсам, бир чети аман калганын кубанып турдум. Тамак жасап жатып кантип таң атканын сезбей калыптырмын. Апамды ойготуп, чогу ооруканага барууга даярданып чыгып кеттик. Апам болсо мени кирбей тур деп, өзү биринчи кирип кетти. Бир сааттан ашык чыкпай, экөө катуу тартышты. Акжол дагы деле мага ишенбей жатат окшойт. Чыдабай өзүм кирдим.
— Мен сени жогол дедим го Айжамал. Эмнеге келдиң? Эмнеге биздин жашообузга кирдиң?
— Акжол басыл, өз аялыңа ишенбей кайдагы бирөөгө ишенип жатканың туурабы? Мен сага ушундай тарбия бердим беле? Мен Айжамалга Ишенем.
— Апа бул куу түлкү, биздин жашообузга аралашпа апа. Үйлөн деп өзүң күчтөп үйлөнтүп койгон элең, эми күчтөп жашатууга алың жетпейт. Менин жашоомду кааласаң Айжамалды кетирүүгө тоскоол болбойсуң. Эгер жок десең кийинки жолу мени сактап кала албайсыңар.
— Балам эмне деп жатасың? Айжамал сага уул, кыз төрөп берет. Баарын унутасын, силер бактылуу болосуңар.
— Боюңда барбы?
— Жок, Акжол кайдан болот эле?
— Апа көрдүңбү, баарын түшүндүңбү? Балаң жарабайт, мен эч качан балалуу болбойм. Эч качан аялга чыныгы күйөө болуп бере албайм. Ошол үчүн Айжамал башка эркектин кучагында жүрөт.
— Калп, үстүмдө кудай турат. Башка эркек менен болуу түгүл сүйлөгөн дагы эмесмин. Мен сага адалмын, эгер калп айтсам кудай ушул турган жеримде уруп кетсин. Каалаган нерсе менен карганып берем Акжол, мен акмын.
Апам бир мени анан Акжолду карап туруп калды.
— Үйлөнгөнүнорго жарым жыл болоюн деп калды, бул нерсени дагы канча жашырып жүрөт элеңер менден? Айжамал сенчи? Бир ооз айтсаң боло.
— Апа кантип айтам? Бул экөөбүздүн ортобуздагы иш, мен Акжолго сөз бергем.
— Акжол, эгер мага ишенбесең азыр барып текшерт. Мен кызмын..
— Туура, уруш талашты токтотуп текшертели. Айжамал мен сага ишенем, Акжол экөөңдүн чырынды токтотуунун кыска жолу ушул.
— Акжол макул болгонсуп калды, апам барып врач менен сүйлөшүп келиптир. Мени креслого чыгарып текшертти. Текшерип жатканда апам менен Акжол тартманын артында күтүп турушту. Чындык ар дайым жеңет, жеңип келген. Врач менен кыз экенимди дароо айтты, Акжол болсо уялды окшойт башын жерге салып туруп калды. Апам дагы Акжол дагы мага бир ооз сөз айта албай калышты. Мен актыгымды далилдеп бергеним үчүн жеңилдеп калдым. Эркектерге эмне керек түшүнбөйм, Акжол мени көргүсү келбей жатканын айтып, ооруканага келбешимди сураныптыр. Мага аябай катуу тийди, ооруп калдым. Башымды жаздыктан көтөрбөй жатып калдым. Ыйлайм, ыйлайм, ыйлайм.. Мага болушуп, мен жакта туруучу эч кимим жок экени жанды жейт. Жетим деп эле ушунчалык кордоо керекпи? Таарынып өзүм дагы басып барбай койдум. Бир жума өтсө да Аида эже кабарлашкан жок, өзүм дагы күтпөй калдым. Байланышса деле эмне өзгөрөт эле. Өзүмдү алаксытуу үчүн кайра товарга барып келүүнү чечип, барып учакка билет алып келдим. Бул жолу Алматы менен учам, Алматыга жолдогу машина менен эле барам. Атайын эки күн ары алган элем, Алматыда эч ким тааныбаган жерде эс алайын деп. Баягыдай эле кайра өз жериме батпай калдым да. Ошол күнү кечинде жолго чыгып, Алматыга бардым. Дайыма арзан, эч кандай шарты жок мейманканага жатчу элем. Ким үчүн? Ким үчүн мындай кылуум керек? Мага ишенбеген, баалабаган күйөөм үчүнбү? Эми өзүм үчүн жашайм, канчалык жөнөкөй, аракетчил, чынчыл болсоң ошончолук кордошот экен. Бул заман адамдан дагы буюм көбүрөөк бааланган заман болуп калыптыр. Таарындым, баарына таарындым. Барып биринчи алдымдан чыккан соонун мейманканага токтодум. Бөлмөмө өзүмө жаккан нерсенин баарын алдырып, чыкпай эс алып жата бердим. Эки күндө кадимкидей өзүмдү жеңил сезип, эс алып калыптырмын. Андан ары Пакистанга барып, товар алдым. Сатуучулар жалгыз келгениме таң калып калышты. Аида эжени сурасам ал эки күндөн кийин келем деген дешти. Бети чыдабай калган го, мени менен көрүшүүго. Мейли аны дагы кечирдим кудай үчүн, кудай өзү тараза. Кыргызстанга келсем Акжол ооруканадан чыгыптыр, апам жанынан чыкпай карап олтурат. Апам менен учурашып, Акжолго сүйлөбөй койдум. Акжол улам сөз баштоого даабай кыйналды. Мейли кыйналсын. Мен аны башка аялдардай муну алып бер, тигини жейм деп кыйнабасам. Акжол үчүн жанымды чаап иштеп жатсам. Даарылап, бутуна тургузуу үчүн күнү түнү уктабасам. Көңүлүн жаш баладай карасам, дагы эмне керек? Менин көңүлүмдү ким карайт? Мейли аял дебейм, адаммын го. Ар бир адамга бир аз болсо дагы көңүл керек да.
— Апа, эртең таң атпай Ошко кетем жумуштарым бар. Кечинде келип калам кайра, учакка билет алып койгом. Бул алтынды дүкөнгө кошуп алыңыз э апа. Күмүш барбы? Же калтырайынбы?
— Күмүш билезик калтыр, калган бар. Кызым, көп капа болбочу. Жүрү тамак жеп алчы, ачка болсоң керек. Сен бизди кечирип кой, эми эркек да.
Апам баласы үчүн кечирим сурап, мен үчүн күйүп тамак жеп ал дегени тоңгон көңүлдү жибитип салды. Мага салынган бешбармакты жеп жатып ыйлап жибердим. Көз жашым тамакка тамып, даамдуу тамак, апамдын мээрими жүрөгүмдү өрттөп жиберди. Апам артымдан келип кучактап кошо ыйлады.
— Апа сиздин бар экениңизге рахмат, мен сизди өз апамдай жакшы көрөм. Апам экөөбүз бир жерде кучакташып, Акжол өзү ары жакта ыйлап турдук.
Уландысы бар