12- бөлүм.
Былтыр Аврам экөөбүз бири-бирибизди карап жаткандай болгон жок, анда мен Аврамдын көзүнөн көзүмдү ала албай, эч уктагым келген эмес. Ойго турууга болгон күчүмдү салгам, азыр болсо өзүнө тарткан уйку жок. Батыраак бүтсө экен деп, өзүм шашып көзүмдү катуу жумуп алдым. Жер астын үстүн болуп тегеренет, өзүм жаным чыгып асманга бараткандай учуп бараттым. Тынчтык.. Кулагым тунжурап, бул тынчтык мага жагып жатты. Денемди бош койдум, даары жыттанган болсо дагы абаны көкүрөк толтура жутуп жаттым. Бул менин акыркы демим. Жашоомдогу мага жыргалдык тартуулаган жалгыз гана ушул дем алганым болсо керек. Ар бир көкүрөк толтуруп алган демим жанымды жайылтып, жашоомду андан ары улоого жардам берет. Менин жалгыз жөлөгүм, жалгыз жашоомдун улануусуна жол берген, каалаган нерсем. Болду… Андан ары дем алып жатамбы же демим токтодубу билбейм. Караңгылык, бул жерде кылымга камалып жаткандай жарык издеп убарамын. Мен каалаган, күткөн жакын адамдарым алдымдан чыккан жок….
Ыйладым.. Бул караңгыда жашымды арчууга колумду таппай койдум. Он эки мүчө он эки тарапка чачырап кеткен сыяктуу. Эң жаманы жалган жашоодо өзүмдү таба албай жашаганым аз келгенсип, бул чын жашоодо дагы өзүмдү таппай жүрөм. Мага дайым апам айтып жүргөн башка дүйнө жок окшойт. Болсо, кана? Жанымды алууга эч ким келген жок, эч аркы дүйнөгө узатып чыккан жок. Болгону караңгылык. Бирок башка жашоо жок болсо, менин аң сезимим кошо өлөт эле го. Мен болсо сезип жатам баарын, ойго сыяктуу. Болгону көз сайган караңгыда өзүмдү таппай жүрөм. Бул караңгылык дагы бүттү.. Тыптынч, андан ары баарын өчүрүп салгандай. Мейли, ыраазымын. Балким бейиш же тозок болсо, билип билбей кылган күнөөм үчүн тозокто калып кетмекмин. Мындай тынчтык, мындай маара болсо мага жакты, мага туура келет…
Темирдин анча-мынча калдыраган үнү кулагыма угулуп, аң сезимим кайра иштеп баштады. Мен өлдүмбү? Өлсөм өлүктөр дүйнөсүндө дагы мындай дабыштар болобу? Колумду анан бутумду, анан башымды акырындап сезип баштадым. Колумду көтөрүп, өз алдынча ача албай жаткан көзүмө жеткирип, көзүмдү колум менен ачтым. Бардык жок ак түстө, көзүм тунук көрбөй ак көйнөкчөн адам кейпинде жүргөн нерселерди чала илип жатат. Мени карап, мени көздөй басып келе жатат. Бул жан алгыч болсо керек.. Жан алгыч ак периште кейпинде келсе, мен бейиш адамы болуп калдымбы? Азыр жан чыгуу башталат, баары бат өтүп кетсе экен… Араң кыймылдаган үнүм менен келме келтирип, мен даярмын дедим.
— Көрүп жатабыз, бар врачты чакыр.
Көрсө мен өлбөй эле, ооруканада жатат экенмин. Ак көйнөкчөн дегендер булар медайымдар экен. Кудай ай, өлө албай жатып күлкүм келгенин айтпа.
Жүзүмдөн күлгөнүм билинбесе дагы, ичим кадимкидей кыймылдап кетти окшойт. Бир чети сүйүнүч, жарык дүйнөнү кайра көрүп турганым үчүн сүйүнүп кеттим. Башка дарыгерлер, оозума эки тамчы суу тамчылатып коюшту. Өзүмө келгенден баштап, мага күндө формачан бир киши келип, суракка алууга аракеттенип жатты. Ооба жана жок деп гана башым менен билдирбесем, сүйлөөгө күч жок. Колум менен денемди кармасам эч жерим кесилген эмес. Анда эмнеге мынчалык жанчылып калгам? Көп өтпөй өз алдынча туруп, аз-аздан басып баштадым. Мен жаткан бөлмөнүн сыртында, мени эки куралчан кишилер кайтарып турушат. Эми бир аз түшүнгөн сыяктуумун, жанагы адамдардын ички органдарын сатып бизнес кылгандарды колго түшүргөн окшойт. Күндө келип тынчымды алган тергөөчү бүгүн дагы келиптир, мунусунда котормочу менен.
— Атың ким? Фамилия, туулган жылын?
— Бейшенова Айжамал, бир миң тогуз жүз токсон бешинчи жылы туулгам.
— Туулган жериң? Кайсы өлкөнүн жараны болосуң?
— Кыргызстан, Кыргызстандын жаранымын.
— Бул өлкөгө кандай максатта келгенсиз?
— Иштөө үчүн..
— Бул кылмышкерлерге кайдан кабылып калдыңыз? Ортомчу барбы? Же уурдап келиштиби? Алданып калдыңызбы?
— Жок, алданып калдым.
— Кимге? Ортомчу ким?
— Тааныбайм, билбейм..
— Кылмышкерлерди жашыруу бул дагы кылмышка кирет. Эгер бизге көмөк көрсөтсөң, сени өз мекениңе аман-эсен жеткирип койобуз деп сөз беребиз. Сен коркпо, сени биздин адамдар бүт тарабындан коргоп турушат. Сен эң башкы күбөө болосуң, эгер чындыкты айтпасаң, биз сени коргой албайбыз. Азыр бул эшиктен чыкканда алар сени өлтүрүп кетиши мүмкүн.
Менин алдыма жыйырма чакты сүрөттү тизип коюшту. Ал жерде Аврам аялы менен, мени операция кылган врачтар, мени экинчи ирет алдагысы келген аял дагы бар экен. Ушул жерден менин оюма Аврамдын көзү көрбөгөн кызы гана келип туруп алды. Экөөнү тең азыр айтып берсем байкуш кыз мен көргөн күндөн дагы оор күндү көрөт. Мен го апам менен чоңойдум, кыйналсам дагы көзүм көрөт. Ал бечарачы, бутунун алдына төшөлгөн биринчи чырпыка чалынып кулайт. Ал тура албайт кайра, жөлөгөн жөлөгү, ишенген көзү жок болсо. Аврамдын, врачтардын, орус аялдын сүрөтүн терип бердим. Аврамдын аялынын сүрөтүнө тигилгим келген жок, байкап калса мени кайра суракка алып баштайт. Мени көпкө тигилип, Аврамдын аялынын сүрөтүн сууруп чыгып;-бул сага тааныш эмеспи?-деди. Башымды чайкадым. Ал дагы улам сурай бербей, сүрөттөрдү жыйнап алды. Ишенди окшойт, кантсе дагы менде көгүчкөндөр мектебинде алган аз болсо дагы билим бар да.
— Бир суроо берсем болобу?
— Болот..
— Мени кантип куткарып алдыңар? Кайдан билдиңер?
— Екатерина Иванова ким болот сага?
Катя апа бул Люда апамдын эжекеси да. Карап кой, кичинекей кемпирдин колунан ушундай чоң иш келгенин.
— Апам, апам болот.
Кантип эки жолу апалап жибергенимди сезбей калдым. Катя апам ушундай ыраазымын.
Тергөөчү кеткенден кийин жатсам Катя апам келип калды. Мен аны кучактап, өпкүлөп, рахматымды айттым. Байкуш анан кантем, жакыным болуп калбадыңбы дейт. Мен байланышка чыкпаганымдан дароо милицияга барыптыр. Мен айтып бергендеримди айтып, Аврамды башкы күнөөкөр катары көрсөтүп бериптир. Аврамды колго түшүрүп, суракка алса, Аврам мен тууралуу укканда булардын операция кылуучу бардык точкаларын көрсөтүп, биринен мени тааптыр. Беш мүнөткө кечиксе баары башкача болуп кетмек дейт. Мага денемди шал кылуучу укол сайып, анын үстүнөн наркоз сайганына мен комага түшүп калыптырмын. Врачтын айтуусуна караганда, өзүм ойлонууга, жашоого аракет кылбаптырмын. Жашагым келбесе керек. Ооба ошондо мени караңгылык басканда, мен өзүмдүн өлгөнүмо ишенгем. Аркы дүйнөнү издегем, мээм өлүмгө даярданып, ойгонбойм деп ойлогон. Ошол үчүн, жарыктык, жашоого тырмышпаса керек. Кантсе да тирүү калганым кандай керемет. Алдамчы орус аял болсо, мени алдаптыр. Бөйрөк салды деп көрсөткөн тырык бул кадимки сокур ичегиден болгон операциянын жыйынтыгы болчу экен. Ал менин экинчи бөйрөгүмдү эмес, жүрөгүмдү көздөгөн экен. Угушум боюнча ал менин жүрөгүмдү бай адамдын, оорукчан кызына сатмак болуптур. Миллион доллар, жүрөгүм ошончого бааланыптыр. Азыр базарда баары бар дейт, ошол чын. Базарда адамдын органдары дагы, адамдын өзү дагы бар. Көп өтпөй сот дагы болду.. Сотто Аврам бардык кылмышын моюнуна алды. Эки көзүн менден албай, башкача, мурунку сүйүү көздөрү менен тигилип, жылмайып гана турду. Аврамды жыйырма беш жылга эркинен ажыратты, операция кылган врачтарды, булардын башчысын өмүр боюга кести. Күнөөкөрлөрдү алып чыгып баратканда, Аврам мени карап, «рахмат»-деди. Ал рахматын мааниси, кызымды жетимдикке ыраа көрбөй, аялымды сактап калдың деген болсо керек
Уландысы бар