11-болум.
Аврамды ушундай сүйүп, ишенсем дагы эмнегедир бейтааныш аялдын сөзү чын сезилди. Же Аврам жалгыз таштап кеткенине капа болуп, аң сезим өч алып жаткандыр. Мени бөйрөгүм кыжаалат кылганы жок, чын айтып жатам. Мени жүрөгүмдүн ээси Аврам кыжаалат кылып жатат, бөйрөк жок жашап келем, баары чын болуп калса Аврамга тийиштүү жүрөгүм жашай алабы? Миң түркүн ой, эмне кылып жатканымды билбейм. Кете бердим, аягы жок көчөлөрдө тентип жүрүп кечинде гана үйгө келдим. Керебетке бүк түшүп жаткан боюнча таң аттырдым. Уйку жок, сени сатып кетти деген ой эми жылдап тынч уктатпаса керек. Жаздыкты кучактап ыйладым, сыздадым, чын болуп калса эмне кылуу керек деп ойлодум. Эч нерсе кыла албайм, колумдан эч нерсе келбейт, эч кандай далил жок. Уктамак түгүл көзүмдү ирмегенди унутуп койсом керек, телефондун бийик чыккан үнүнөн чочуп тура калсам көзүм ирмелип аябай ачышып, үч- төрт тамчы жаш бирин бири кубалап түштү. Көзүмдү ушалап анан карасам бейтааныш бирөө, кечеки аял болсо керек. Ушундай буулугуп калган экен үнүм, кырылдап жоон чыкты. Айжамал сенби?-деп араң тааныды. Эшиктин алдында күтүп турган экен, дароо машинасына олтуруп жөнөп кеттик. Эч нерсе уккум дагы, көргүм дагы келбей жатат. Бир саамга мунун баары мага эмне үчүн керек деп ойлоп кеттим. Аврамга менден бөйрөк гана керек болсо, ал аны алды, азыр барсам деле эч нерсе кыла албайм. Же сагындымбы? Ал мени сатып кетсе дагы үмүт, сүйүү деген аны жек көрүүгө жол бербей жатпайбы.
— Мен сени түшүнөм..
Жанымдагы аял мага ичи ачышкан болуп, акырын шыбырады. Түшүнбөйсүң дедим. Мени түшүнүү үчүн, миң жолу өлүп кайра тирилүү керек. Анткени мен, мени жакындарым канча жолу сатса, мен ошончо жолу өлүп кайра тирилгенмин.
— Жок, адашасын. Жан дүйнө оорусу башка, чын эле өлүп жаткан адамдын оорусу башка. Бул дүйнөдө канча азап тартсаң дагы сага көнүмүш, анткени бул дүйнө сага тааныш, эмне кылууну билесиң. А менчи? Мен чыныгы жашоого, кудайдын алдына баратам. Мен ал жак кандай экенин билбейм, кандай сыноолор турат, балким жыргал балким азап жашоодур. Балким тиги дүйнө деген такыр жоктур.
Бул капырдын айткан сөздөрүн карап кой, кудайдын бардыгына шек келтирип жатат. Жооп берүүнү каалаган жокмун, үнсүз гана, терезеге тигиле кете бердим. Канча убакытта жеткенимди билбейм, токтогондо эле мага жеңил көйнөк кийген Аврамдын эжеси көзүмө урунду. Кызыл гүлдүү экен, акырын соккон шамал көйнөктүн көркүн андан дагы ачып көрсөттү. Бирок капалуу турат, машинадан түшүп Аврамды сурагым келип, барганы жатсам тиги аял токтотту. Түшпөй турганым деле жакшы болгон экен, артынан Аврам көрүндү. Мурункудай эле жакшынакай, нур көздүү. Төрт-беш жашар кызды ээрчитип алыптыр. Эч нерсе оюмда жок, бардык нерсени ойлосом дагы буларды аял- күйөө деп ойлогон эмесмин. Качан эжем деп тааныштырган аялды белинен кучактаганда түшүндүм. Жанымдагы аялдын токтотконуна карабай машинадан түшүп, жанына жетип бардым. Аврамдын көзүнө тигилдим, карай албай жалтаңдап жиберди.
— Мейли акча көзүңдү көр кылыптыр, бирок үй-бүлөнү мындай арам ишке аралаштырбай эле койбойсуңбу.
Сен, сен болсо ит экенсиң. Күйөөсүн кызганбаган бул ит дегендик, итте гана кызгануу сезими жок. Дүйнөдөгү болгон акчаны берсе дагы кантип күйөөңдү бирөөгө бересиң? Силерди кудай урсун, мен силерге көрсөтөм.
— Айжамал, бизди кечир. Кудай бизди жазалады, сен үчүн өч алды.
Аялы тизелеп отуруп кечирим сурап, ыйлады. Аврам болсо кызынын колун кой берсе телтендеп барып олтуруп калды. Көзү көрбөйт экен.
— Жалгыз мен күнөөлүмүн, Айжамал мени кечирип койчу. Андай ишимди таштадым, сенин бөйрөгүнду саткандан көп өтпөй кырсыктадык. Кызым үч жашар болчу, таттуу сүйлөп, чуркап жүрүп кырсыктан кийин көзү көрбөй калды. Байкуш кызым караңгы экен, коркуп жатам деп ыйлайт. Биздин кылган ишибиздин убалы ушул кызга тийди. Кааласаң миллицияга бер, эмне кылсаң өзүңдүн эркиң.
— Силерди кудай кечирсин……
Мен экөөнү ушундай нараазы көздөрүм менен карадым, менин көз карашыма туруштук бере албай көздөрүн жерге алып качышты. Арманым ичимде калды, айтам деп даярдаган сөздөрүм унутулуп кетти. «Сүйүү»-бул өзү эмне? Бул алдоо, сатып кетүү, жетпей калуу, арман гана болуш керек. Сүйүп, жетип бактылуу болгондорду уккан эмесмин. Менин сүйүүм мейли дейин, тиги аял күйөөнүн сүйүүсүнө эмне болгон? Акча үчүн, күйөөсүн бирөөгө берип, эжесинин ролун аткарып жүрөт. Экөөнүн ортосунда кызгануу сезими жокпу? Ушундай айбан сымал адамдар бар экенине ичим күйдү. Жер оодарылып бараткандай, бутум титиреп машинага араң жеттим. Жанагы орус аял мени табалап карап жаткандай көрүндү. Баягы тескери караган боюнча кайра кеттик. Бир ай убакыт калган өмүрүмдүн бүтүшүнө, кичине жашап алайын жашоонун таттуусун татып. Өзүм байланышам деп кеткен. Люда апамдын эжекесине баарын айтсам, мени катуу урушту. Кайра бөйрөктү берем деп жатат десем, таң калды. Рак болгон болсо, бөйрөккө дагы өтүп кетиши мүмкүн дегендей кылды. Бирок бир бөйрөк менен төрөө кыйын экен. Ошол үчүн дагы макул болууну туура көрдүк. Мен күтүп жаттым, операция бүтсө аман-эсен, өз мекениме кетем дедим. Бул жерде мени эч нерсе кармабайт, бул жерге болгон эскерүүлөр жер менен жексен болгон. Он күн өтүп өтпөй кайра баягы аял пайда болду. Өзүмдү жанагынын алдында аябай ыңгайсыз сезем, байкуш, алданып калган арсыз сезем чынымды айтсам. Даярсыңбы!-деп гана сурады. Башымды ийкеп машинага отуруп алдым, бир кол сумкага керектүү буюмдарды салып алган элем алдын ала. Артымдан чогу иштеген Люда апамдын эжекеси чыгып, бетимден өөп коштошуп, ийгилик каалады. Ошол байкуш кемпирди жакын тутуп жатпаймынбы. Башка мен үчүн ким убайым тартып жатат? Деги менин бар жогумду ким жоктоп жатат? Ушул болгону он тогуз жылдык жашоомдо, жүз жылга тете азапты көрүп койдум. Кудай айтчы, дагы канча сыноодон өтүшүм керек? Жүз эмес миң жыл жашагандай жашоодон тойдум. Азыр деле эмне максатта баражатканымды билбейм. Балким жоготкон нерселеримди кайтарып, кыйнаган жүрөк оорусун басаңдатуучу себеп издеп жаткандырмын. Ойдон, жашоодон, адам тандоодон, деги эле бул өмүргө келип адаштым. Маанайым суз, көңүлгө эч нерсе жакпайт. Мага операциядан чыгамынбы, чыкпаймынбы кызыксыз. Жашоо үчүн күрөштүм, күчүмдүн жетишинче күрөштүм. Тилекке каршы баардык нерсе мен ойлогондон татаал экен. Алым жок, өтүп баратканда чоң күзгү бар экен оорукананын кире беришинде. Бейтааныш, өңү серт кыз көрүнүп кетти көзүмө. Артымды карай койсом эч ким жок, кайрадан күзгүнү шашпай карасам өзүм экенмин. Акыркы жолу качан күзгү караганым эсимде жок. Тармал кызыл чачтарым өйдөгө ирээтсиз түйүлгөн, жаагым ичкерип, ээгим учтугуй тартып кетиптир. Көздөрүм бир аз шишик тартып, байкуш колдорум ичкерип, кийип турган жеңил көйнөк кабыргамды санап турат. Ушундай дагы арыктайбы адам? Кызык каным деле түшүп кетсе керек, анткени жүзүмдө бир кызыл жок. Бассам, турсам жер тегеренип кулап кете жаздайм. Ойлонгуча болбой, эки ак халат кийген балдар жетелеп мени алып кирип кетишти. Мурун кадимки бөлмөгө жаткырса, азыр болсо сыртымдан жаап салды. Жүрөгүм зырп этти, эмнеге мени камап салды экен. Канчадан бери англис тилин дагы үйрөнүп калган элем, себебин сурасам укмаксан болуп кетип калышты. Жүрөк мындай нерсеге көнүп калган окшойт, сага рас болот дегендей кош көңүлдүк кылды. Эч кандай сезим жок. Коркуу же ойлонуу, эч бири жок. Эмне болсо ошол болсун, эми мага баарыбир. Жандын, жашоонун таттуулугу эми мага бир тыйын. Мага демек бышырып жешсин. Кечке жуук кирип, колу бутумду керебетке байлап, укол сайып чыгып кетишти. Уктап калам го деген элем, уктаткан жок, денени башкара албай калат экенсиң. Кыймылдоо мүмкүн эмес, тилиң дагы чулдурайт. Катуу үшүп, кыйналдым. Канча убакыт жаттым билбейм, бирок аябай көп жаттым. Балким бир күн, балким эки. Так айта албайм, качан тилим өзүнө келип баштаганда башка догдурлар кирип, мени көрсөтүп бир нерсе деп сүйлөшүп жатышты. Мээ дагы ойлоно албай калганбы, эч түшүнгөн жокмун. Түшүнө албай калдым. Кийимдеримди кайчы менен кыркып, көтөрүп дөңгөлөктүү керебетке жаткырышты. Акыркы мүнөттөр экенине ынандым, ыраазы болдум. Сүйүнүч ишенесиңерби сүйүнүч жашы көздөн кулады. Бул жашоодо жыргап эне мээримин көргөн, сезген жокмун. Аркы, чыныгы жашоодо мени өз апам, атам күтүп, сагынып жүргөнүн билем. Корс кыймылдаган аялдар экен, колу бутумду темирге уруп согуп араң жеттик. Этияттыксыз менен көтөрүп ваннага салды эле,суунун муздактыгынан өзүмө баш бербей жаткан денем чыйрала түштү. Эмне үчүн муздак сууга салат экендиги мага алиге чейин сыр. Дүйшөн дагы бир жолу кадимки муз толтурулган сууга матырып салган эле мени. Жуунтумуш этип кайра чыгарып, мага тааныш бөлмөгө алып киришти. Бул бөлмө баягыда Аврам экөөбүз карашып жаткан бөлмөнүн көчүрмөсү болчу. Буларга экинчи бөйрөгүм керек болгон экен да чиркин. Мен дагы бир жолу алдандым. Бул акыркысы, анткени менин ишенчээктигим мени өлүмгө алып барды. Жарым жыл жанымды берем деп жүргөн инсан менин бөйрөгүмдү сатып кеткен, бул бейтааныш аялга мен ким болуп калыптырмын. Колу бутумду байлабаса дагы турууга күчүм жок, бир гана көзүм кыймылдайт. Эки жакты карап, бул дүйнөнүн ушул кичинекей бөлмөсүн болсо дагы тоюп карап алайын. Мына, мына наркоз келе жатат. Азыр түбөлүк уйкуга кетем, менин денем жерге берилеби жокпу өзүм билбейм. Негизи акыркы жылдары өлсөм, денем эмне болот, жерге берилбей каламбы!-деп коркуп жүрчү элем. Бекеринен тынчсызданбаган экенмин, мына эми денем студенттерге кескилеп ойноого оюнчук болот. Андан соң сөөгүм менен этим ажыратылып, иче карыным жип болууга кетсе, сөөгүм бир лабораторияга көрсөтмө болот. Эттер болсо бир таштандыга ыргытылса келемишке жем болом. Жетээр жерим, токтоло турган жерге жеттим.
Уландысы бар.