Ак кара 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-Кара 9- бөлүм.

Айылдан келгенден кийин Жумагулдун кабагы эч ачылбай калган, бир аз нерсеге ыйлап жиберет. Энеден кийинки эң жакын адамын жоготуу оор, жүрөктү бырча кескилеп жаткандай ооруйт, аны жакшы түшүнөм. Биздин үйдө азыркы абал ушундай, мен болсо бир жылдан бери өз балдарымдын кайда экенин билбей келем. Мени кебез менен муунтуп жаткандай, ар дайым дем жетпей келет. Катуураак дем алсам, мына могу могу жер. Көкүрөк тушу зыркырап кетет. Аттиң бул ооруну басып, балдарым табылып калса кана. Түндө Үмүт ойгонуп калганда мен алиге уктай элек болом, баламды колума алып эмизип олтуруп, баягы жан сыздаткан оору ошол учурда өзгөчө сезилет. Сабайт, урат, жүрөгүмдү оорутуп, жан дүйнөмдү өрттөйт, кайра мени табалап күлөт. Чыдабайм, чыдабайм бөлөк. Кыйналам, ыйлайм аргасызмын. Аргасызмын, эмне кылайын? Балдарымдын алдында кечирилгис күнөөм бар сымал, Үмүт дагы көзүмө көрүнбөй кетчү болду кээде, жаңы үй-бүлө деп эки баламды атайын таштап кечип кеткен сыяктуу. Кайгыдан, үйдөгү жумуштан бошобой Дастанга деле көңүл бурбайт экенмин. Кечинде келип, саатын карап анан мени бир карап «уфф»-дегенде барып башымды көтөрүп, Дастан тарапка бурулдум. Байкушум, кийимди дагы жарашыксыз тандап кийип кеткен тура. Курсагы ток болду бекен деген ой келип кетти, бул деле тажаса керек кургабаган көз жаштан.

— Дастан, чарчабай жакшы иштеп келдиңби бүгүн? Жумуштар жакшыбы?

Таң калып, мени дагы эстейсинби?- деген көз караш менен, шектүү карап.

— Жакшы рахмат, өзүң кандайсың? Маанайын бүгүн жакшыбы?-деди.

— Жакшы, күндөгүдөй эле. Курсагың ачтыбы? Жүрү чогу чай ичебиз.

Азыр эле кабагы салыңкы Дастан жылмайып кетти. Үмүттү колумдан алып эркелетип, менимче бактылуу үй-бүлөнүн сүрөтүн түзүүгө аракет кылып жатат берекем десе.

Сүйүү деген менимче ушундай болуш керек. Дастанга болгон махабатым чексиз, жанымдан артык көрөм. Дастандын мүнөзү өзгөчө, мээримдүү, мен үчүн эч кемчиликсиз инсан. Бул жашоодо мага келген биринчи жана акыркы сүйүүм. Мен сага чейин сүйүп, сүйүлгон жокмун, мен сенчелик эч кимди сүйгөн эмесмин. Бүгүн бактылуу болгум келет, эч качан болуп көрбөгөндөй. Бүгүнкү күндү, бүгүнкү сени, бүгүнкү бакытты токтотуп турсам дейм. Эртең эле ушул бактымды бирөө тартып алып алчудай сезилет.

 

Таттуу кыялга катуу баткан экенмин, Дастан келип мурду дан акырын чымчып алганда чочуп кеттим. Кайнап жаткан чай соолуп, тамак түбүнө тартыптыр. Дастанды карасам күлүп жайнап турат, мен дагы күлүп, мойнунан бекем кучактап алсам уялып кетти, Жумагүл чыгып калабы деп. Андан бетер эркелеп кучактап туруп алсам, көтөрүп бөлмөгө кирип кетти.

Жерге койгондон кийин кулагыма;

—Сени сагынып жүрөм!-деди.

— Күндө жаныңда жүрөм го Дастан.

— Жан дүйнөңдү, өзүңдү сагындым. Жанымда болсо сөлөкөтүн гана жүрөт.

— Эч нерсе дебе, акырын.

Музыка жок болсо да, экөөбүз кучакташкан боюнча канча убакыт белгисиз, көпкө чейин акырын тегеренип бийлей бердик. Мен анын төшүнө башымды жөлөп, жүрөгүнүн ар бир сокконун тыңшап, жан дүйнөм жай алып турду. Ошол учурда жүрөгүмдө болгон бүт кайгыны эстен чыгардым. Чын бактылуу болдум, жакшы көргөн адамдын жаныңда болгону, колдогону бул жашоодогу бардык кыйынчылыкты сынбай, башты бийик көтөргөн боюнча өтүп кетүүгө түрткү берет экенине ынандым. Таң атканча, көз ирмебей ушул калыпта, бири-бирибизге болгон сүйүүнү көзүбүздөн гана окуп, жан дүйнө жыргалын ааламга чачып бийлей берет элек. Кайдан, Үмүт ойгонуп, ыйлап баштады. Коё тур, азыркы жагдай бүттү деп капаланба дегим келди. Үнсүз, көз караштан бири-бирибизди түшүнүп, Дастан дагы жылмайып койду. Бул деген албетте, бул бакыт өмүрүмдүн аягына чейин уланат. Мен сени сүйөм дегени болчу.

Үмүттү көтөрүп чыгып, жанагы бир аз күйүк даамданып калган тамакты Дастанга салып бердим. Мен күйүк даамданып калган тамакты жей албай, ыңгайсыз абалда турсам, Дастан дүйнөнүн эң кымбат Ресторанында тамактанып жаткансып тамшанат. Чыдабай күлүп жибердим, сыр бербейт азаматым десе.

Маанай жакшы уктаганга чыгар, эртең менен эс алып калыптырмын. Күндө кыйнаган баш оору дагы жок. Жумагулдун көңүлүн алып, өзүм дагы сергип келгим келип, Жумагүлду дүкөн кыдырууга чакырдым. Экөөбүз балдар менен кечке дейре сейилдеп, сырдашып дагы алдык.

— Элмира эже, сиз бактылуу эле адамсыз э?

— Кудайга шүгүр, балдарымды жоготуп алганым болбосо эң бактылуумун. Бул деле убактылуу, буйруса сөзсүз табылат. Баарыбыз чогуу болчу күн дагы алыс эмес чыгар.

— Туура айтасыз, Мунар өмүр бою сизден балдарды катып жүрө албайт да. Мен сизге чынымды айтсам суктанам. Жакшы аялсыз, жакшы адамдын аялысыз дейин дегем. (Күлүп)

— Ооба, Дастан мага кудайдын чоң белеги. Ал жок болсо эмне кылат элем? Эчак акылдан адашып кетсем керек.

— Туура, сизге колдоосу чоң. Сизге эле эмес, мага дагы канча жардам көрсөттү. Мага дагы Дастан байкемдей эркек жолукса экен.

— Туура, сен дагы бактылуу болууга татыктуусун алтын кыз.

Кечки Бишкекти айланып, бак аралап жөө үйгө кайттык. Балдар уктап калып, көтөрүп алган эле. Ошондо деле чарчаганыбыз билинбей, тез эле үйгө жакындап алдык. Үйгө аз калганда, Жумагүл токтоп калды.

— Эмне болду? Мен көтөрүп алайынбы? Чарчадыңбы Жумагүл?

— Жок жакшы эле, кызыктай ой келип кетти оюма.

— Кандай ой экен ал?

— Эгер, Дастан байке мени сүйүп калса эмне кыласыз?

— Койчу тамашаны, ал андай жеңил ойлуу эмес. Дастан сени карындашы катары жакшы көрөт. Же эмне тийишип жүрөбү?

— Жок, Дастан байке андай жеңил ойлуу эмес. Негизи тамашалап койдум.

— Билем алтын кыз тамаша экенин, сенден бөлөк бирөө сураганда, Дастанды жактырып калыптыр деп ойлойт элем. А бирок чындап Дастан башка кызды жактырып калса, башын бошотуп берем. Ар бир адам сүйгөнү менен бактылуу болууга татыктуу.

— Эгер мисалы биз турмуш куруп алсак эмне кылат элеңиз?

— Билбейм, жаман акыбалда калаарым анык. Бирок эмне кылат экенимди билбейм. Экөөң тең менин эң жакын адамдарым болгон үчүн, ал ойду ойлоп көргөн дагы эмесмин. Түгөйүң ишеничтүү болсо, андай жаман ой ойго түк келбейт. Шашпа, сен дагы жакында ушундай махабатка кезигип, баш айланткан бакытка батасың. Бул азаптар түбөлүк эмес ошол эсиңде болсун, баары убактылуу.

-Элмира эже, адамдар дагы убактылуу э? Же мен адашып турамбы.

— Жок адашкан жоксуң, баардык нерсе, бардык адам бул дүйнөдө убактылуу. Баардыгыбыз жерге сиңип жок болчу жандарбыз, кудай гана түбөлүк.

— Сүйүү дагы убактылуу болобу?

— Жок, ал дагы түбөлүк. Сүйүү өчөт, сүйүүм өчтү дегендер эч качан сүйүп көрбөгөн бечаралар. Мүмкүнчүлүк болоору менен сүйгөн инсандын көзүнө чөп салып, жанындагы сүйгөнүм деп жүргөндү караганда жүрөгү элеп-желеп болбосо, ал анда жөн гана көнүп калуу болуп эсептелет. Андай инсандар чыныгы сүйүүсүн тапканча ыңгайлуу деген бирөө менен жүрө берет.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️