Ак кара 8 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-Кара 8- бөлүм.

Жумагүл буулугуп, катуу ыйлап жиберди. Байкушум жаш туруп башынан мындай оор күндөрдү өткөрүп жаткан тура. Бир нерсе деп айтуу кыйыныраак, колумдан келгени жөн гана сооротуу болду. Кучагыма кысып, өзүм дагы эчактан бери толуп келген көз жашымды чыгарып алдым. Азыр гана жанын кыйгысы келип турган эже тууралуу унутуп коюптурмун.

— Өзүмдүн жашоомду туңгуюкка тиркелди десем, менин жашоомдон татаал тагдырлар бар турбайбы. Кундошко кул болуп жашаганча, өз жашоомду өзүнчө куруп кетейин.

— Туура айтасыз, жашоо бүтүп калган жок. Энеге зар жетим балдар толуп турган мезгил, бала энеге, эне каарып балага керексиз заман.

— Ыйлап олтуруп алыптырмын, келгиле чай ичип алалы. Байке келип калса ачка кетсеңиздер туура эмес.

 

Байкуш ымыркайдын көздөрү канттын кызыл-тазыл сыртын көрүп, жылмайып алды. Оозуна толтуруп сугунуп атат, менин балдарым кантип жатат болду экен.

— Койгону деле эч нерсем жок, кечирип койгула.

— Жумагүл баланы алып шаарга жүрү биз менен. Биринчи кезекте мен жардам берип турам. Баланы карап турсам, сен жумушка кирип бала бакчага бергиче. Же иштей албай, же үйдө бала карап олтура бербей.

— Мейли эже, сиз жумушунузду бүтүрө бериңиз анда. Жакшылыкка жакшылык менен жооп берем сөзсүз.

Мени менен чогу келген эже башын жерге салып, ойго батып кетти.

— Мен эмне кылсам экен? Акча деле бар, бирок өмүрүмдө иштеп көргөн эмесмин, эптей аламбы?

— Эки бала менен калган менин деле оокатым өттү эже, баары жакшы болот.

Дастан мени алып кеткени келип калыптыр, көрүшөбүз деген бойдон үйдөн чыгып кеттим. Айылга барып, көчөдөн көргөн адамдан Мунар тууралуу сурап жүрдүк. Баары сүйлөшүп алгандай билбейбиз дешет. Кечинде кайра милиция кызматкерлерине барып, издөөнү тездетүүнү суранып кайттык. Дастандан он миң сураптыр уяты жок, мурун милицияга күнүм түшпөй, элдин айткан миштерине ишенбейт элем. Балдарды тапса болду дедиби, акча бериптир. Мени чыр салбасын деп айтпаган чыгар. Кайра Жумагулдун үйүнө баргандан уялып, машинада уктадык.

— Элмира кайгырбачы көп, балдарды сөзсүз табабыз. Мен сага бөтөн адам эмесмин, мага ишенчи. Тынч уктап, эс алып алчы. Катуу чарчаганын көрүнүп турат. Мен сенин таттуу уйкуңду кооруп чыгайын.

— Сен келдиң, эми албетте баары жакшы болот. Бактылуу күндөргө аз калды э жаным.

— Албетте, сен мага ишенип, мени колдоп эле турсаң баары жакшы болот.

Экөөбүз машинада шыбырап олтуруп уктап калыптырбыз. Ошентип эртеси, анын эртеси дагы издедик. Эч майнап чыккан жок, үч күн машинада күн көрүп кыйналып кеттим. Уялбагандан өзүң уял деп, кайненемдин үйүнө барып кетпей койдум. Дастан дагы чогу келген. Кайненем кечке ызы-чуу салып бакырып, анан кетпейт экениме көзү жеттиби, жаман караган боюнча көңүл бурбай калды. Албетте балдарды тапканча кетпейт элем, кайненем шаардан кайнимди чакырган экен. Ал келип эле Дастан менен жакалашып, мушташып да кетишти. Дастан жаш баланы уруп салмак, ортого түшүп араң ажыраттым. Азыр бир нерсе болсо, Арыз жазып салса эки бутубуз тушалып калбайбы. Айла жок ал жерден кетип, табылып калаар деген үмүттө айылда дагы бир жума жүрдүк. Акча алган милиция деле унчукпайт. Айлабыз кетип, шаарга кеттик. Балким Арызды борбордон жазсам бир майнап чыгаар деген үмүт да. Жумагүлду жээни менен ала келдик эле, биринчи биздин үйдө туруп анан Дастандын үйүнө бардык. Балдарды тапсак, дароо баш кошуп чогу турмакпыз. Дастан канча жерге чуркап деле бул ишти карата албай койду. Айла жок, бир жумада эки жолу айылга каттап күнүм өтүп калды. Ичимдеги баланы көтөрүү оор болду эмнегедир, же өзүм көп ойлонуп ыйлап жүргөнүмө окшойт. Төрт ай өтүп, ичим кадимкидей билинип калган. Жолдо жүрүү дагы мүмкүн болбой калган. Үйдө эле Жумагулдун жээнин карап олтуруп калгам. Дастан экөөбүз нике кыйдырып чогу жашап жатабыз. Менин көңүлүмдү кыя албай апам дагы Дастанга кошулуп, айылга эки-үч жолу барып келди. Жооп эч өзгөргөн жок. Кайненем дагы өзүм дагы билбейм кайда экенин деп, сөзүнөн жаңылбай койду. Убагында кабырына жетпеген балдарына эми зар болуп, менден жула качып, төрөй албаган аялына кошомат кылып жүргөнүн кара бул акмактын. Ойлонуп жүрүп ооруканага түшүп калдым, Жумагүл баланы караган эч ким таппай, бала бакчага киргизиптир. Өзү башка баатирге көчүп кетти. Мени ооруканадан чыгарбай, эки ай жатып калдым. Баары келип, ыйлап жүрүп ичимдеги баламды дагы жоготуп алышым мүмкүн экенин эскертишет. Анан кантип ыйлабай койом? Мен тирүү туруп балдарым бөлөк аялдын тарбиясын көрүп жатат. Өз балдарыма өзүм ээ боло албай жүрөм. Башынан жыргатпаган күйөөмө ишенип, балдарды төркүнүн таанысын деп өз колум менен берип койдум. Мага чала болот, ишенчээк болуунун кереги жок болчу. Миң жолу өзүмдү жеселесем да, пайда чыкпайт. Мунар деле балдарды менден өмүр бою бекитип жүрө албаса керек. Бирок ал убакта балдар менден оолактап, тааныбай, боор бербей кетсечи? Анда кантем.?

Өзүм тирүү, жан дүйнөм эчак жансыз болуп жүрүп аман-эсен көз жарып алдым. Уул экен. Дастан уулубуздун ысымын, балдар табылып, жакшы күндөр келет деген үмүттө Үмүт деп койду. Төрөгөндөн кийин бутума колум дагы кошулуп байланды. Эч жака чыга албай калдым, балам аябай чыр ыйлаак. Кээде өзүмө деле убакыт жетпейт, Жумагүл кээде келип каралашып кетет. Апам дагы анча-мынча келип калат. Тынч жашап жаткан күндөрдүн биринде, Жумагулдун Россияда иштеп жүргөн эжеси кырсыктап каза болуп. Кыздын өздүгүн аныктай албай, өлүк канада бир айга чукул жатыптыр. Сүрөтү интернетке жайылып, туугандарын издеп жатышканын Жумагүл өзү көрүп калыптыр. Үйгө жээни Аргенди ээрчитип, боздоп ыйлап кирип келди. Өзүм дагы Үмүттүн ыйлаганын, өзүмдүн ыйлаганымды күндө көрүп жүрүп жакпай калган экен. Жумагүлду көрүп жүрөгүм шуу эте түштү.

— Элмира эже эми кантем? Аргендин апасы Россияда каза болуптур, тууганы жоктой тигил жакта бир айдай жатат экен. Атама айтсам ошол жака барып көмүп кел, алып келгени тыйыным жок дейт уятсыз. Өз кызына ушундай кылмак беле? Шордуу десе, бир боорум бир жакшылык көрбөй кеттиң. Эми кантем? Бактысыз, жок дегенде сөөгү өз жерине коюлса болот беле.

— Жумагүл алтыным ыйлаба болду, түшүнөм бирок, азыр сен өзүңдү өзүң колго алууга тийишсиң. Дастан келсин сүйлөшөлү, колдон келсе жардам берет. Колунан келбей калса, бечаранын сөөгүн студенттерге кескилетпей, ошол жактан болсо да жерге берип кел. Мен мынтип бара албайм, кантейин эми. Аргенди мага калтырып тур.

Дастан дагы келип калды, баарынан кабары бар экен. Жумагүл айтса керек.

— Жумагүл тур, кийинип ал. Эки сааттан кийин самолёт, сени жалгыз жибербей кошо барайын. Туура келсе алып келебиз, эгер айласы жок болсо ошол жактан жерге беребиз.

— Рахмат Дастан байке, рахмат.

Дастан учакка билет ала келиптир, байкушум ашыкча боорукер да. Мага бир аз акча таштап, калганын орус акчага алмаштырып салып кетишти. Эми эмне болот экен деп жаттым эле, дагы жакшы оңой таап барыптыр. Интернет деген шумдук нерсе турбайбы, сөөктү алып кетүү дагы бир топ акча экен. Дастандын акчасы жетпей калып, ошол жактагы Кыргыздар топтоп беришиптир. Кагаздарды ырастап, кайра кайтып келгичекти бир жума өттү окшойт. Бишкекке конуп, үйгө сөөктү алып келгиси келбей, ошондон ары Нарынга кете беришиптир. Ал жактан бат келишти. Өгөй энеси өлүккө күйгөн адам болуп:- Бечара бир ай жатканы аз келгенсип, ошол жактан ушул жака алып келип, кыйнап эмне азап!-дептир. Кудай сактасын, мен каргабайм. Бирок ошол кыз өз кызы болуп калса, ошол эне сөрөй ошентет беле? Жакшылык көрбөй калгыр десе. Айылга кабар жеткенде эл чогулуп, молдолор дагы даяр турушкан экен. Эки-үч күн кармабай, дароо жерге беришиптир. Туура да, муздак жерде ар кандай химикатка малынып бир ай сөөгү кор болгону жетет. Жумагүл атасы менен катуу урушса керек, кыркына калбай баса бериптир го.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️