Мунардын балдардан кабар алып келгенине кубанып турсам, бул дагы деле жеке башын ойлоп жүргөн тура. Жүрөк эчак муздап көңүл калган, бирок кантейин балдарымдын атасы да. Эки жыл аралыкта мен дагы бир адамды жактырып калган болчумун. Ал дагы мени жакшы көрөт, артымдан аста жүгүрүп жүрүп мени өзүнө имерип алган эле. Эч кандай үмүт берген эмесмин, бирок эртең болбосо бүрсүгүнү баарыбир төшүнө башымды жөлөп, жылуулук издеп же жөн гана мени аяп, аял экенимди эстетип туруусун каалайт элем. Сезимге баш ийем. Улуу сезимдин астында мен киммин? Мен эмес менменсинген хандар, акылдуу ойчулдар баш ийген бул сезимге. Түйшүк менен чоңойдум, эми чоңдордун жашоосуна араң жетинсем, күйөөгө качырып кетти. Мага ата-энеге, бир-тууганга, балага болгон сезимден бөлөк сезим тааныш эмес экен. Көрсө аялдын эркекке деген сүйүүсү өзгөчө тура. Мурун башыңдан өткөн азаптуу күндөр унутулуп, жүрөктө жылуулук пайда болот экен. Ичиңди бир ысык нерсе кытыгылап, ар дайым элеп желеп болосуң. Эки баланын энеси болсоң дагы, өзүң мурун сезе албаган бакыттан баш айланып, бул жашоого жаңы келген ымыркайдай бактылуу болот экенсиң. Жашоону башка көз караш менен карап, тегеректегинин баары керемет көрүнөт. Ал адам тууралуу, сүйүүң тууралуу баарына жар салган келет. Махабат деген ушундай таттуу деп эчак бирөө айтып койсо, балким кичинекей кезден өзүмө туура келчү бирөөнү сүрөттөп алып, кийин турмуш жолун баштоого ошол кыялымдагы махабат ээсин издеп тапмакмын. Мейличи.. Мындай бакытты тартпай бул жашоодон бактысыз өтүп кеткендер канча.
Албетте бир кечкен көлчүкту улам-улам кечкин келбейт, бирок деген тарабы да бар. Сөз Мунар тууралуу. Үйдөн кетпей бир жума жүрүп алды, тим эле туулгандан жанында болгонсуп балдарынан айланып гана олтурат го. Жолтоо болгум келген жок, кызганыч дагы жок. Бир гана таарынуу, бизди кыйын күндөрү эч себепсиз көчөдө таштады. Жашоомду бүдөмүк бойдон токтотту, мына эми гана өзүмө келе баштадым. Мунардын оңолуп кеткенине көзүм жетпейт. Бир кезде эки баланы чанып кетип, эми бала жытына зар болуп келген да. Кан деген баарыбир тартат өңдөнөт, дайыма түнт тартып жүргөн балдарымдын маанайы Мунар келгенден бери жайдары. Атасынын мойнуна минип эркелейт, анан кантсин. Таятасы баягы кеткен боюнча кабар алып келген жок. Бизден бир өмүр узак жүрүп, аталык сезим такыр жок сымал. Сагынбайт.. Иним болсо чет өлкөгө иштеп кеткен. Үйдө эркек киши жок, ата мээримине зар өсүп жатышат. Бул үчөөнү көрүп, кайрадан үй-бүлөмдү бириктиргим келет. Бирок Мунарга менин керегим жок, кызымдын дагы кереги жок. Балам керек, менин колумдан жулуп, өгөй энеге карматкысы бар бул акылсыздын. Кайненем деле бир күн болбосо бир күнү өкүнөт кылганына. Азыркы келинди колунда эле алып олтурат экен, Турцияга иштетпей. Бизге деле тийбесе, мен дагы кызматын кылып, неберелерди жайнатып жыргал жашоо куруп бермекмин. Аттиң, адашпаган адамдын өзү болбосо керек э? Мунар сурана бергенинен, экөөнү тең бир ай энеси менен туруп келүүгө макул болдум. Балдарым деле кетип баратып мен тарапты кылчайып караган жок. Катыша берсин, ата-журт баарына керек. Бала меники баарыбир. Балдар айылга кеткенден бери бош убакытым көбөйүп, бир аз болсо да өзүмө көңүл бөлүп калдым. Апам дагы бала карап үйдө олтуруп катуу чарчаган окшойт, дароо кийинип алып төркүнүнө кетти. Дастан. Дастан бул менин ашык болуп калган адамдын ысымы. Жумуштан чыкканда тосуп алып, экөөбүз түн аралай сейилдейбиз. Дастан эчак никеге туралы деп сунуш киргизип жүргөн. Кийинки турмушум эмне болот деп, оюм ар тарапка чачырап макул болбой койгом. Сүйүүнү никеге байлап жаңы турмуш башталса, биздин сүйүү менин эки балама туруштук бере алабы? Өз атасы жыргатып бакпаган бирөө кандай мамиле кылат? Мен үчүн эң биринчи балдарым, анан гана өзүм тууралуу ойлоном. Ошол жыргал күндөр жыргал түнгө дагы уланып жатты кээде. Балдарды өз баламдай көрөм деп, турмуш курууга чакырып баштаган. Сөздү башкага бурсам да, улам келип ушуга такайт. Мындай жүрө берүү болбойт, өлүмдөн башканын баары эрте болгону жакшы дейт. Мен ойлонуп, жооп бергиче бир ай өтүп кеткен болчу. Мунарга байланыша албай, айласыз айылга барып алып келиш керек болду. Билбейм, балким башканы сүйүп калган үчүн, бул үйгө болгон таарынычтар түп теги менен жок болуп кеттиби. Айтор менде коркуу же сүйүнүү, тартынуу сезим болгону жок. Айылда эшиктер ачык эле тургандыктан, үйгө туура кирип бардым. Кайненем тапчанда олтуруптур, башка эч ким көрүнбөйт.
— Кандайсыз, ден-соолук жакшыбы.
— Ден-соолуктун баарын өзүң алып буттун го уятсыз, дагы сурап койот. Эмнеге келдиң? Желкемдин чукуру көрсүн деп кетпедин беле бул үйдү.
— Мен балдарыма келдим, Мунар бир айдан кийин алып келем деген. Мына бир айдан бир жума өтүп кетти, же балдар жок же кабар жок. Кайда жүрүшөт? Үйдө көрүнбөйт да.
— Алар жайлоого чыгып кетишкен, ал жакта байланыш жок.
— Кайсы жайлоого кетишти эле? Эмнеге айтып койбойт десең.
— Копурай, тим эле асмандан алып төрөп алгансып сүйлөгөнүн карап кой. Алып кетсе өз балдарын алып кетти да, сенин кандай акың болсо Мунарда да так ошондой акы бар. Деги дейм да, эрге тийем деген оюң барбы? Балдарды бизге таштап, өз жашооңду кур жаш кезинде. Кийин жолдо каласың.
— Акыл сурайын деп келген жокмун, мен жалгыз каламбы э? Мен эмес мына силер жалгыз каласыңар. Эки баламды силердин каарычылык күнүңөр го бакканым жок. Алар өзүмө керек, мен эч качан жалгыз калбайм. Кудайга шүгүр, ак мээнет менен жалгыз чоңойтуп алган ай мончоктой балдарым бар.
— Ай бар чыгып кетчи, экинчи босогосун аттаба бул үйдүн. Келбе экинчи.
—Келем, дагы келем. Кааласам келип жашайм, бул үй менин балдарымдын ата-журту. Балдарымдын үйү.
Иши кылып бул кемпир алдан кетсе да, тилден кете элек экен. Менин сазайымды берип, кайсы жайлоодо экенин айтпай, үйдөн кууп чыгып койду. Кошуна келин менен жакшы элем, өйдө басып ошонун үйүнө баш баксам эшикте кир жууп олтуруптур. Ал мени көрүп таң калып, бир чети сүйүнүп келип учураштык. Мунар кайсы жайлоого чыгып кеткенин билеби десем бул дагы билбейт экен. Айылдагы эки-үч тааныштардан сураса, баары тилин жутуп алгандай айтпайт. Же алар дагы билбейби, айтор биле албай айылда эки күн туруп калдым. Ат токуп, билген жерлерден издесем эч жерде жок. Булар атайын менден жашынып жатышса керек. Маанай түшүп, ыйлап да алдым. Үйгө келер замат ичим ооруп, башым айланып баса албай жатып калдым. Жүрөккө эч нерсе жакпайт, тамак өтпөй өзүнчө бир дайыны билинип кала тургансып айыл айланып келем бир маал. Эч майнап чыккан жок. Бир гана жолу, милицияга арыз жазуу керек болуп турат. Милицияга барсам бул жакта дагы аябай кезек экен. Ичимден, азыр кылмыш көбөйгөнүбу дейм. Бир сааттан ашкан да гана кезек келип жетти.
Уландысы бар