Ак кара 15 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-кара. 15-болум.

Аруужанды эптеп соороткон менен Үмүттүн акыбалы күндөн күнгө начарлай берди. Ошондо ойлонуп, өзүмдүн балдарга болгон сүйүүмдү туура эмес колдонуп жатканымды түшүндүм. Балдарымды бириктирип, эне мээримин төгүп бирок, бактысыз кылып алсам эмне болот? Оорукчан кылып алсамчы? Анда мен өзүмдү өмүр бою кечире албаймын. Өзүм дагы күндөн күнгө түнт болуп бараттым. Дастан келди эле, сөздү эмнеден баштаарды билбей турдум.

— Келгениң жакшы болду Дастан. Үмүт күндөн күнгө начарлап баратат, баламды жоготуп аламбы деп корком.

— Мен дагы байкадым, балким кээде мен алып кетип турсам эмне болот? Албетте сен уруксат берсең.

Мен баланы бир аз чонойгончо алып кет дегим келип турган эле. Дастан менин сөзүмдү оозумдан жула, биринчи айтып калды. Өзүм бул сөздү айтсам, баланы эптей албай кайра берип жаткан болуп ыңгайсыз абалда калмакмын. Азыр болсо атасына мүмкүнчүлүк берген сыяктуу болду.

— Мейли, Дастан бирок үйгө алып келип турчу кээде. Акылына кирип, бир аз чоңойсо жеңилирээк болот эмеспи.

— Жумагүл дагы….

Дастан Жумагүл тууралуу бир нерсе айтмак болуп, кайра унчукпай калды. Мени кызгантып, кыйнап албайын деген сымал. Мен болсо Үмүттүн буюмдарын жыйнап, Дастанга айласыз кошуп бердим. Жүрөгүмдүн бир бөлүгүн жулуп бара жатса дагы, колумдан эч нерсе келген жок. Баламдын өзүмдө болушу мен үчүн жакшы болгону менен, Үмүт үчүн кыйын болуп жатпайбы. Бул деген менин баламдан чанып кетүү эмес, тескерисинче баламды куткаруу деп билдим. Аруужан менен Элдар Үмүттү атасы менен кеткенин көргөндө сүйүнүп кетишти. Эх, силер менин жан дүйнөм эмне болуп жатканын билсеңер кана. Баарыңарды бирдей жакшы көрөт экенимди билсеңер кана…..

Үмүт кеткени менен, биз бат баттан жолугуп турдук. Бул жолугушууну үйдөгү эки баламдан жашырууга туура келди. Аруужан менен Элдар дагы үйдөн такыр качпай, кечинде менин койнума кирип уктачу болду.

 

Апам акыркы күндөрү жумушка дагы барбай калды. Себебин сурай алган жокмун, анткени сурасам эмнеге үйдө иштебей жатасың деген сыяктуу болуп калабы деп корком. Байкасам бир аз бойонуп, чачын дагы жакшы карап калыптыр. Балким жумуштан чарчап жүрүп, азыр эс алып өзүнө келе түштүбү дейм. Кайра эмнеге мен жанымдагы адамдар менен ишим болуш керек, алар деле жеке жашоосуна акысы бар деп койом. Бирок көп өтпөй, апамдын эмнеге сырдуу жүргөнүн билдик. Атам менен жашыруун жолугушуп жүрүптүр. Баягы эле мени аяса керек, атама деген таарыныч катуу болчу.

— Элмира, сага бир нерсе айтайынбы!

—Айтыныз апа, эмне болду.

— Эгер атаң кайра келсе кечирет белең?

— Билбейм, өзүм үчүн кечирет элем. Бирок сиз үчүн жок. Анткени сиз өмүр бою жакшылык көргөн жоксуз. Атамдын бир тапканын эки кылам деп өмүр бою аракет кылып, бизди жалгыз чонойттунуз. Баардык нерсе жайына келип, эми мына биригип жаңы жашоо башталганда, атам сизди кайдагы мурдун тарта албай жүргөн жаш кызга алмаштырып кетти. Атамдын азабынан иним жогорку окуу жайда окубай, чет өлкөдө мигрант болуп жүрөт. Мага ыраа көрбөгөн үйдү кайдагы жаш кызга берип коюптур. Балким ошол үйдү мага берсе турмушум дагы бузулмак эмес. Билбейм апа, эмнеге сурап жатасың?

— Атаң ал кыз менен эчак эле чогу жашабай калыптыр. Үйгө кечирим сурап келүүгө батынбай жүргөн экен. Биз жолугуп калдык, ал мени дагы деле жакшы көрөөрүн айтып, кечирим сурады. Мен эмне төрт балам үчүн кечирем да, эгер силер дагы кечирип, үйгө келүүсүнө уруксат берсеңер кайтат, кайрадан баарыбыз чогу жашайбыз. Кандай дейсиң.?

—Апа, айтаар сөзүмдү айттым. Атам менен чогу жашай турган сиз, баарын өзүңүз чечесиз. Бирок менин атама деген мамилем мурункудай болбойт, ошол эсинде болсун.

— Эмне болгон күндө дагы ал сенин атаң кызым.

— Апа атам кеткенден бери чамалуу жети жыл убакыт өттү. Андан мурун деле биз менен бир үй-бүлө катары жашаганы эсимде жок. Мен сиздин атама болгон урматынызды көрүп гана, атамды укмуш адамдай сыйлап жүрчүмүн. Мындай келгенде атам мага эле эмес, башка балдарыңа деле бөтөн бойдон калган. Атам келсе мен аны менен бир үйдө жашай албайм. Мен өзүнчө бөлүнүп кетем, кээде атам жокто келип турам апа. Анан мени ойлоп терс чечим чыгарып койбоңуз, жүрөк эмне десе ошону кылыш керек.

— Мейли анда, сенден башкасы менен сүйлөшкөм. Эч ким атаңдын кайтып келүүсүнө каршы эмес. Атаң келсин, анан сен тууралуу жакшылап сүйлөшөбүз. Кызым рахмат.

— Эмне үчүн рахмат апа?

— Дайыма мени туура түшүнгөн үчүн да. Силерге эч качан билдирбеген менен, атаңдын ар дайым бизден алыс экенинен эң көп мен жапаа тарттым. Узак түндөрдө, башымды жөлөп сооронууга эч ким жоктугу мени күн сайын улам улам өлтүрө берчү. Кызганыч, сагынуу мага айрылбас дос болгону эчак. Ошол кезде, сенин мени карап баарын түшүнүп турганыңды билчүмүн кызым. Сендей мага эч кимдин жаны күйбөйт экенин дагы билчүмүн. Сенин баардык тең туш курбуларың ойноп жатканда, сенин көзүң бир аз жашып, айласыз мени аяп талаага кеткениң мени муунтуп салчу. Кызым өжөрлүк, чыныгы мээрим, чынчылдык, боорукерлик эмне экенин мына сенден үйрөндүм. Турмушуң ушундай болгонуна эң биринчи өзүмдү күнөөлөйм. Бала кезиңден мага ичиң ачышып жүрүп, бардык дүйнөгө боор тартып, аябай боорукер, ак көңүл болуп кеттиң. Ак көңүлдүк, боорукерлик жакшы. Бирок ар дайым эле пайдасы тийе бербейт. Сага залал келтирип жаткан адамды дагы кагып басып кете албайсың. Ар дайым жакшы адамдардын тагдыры татаал болот. Дагы бир жолу айкөлдүк кылып, атаңды чын жүрөктөн кечирип койчу.

— Апа, ар дайым жан дүйнөмдүн ооруганын сиз гана сезесиз. Бала кездеги азапты сизге көрсөтпөй, жүрөктүн түпкүрүнө катып алсам дагы байкап гана жүргөн турбайсыңбы. Менин апам сиз болуп калганына кудайга миң мертебе ыраазымын. Сиз атамды деп турсаңыз, мен сизди деп турам. Ошондуктан атам эртеңден калбай келе берсин.

Эне бала чын жүрөктөн сүйлөшүп, сырдашып, ыйлап дагы алдык. Апам атама мени чогу жашабайм деп айтты деп айтса керек. Эртеси күнү келгенде, жанагы шаардагы батирди менин атыма өткөрүп, документтерди кошо ала келиптир. Атам деле акмак эмес экен көрсө. Жанагы кызына жөн гана белек деп, бирок өткөрүп бербесе керек. Ал нерсе деле мени кубандырган жок, кайрадан кайгыга салды. Ушул тарткан азабымдын себеби ушул үй болуп жатпайбы. Эгер башында эле атам үйдү мага берип койсо, кайненем Мунар деле мынчалыкка бармак эмес. Же маңдайыма ушул нерсенин баары жазылса, үй бар болсо деле ушундай болмок. Эми аны Кудайдан бөлөк эч ким билбейт. Турмушумду бузган болсо да, бул үй мага абдан керек болчу. Атам менен чындыгында чогу жашай албайм, атамды карасам эле жанагы менин кийимимди кийген уятсыз кыздын элеси келет. Мени Мунар үйдөн кууп чыкканда, үйгө келсем атам дагы кабыл албай койгону келет. Кечирүү үчүн мага көөп убакыт керек көрүнөт.

Көп өтпөй, Дастандын жардамы менен шаардагы үйгө эки балам менен көчүп келип алдым. Менден кийинки сиңдим дагы тогузунчу классты бүтүп, шаарга окууга тапшырып менин жанымда балдарды карашып туруп калды. Мен болсо жумушка орношуп, жетер жетпес бирок, эч кимге көз карандысыз жашоого келдим. Элдар мурунку болгондун баарын унутуп, биз эч качан ажырап көрбөгөндөй мени жакшы көрөт. Аруужан деле жакшы көрөт, бирок жүрөгүндө баарыбир бир нерсе турат көрүнөт, кээде эле кыялы кармап калат. Бирок баары унутулуп, биз күндөн күнгө жакшы жашоого умтулуп бараттык. Айылга барбайм деле, апам эле небересин сагын бат-баттан каттап турат. Атам болсо дайыма жардам деп бир аздан акча берип жиберет.

Россиядагы иним ошол жактан бир кызды жактырып, алам деп жетелеп келиптир. Кыз корккон экен, бирок биз сүйүнүп эле кабыл алдык. Атам иниме чоң той кылып берди, көчөлөп жүрсө деле атамда катыш көп экен. Той өзүн актамак түгүл, дагы бир топ акча артып калды. Инимдин чогулткан акчасы бар экен, аны кошуп келиним экөө бизнес план түзүп жүрүшөт. Аябай тырышчаак кыз чыгып аялы, баштаган иштери ийгилик алып келип. Бат эле бутка туруп алышты, бирок иним бар жокту көп көрүп калган үчүн. Акча көп кармаса дагы өз чөнтөгүнө катпай, атам менен апамды биринчи карап, бүт тапканын апама карматып жүрдү. Апам байкуш баласы менен келиндин ынтымактуу жашоосуна кубанып бүтпөйт. Акыркы күндөрү Дастандын болоор болбос шылтоо менен, үйгө тез каттап калды. Үмүттү дагы көп таштап кетет, Үмүтүм дагы мага көнүп, мурункудай ызы-чуу салбай калган. Балдарга деп үйгө азык-түлүк дагы үзбөй ташып калган. Жумагүл көрүнбөй калды деп сурасам, кол шилтеп койот. Бир нерсе сезсем дагы, эч сыр бербей билмексен болуп жүрө бердим. Чыдабай кетти көрүнөт, апасын, туугандарын ээрчитип келиптир. Байкуш апам баласы үчүн кечирим сурап, кечирип кайрадан чогу жашообузду суранып келиптир. Туугандары дагы жалбарат, Жумагулду каргап дагы өтүштү бир сыйра. Ал бечара деле көңүлсүз, бирөөнүн бактысын тартып алуудан курулган жашоодон жыргабайт экенин түшүнсө керек. Дастан үй алам деп чогултуп жүргөн акчаны алып, башка өлкөгө кетип калыптыр. Ошол үчүн Дастан Үмүттү мага көп таштап калыптыр да. Мен болсо убакыт көрсөтөт деп гана койдум баарына. Кечирген жок дештиби, ыйлаган боюнча кетишти. Мен эчак кечирдим, болгону Аруужан менен Эрбол Үмүттү кабыл албай койгон Дастанды такыр кабыл албайт деп ойлодум. Жашоо биз ойлогондой эмес , жашоонун өзүнүн жеке мыйзамдары болот экен, биз ага кааласак дагы каалабасак дагы айласыз баш ийип жашайт экенбиз.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️