Ак кара 14 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-кара. 14-болум.

Эшикти бекем жаап, балдарга тамак берип олтура бердим, эшикте олтурган Жумагүл тууралуу ойлогум дагы жок. Үмүт болсо ойгонуп алып кечеки чырды кайра улантып, аны көрүп Элдар менен Аруужан дагы кабак ачкан жок. Күндө бир аз болсо да ойноп алчу эле, бүгүн болсо мени жаман карап, ичинен нараазы экенин билдирип эле жүрүштү. Мен энемин, мен чыдашым керек. Кудайдын бардык сыноосуна чыдап, эми балдарым чогулганда артка чегингеним туура эмес. Буйруса баары жакшы болот. Сиңдим Үмүттү эшикке көтөрүп чыкса бир аз басылат, үйгө алып кирсе кайра эле ыйлайт. Ыйлап боору эзилип кетеби деп тынчсызданам. Бат эле кеч кирип, мен үйдөгү жумуштар менен болуп Аруужан менен Элдарды байкабай калган экенмин. Иним эшиктен чуркап издеп кирди.

— Эжеке, Аруужан менен Элдар үйдө эмеспи эмне? Көргөн жоксузбу?

— Азыр эле жүрбөдү беле? Эшикте олтурса керек мага таарынып, бир бурчта. Жакшылап карачы.

— Эч жерде жок болуп жатат. Дарбаза ачылып калыптыр. Чыгып кетишкен го эшикке, баарыбыз чогу издейли..

Биринчи корккон жокмун, анткени бала да. Айылда деле дарбазанын сыртында, өзү теңдүү балдар менен ойноп жүрүшчү. Анан билбеген жерде алыс деле кетпейт болушу керек. Бирок андай болбоду, апам дагы келип калып, баарыбыз издеп жүрдүк. Эч жерде жок, Жумагүл уурдап кеттиби же атасы кайра алып качып кеттиби деген ой келип. Бутум шилтеп баражатканым болбосо, оюмдун баары тээ кайдагы нерселерге кетти. Экинчи көрбөй калчудай болуп, ары турган көчөгө жетүү мага жети кылымга тете болду. Алдымдан айланып иним келип калыптыр, мага ыйлаганым сезилген эмес, качан гана «эжеке өзүңдү карма, азыр табабыз!-дегенде селт эте кеттим. Бетимди көз жашым жууп калыптыр, андан ары буттарым баспай, башым айланып, кышында муздак сууга малып жибергендей денемди дирилдек басып алды. Бул мага тааныш эмес акыбал, мындай боло элек жаным коркуп калдым. Баланы дагы бир жолу жоготуп алуу сезими, мени акылдан азгырды. Бул жолу мени алар кечирмек эмес, эне катары тааныбай танып кетмек. Баса албай, үйгө көтөрүп алып кетишти. Үйгө келгенде Жумагулду Үмүттү кучактап олтурганын көрдүм. Эки күндөн бери басылбай ыйлаган баламдын күлкүсү чыгып кетиптир. Кызгандым…. Дастанды тартып алганда дагы мындай болгон эмес.

— Келе баламды!…

Буйрук берип сүйлөсөм, Жумагүл бере салды баламды. Колум титиреп алы келбей, колдорум өзүмө моюн бербей, көтөрө албай койдум. Үмүт болсо кайра Жумагулду көздөй качат.

— Эч жака кетпей Үмүт менен олтуруп тур анда, биз балдарды издеп келели.

Апа, машина таап келгилечи, милицияга баралы. Мунар эле алып кетти болду болбоду, ошонуку өттү мага, тажатты.

— Койчу эми Элмира, табылат ыйлаба. Карасаң өзүңдү, басканы алың келбей жыгылып калдың. Өзүбүз эле барабыз.

— Мен үйдө олтура албайм, бара берем.

Ошентип машина чакырып, жакынкы жерде жайгашкан милицияга бардык. Кирип эле Аруужан менен Элдардын көздөрү шишип, ошол эле учурда коркуудан алайып олтурганын көрдүм.

— Бул менин балдарым да, мен атасын уурдап кетти экен десем. Шүгүр тирүү экен, шүгүр алып кетпептир.

— Эмнеге балдарыңар үйдөн өтө узак жерде жүрүшөт? Анын үстүнө караңгы кирип кетти, жакшы көз салбайсынарбы. Биздин күзөттө жүргөн балдар, жол боюнда жетелешип бара жатканын көрүп алып келишиптир. Шаардан чыкканы калыптыр чоң кыз, карабайсыңбы. Машина коюп же жанагы бала уурдагандар салып кетсе кимге кыйын болот? Түшүнүк кат жаз, силер дагы кошулуп жазгыла.

— Жазып берем, ойноп жатып атасын сагынып кетип, качып кетиптир. Атайын кылды дейсиңби, ошол таап келген кызматкерлерге рахмат.

Эң жаманы, алып кеткен жатсак буларды тааныбайбыз, апам эмес дешсе болобу. Колубузга берип жаткан кызматкер кайра артка тартып алды.

— Тааныбайм деп жатпайбы…

— Түшүндүрдүм го, атасына кеткилери келип айтып жатат. Ишенбесеңер мына, телефондон карасаң сүрөттү. Менин эле балдарым..

Биздин чогуу түшкөн далай сүрөттү текшерип, түшүнүк кат жаздырып араң жиберди бизди. Жолдо бири-бирибизди карабай, таарынышып баражаттык.

— Таап алдым деп сүйүнүп жатасызбы? Биз эртең дагы качабыз, дагы таап алсаң бүрсүгүнү дагы качабыз. Качан гана сен таппай калганча кача беребиз, кача беребиз.

— Аруужан кызым, эмне деп жатасың? Эмнеге качасың айтчы? Мен силерге жаман сүйлөгөн жокмун го, силерди жакшы көрөм, силер үчүн гана жашап келе жатам. Сен кызсың, чоңоюп калдың, андай кылбачы кызым. Эмне жакпай жатат? Айылга кетсең тиги жаңы апаң силерди кул кылып жумшап алат. Кыйналасың айылда.

— Балдар үйүнө баргандан кийин кача албайсың деген да. Сен балаңды алып келдиң, бизден тажап таштап салсаң биз ошол жерде калып калабызбы?

— Кызым өмүр бою жаныңда болом, эч качан таштабайм. Айттым го, ал кезде ошондой болуп калды. Мен катуу оорудум, атаң багам деп алып кеткен. Силерди эч качан таштаган эмесмин, таштабайм дагы. Мага мүмкүнчүлүк берем деп, сөз бердиң эле го.

— Кете береличи, мейли жумуш кылсам дагы айылга эле кетейинчи…

Ыйлап, суранып, жалбарып, коркутуп дагы турушту. Жүрөгүм миң бөлүккө чачырап, канап жатса дагы сыр бербей үйгө келдик. Балдарыма ушул күндөн баштап өзгөчө мээрим төгүп, ошол эле учурда катуу кармоону чечтим.

Жумагүл баламды кучактап уктап калган экен, ойготуп кет десем түндө кете албайм деп бүгүн жатып алууну суранып калып калды. Үмүттү жаныма алып жатсам, түн ичинде Жумагулго кетип калыптыр. Апам жумушка кетип жатканда, Жумагулду дагы кет дедим. Айласыз кетти, бирок биздин абал өзгөргөн жок. Бир жума өттү, бирок бир жуманын ичинде Аруужан төрт жолу, Элдар беш жолу качты. Айылдан чыгарбай таап келгенибиз менен, бир күнү болбосо бир күнү таппай калатк экенимди түшүнүп турдум. Үмүт болсо такыр тамак жебей алсырап, ыйлай дагы албай, дене табы көтөрүлүп, кусуп, кусадан ооруп жатып калды. Бул жагдайдан чыгуунун жолун таппай койдум. Бул учурда Дастан эки ирет келип кетти, ал келгенде Үмүттүн акыбалы андан дагы оорлошуп жатты.

Балким Үмүт бир аз чоңойсо акылына келип, өткөн ишти унутуп, мага көнүп кетет. Бирок ал убакка дагы көп бар.

— Аруужан мен силерди баарыбир айылга жибербейм, ошону билип койгула. Атаңды сагынсаң, жайында баарыбыз чогу барып келебиз уктуңбу.

— Биз баарыбир качып кетебиз бир күн.

— Түшүнсөң, айылга жөө жете албайсың. Жолдон машина коюп же бирөөлөр уурдап кетет. Мен силер бир нерсе болсоңор жашай албайм.

— Үмүт турбайбы, ошону балам деп жашай берсең болбойбу? Канча жыл биз жок деле жашап келдиң го апа.

— Үмүт үчүн качып жатасыңарбы? Ал кичинекей бала го.

— Кичинекей деп койосун, ошол келгенден бери бизди карабай, күнү-түнү ошонун жанында олтурасың го.

— Үмүт кетсе, качпай жашайсыңар экен да э демек? Аруужан мен сени акылдуу кыз деп жүрсөм. Жалгыз кызым деп, сага ишенип мага жардам берет деп жүрсөм. Сен мени түшүнбөй койдуң го.

— Үмүттүн атасы деле апасы деле алып кетебиз деп келип жатпайбы. Эгер балаңды ошолорго берип, бизди эле карасаң биз качпай, айтканыңды кылып жашайбыз мындан ары.

— Сен мени коркутуп жатасынбы кызым? Уксаң, Элдар сага кандай жакын болсо, Үмүт дагы дал ошондой эле бир тууганың. Экөөнө бирдей мамиледе болушун керек, силер бир туугансынар кызым.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️