Ак кара 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак-кара 12-болум.

Ушул кезге чейин, эмне жумуш кылсам дагы апамдын ою мага маанилүү. Азыр дагы апамдын көздөрүн ырахаттануу менен карап, ал жерден мага болгон сүйүүдөн бөлөк, эч нерсе көрө албай турдум. Мен балдарым үчүн чексиз бакытка балкып турсам, апам менин ошол бактым үчүн бактылуу. Мен балдарымды ойлоп, апам болсо мени ойлойт. Жашоо, турмуш өзү кызык неме. Илгери биз бир жакка конокко барып калып, ал жерде каарыган кемпир бар болор. Ар дайым күбүрөп олтура берчү өзү менен өзү. Ал чоң апа, эмне тууралуу сүйлөп атканы мага дайыма кызык болот эле. Ошондо жанына барып тыншасам, «Оо, кудай. Балдарым аман болсо экен, ар кандай балээден алыс болуп, бөөдө кырсыктан сакта»-деп атыптыр. Угуп алып күлдүм. Ал кезде эмне, бала эмесминби. Апама барып күлүп, тиги кемпирдин кылыгын айтсам, апам мени катуу тилдеген. Мен азыр кичинекей жана ал апанын көргөнүн бирин дагы көрө элек экендигимди, чоңойсом баарын түшүнүп бул кылык үчүн каттуу окуноорумду катуу эскерткен. Ошондо тиги апага барып, колундагы илгерки күмүш илмекти тегеретип анан сөзгө тарттым. Кичинекей болсом да, оюма чоң адамдын ою келиптир.

— Чоң апа, канча жаштасыз?

— Сексен жетиде садага болоюн, сен кимдин кызы элең кагылайын.

— Амир аяш атам болот.

— Аман бол жаркылдак, эмнеге балдарга кошулуп ойнобойсун?

— Ойногум келбей калды, сиз эмнеге жаныңызда эч ким жок болсо деле сүйлөп олтурасыз? Сүйлөшкөнгө эч ким жокпу эмне?

— Жок кызым, карыганда ошондой болуп калат турбайбы. Балдарымдын амандыгын тилеп олтурам да.

— Эмнеге тилейсиз?

— Балдарым аман болсо жакшы да.

— Алар чоңоюп калбадыбы апа.

— Кызым, бала жүзгө чыкса дагы эне үчүн ар дайым бала бойдон калат. Эненин кадырын өзүң эне болгондо гана түшүнөсүң, бар эми ойноп кел.

Бул сөздөрдүн маанисин терең түшүнбөсөм дагы, бул сөздөр эң маанилүү экенин туйгам. Ошол күндөн бери, батыраак балалуу болууну кыялданып келем. Жөнөкөй сөз болсо дагы, менин жүрөгүмө терең сиңген экен, ушул күнгө чейин эненин кадырын кантип эне болгондо толугу менен түшүнөм деп күтүп жүргөм. Ошол мен күткөн убакыт азыр келген окшойт. Айланайын апакем, мага чын дилден күйгөн, бүтүн дүйнө мага каршы чыкса жанымда жалгыз турчу берекем.

Үйгө келгенден кийин, мен балдарымдын тилин табуу менен алек болуп калдым. Күндүзү канчалык деңгээлде бактылуу болбоюн, түндөсү уйкум начар. Мурунку жашоомдун кээ бир жерлери, улам түшүмө кирип чыгат. Эртең менен турганда түндө уйку жаман болгондуктанбы, көздөрүм шишип, асты болсо көгүш тартып калат. Маанайды көтөрүп, эч кимге билдирбей балдарымдын көңүлүн алам. Апам байкушка кыйын болду, менден кийинки иним дагы үй бетин мен ооругандан бери көрө элек. Эжем айыксын деп, менин даарылануума жанын аябай иштеп жүрөт. Азыр акыбал турукташканы менен, апам дагы бизге жардам берем деп иштеп келет. Биздин ой тилек ушундай беле апа? Бала кезде, өз ара сүйлөшүп калганда мен сага көп сөз бербедим беле. Атамды сагынган күндөрү, мен чоңойсом иштеп акчаны көп табам. Ошондо атамды жумуштан чыгарып, апам менен чогуу жашатам, аларды өзүм эле багам дегем. Ал сөздөрдүн бири жок, турмуш сүйлөгөндө биз унчукпай калат экенбиз көрсө. Бул күндөр да өтөөр кетер. Ойго батып алаксып калсам Аруужан менен Элдар экөө урушуп кетишиптир. Элдештирип салайын деп чыксам, экөөнүн урушунун себеби шумдук. Аруужан Элдарга «бул биздин үй эмес, Элмира апам деле бизди бир жака таштап кетет. Андан көрө эртерээк атама кетели:!-деп жатыптыр. Балам болсо «жок, кетпейм. Апам бизди жакшы көрүп эле турбайбы»!-деп мага жан тартат. Азыр барып актанууну же акыл айтууну билбей турам. Анткени ошончо жыл экөөнүн жашоосунда такыр болгонум жок, акыл айтууга акым жок. Өзүм дагы жаш баладай бурчка барып ыйлап олтурдум. Билем, бул чечиле турган маселе, бирок баланын сезими эң назик болот экен. Балалык сезимин байкабай силкип алсаң, өмүр бою жашоосуна терс таасир тийгизет. Өздөрү чечишип алышсын, мен аралашпайм. Бара-бара консо, бир аз чоңойтуп анан баарын түшүндүрүп алам буйруса. Аруужан бул уруштан кийин эки күн жакшы тамак жебей, көңүлү суз.

— Аруужан, кызым айтчы эмне маанай жок. Бирөө сени таарынттыбы?

— Сиз менин апам экениңиз чын, мойнума алам апа. Бирок бизди атама жеткирип коюңуз, биз атамды сагындык. Суранам жеткирип коюңуз, азыр болбосо кийин чоңойгондо баарыбир качып кетем. Сени дагы таштап кетем ошондо, жалгыз каласың.

— Мен силерди эч качан таштаган эмесмин кызым, мага ишенчи.

— Анан эмнеге бизди алып кеткени келген жоксуң, биз унутуп калдык сени апа. Элесиң эсте жок, эстей албайм.

— Кызым, анда сен кичинекей кыз элең. Элдар дагы аябай кичинекей эле, атаң биздикинде бир аз туруп келсин деп алып кетип, катып жүрдү силерди. Мен издедим, токтобой издедим. Кийин силерди тапканы калганда, авария болуп ооруп жаттым көп убакыт. Айыгып дароо артыңдан бардым кызым, азыр сабыр кыл. Суранам качам дебе, мен сага төгө албай калган мээримди азыр төгүүгө уруксат бер. Азыр болбосо кийин, чоңойгондо баарын түшүнөсүң. Сен мага керексиң, Элдар мага керек. Мага кызым, мага гана керексинер.

Баарыбир жаштык кылды кызым, бурчтан жылбай ыйлап, кетем деп гана туруп алды. Балам болсо мээримге аябай зарыкса керек, менин башынан сылап опконумо сүйүнүп, мени апа дейт алтыным. Эжесине барып улап бир нерсе айтып келет, менимче мени жаман деле адам эмес экенимди айтат.

Көп өтпөй, түнкү уйкумду бузган түштөр, мени көп нерсени эстөөгө көмөк көрсөттү. Ал тургай Дастандын туугандарынын үйүн эстедим. Издеп, сураштырып жүрүп аларды дагы таптым. Менин баламды өз баласындай кылып эрчитип алган.

— Жумагүл амансыңбы? Менден качып жүрөсүңбү? Карыз деле эмес элең.

— Элмира эже, кечириңиз. Ушул күндүн келишин билип, көптөн бери күтүп жүргөм. Эртеби кечпи бул күн сөзсүз келмек, жүрүңүз үйдө шашпай сүйлөшөлү. Үмүттүн дагы уктаар убакты болуп калды.

Үмүттү Жумагулдун колунан жулуп алып алдым, эмнеге бөтөн аялдар менин балдарыма ээ чыга берет? Бирок Үмүт мени тааныбай, кичинекей колдору менен мени түртүп атты. Чаңырып ыйлап, Жумагулдон жардам сурап, үмүттү көздөрү менен жалдырайт. Канча аракет кылбайын бала мага көнбөй койду.

— Элмира эже мен сизге эч кандай жамандык кылганым жок, бул менин кыялым эле туура, бирок менин тандоом эмес. Мен болсо жөн гана тагдырыма баш ийип бердим. Азыр Дастан дагы жумуштан келип калат, чогу сүйлөшүп чечели маселени. Айтайын дегеним биздин үй-бүлө ансыз дагы араң гана турат, урап кетүүсүнө аз калган. Эгер кечирем десеңиз, Дастан менен кайра жараш.

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️