Жумагүл көздөрүн ала качып, сөздү башка нукка буруп кетти. Жаш кыз эмеспи, ойлонбой сүйлөп алып уялып кеткен чыгар. Өзүм деле ашыкча сүйлөп алдымбы деп чочуп, ыңгайсыз абалда турдум.
— Жүрү үйгө, балдардын курсагын тойгузуп, кечкиге тамак жасайбыз.
— Элмира эже, силерге дагы жүк болуп калдым окшойт э. Мен сизге бөтөн кишимин уялып бүттүм. Болгону мен сизди бир тууган эжем, Дастан байкени болсо бир тууган агамдай көрүп калдым. Силер менен өзүмдү чыныгы бир үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү сезиндим. Рахмат.
— Бүгүн сага эмне болгон? Же мага таарынып калдыңбы? Мен сени бир тууган сиңдим катарында көрөм, эгер ыңгайсыз сезип жатсаң өзүңдү кечки тамакты өзүң жасачы, чарчап турам. Ошондо эсеп болобуз.
— Тамашаны койбойт экенсиз го.
Экөөбүз тең күлүп алдык, бирок үйгө киргенден кийин кайра эле балдарым тууралуу ой кайра басты. Кайсы арына жыргайсың?-деп өзүмдү өзүм жемелеп жаттым. Эмне кылууну билбей калдым, балдарымды табууга өзүмдүн күчүм жетпейт. Дастаным деле болгон күчүн салып жатат, жума сайын айылга каттайбыз. Эч жыйынтык жок. Албетте балдарымды дагы бир жолу көрүү үчүн баарына чыдайм, күтө берем. Бирок ошол күн келгенде балдарым мени тааныбай, тескери бурулуп кетсечи. Бизди таштап кеткенсин!-деп кечирбей койсо эмне кылам? Түшүнүксүз, белгисиз.
Тамактанбай, ыйлап жатып уктап калган экенмин. Үмүттүн ыйлаганынан чоочуп ойгондум, Дастан келип жанымда уктап жатыптыр. Түн ичинде чыгып, Жумагүл жасаган тамактан жеп, кайра кирип уктадык. Эртеси Жумагүл айылга жөнөп жатканын айтып калды. Эжесинин кыркашы болот экен. Биз болсо ошол күнү эле бармай болуп, Жумагулду узатып жибердик. Жээнин биз алып бармай болуп, алып калдык. Таттууну биз көтөрүп беребиз деген элем, ошол күнү базардан баардык нерсени алып даярдап, эртеси жолго чыгуунун камын көрүп олтурсам, Дастан артынан бирөө кууп келгендей шашып келиптир.
— Элмира сүйүнчү, биз жолго бүгүн чыга турган болдук. Тез даярдан.
— Эмнеге? Эртең барабыз деп сүйлөштүк эле го. Бүгүн даяр эмесмин, жуунуп тараныш керек.
— Элмира, Мунар аялын, балдарды алып келиптир айылга.
—Аны сага ким айтты? Кайдан уктуң?
— Жанагы менден акча алган милиция байланышты, эгер кечке чейин жетип келсеңер балдарды алып берем дейт. Кечке чейин жетишпесе, түнү менен кайра из жашырып кетиши мүмкүн дейт. Угаар замат баарын таштап, үйдү көздөй чуркадым. Мен сага сөз бердим беле Элмира, балдарымды таап берем дедим беле. Сенин бактылуу болушуң үчүн баардык нерсени жасайм.
— Сен кандай керемет жансың, асылым менин. Сени ошол үчүн өзүмдөн артык көрөм берекем.
— Бол эми кийин эркелейсин. Көбүрөөк кийим алып ал, биротоло кыркаштан кийин кайтабыз.
— Балдарга эмне алып алайын? Мен билгенде экөөнө тең бүгүн кийим кылмак экенмин каап.
— Элмира кайдан билмек элең, балдарды аман эсен колго алып алалы. Анан баардык жокту алып беребиз.
— Туура, жүрү тез чыгалы.
Шашылып, сүйүнүп эмнелерди салып жатканымды деле билген жокмун. Колго тийген кийимдерди салып, таттууларды салып жолго чыгып кеттик. Кетип баратып, Дастан экөөбүз бири-бирибизди улам жылмайып карап койобуз. Сүйүнүч жүрөккө батпай, учуп гана баратабыз чиркин.
— Апа, менин көк күрмөм кана? Мен мектепке кечигип жатам. Кийимдерим кана? Ким тийди менин кийимдериме?
— Элмира тынчтан балам, башка сатып берем. Мектепке бүгүн барбай эле койчу каралдым.
Апам мени кучактап ыйлап жатат. Кийимдерди бирөөгө берип салган чыгар, же мени мектепке жибергиси келбей жатабы.
— Анда атам жумуштан келгенде жаңы кийим сатып бересизби.
— Ооба алтыным сатып берем, азыр эс алчы. Укта балам.
Кызык, мурун апамдын оозунан эс ал деген сөз чыкпайт эле. Талааны кара, бөбөктөрдү кара, тамак жаса, үй жыйна деп турчу. Эки күндүн ичинде апама эмне болгон, эс ал дейт.
— Апа, талаа эмне болду? Мен өткөндө суугаргандан кийин бара элекмин, карап келейинчи.
— Иниң карап койду, азыр сен сыркоолоп турасың. Эшикке чыкпай тур, дагы ооруп каласың.
Мен эч качан ооруган эмесмин, бирок азыр бир бутум ооруп, бир аз аксап калыптырмын. Кайрып алсам керек, өзүм дагы билбей калдым. Мектепке баргым келет, курбу кыздарымды сагынып. Бир күнү апама айтпай мектепке качып кеттим. Чачымды тарайын десем тарак таппай, арыктагы сууга чачымды нымдап сыйкалап түздөп алдым. Кыздардан тарак сурап, ошол жактан тарап алам да. Мектепке кирсем өзгөрүүлөр аябай көп болуптур, мен бир жума келбей калсам эле шумдук өзгөртүп салышкан го. Качан жетишти дейм да. Алдымдан чыккан эжей-агайлар менен учурашып, сыр бербей кете бердим. Качан бирөөсү токтотуп, эмне сабакка келбей жатасың?-деп сурап калса жообум жок уят болуп калбайын деп. Биздин класска кирсем мага тааныш эч ким жок. Бул мектептин окуучуларын бүт таанычумун, азыр болсо эч кимдин жүзү тааныш эмес. Кызыктай болуп, сабак өтүп жаткан эжейди чакырып.
— Эже Гулбахар, Айнагулдор кайда? Биздин классташтар кайда олтурушат?-деп сурадым. Бул эжей мектепте иштеп баштаганына азы эле болду, биздин айылга келин болуп келген. Бирок экөөбүз жакшы тил табышып, жакын элек. Эжей мени акырын кучактап;- алда байкушум ай, мектепке эмнеге келдиң? Үйдө жатып айыга бербейт белең!- деди.
— Баарыңар эс ал, сакай дейсиңер. Мен ооруган жокмун, бутумду эле кичине кайрып алдым. Сабакка келе берейинчи,апама айтыңызчы жиберсин.
Жетелеп мугалимдердин кабинетине киргизди, баары кызыктай карайт. Отурсам апам жетип келиптир, баарынын көзүнчө уят кылып жетелеп кетти. Үйгө келип ыйлап чыр салдым. Ошондо деле унчукпай койду. Мурун болсо, чыр салмак түгүл каяша айтсаң катуу сабап салчу эле. Же атам келбейт, сагынып кеттим. Атам келсе баарын айтат элем, апам мага оорукчан адамга жасаган мамилени жасап жатат. Мен оорукчан эмесмин……..
Ошентип мектептен класс жетекчим келип, мени мындан ары үйдө окутат экенин айтып кетти. Түшүнбөй калдым, мени үйгө камап, көчөгө чыгарбай апам эмне пайда табат? Чыкпасам чыкпайм деп, бөлмөдөн чыкпас болдум. Жаныма күндүз эч кирбейт, иним дагы көрүнбөйт. Талаа иштерин жалгыз кылып жүргөнүнө мага жинденип жатса керек. Көргүм келет, сагындым. Сырдашым, жакыным эле, ал дагы мени үйгө камап койгонун түшүнбөй мага таарынып жатат. Акырын эшикке баш баксам эч ким жок экен. Бутума кийип чыгып кетейин десем, бут кийимди өйдөгө алып коюптур. Эми эшикке чыгуу үчүн да булардан уруксат сураш керек экен да. Деги эмне болуп жатат, же өткөндө бизди доктурлар текшерип кеткенде, менден жаман оору чыкса керек. Андай болсо бир жерим ооруш керек эле да туурабы. Эч нерсе болбойт, жылаңайлак деле баса берем. Кийим которууга деле жетишкен жокмун, кармалып калбайын деп талаага ушул бойдон баса бердим. Иниме жардам берейин дегем, жалгыз кыйналды го. Сүйлөшүп, баарын түшүндүрүп мага болгон таарынычын жазгым келди. Артымдан бирөө жетип келчүдөй, токтобостон чуркап кете бердим, кете бердим. Чарчасам дагы токтогон жокмун. Талаага барсам эч ким жок экен, нары жакта канал бар болоор. Биз дайыма ысып кеткенде барып жуунат элек, ошол жака кеткен чыгаар. Иним келгенче иштеп турам деп, жүгөрү тарапка барсам жүгөрү жок экен. Кызык, баягы эле күнү суугарып кетпедим беле. Азыр болсо баардыгы беде болуп калыптыр. Түшүнсөм өлөйүн, канал жака инимди издеп барсам ал жакта дагы жок экен. Жүгөрү эмне болду деп сурайын дегем. Инимдин жок экенин көргөндө аябай корктум, агып кеткен жокпу? Канал жээктеп издеп да тапкан жокмун, караңгы кирип баштаганда үйгө кетиш керек болуп калды. Апама инимдин талаада жок экенин, жоголуп кеткенин кантип айтам деп ойлонуп ыйлап да алдым. Башымды жерге салып үйгө келе жатсам, апам күйүп бышып астымдан тосуп чыкты.
— Элмира кайда жүрдүң? Мен сени издеп жүрөм эртеден бери. Эмнеге качып кеттиң айтчы? Деги жүрөк оору кыласың го балам, эми эч жака айтпай кетпечи суранам.
— Апа, талаага бардым. Жүгөрү жок экен, эмнеге жүгөрү чоңоюп калганда жок кылып, беде сертинер? Иним да жок экен талаада, апа агып кеткен окшойт сууга түшөм деп. Кечке издедим жок.
— Элмира ал шаарга иштегени кеткен да, менден сурабайсынбы кайда деп. Талаага иштегиси келбей,ошол үчүн малга чөп болот деп чөп кылып салды. Жакында келет, сен көп ойлонбо кызым. Эми мынтип эч кимге айтпай үйдөн кетпе э кызым!
— Эмнеге мага оорукчан адамга кылган мамилени кылып жатасыз? Акылым жайында апа, оорукчан эмесмин. Эжей дагы үйдө окуйсуң дейт. Эмнеге?
— Сен бутуңду кайрып алдың, ошол үчүн мектепке келип кетип кыйналбасын деп жатат. Бутуң айыксын, кайра мектепке эле барасың.
Бут ооруганына ушунчалык болсо, башка жерим оорубай эле койсун. Төшөктөн тургузбай койот окшойт. Күлкүм келди. Үйгө алып келип, тамак берди. Өзүм деле тамак салып жей алат элем. Күндөн күнгө жоопсуз суроолор көбөйүп, эч бирине жооп ала албай турдум. Атаң салып жибериптир деп мага телефон берди апам. Жаңы чыккан экен, сүрөткө тартат, музыкасы бар, интернет дегенге кирет. Биздин класста эч кимде жок мындай телефон, көрүшсө аябай таң калышат го. Бирок колдонулган экен, ичинде кичинекей балдардын сүрөтү толтура экен. Жаш балдарды жакшы көрөм, анан бул балдар мага жакын туюлду. Өчүрбөй, күнүнө бир маал карап алам. Иним шаардан, атам жумуштан келген жок. Жарым жылга жакын убакыт өтүп кетти. Түшүмө бир кызыктай түштөр кирип, тааныбаган адамдар менен аралашып жүрө бердим. Түшүмдө көргөн бейтааныш адамдар мага жакын сезиле берет. Өзүм эч качан жигит менен мамиле түзүп көрбөсөм да, эртең менен турганда өзүмө мен бирөөнү сүйүп жүргөндөй, сүйүүнүн баркын, даамын билгендей сезилет. Ал тургай баланын, эне болуу сезими мага тааныштай сезилет. Апама айтсам, көзүн ылдый кылып «эрге тийгин келип калган го»-деп койот. Анан мен апама айткандан тартынып айтпай калдым. Баарыбир өзүмдү бирөөнүн үйүндө жүргөндөй сезе бердим. Бир чети өзүм дагы ойлонуп күлкүм келип кетет, бой жетип башка үйдү самап калганмынбы деп. Бир күнү ошол интернет сайттардын биринен, мага тааныш сымал эки жүз көрүп калдым. Ачып, баракчага кирсем жаш кыздын сүрөтү экен. Артында өзүнөн улуураак киши кучактап турат. Ал киши жаш кыздын артынан кучактап, өзүнө бир аз тартып, желге учуп турган кыздын чачтарын көзүн аста жумуп жыттап алыптыр. Кыз болсо, анча чоң эмес көздөрүн ырахаттануу менен аста жумуп, бактылуу экенин бүт ааламга жар салып тургандай. Сүрөттүн астына, «Алмашкан тагдырлар, карызга алган бакыт, уурдалган махабат»-деп коюптур. Мага кызык туюлду. Балким бул сүрөттүн, астына жазылган суроттомосу гана мени өзүнө тартып алды. Бирок мага бул бактылуу жандарды таанып тургандай сезиле берди. Эстей албай эки-үч күн жүрдүм. Үчүнчү күнү гана жанагы сүрөттөгү киши, менин түшүмдө жүргөн адам экенин тааныдым. Үзүлүп, анча-мынча нерселер эске түшүп баштады. Оорудан башым көтөрүлбөй, эмне чындык, эмне жөн гана түш экенин айырмалай албай койдум. Апам аябай коркуп доктур чакырса, доктур мени жөөлүп калыптыр. Жаман нерсеге даяр тургула, адам болуп кетүүсү кыйын же жиндиканага алып баргыла дептир. Апам ошондо гана мен үчүн катуу коркуп, мага чындыкты айтууга кирди.
— Элмира, башыңды көтөр. Мен түшүндүм эмне болуп жатканынды. Мени ук алтыным, сен акылдан азган жоксуң. Түшүңө кирип, кыйнап жаткандын баары чындык. Сен эчак мектепти бутконсун. Турмуш куруп эки балалуу болгондо ал турмушуң болбой, жолдошуң менен эки айрым жолго түштүң. Арадан жылдар өтүп, азыр сага тынчтык бербей түшүңө кирип жаткан адамды сүйүп, экинчи ирет турмуш курдун. Ал жактан бир уулуң бар, биринчи турмуштагы балдарды атасы сени алдап алып кеткен. Сен ошол балдарды издеп таппай жүрдүң, акыры кайсы жерде экенин билип, балдарыңа баратканда жол кырсыкка кабылып, эс учунду билбей жаттың. Ооруканада өзүңө келбей жарым жыл, өзүңө келгенден кийин айыкканча жарым жыл өттү. Бардык нерсени унутуп, мектеп курагына келип калдың. Доктур эч нерсе айтпагыла, өзү эстесин деген. Ошол күндү күтүп жүрдүм, эгер эсиңе салууга аракет кылып, бардык жокту айтсам сен дагы ооруп калышың мүмкүн эле. Айланайын өзүңдү кыйнабай эс алчы. Чаташкан ойлор аста жай жайына келет.
Уландысы бар