Ак кара 1 бөлүм 

https://kyrgyzcha.site/?p=10802&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак — Кара 1- бөлүм.

Мен кадимки эле үй- бүлөдө төрөлүп, чоңойгон кызмын. Бирок, жашоосу эч нерсе менен айрымаланбаган үй- бүлөдө туулуп өскөн кыздын тагдыры өзгөчө болуп калаары үч уктасам да түшүмө кирген эмес. Азыркы учурда жашмын. Үч балам бар. Ата-энем биз чоңоюп, эс тартып калганда эки айрым жолго түшүп кетишти. Кайын журт алдында жарым үй-бүлөнүн кызы болуу мага өтө оор болду. Кемсинтип басынтуу, теңине албоо, болоор болбос нерседен уруш чыгаруу көнүмүш адат. Канчалык балдарым менин тагдырымды кайталап калбасын деп аракет кылдым, болбой калды көрүнөт. Анда сөз башынан.

Элдин баарына башымдан өткөн, өтүп жаткан тагдырды айтып берүү мага өтө оор. Өзүм түндүктүн кызы болом. Атым Элмира. Үйдүн эң улуу кызымын. Ошондуктанбы үйдүн түйшүгү мага эрте жүктөлдү. Менден кийинки иним ден-соолугу кандайдыр бир себептер менен начар. Атам военный. Ар дайым көчүп конуп жашап жүрдүк. Бара-бара төрт бала менен көчүп жүрүү оор болдубу, айтор туруктуу үй алып, биз Токмок шаарында жашап калдык. Атам баягыдай эле жарым жылдап жок болот. Атамды карап олтура бербей, биз дагы бир аз көмөк кылуу максатында жер иштетип калдык. Талаанын, үйдүн, биздин түйшүктү бир алып кеткен апама рахмат. Элдердин балдары чалчандап даяр тамакты жебейм деп эркелеп жүрсө, мен апам менен тең талааны талаадай, үйдү үйдөй, малды малдай карап жүрдүм. Кыйналган күндөрү, таңкы саат беште элдер татту уйкуда жатканда биз кетменди желкеге илип талаага жөнөчү элек. Уйку таттуу да, тургум келбей ыйлайм. Апам дагы «сабыр кылып тур кызым, атаңа бир жардам берели, бутка туралы»-дегенде уйку чайыттай ачылчу. Тең туш кыздар ойноп жүрсө мен араң бутумду сүйрөп талаадан кайтчу элем. Ыйлап, ыйлап кайра эле эсимден чыгып кетчү. Апамды аяйм, аялдай болуп жалтылдап көйнөк кийип тойлоп жүрбөйт. Атамдын туугандары келип калса, акыркы унду салып берет. Төркүнү алыс болгон үчүн апамдын арызын укчу адам дагы жок эле. Аргасыз, апам кээде түндөп ыйлап чыгат. Күйөөсү алыста, балдардын түйшүгү жеп салат сыңары. Кээде апам мага ичиндеги буктун бир бурчун акырын чыгарып калат. Ал учурда апама кошулуп, жашоого болгон таарынычты айтып нараазы болбойм. Анткени бир жериң ооруп жатса, бирөө иий байкушум деп койсо төшөк тартып каласың го. Апамдын дагы ар дайым күчтүү болуусун каалайт элем. Кээ бир күнү атам келип, болоор болбос нерседен уруш чыгарып калат. Ал байкуш деле балдарынан алыс жүрүп бук болот да.

Ойлогон оюбуз ишке ашып, короо малга толду. Атам машина алып, башка жакка кеткенде апам айдап калчу. Жашоо оңолуп, бейкапар, кенен жашап айылдын алдыңкы ынтымактуу үй-бүлөсүнө айландык. Мен бой жетип барган сайын көз арткандар көбөйүп, үйгө келген коноктун баары эле мени ээлеп кетчү болду. Атам менен апамдын жүзүн жер каратпай, өзүмдү татыктуу алып жүрөм. Ошол кезде мага бирөө эскертсе эмне болот эле? Азыр түшүнүп турам, жаштыгымды жашынып өткөрбөй мен дагы элге окшоп ойноп күлсөм болмок. Атам жумуштан көтөрүлүп, андай узак кеткени дагы токтоду. Атам Кыргызстандын жети бурчун кыдырбай, үйдө болуп калганына жетине албай абдан кубандым. Апам үйдө эле бол, сен шаарга окуп кетсең биз кантебиз!-деп жүргөн. Жогорку билим алуудан деле үмүтүм үзүлгөн эле. Атам улуу кызымды окутам, окуйсуң кызым. Каалаган окууга тапшырып, оку дегенде төбөм көккө жетип ыйладым. Бир чети, энемдин этегинен чыкпай чыныгы жашоону көргүм келдиби. Боштондукту кааладым айтор. Бишкекке атам өзү алып келип, окууга өткөрдү. Шаарда атама мамлекеттен берилген бир бөлмө батир бар. Ал жерде, атамдын шаарда окуган алыс туугандарынын балдары жашайт. Акча деле беришпейт экен. Алгачкы күндөрү эптеп чыдап жашап жүрдүм, бара-бара бир бөлмөлүү үйдө беш адам жашай албай турганын туугандарга түшүндүрүп, көчүп кетүүсүн сурандым. Жаман көргөнү жаман көрүп, бирок баары эле башка жай табып кетишти. Эми мына жыргайм, балалыктын таттуу күндөрүнөн куру калдым эле эми жаштыктын жыргалын тартам деген элем. Жашоо биз ойлогондой эле болбойт экен да. Бешинчи курсту бүтүп кеткен бала бар экен. Биздин университетке жумушка кирип калды. Биринчи күндөн эле мага көзү түшүп, көңүлүмдү алууга аракет кылып баштаган. Мен окуйм, атама окшоп билимдүү болом. Ата-энемдин ишеничин актайм, балдарым сапатсыздыктын азабын мага окшоп талаада тартпасын деп сөз бергем өзүмө. Балким кыз кишинин укугу дагы уул баланын укугу менен бирдей болсо ойлогон ишим ишке ашмак. Биринчи сессия бүткөндө, агай мени ала качып кетти. Агай Нарын облусунун Ат-Башы районунан экен. Ошончо алыска ала качып барып, ата-энеме жеткенче эки-үч күн өтүп кетип, атам олтурсун деп коюптур. Албетте айыл бири-бирин жакшы таанып ушак кылбаса да, тууган урук деген бар эмеспи. Кызы күйөөгө кетип, үч күндөн кийин кетирип салыптыр деген сөздү уккусу келбесе керек. Мен болсо жоолук салбай, атамды алып кетет деп үч күн күттүм. Атамдын инисинин аялы кууп келип, атаң жөн олтуруп, мени уят кылбасын деди!-деп санымды чукуп алганда жаным кашайып, дүнүйөм караңгы боло түштү. Жоолугумду кучактап, бакырып ыйлап-ыйлап алдым. Куугунчулар кетип, нике кыйылды. Жашап калдык, агайымдын көзүнө тик карай албай уялам. Эмнеге мындай кылдың? Менин каалоом эч кандай мааниге ээ эмеспи?-деп сурагым келет. Кайненемдин каардуу кабагынан айбыгып, оозумдан бир дагы сөз чыкпай койду. Агайды окуунун башталышына жумушуна кайтат деп ойлогон элем. Мени дагы алып кетсе, экөөбүз эптеп жашап турсак бара-бара көнүшүп кетем. Бир жума өткөндөн кийин күйөөм шаарга даярданып баштады.

— Элмира, мага ачкычты бересиңби?

— Кайсы ачкыч агай?

— Агай дебе мени. Экөөбүз аялы күйөөсү болдук. Атымдан эле айт. Үйдүн ачкычын сурап жатам.

— Эмне кыласың? Мунар, ачкычты женемден берип жиберген болчумун.

— Эмнеге кеңешпей кылдың? Экөөбүз кайда жашайбыз эми?

— Билген жокмун Мунар.

— Анда сен каласың, жазга чейин апамдын кызматын кылып, жыргаап жылуу үйдө жүрө бер.

— Мунар сен жок кантип калам?

Мунар укпай сыртка чыгып кетти. Атамдын эки эркек баласы турат, анан үйдү мага бермек беле. Ашып кеткен деле оокаты жок ансыз деле. Күч күйөө деген түшүнүк жокпу буларда. Апам укса баласын урушат деп ойлодум. Артынан чыксам апама колун жаңсап, бир нерсени түшүндүрүп жатыптыр. Мунар кол жансаган сайын, апамдын кабагы андан да катуу түйүлүп баратты.

— Элмира, сен шаарга барбай эле кой. Баатир жалдап бере албайм силерге.

— Апа, окуум эмне болот?

— Окуп чилистен болмок белең, эртең төрөгөн соң ансыз да калат.

Көзүмө жаш келсе да, апама көрсөтпөй жерди карап тура бердим. Бир заматта апамдын мамилеси мага өзгөрдү да калды. Бассам, турсам айып таап кагып силкип салат. Жумуш башталышына үч күн бар болсо дагы, Мунарды шаарга мага жинденип эрте кетирип жиберди. Мен кайгырган деле жокмун, анткени эч кандай сезим жок адам менен муздак үйдө, муздак төшөктө бир жатуу оор болчу. Окуу үчүн эмнеге качтым эле, ушул айылдын жашоосунан качтым. Балдарымды дагы жакшы билим алып, ак кол болуп чоңойсун деген элем. Кайдан, жаз келгенде кайненем картошка айдап берип койду. Талаа, үй, мал. Кара башым ошол үчүн гана жаралган го дейм. Жумуштан деле качпайм, апама ичим ачышып жүрүп өзүм он сегиз жашымда башым түйшүккө байланды. Кайненем кечинде мени карап жатасың деп жанына жаткырып алат. Же кенен жата албай, же уктай албай кыйналдым. Түндө да төрт беш маал ойготуп жумшайт. Түйшүк менен жүрүп бир жыл өтүп кетиптир. Мунар болсо жайында бир жумушта иштеп турайын деп келбей койду. Ал деле мага сезими жок окшойт, эгер жакшы көрсө аял алып, бир жума жашап кантип бир жыл келбей жүрө берет. Кайненем үйгө киши келсе эле мени туубай окшойт деп угуза айта берчү болду. Алар дагы иий деп мыйыгынан күлөт. Балаң шаарда жүрсө, келиниң күлгө оонап торосунбу деген эч ким жок. Бир эле кайнатамдын эжеси ошентип айтууга оозу барды көрүнөт. Анда деле сөз таап кетти. Улуу кишинин калп айтканы жаман көрүнөт экен. — Ой, келип эле жатат. Бир айда бир келет, бир эки күн жатып кетет деп салса болобу. Мени карап, оозуңду жап дегенсип кабагын салды эле унчукпай кала бердим. Эгин жыйнаган да деле келген жок, эптеп кыштын камын көрүп жүрө бердим. Мунарга болгон таарынычым күч эле. Мен кыйнап аял кылып алганы аз келгенсип, кечирим сурап дагы койгон жок. Ал ишин эрдик катары көрдү окшойт. Анан мынтип кетип бир жыл келбей койду. Кайра эле кыш келип, Мунар кышкы эс алууда келиптир. Достору менен учурашкан кетип, түн ичинде кирип келди. Азыр менден кечирим сурап, ал акыбалымды сурайт деп күтүп жаткан элем.

— Элмира, сен кандай аялсың? Эрин бар экенин эсиңден чыгарсаң керек э? Же мени сүйбөйсүң бү? Мени куттунбу? Мени сагындыңбы?

— Мунар эмнеге мындай кылып жатасың? Сага аял керекпи? Алып келип, бир жумадан кийин кетип калдың. Бир жыл дегенде араң келдиң го Мунар. Мени ойлосоң болбойбу? Бирөөнүн үйүнө келип, оокатка аралашып кетүү кыйын экен. Шаарга жаныңа чакырып алсаң болбойбу?

— Өзгөрүп кетипсиң, жүдөп кетипсиң.

Жаагыма шапалак менен чаап жиберди. Бетиме кайнак суу чачырап кеткенсип ачышып чыкты. Ошентип бир жылдан кийинки жолугушуу түн уруш менен өтүп кетти.

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️