9- бөлүм.
Дүйшөн башка бөлмөдө окшойт, ары-бери карасам көрүнбөдү эле коркпой бара бердим. Чай ичкен чынылардын арасына Жусуптун колунун изи бар идишти аралаштырып таштап,, тамекинин калдыгын ыргыткан идишке, Жусуптан калган калдыкты таштап, телефонду эмеректин астына ыргытып жибердим да үйдөн чыгып кеттим. Дүйшөндон кутулуунун жолун таппай жүргөн элем, менин эле эмес, мага окшогон канчалаган кыздын тагдырын талкалап жүрсө керек бул. Адам өмүрүн шеренкенин бир чийиндей дагы көрбөйт, каалагандай калчап, топ сымал ыргытып ойнойт. Мейли, башчысына жолуккан соң эмне болсом ошо болоюн. Ансыз деле Аврамдын жанына тезирээк жетким келип жүрөт. Менин тилегиме жетүүгө көмөк көрсөткөнү турат. Өз жаным бей күнөө кыздар үчүн садага болсун. Аврамдын кайсы жерге коюлганын билсем, кабар алсам арманым жок эле.
Бейтааныш адам көрсөткөн жол менен , Дүйшөндүн баштыгын таап алдым. Карасаң, бою бир карыш неме экен. Дене түзүлүшү дагы өтө арык, мунун эмнесинен коркушат болду экен. Жанагы мага телефон берип кеткен киши башчынын жанында коштоп жүрөт. Мени көрүп жүзүндө коркунуч пайда болуп, ал коркунуч саналуу секундда дайынсыз кайрадан кайдадыр жоголуп кетти негедир. Биз тааныш экенибизди билдирбегенге аракет кылуубуз керек.
— Саламатсызбы, мага сизди табуу аябай кыйынга турду.
— Сен кимсиң?
Жанындагы жан жоокерлер түсү суук кишини заматта курчоого ала коюшту. Ботом бир кыздан ушунчалык корксо, эркек келсе чоо жайын сурабай туруп атып салса керек.
— Мен Айжамал, Дүйшөндүн карындашы болом.
Баштан ылдый сыдырып карап алды.
— Качып кеткен сенби? Менден коркпой кантип келдиң?
— Корктум, бирок менде айла жок башка. Мени бул ишке аралаштырганынын себебин эми түшүндүм. Дүйшөн өзү саткын экен.
— Өзүңдү актоо үчүн айтып жатасың.
— Жок, мен муну билгенде Дүйшөн дагы билип калганымды билип калды. Ал мени өлтүрмөк болгондо качып кеттим. Туура Дүйшөндүн жүзүн ачам деп сиздин көзүңүзгө чыккынчы көрүндүм. Ишенип коюңуз андай эмес, далил бар. Эгер далилдей албасам жанымды алсаңыз болот.
— Эмне далил? Чын ошондой болсо сага азаттык берем, эгер калп болсо сен бул дүйнөгө келгениңе өкүнө турган болосуң.
— Бүгүн, Жусуп Дүйшөндүн үйүнө келди. Менин артынан аңдып жүргөнүмдү билишпейт. Экөө көпкө сүйлөшүштү, байкаганым Жусуп Дүйшөнго келер алдың коңгуроо кылып келди. Анын телефонунда сөзсүз далил бар.
— Адашасын, анын телефону дайыма текшерилип турат. Кимди алдап жатканыңды билесиңби?
— Текшерип көргүлө, алар үйдө көпкө болушту. Кандайдыр бир далил сөзсүз калтырды.
Шайтан деп кайрылышат экен баары. Шайтанды эптеп көндүрүп, Дүйшөндүн үйүн тинтип чыгуусу керектигине көзүн жеткирдим. Мени дагы чогу барасың дегенде, Дүйшөн мени көрсө жолун таап өлтүрүп салат деп көнбөй, Шайтандын үйүндө бир кароолчу менен калып калдым. Жусупка кайда болоорумду алдын ала айтып койгон элем, Жусуп ОМОН менен келип, үйдү басып калды. Үйдө мен анан бир бала эле бар болчу. Максатыбыз Шайтанды колго түшүрүү эмес, мени ал жерден чыгарып кетүү болчу. Шайтандын адамдары үчүн, мени чын эле темир тор артына олтургузуп коюшту. Шайтан бир жумадан кийин Жусуп менен байланышка чыгыптыр. Шайтан мага сөз берген, эгер далил тастыкталса сага боштондук берем деп. Адамдарыбызды алмаштыралы дептир, ошондо мени Жусуптун кабарчысына алмаштырат экен да. Коркконум менин өз колум менен жасаган далилим жардам бербей калсачы. Чыныгы кабарчыны таап алышкан болсо эмне болот? Анда мени дагы калп айтканым үчүн дароо жанымды алышат. Дүйшөн, бул Шайтандан өткөн коркунуч жаратты. Өз карындашын жырткычтарга салып берди, менде башка арга жок болчу. Дүйшөн менен адамча мамиле кылайын десем билген жок. Эртеси күнү бет кап кийген, мылтыкчан адамдар менен чоң машинада жолугушууга бараттык. Жаманы Жусуп мага ишенбей турду, мени чыныгы кабарчыны ачыкка чыгарып салган деп шектенүүдө. Актанбайм, анткени өзүм дагы билбейм эмне болуп жатканын. Карама каршы беш-алты унаа тизилип туруп калды. Бир тарап Шайтандын адамдары, экинчи тарап өкмөттүн кызматкерлери.
— Түз жыйырма кадам алдыга бас. Чуркаба, жай, бир кыймылда басуу керек. Эгер күтүүсүз башкача кыймыл болсо атып салабыз.
Артымда Жусуп бакырып ушул сөздөрдү айтты, үнү орой. Мага жинденип жатат, жок өз адамы үчүн тынчсызданып турат да.
Бир, эки, үч, төрт…. Бутум араң шилтенет, калтырак баскан буттарым мага баш бербей ийилип кете жаздайт. Бул жыйырма кадам өмүрүмдү, мындан ары уланат же жогун чечүүчү кадам болуп саналат. Көздөрүмдөн жаш куюлуп, башымдагы кара каптын кереги деле тийбей калды. Анткени көздөгү жаш караңгылыкты гана алып келет экен. Калган кадамдар кантип кетип жатканын билбейм, а түгүл канча кадам болгонун да санабай калдым. Ызы-чуу угулбай, кулагым тунуп калды. Коркуу сезим аябай күчтүү болот тура, адамды көр, дүлөй анан денени акылга баш ийдирбей коёт экен. Бирөө колумдан өзүн карай тартып, башымдагы капты алып жиберди. Шайтан өзү келбептир, колунда иштеген балдар экен. Дароо артыма бурулсам Жусуп дагы бул тараптан баргандын башындагы капты алып жатыптыр. Кудайга шүгүр, Дүйшөн экен. Дүйшөндүн көздөрү менин көздөрүмө дароо чагылышты. Ал көздөрдө мени жек көрүү көргөн жокмун, мен ал көздөрдөн жылмаюу көрдүм. Мага ыраазычылык көрдүм. Түшүнбөйм, Дүйшөндү эч качан түшүнгөн эмесмин. Мени унаага салып жүрүп кеткенде бир эле октун үнү чыкты. Артымды карасам Дүйшөн жыгылып баратыптыр. Шайтан саткынды кечирбейт, бирок берген сөзүндө бек турат уккамын. Мени бошотом деген убадасын аткарып, Дүйшөндү кечирген жок. Мейли канчалык жаман адам болсо дагы, мен Шайтандын убадасын аткарган сапатын бааладым. Шайтан мени менен кездешкен жок, балдары жолдо токтоп, мени жолдун жээгине таштанды ыргыткан сымал ыргытып кетти. Тирүү калганыма ишенбей ошол жерде тиземди кучактап олтура бердим. Качан Жусуп келгенде өзүмө келдим, ал мени катуу кучактап, сооротуп жатты.
— Тирүү калдың, шүгүр, шүгүр!-деп жиберди бечара. Менин өңүм бозоруп, жанагы калыптан жаза элек элем.
— Кантип? Айжамал кантип?
— Эми ал нерсе эч кандай мааниге ээ эмес. Мен, сен эми бошпуз. Эми качпай, тынч өмүр сүрсө болот Жусуп..
— Айжамал, сен айткан баланы тапкан жокмун. Кыргызстанга Аврам аттуунун сөөгү дагы, тирүүсү дагы келген эмес. Израильге даарыланууга кеткендердин арасында дагы андай ысым менен эч ким жок. Колумдан келгенин кылдым, балким сүрөтү болсо дагы жылыш болот беле. Жүрү калганын үйдөн сүйлөшөбүз.
— Жусуп, кайсы үй? Мени көчөдө жалгыз калган жетим экенимди унутуп койдуңбу? Бара бер, аялың кыжаалат болбосун Жусуп.
— Ата-энең, үйүн жок болсо болгондур бирок, бир тууганың бар унуттуңбу? Бас менин үйүмө барабыз.
Жусуптун мойнун катуу кучактап алып, бир топко бышактап ыйлап алдым. Жусуптун үйүнө барсак аялы уктабай күтүп олтуруптур. Мени көрсө эмне дейт деп ойлодум эле, жакшы аял экен кабак кашым дебей жаркылдап турду. Канча күндөн бери ар кайсы жерде эс албай жүргөнүмө өңүм кетип калган эле. Мага сүргү карматты, бир чети уялып кеттим. Чайканып, кийим которуп өзүмө бир аз келгенден кийин тамактанууга олтурдук. Колу дагы таттуу экен, чын эле бир тууганымдын үйүнө келгендей болдум. Бир туугандык сезим ушундай болсо керек, менде бир тууган жок, ошол үчүн кандай экенин билбейм. Болгону мен бул адамдарды көрсөм ичим жылыйт. Биз менен чогу жаша дейт Жусуп, мен өзүмдү ашыкча сезем ал үйдө. Аялынын муңдуу көзү, менден кызганып жаткандай туюлат. Колунан кармап, баары сен ойлогондой эмес дегим келет. Бирок биз мурун мындан башкачараак сезим толгочу элек да бири-бирибизге. Түшүндүрө албайм, мен Жусуптун аялы Гулмирага Аврам тууралуу айтып бердим. Менин жүрөгүмдүн ээси бар экенин билип, кызганбай калсын дедим. Менин Аврамга болгон сүйүүмдү угуп, аял катары мени түшүндү, аяды. Сүйүүнүн арты бактылуулук болбой калганын угуп, мени менен кошулуп ыйлады. Баарыбир күйөөсүнө болгон кызганыч кеткен жок. Канчалык билдирбейин десе дагы көздөрү сатып койот. Көздөр эч качан калп айтпайт эмеспи. Жусупка айтсам эч качан жибербейт эле, ошол үчүн кат жазып калтырып, өзүм кайрадан Аврамды издөөгө Шамалды-сайга жанагы апамдын курбусунун үйүнө кетип калдым. Баягыда айтпай кетип калганыма бир аз таарынымыш эткени менен, баарыбир кайра жакшы кабыл алышты. Майып арабада олтурган мен теңдүү бала болсо мени көрүп кубанып кетти. Анын жүзүндө кандайдыр бир мага тааныш нерсе пайда болгон сыяктуу. Бул нерсе, бул көрүнүш мага тааныш. Мен аны тааныдым, ал сүйүү, жактыруу болчу. Эхх, өкүнүчтүү мен ошондой сезим менен жооп бере албайм. Жок, майыптыгы үчүн эмес, жүрөгүм башка адам менен ооруганы үчүн. Канчалык байкабаганга салсам дагы, жүрөгүм чыдабай барат. Ичим ачышат..
Уландысы бар.