Ак көгүчкөн 20 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

 Ак көгүчкөн 20

Ошол боюнча апам барып уктап калды, бизди сүйлөшүп алсын деди окшойт. Акжол болсо унчукпай телефон карап олтура берди, мен дасторконду жыйнап, анан товардын эсебин чыгарып жүрө бердим. Акжол жакшы адам болгону менен бир аз коркок болчу. Биринчи сөз баштоого күчү жетпей, жаман акыбалда уктай албай жүрө берди. Эртең ооруп калбасын деп ойлоно баштадым.

— Акжол, жүр жаткырып койоюн.

— Сен качан жатасың? Эс ал сен дагы.

— Бүгүн жумушум көп, уктай бер..

«Алтын баштуу аялдан бака баштуу эркек артык»-дейт эмеспи. Өзүмдү канчалык деңгээлде туура сезсем да, Акжолдун оюна карап иш кылышым керек экен. Эркекти күчтүү, аялдын коргоочусу дегени менен эркек аялдан бир топ алсыз келет экен. Мисалы:аялдын сабыры эле канча мактоого тете. Эркек эч качан төрт баланын кийимин жууп, тамагын жасап, аялынын көңүлүн алып жашай алмак эмес. Эркекке оңой, майда эмес жумуш жарашат. Көчөгө эртең менен чыгып кетип, кечинде үй-бүлөсүнө тамак аш таап келсе, ошол эркек үчүн эң жакшы. Мейли, таарынсам дагы биринчи кадам жасоого дайармын. Жашоом сүйүүдөн гүлдөп турбаса дагы, жакындарымдын жанымда экени бакыт тартуулайт.

— Акжол, экинчи андай кылбайм деп мага сөз берчи. Сага турмушка чыгаарда мен катуу ойлонуп анан турмуш жолуна аттангам. Баарына даяр болгон үчүн ушундай кадамга баргам. Сен мага эмес мен сага муктажмын, ошону түшүнчү. Менин жан дүйнөм жарты, жашоодо жалгызмын. Сени мага жөлөк болот экен десем. Мындай ишиң менен эч кимге бакыт тартуулай албайсың. Сен өлүп кетесиң, мен жесир калып бирок эптеп жашоом улана берет. Бирок апамды ойлодуңбу? Апам сен үчүн гана өмүр сүрүп жаткандай. Сен жок апам эмне болоорун ойлодуңбу?

— Мага акыл үйрөтпө сураныч, мен өлсөм баарына жаңы жашоо келет. Апам мен үчүн кайгырбай, мени карап кыйналбай, башка аялдар сыяктуу коноктоп жүрө алат. Мен кулап, бул акыбалга келгенден бери апам оорукана менен үйдөн бөлөк эч нерсе көргөн жок. Сенчи, сен мен үчүн баарын чечип койдуң. Сени караган сайын өзүмдүн алсыздыгым эске келет, мени кебез менен муунтуп жаткандай.

— Сен чын эле алсыз эркексин, биз сен үчүн күрөшүп жатсак сен болсо баарына кол шилтеп койдуң. Менин башымдан өткөн күндөрдөн кабарың бар туурабы? Ошол, сенде бир-тууган,апа, дос бар. Мендечи? Менде эч ким жок болчу. Эгер мага толук үй-бүлө же майып араба деп тандоо койсо, мен эч ойлонбостон сенин ордуңду тандайт элем. Жашоонун баалуулугу ата-эне, бир-тууган экенин эртерээк билсең боло. Мен чарчадым, сенден эмес, жашоодон чарчадым. Дайыма жалгыз болуудан чарчадым. Акыркы жолу суранам, мага жардам берчи. Биз баарын жеңип, бактылуу болобуз. Мага ишенип кой, биз балалуу дагы болобуз. Болгону убакыт керек, мага бир аз убакыт берчи.

— Акыркы күндөрү философ болуп баратасың, укта жатып. Баарыбыз үчүн кыйын күн болду.

Акжол жылмайып сүйлөгөнү менен менин көңүлүмдөгу сөздү айта алган жок. Бир ооз «мени кечирип койчу»-деп койсо мен кайрадан бактылуу болот элем. Акжол кечирим сурабаган эркектин катарына кирет окшойт. Мейли дечи, жок дегенде эркектик касиет өзүндө калсынчы. Акжол менин колумду кармап уйкуга кетти. Баары ордуна келгенине сүйүнүп, уйку келбей ойлонуп жата бердим.

— Айжамал, мен дүкөнгө кеттим. Баса мен Турциядан келген врач менен жолугуп келдим.

— Кайда келиптир апа?

— Өткөндө Акжол ооруканада жатканда келет деген имиш уккан элем. Качан келээрин сурап, бардым. Акжолдун документтерин алып барсам, бизди ошол жака чакырды. Бирок эч кандай кепилдик бербейбиз дейт.

— Апа аракет кылып көрөбүз, болот буйруса. Болбосо дагы аракет кылабыз. Эч качан женилбейбиз.

—Эми акырындап Акжолго айт, көндүр.

— Ал өзү чет өлкөгө барып даарыланууга эки көзү төрт болуп жүрөт апа. Ойлонбостон жумушка бара бериңиз, Акжолду ойгонсо өзүм алып барам. Апа эртең таңга маал мен дагы кетишим керек, бирок бат эле кайтам. Ойлоп жатам Ошко эле дароо барсамбы деп. Убакыттан утат экенмин, эгер макул десеңиз.

— Ой мейли, эми жумуш ушундай болсо айла жок да кызым. Ий баса, жанагы Аида дегениң кабарлашкан жокпу?

— Жок апа, мен аны кечирдим. Эң негизгиси Аида эже өзү аман болсо болду. Ойлонбостон кылып койду да, болбосо жакшы адам негизги.

— Койчу Айжамал, баарын өзүңдөй көрөсүң да. Жакшы болсо сени мындай кылбайт эле, анын ойлонбой кылган ишинен биз баламды жоготуп ала жаздадык.

Апам кол шилтеп, капалуу чыгып кетти. Мен болсо Акжолдун жакшы көргөн тамагын жасап, ойгонуу сун күттүм. Чогу тамактанып, анан Акжолдун көңүлүн ачууга шаар айландык. Түшкө жакын дүкөнгө барып, апамды үйгө жибердик. Дүкөндө олтурганда Акжолго Турция тууралуу айттым. Акжол Индиядагы клиниканын жумуштарын көптөн бери байкап жүргөнүн, мүмкүнчүлүк болсо ошол жака баргысы келээрин айтты. Акчага келсек албетте Турцияда арзан, бирок натыйжа Индияда жакшы. Бирок Индияга баруу үчүн жок дегенде дагы ушундай акыбалда бир жыл иштөө керек болчу. Эмне кылууну билбейм, кечинде апама үйдү сатып Индияга бара берели десем, апам кудай басууну буйруган болсо Турциядан деле басып кетет деп койду. Акжолду Турцияга барууга көндүрдүм. Ошентип арадан бир жума өтүп, мен Оштон келдим. Акчанын баарын санасак врач айткан суммадан бир аз ашыгыраак чыкты. Аябай сүйүнүп кеттим, жол кире, жатакана, тамак-ашты кантебиз деп жаттым эле. Оорукана менен байланышса айдын башы алып барсак, аягы операция кылабыз дешти. Апам менен Акжолду биринчи жиберип, мен операцияга жакын бармай болдум. Бул жакта товар алып келип, дүкөндү дагы караш керек болчу. Айла жок, эгер үчөөбүз тең барып алсак, мекенге келгенде бир тыйынсыз калмакпыз. Операциядан кийин дагы көптөгөн каражат керек болот эмеспи. Апам дагы макул болуп, ал жактан врач тарабынан чакыруу келип, виза алып кетишти, мен ошол эки жуманын ичинде товарга эки ирээт барып келдим. Дүң баада өткөрүп, тезирээк Акжол менен апамдын жанына жетүүгө аябай шаштым. Барсам Акжол башкача болуп калыптыр, эмнегедир сулуу. Абасы жаккан окшойт, же даарылоо ыкмасы өзгөчө. Биз күткөн операция дагы кылынды, врач ийгиликтүү деди. Бирок Акжол ордунан жылган жок, мурун олтуруп жүрө берсе азыр болсо жатат. Акырындап өзүнө келишин күттүк, Акжол болсо эч нерсе сезбейм дейт. Кудайдан биринчи жолу эркек киши үчүн суранып жатканым эле. Төрт күндө олтуруп, жөлөп туруп калат деди эле андай болгон жок. Кайрадан Акжолдун ден-соолугу начарлап кетти. Врачтар түшүндүрүп бере алышпай, бизди көрсө эле артты карай бурулуп кетишет. Канча жолу сурансам дагы биздин сөзүбүздү четке кагып салышты. Акжолдун ишенимин жоготуп албайын деп, өзүм дагы жанында калп күлүп, колдоп жүрүүгө туура келди. Ичимден ыйлап, сыртымдан күлүп жүрүү мен үчүн аябай оор. «Колубуздан келгенин кылдык, калганы кудайдан»-деп ооруканадан дагы чыгарып салышты. Башка жерге барсак кабыл албай коюшту, эмне кылууну билбей айласыз кайра кайтууга мажбур болдук. Акжол баарын сезип турат, баарын ичине салып айтпайт. Бул жактан өзүнүн врачына алып барсак, бизди урушту. Индияга алып барсак болмок экен кап. Өз алдынча олтура албай калганына жинденип, биз менен сүйлөшпөй, таарынып Акжол бизди кыйнап жиберди. Же тамак жебейт, алып келсек жерге ыргытат, ийне сайдырбай, түшүнбөйм эмне болуп жатканын. Бул жолу болбосо кийинкиси сөзсүз түрдө болот да. Мен билем. Башымдан канча оор күндөр өттү, өтүп жатат бирок, түн канчалык караңгы болбосун баарыбир таң атат экен. Мейли ызгаардуу, мейли суук болсун баарыбир жарык эмеспи. Күндөн күнгө биздин уруш көбөйүп, Акжол мени апама жамандап баштады. Апам биринчи унчукпай, ишенбей жүргөн. Кийин мени башкача карап баштады. Үйгө келсем ашыкча көрүп, жегенимди санап дегендей. Канчалык көңүл бөлбөйм десем болбой, акыркы күндөрү ачык эле бардык нерсени катып башташты. Эң башкысы акчаны мен таап келем, милдет кылбайм дечи. Бирок ага дагы макул болуп көчөдөн тамак алып келсем, үйгө азык-түлүк алып келип тамак жасасам, менин жасаган тамагымды эч ким жебейт. Каратып туруп ыргытып салат, эч түшүнбөйм, менин үйдөн чыгып кетишимди каалап жатышабы. Анда эмнеге ачык айтышпайт? Ысык-көлгө кеткен элем жумуш менен, жолдо алты саат жүрүп, катуу чарчап эс алгым келип келсем, үйдө апам жок экен. Акжол баспаганы менен мурунку акыбалына келип, олтуруп калган болчу. Үйдүн баарын астын үстүн кылып чачып салыптыр. Акжолго сүйлөгөндөн дагы коркуп калдым, колуна тийген нерсе менен уруп жиберет. Мейли дечи, денем ооруса эч нерсе эмес. Бирок дагы өзүнө өзү кол жумшаса эмне болот?

— Эмне келдиң?

— Ушул жерде жашасам келем да, менин дагы үйүм. Эмне болду?

— Сенин үйүң экенин билбептирмин, бизди кууп чыгасыңбы эмне? Кимди ким кууп жатат? Мен, биздин үйүбүз биз үй-бүлөбүз дегим келген. Акжол тынчтанчы болду суранам.

— Болбосо эмне кыласың?

Акжол бир нерсеге нааразы болуп турган окшойт, жинин менден чыгарып, колуна тийген идиш менен мени уруп жиберди. Колума тийип, артынан дагы бир нерсе келе жатканда качып кеттим. Акжол ыргытып токтогон жок, мен болсо ажатканага кирип бекитип алдым. Жашынып алып дагы коркуп, өзүнө бир нерсе кылып алабы деп. Акжол бакырып жатканынан чыкпай олтура бердим. Мен ойлогондой эле Акжол өзүн өзү ургулап салыптыр. Эмне үчүн андай кылганын түшүнгөн жокмун, апам келип калды эле анан барып чыктым. Апам Акжолду көрүп эле эмне болгонун сурап баштады. Акжол болсо мени урду деди. Апам Акжолго ишенип мени уруп баштады, мен апама эч качан кол көтөрө албайм. Анан апам уруп жатса качпайм дагы, колу талып калганча урду. Мен бурчка бүктөлгөн боюнча олтура бердим. Ыйладым, Акжолдун эмне кылганым үчүн мынтип жатканын түшүнгөн жокмун.

— Апа Айжамал бул менин үйүм, силерди кууп чыгам, жоголгула деди.

— Мен аны өзүнү кууп чыгам….

Апам чын эле түн ортосунда, турган кейпим менен, жакадан сүйрөп эшикке чыгарып койду.

 

Уландысы бар…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️