17- бөлүм.
Менин Акжолум башкача, жашоого деген умтулуусу өзгөчө. Акжол мага жол көрсөткөн, дайыма мени колдоп, жашоомду жыргал гана учурга толтурган жан. Мен Акжолдун басып кетүүсүнө жүз пайыз ишенем, болгон күчүмдү жумшайм. Бизде баары жакшы болот, буйруса….
Аида эженин мындай сатуу жайы беш алты жерде бар. Бир алып келген товарын чачып бергенде эле эч нерсе калбай калат. Аида эже дүң баа менен эч качан иштебейт экен. Мейли, беш эсе кошуп алып жылдап олтурганча, дүң баада берип ай сайын барып келген көбүрөөк пайда алып келет. Апамды үйдө эс алыңыз деп, Акжолду биринчи жолу иш жайына алып бардым. Кантип тизип, кантип алтын менен иш алып барууну үйрөттүм.
— Көгүчкөн…
— Эмне дейсиң? Акжол эмне дейсиң?
— Көгүчкөн жеп жатам, сага ал сөз жакпайбы? Мен сени ушунтип эркелетем эми. Билесиңби көгүчкөн бул тынчтыкты символу, сен болсо биздин жашоого тынчтык, бейкуттук, бакыт алып келген адамсың. Демек сен көгүчкөн болуп саналасын. Ак көгүчкөн.
— Акжол суранам мени экинчи антип айтпачы э. Мага жакпайт..
— Айжамал, бул сөз сага Аврамды эстетип жатабы?
— Жок, жок. Мен аны эстебейм, ал эстөөгө татыктуу эмес. Бул сөздүн мааниси мен үчүн башка, мага катуу тийет, мага терс таасирин тийгизет.
— Макул, сен каалагандай болсунчу.
Акжол капа болуп калды, маанайы түшүп, жаш баладай таарынып. Бирок бир чети чыныгы эркек сымал. Мени кызганып жатпайбы. Бул сөз менин эски жаратымды жаңырта аймап өттү. Башымдан өткөн ошол азаптуу убакты эске салды. Үйгө кетким келип, Акжолду жалгыз таштай албай кыйналдым. Эптеп ошол күндү түштөн өткөрүп, анан үйгө кеттик. Апам болсо менин келиним мыкты, күйөөсүн кантип иштетүүнү билет. Күйөөсүнүн көңүлүн табат деп мактап алды. Байкуш апам ий, бизди жакшы жашасын деп болгон күчүн аябай аракет кылып келе жатат. Карап көрсөм апам деле бир оорулуу баланын артында жүрүп, бир топ картайып, ден-соолугун жоготуп алыптыр. Апам алтын да, бизге тамак жасап күтүп олтурган экен. Тамак салайын десем тызылдап көнбөй, колумдагы идишти жулуп алып, мени олтургузуп койду. Өзү тамак салып, бизге берди. Жаш толгон көздөрүн дагы деле жашырып, биздин күлүп сүйлөшүп олтурганыбызды суктануу менен карап олтурду. Ушундай мүнөттөр үчүн жашагың келет, ушундай мүнөттөр үчүн мага кымбат болгон нерсенин баарын берсе болот. Аз убакыттын ичинде ушул эки инсан мага эң жакын адамдарга айланаарын кайдан билиптирмин.
— Апа, сизге Акжол экөөбүздөн белек бар. Көзүңүздү жумунуз.
— Кайдагы белек кызым, өзүңөргө иштеткиле. Мага эч нерсенин кереги жок. Экинчи андай кылба.
— Апа, келиниң дин колунан биринчи жолу белек алып жатасың. Каршы болбо апа.
Акжол деле эмне белек экенин билбейт эле. Пакистанга барганда, заводдон көз жоосун алган шакек көрүп атайын апама алган элем. Бул шакектин кооздугу дароо мага апамды эстетти.
— Апа, биз сизди жакшы көрөбүз. Бул шакектин кооздугу сиздин сулуулугуңузга жетпейт. Бирок бул шакекти көргөндө ээси сиз экени билинип калды.
— Кой, апей мен албайм. Муну дүкөнгө коюп сатсаң бир топ акча болот.
Айтканына көнбөй дароо колуна тагып койдум, Акжолдун даарысын алам деп жүрүп колунда бир дагы тагынчак жок эле. Кулагында кайнатам алып берген эски, күмүш кооз сөйкө гана бар болчу.
Ынтымактуу күндөр уланып, биздин бактыбыз өзүбүздүн дүйнөбүздү мелт-калт толтуруп турду. Мен жокто апам Акжолду жумушка алып барат, өзүм үйдө болгондо экөөбүз барабыз жумушка. Мага дүң баада иштеген жакты чынын айтсам, дүкөндү Акжолго эркектик милдетин аткаруу үчүн гана кармап жатам. Антпесе Акжол үйдө олтуруп, бөлмөнүн төрт бурчуна тигилип, кайра өзүн күнөөлөп баштайт. Бул жерде болсо элдер менен аралашып, дос, тааныш арттырып өзүн керектүү сезет. Акжол мага керек, апама керек, балким бир-тууганга керек бирок, башка адамдарга кереги жок. Оорунун кадырын ооруган гана жан билет, башка дени сак адамдар мындай оорулуу адамды көргөндө жүрөгү башкача болуп түшөт, бирок алар өтүп кеткен соң унутуп койот. Мындай адамды башка жүк катары кабыл алышат. Дайыма ооруган адамды караган кишиге көңүл айтышат. «Бечара, жаш туруп оорукчан балага байланып калыптырсың. Кудай сактасын, эми чыда айла жок»!-деп. Эгер ал адам эң жакын болсо, ал адамдын кемчилиги билинбейт. Мен азыр оорулуу эмес майыптар тууралуу айтып жатам. Кээде бир айдын ичинде үч жолу дагы барып жаттым алтын алып келүүгө. Бир эле борбордо эмес, башка дагы облустарда иштеп, мындай айтканда ишим илгерилеп баратты. Бир жолу Таластан келсем Акжолдун маанайы ачык экен, мен анын маанайын андан дагы көтөрүп бетинен өөп алдым. Эки бети жаш баланын бети сыяктуу кызара түштү.
— Айжамал, эгер чарчабаган болсоң жүрү конокко барып келебиз.
— Акжол кайда барабыз?
— Мен олтурган катардын экинчи дүкөндө олтурат го Марат, тааныйсыңбы? Ошол бала бизди конокко чакырды.
— Тааныбайм, эгер сен баргын келсе, сен үчүн чын маанилүү болсо жүрү.
— Мен үчүн маанилүү, ал менин экинчи досум.
— Эмнеге экинчи?
— Алтыным биринчи досум сенсиң…
— Ооба, мен сага дос, бир-тууган, карындаш, сүйүктүү жармын.
— Ар дайым ошондой болсун, билесиңби мен бактылуумун. Мындай бакыт түшүмө кирген эмес, баары, баары сенин артыңдан. Мен чыныгы жентелмен сыяктуу сага белек берүүгө милдеттүүмүн.
— Койчу кайдагы белек Акжол, сен жакшы болсоң мага эң чоң белек ошол.
Сый, урмат, сүйүү толгон көздөр бирин-бири карап тойбойт. Ширин, бал сымал сөздөр агылып бизди татуу жубайлар кылат. Бул жашоонун эң башкы мыйзамын эми түшүндүм, жакшылык кыл, ал сөзсүз кайтат экен. Пенде тараптан кайтпай калса, кудайдан сөзсүз кайтат. Акжол мага үй-бүлө тартуулап жакшылык кылса, мен Акжолго сый, өзүмдүн калган жашоомду, өзүмдү толугу менен тартуулап жакшылык кылдым. Эми бизге кудай бактылуу күндөр менен кайтарып жатат.
— Айжамал, бул көйнөктү кийип чык. Ушул көйнөктү көргөн сайын сага жарашат экенин, кийип турганыңды элестете берем. Бул менин кыялымдагы көйнөк экен Айжамал.
Акжол мага көйнөк сатып алыптыр. Эки жеңи тор кара, көйнөк өзү узун. Көз жоосун алган кызыл роза гүлдөр сайма менен сайылган сыяктуу. Же сайма менен сайылганбы, билбейм мындай чеберчилик менен тигилген көйнөктү эми көрүп жатам. Эстедим… Мен бул көйнөктү түшүмдө көргөн элем, апам ооруп төшөктө жатканда мага кызыктай түш кирген эле. Ошондо мен ошол дүкөндөн так ушул көйнөктү көргөн элем. Ал түштүн бул көйнөккө кандай тийешеси бар болду экен? Апам тамак жасап жаткан экен, жардам берип анан баралы десем апам тойго барсаң тоюп бар деп тамак салып берип койду. Анан чогу тамактанып олтуруп калдык. Апам болсо көйнөктү кийип чык, кандай жарашаарын көрөлү дейт. Ордумдан ыргып туруп, көйнөктү кийип чыктым. Мага тигилген дей.. Ашыкча же кем дагы эмес. Кызыл гүлдөр менин кызыл тармал чачымды андан да көрккө чыгарды. Апам белек кылган күмүш чачка таккан билезикти чачымды өйдө түрүп тагып алдым. Акжол менен апамдын алдына чыксам апам жарашыптыр деп ыйлап алды кучактап. Акжол болсо мени башкача, сырдуу көздөрү менен карап тура берди.
—Эмне жарашпай калдыбы Акжол? Сага жакпай калдыбы? Айтсаң, эмнеге катып калдың? Каалайсыңбы башка көйнөк кийип чыгам.
— Жок, сен периште болуп калдың. Сен укмуш сулуусуң, эми бул белектин ээси апам экөөбүз экенин билип ал.
— Рахмат силерге.
— Апам көйнөккө гүлдөрдү бир ай сайды окшойт э апа?
— Койчу ай, анча көп эмес. Болгону ар бир гүлгө жан киргизип, Айжамалдын кандай керемет кыз экенин белгилегим келди.
— Апа, сиз эң жакшы апасыз. Рахмат.
Апам байкуш жанагы алтын шакектин жообун кылган тура. Апамды бетинен өөп, анан Акжолду кучактоого шаштым. Бутума бир нерсе чалынып, жаш баладай кулап кете жаздап араң калдым. Акжолдун бутуна олтуруп калсам болобу. Апамдын көзүнчө уялганымдан кызарып кеттим. Сыр бербей тура калып керемет көйнөктү бир аз көтөрүп айланып, мода көрсөттүм. Бирок эмнегедир Акжолдун жүзүндөгү күлкү жоголуп, маанайы дароо түшүп кетти.
— Акжол бир жериң ооруп калдыбы?
— Жок, башка кийим кийип чык.
— Эмне болду деги?
— Айжамал күйөөңдү ук, кызганып кетти да.
Ичимден кудуңдап бөлмөгө кирип кеттим. Өзүмө ыңгайлуу көйнөктү кийип чыгып, биз Мараттын үйүнө жөнөп кеттик. Апам мен чарчадым деп барбай койду. Мараттын аялы корс, кыймылы тарсылдап эркек сымал экен. Бизди укмуш деле коноктой алган жок, ошого ыраазы болуп биз кайра үйгө кайттык.
— Айжамал, мен сени менен ажырашкым келет. Суранам себебин сурабай кете аласыңбы?
— Акжол кайдагы тамашаны койчу, эмне болуп жатасың?
— Сен жана кубанып бир чети апамдан уялып, бетиңе кызыл жугуруп, эркелеп айланып жатканда көзүмө периште болуп көрүндүн. Билесиңби мен ал периштени жылмайып карап тургум келбейт. Мен, мен ал периштени кучактап махабатка баткым келет. Сен билбейсиң мен сени кыялымда кайда алып барып, эмне кылаарымды. Бул мага азап берет, мейли бүгүн, мейли эртең чыда. Бүрсүгүнү эмне болот? Сендей перини башка эркек көрбөйт деп ойлойсуңбу? Кумар.. Кумар деген нерсе бар. Ал бардык адамдын канында, ал кайнап денеге тап бергенде сен бирөөнү табасың. Ал сени, сени мен кыялымда элестеткен нерселерди кылат. Мен эмес, бирөө. Сенин бул сулуулугуң мага азап берет, акыркы күндөрү сенин күлгөнүң мага ырахат эмес кайгы берип жатат. Ар бир күлгөнүң мага;-сен эркек эмессиң!-деп жаткандай угулат. Чыдабайм, чыдабай калдым.
— Мен сага сөз берген элем, эсиңдеби? Эч качан андай болбойт, ишен мага.
— Туура сен мага ант бергенсин, бирок мен сага ант берген эмесмин. Мен сени таштайм, сени менен жашабайм. Жообуңду ал, эми мени күйөөм дебе.
— Акжол эмне деп жатасың? Ойлонуп иш кыл, мен сага эмне кылдым?
Уландысы бар.