15- бөлүм.
Акжолду көргөндө башкача болуп, үнүм титиреп кетти. Мен аны аяп турдум, бирок дал ушул учурда Акжолго мен тараптан аёо сезим эмес, колдоо керектигин сездим. Көзүмдүн жашын артка тарта албай, жерди карамыш болуп арчып алдым. Акжол ансыз деле бардык элдердин көз карашынан тажап бүткөн, дал ошол көз караш Акжолго майып экенин улам-улам эске салат. Акыркы болгон окуядан кийин, менде болгон жакшы үмүттүн баары өчкөн. Мени, жетимди, тексизди, байкушту, жарым боорсузду ким алсын. Мен деги кимге керегим бар? Өзүм бактысыз болсом дагы, бирөөнү бактылуу кылсам балким ошол адамдын бактысына кошуп, мага да кудай бакыт берээр. Жакшы тилек, жарым ырыс демекчи эгер жок дегенде бир адамдын өмүрүн сактап, бакыт тартуулай алсам, жашоом кандайдыр бир нукка бурулаар. Менин үмүтүм өчпөйт, Акжолдун өмүрү үчүн өзүмдү курман кылууга даярмын. Туура мен аны сүйбөйм, аёо сезимден башка балким бир туугандык сезим бир аз бар. Ал маанисиз, менин оюм, сезимим, жашоом эч качан маанилүү болгон эмес. Же Катя апа айткандай, башымдагы балээнин баары өзүм үчүн гана болуп жаткандыр. Сүйсөм чын дилден сүйүп, күйсөм чын дилден күйүп, өзүмдү башкалар үчүн кайыл чапканым себеп болгондур. Бирок, мени апам жакшылык кыл, ал сөзсүз кайтат деп тарбиялаган. Ооба, кайтат сөзсүз кайтат. Инсан тараптан болбосо дагы, кудай тараптан кайтса болду. Сезим бул эмне? Эгер бир жыл мурун сураса, ааламдын кооздугу жетпеген,сөз менен сүрөттөө мүмкүн эмес болгон, керемет нерсе. Ал нерсени жүрөк жана жан дүйнө менен гана сезинсе болот дээр элем. Азыр болсо, сезим бул эки адамдын карым катнашы, мамилеси, ынтымагы деп айтам. Менимче:……
«Ыйык сезимди жүрөктүн түбүнө бекитип, аны сактап, урматтап калуу үчүн, ал адамдан баш тартуу керек».
Анткени биздин менталитет, түйшүк, кайын-журт, жашоо шарты, акча биздин ыйык сезимди буту менен тепсеп ойнойт. Тепселип тантыгы чыккан сезим ыйыктыгын жоготот, жылуулугун, укмуштугун жоготот. Үй-бүлө куруу үчүн, дайыма чыдамкай, өңү серт бирөөнү тандоо керек. Эмне үчүн дайым бир сулуу адамдын жанында эрчип жүргөнү аябай өңү серт болгонун көрөбүз. Анткени, ошол өңү серт адамдын жүрөгү баарынан кенен болот. Биздин кемчиликти көтөрүп, бактысыз болсо дагы сүйүүсү үчүн чыдайт. Мына өз сүйүүсүнө жетүү, өзүн курман кылуунун баасы ушундай. Бара-бара сүйүүнүн даамы кетип, сыйы жоголот. Ошо үчүн сүйгөн адамдан баш тартуу эң туура жол. Аракет кылам, Акжолду бактылуу кылып, сүйүүсүнө залака келтирип албоого болгон күчүмдү жумшайм. Акжолго басып барып, чачынан сылап, тизелеп олтура кучактадым. Төшүнө башымды коюп, жүрөгүн тыншасам араң согот. Алсыз жүрөк. Жүзүмө Акжолдун көз жашы тамып, ысыгы тамырга жетти. Көптөн бери толуп калган көз жашымды жашыра албай, биринин артынан бири тоголонуп, Акжолдун колуна тамып кетти.
— Акжол мага мүмкүнчүлүк бересиңби? Бактылуу болууга жол бересиңби? Мен сенден жалынып суранам, мени аяп, жар кылып алчы. Мага эне болуу бактысы кандай экенин сездирчи.
Чын жүрөктөн чыккан сөздөр. Балким бул нерсеге акылы жетпеген бирөө, өзүн ойлоп жатат, колдонуп жатат же бул бирин коюп экинчисин сүйө берет деши мүмкүн. Дей берсин, айта берсин. Айтуу, ушактоо алардын иши. Татыктуу жашоо менин ишим. Акжол чачымдан сылап, жашымды аарчып;- Айжамал, өзүңдү бирөө үчүн эч качан кайыл чаппа;-деди.
— Мен эмес, сен мен үчүн өзүңдү кайыл чаап койчу. Мен сага жакшы аял болом.
Акжол майып арабасын дароо артка бурап, мени түртүп салды. Артынан кучактап ыйладым, жооп жок. Жооп берген жок. Үнсүз олтура берди. Эс алуу убактысы келгенде мени чыгып кетишимди суранышкан да барып чыктым. Бул киши өзүн ойлобосо мен аны кантип сактап кала алам. Же бул дагы мага окшоп, аруу сезимдерин сактап калуу үчүн менден баш тартып жатабы? Ойлонууга убакыт берүү керек, балким бул жөн гана таарыныч. Кетип калганым үчүн ушундай кылып жаткандыр. Менин иш баштайм деген оюм кийинкиге калып кетти окшойт. Күндө Акжолго барганымды койгонум жок, анын дагы таарынычы жазылып жаткандай. Мурунку Акжол калыбына келе баштады, эже болсо мага рахматын айтып бүтпөйт. Ооруканадан чыкканда менин үйүмө келдик, тамактанып, эс алган соң жолго чыгышмак. Жибергим келбей, кыйылып турам. Бул акыбалым бетиме чыгып калса керек, Акжол жүрү биз менен, эс алып келесиң деди. Биз экөөбүз бир тууган болобуз, ар дайым бири-бирибизди колдойбуз деп сүйлөшкөн элек. Ошол үчүн бизде ыңгайсыз убактар болбой калган. Мени чакырып жатканына сүйүнүп, колго тийген кийимимди жыйнап, кошулуп кетип калдым. Айылга барсак үйдө адам көп экен, казан кайнап, боорсок бышып жатат. Акжолдун айыгып келгенине түлөө болсо керек дедим. Машинадан түшөөр замат боорсок алып келишти, мен бала кездегидей колума ысыгына карабай толтуруп алдым. Аз болсо да жүрүп калганыма өз үйүмдө жүргөндөй төргө өтүп кеттим. Кирсем көшөгө илинип туруптур, түшүнбөй калдым, бирөө үйлөнүп жатабы? Же жөн эле бир нерсени жаап койгонбу, колумдагы кийимдерди коюп, кийим которгон жатсам аялдар кирип келди. Мага ак жоолук салып, халат кийгизүү го аракет кылып жатышат. Күлкүм келип, күлүп эмне кылып жатасыңар?- дедим. Бактылуу болгула, жакшы келин бол!-деп башташты.
— Акжол өзү эмне деди? Акжолду чакыргыла мага.
— Кой антпе, өзү жарым көңүл болуп турса капа кыласың.
— Өзүнөн сурадынарбы? Ал билеби?
— Сен отурсаң эле дароо айтабыз, бооруң ооруп койчу. Сенден башкага көнбөйт, сен анын даарысы болосуң.
— Мен эмес, ал мага боору ачысын. Эгер өз оозу менен кал десе мен босого аттабай, олтурам.
— Ий кокуй, чындап акылдуу кыз экенсиң. Ай келин бар Акжолду чакырып келгиле. Эч нерсе дебей эле кой, өзүбүз айтабыз.
Ошол айылдын эле мен көрүп жүргөн келиндеринин бири чуркап кетти. Мен өзүмдү түздөп, эч нерсе болбогондой туруп калдым. Акжолду алып киргенде дароо көшөгөнү көрдү.
— Бул эмне? Кимден сурадынар?Айжамал, сен эмне олтурдунбу? Мен үйлөнбөйм. Кимдин кылганы, киргизсин бери айтып кой.
— Сенин бир ооз сөзүң баарын чечет, баары сага байланыштуу.
Сөзүбүз аягына чыга электе Акжолдун апасы кирип келип калды.
— Акжол, Айжамал мени кечиргиле. Силерди бактылуу болсун деп эле кылдым, мен көрүп турам го. Бири-бирине төп келесиңер, мен батамды берем. Шаардан келе жатып мен дайардангыла деген элем. Айжамалдан шаардан сен тууралуу сурасам, жакшы көрөм деген болчу.
— Апа, түшүнөм бирок мени бактылуу кылам деп кайра бактысыз кылып койдуңуз. Бир ооз кеңешсек болот эле. Баарын токтотуп, Айжамалды шаарга жеткирип койгула.
— Кой антпе балам, суранам мен үчүн андай кылба. Кыздын дагы көңүлү бар, калам деп жатпайбы.
-Биз бир-тууган болобуз деп сүйлөшкөнбүз, менин жашоомо аралашпагыла эч качан.
— Акжол уксаң, мени ойлобо бир сөзүң калам. Көңүлүң бар эмес беле мага.
— Эгер азыр үйлөнбөй турган болсоң, мен берген ак сутумо ыраазы эмесмин. Мени энем деп сыйласаң үйлөн, мен түбөлүк түркүк боло албайм балам.
— Антпесеңиз, Акжол өзүңө кара. Өзүң чечим кабыл алууга акың бар.
Акжол башын жерге салып, башка бөлмөгө кирип кетип калды. Унчукпаганы ыраазы болгону деп, мага ак жоолук салып көшөгөгө киргизип коюшту. Чын мен бактылуу болуп жаттым, ак жоолук тар биринин артынан бири илинип, улам алакан жайылып бата берилип, мен болсо келген коноктун баарына жүгүнүп жаттым. Өкүл ата өкүл эне деп бирөөнү коюшту, куда, кудагый деп ошолордун үйүнө ачуу базарга барышты. Карасаң, менин жакшылыгымды ата-энем, жакындарым көрбөй калганын. Кудай менен ант берейин, мен чындап бактылуумун. Үй-бүлө күтүү мен үчүн эң чоң жетишкендик. Өкүл апам мага бир сыйра төшөнчү, кийим кече кылып алып келиптир. Ошого деле рахмат, жетим экенимди бир аз болсо дагы унуттуруп, апамдын ролун аткарып жүрөт. Астына түшөсүң, сеп берем деди эле мен көнбөй койдум. Биз шаарга кетебиз, шаарда Акжолду кароого мүмкүнчүлүк жогору. Кайненемди дагы кошо алып кетебиз, эч кимге сөз болбой тың жашайбыз буйруса. Астына түшкөн акчага андан көрө Акжолду бутуна тургузууга аракет кылганыбыз жакшы. Жок үйдүн кайсы жерине сеп алмак элем. Керек нерсени өзүбүз толуктап алаарбыз буйруса. Кечинде молдо алып келишип, никебизди кыйды. Акжол дагы деле биз тарапты карабай, көңүлсүз олтурду. Бирок макулдугун берди, апасын капа кылбайын деди окшойт. Элдер кетип, Акжолдун жеңелери (абысындарым) төшөк салып, жанагы салтын кылганы жатканда Акжол кыйкырып урушуп салды. Түшүнгөн жокмун, мага ишенбей жатабы? Салттын кылынганы эле жакшы го, мен деле кайын-журт алдында жүзүм жарык жүргүм келет. Акжолдун буту баспай олтурганда сүрү ушунчалык, эгер басып жүргөндө баатыр болмок. Бөлмөгө кирген соң, майып арабасын жылдырып мен тарапка келди.
— Айжамал сага ушул керек беле? Сен бактылуу болууга татыктуу кызсың, майып менен өмүр бою кыйналасың.
— Сен мен үчүн чечим кабыл алба Акжол, балким мен өз бактымды сенден көрүп жаткандырмын. Акжол, кел төшөккө жылдырайынбы сени?
— Көрдүңбү.. Көрдүңбү дейм. Азыр сен эмес мен сени көтөрүп төшөккө алып барышым керек эле. Өмүр бою көз каранды жашоого кантип чыдайм?
— Милдет кылбайм эч качан деп сөз берем. Апамды дагы кыйнап жибердиң өз айтканыңды бербей Акжол. Мүмкүнчүлүк берип көрчү мага, аракет кылып көрөйүнчү.
— Мага төшөк салып бер.
Акжол мага бизге салынган төшөктүн өйдө жагын көрсөттү.
— Жок, сен бул атайын салынган төшөккө жат. Эгер каалабасаң мен башка салып жатайын.
— Мен сага айтууга оозум барбайт Айжамал, убагы келгенде өзүң түшүнөсүң.
— Түшүндүм, азыр түшүндүм. Сен мага ишенбей жатасыңбы? Балким сенден мурун жүрөгүмө бирөөнү киргизгем, бирок мен намысымды сактап жүрөм. Ал өткөн жашоомдо калды, унуттум. Ошо үчүн ушундай кылып жатасыңбы?
— Сен туура эмес түшүнүп алдың, Айжамал бири-бирибизге убакыт берели э.
— Эшикте тургандар эмне дейт? Жүзүмдү кара басат эми, Акжол мени түшүнбөйсүң.
— Бир нерсе деп көрүшсүн.
Уландысы бар.