Ак көгүчкөн 10 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн.

   10-болум.

Жаз аяктап баратканынан эшикте бардык нерсе гүлдөп турган мезгил эле. Күндө эртең менен турсам тереземде, этияттап чогултулган азыраак гүл турат. Бир күнү сирень, экинчи күнү кызгалдак, үчүнчү күнү байчечекей. Бул гүлдү терүү үчүн Акжол ушунчалык аракет кылып жатат да байкушум. Акжолдун үмүтүн үзүү үчүн, Аврам тууралуу айтуу керек окшойт. Канча күн издесем дагы Аврамды тапкан жокмун. Көчөлөрдү кыдырып бүтүп, мазарга өттүм. Мазарлар да коркпостон аралап жүрдүм, топурагы кургай элек жай болсо эле үмүт менен сураштырсам, башка болуп чыгат. Балким Аврам тирүү деген ой келет мага, бирок тирүү болгон болсо мени ара жолдо таштабайт эле. Ал мени өзүнөн артык көрөт, балким баягыдай айласыз төшөктө жаткандыр? Андай болуусу мүмкүн эмес, эжекеси мен тууралуу жакшы билет. Жок дегенде бир кабарын айтмак да. Же байкуш Аврамым төшөккө байланып калганына мени жолоткусу келбей жатабы. Түшүнбөйм, же тирүүсү же өлүгү билинбей дайынсыз кетти да. Ошондо сүйгөнүмдүн көздөрүн акыркы ирет көрүп жатканымды билсем кана эле. Наркоз сайдырбай, көз ирмебей сени карап турмак экенмин. Сагындым..

Эгер чындап аркы дүйнөдө болсоң акыбалды көрүп тургандырсын. Бир белги берсең боло, балким тирүү деген ой мага тынчтык бербей жатат. Жайынды көрсөм түңүлүп калат белем балким. Жалгыздык жаман экен, Алмаш апа, Акжол бар дечи. Бирок алар жан дүйнөмө чоочун адамдар. Мен алар менен чогу болгондо, туугандан алган жылуулукту ала албайм. Көзүмдүн кареги менен тең айланганы менен, ичинде качан кетет деген суроосу барбы деп кыйналам. Эч жакка батпай калдым, жер ушундай кенен болуп мени бир бурчуна баткыра албаганына таң калам. Тагдырым тайкы, бечара, шордуу, тексиз болбосом эмне. Же ата-энеден же турмуштан, же сүйүүдөн жарыбай койдум.

 

Акжол го Аврам тууралуу канчалык айтайын дегеним менен, дитим жол берген жок. Ал мени жылмайып караганда, асманым бир аз болсо дагы жарып кетет. Бул жашоодо мени жакын туткан бир адам бар экенине ичим жылыйт, жакын сырдаш болсом дейм. Бирок мен Акжолго жакындасам жүрөгүн жаралап алам да. Куру үмүт берип, жанын оорутсамчы. Эмне кылууну билбейм, качанкыга чейин качып жүрүшум керек? Күндө чыгынып жаныма келет да, кайра айтууга батынбай артка жылып кетет. Мени байкаган жок деп ойлойт. Бирок мен баарын, баарын көрүп турам. Кече мага арнап ыр жазыптыр, терезеге гүл менен кошуп калтырган. Төрт сап ырында бир китептик түшүнүк бар. Эгер жүрөгүмдү Аврамга арнап койбогонумда Акжолго мүмкүнчүлүк бермекмин. Анын сүйүүсүн кубануу менен кабыл алмакмын. Бирок Аврам болбосо бул жака кайдан келмек элем. Аврамды таба албай турганыма көз жеткенде кетүүгө камындым. Барар жерим жок бирок кетишим керек. Күнөөсүз инсанды азапка салууга акым жок. Майып болсо эмне экен, буту баспаганы менен жан дүйнөсү таза адам. Мындай күнөөсүз, таза инсандын сүйүүсүнө арзуу мен үчүн сыймык. Алмаш апама баарын түшүндүрүп айтсам, ыйлап гана тим болду. Түшүнүп турам, эне да. Ал дагы баласынын азап тартуусун каалабайт. Бактылуу болуусун каалайт, баласынын көз жашы жүрөгүн жаралайт. Мен дагы келем деп сөз берип койдум. Бирок азыр Израильге биротоло кетсем деп жатам. Барып Аврам тууралуу бардык нерсени изилдеп, баарыбир табам. Жусуп менен дагы коштошкон жокмун, телефондо гана айтып койдум. Үй-бүлөсүн ызы-чуу кылгым жок, аялы менден кызганат. Өзүм аял болгон соң аялды жакшы түшүнөм. Жанын жаралабай кетейин, мындай караганда Жусуп мага эч ким эмес да. Башына түшкөн туйшукмун, качан болсо маселе жаратып жүрөм. Же тууган болбосо, болгону жакшы адам да. Кайра эле Люда апамдын үйүнө барып туруп калдым. Мурунку эле жумушума кайра орношуп, жашоом бир нукка түштү. Бош болгон күндөрү көчөдөн Аврамды, эжекесин издейм. Үмүт деген өчпөгөн нерсе экен, эч жерден таба алган жокмун. Жаткан ооруканасын, операция болгон жайынан бардык жерден сураштырдым. Элес сыяктуу жок, эч жерде дайыны жок. Андай адам эч качан болбогондой. Эч кандай маалымат калган эмес, ал тургай интернеттен издедим жок. Бир жыл убакыт Аврамды издөөгө кетти, мен үчүн Аврам ачылбаган сыр бойдон калды. Балким мен акылдан адашкан адаммын, Аврамды дагы өзүм элестетип алган чыгаармын деген ой келет. Антейин десем Люда апам дагы Аврамды көргөн да. Экөөбүздү табыштыруу үчүн канча аракет кылды. Анда Люда апам дагы менин башымда жашаган элеспи? Балким өзүм дагы бул жашоодо жок адаммын, эки жашоо ортосунда каңгып жүргөн арсыз жанмын. Түшүнө албадым, менин бул жашоодо бар же жок экенимди эч ким байкабайт. Дайынсыз кетсем дагы эч ким жоктобойт, жок андай эмес. Мен тирүүмүн, адаммын. Көзүмдөн жаш агып, жан дүйнөм кайгыдан ооруну сезип турганда мен жашап жатам. Мен бармын, акылым жайында. Болгону мага кудай тууган, сүйүктүү адамды түбөлүк кылган эмес. Томолой жетим, жесир кылып жаратып койгон. Бактылуу болуу үчүн кылган аракетим текке кетип жатканы менен, мен мага берген сыноодон өтүп жатам. Бул дүйнөдө болбосо да, аркы чыныгы жашоодо мага туугандарым менен бирге болуу бактысы жазылып тургандыр. Ээ кудайым, билип билбей кылган күнөөмдү кечир, жакындарым менен бирге бейиште болууга уруксат бер. Баарына чыдайм, сыноонун баарына чыдайм…….

Пример HTML-страницы

 

Окшош күндөр жанга батып кетти, үйгө келсем муздак дубалдар тосуп алат. Ал тургай жаткан төшөк дагы муздак. Эч бир өзгөрүү жок, Аврамдан үмүтүмдү үзгөн күндө дагы кээде көчөдөн баражатып караанын издей берем. Балким, балким деген ой. Аврамга окшош бирөөнү көрсөм бардык нерсени унутуп, артынан кыйла эрчийм. Кучактап алгым келет бирок, ал бөтөн бирөө. Окшош бирөөнү көрсөм дагы кадимкидей жеңилдей түшөм. Ушу менен жашоом бүтүп калгандай башка эч кимди көрбөйм, байкабайм. Карагым келбейт, Аврамдын ордун башкага ыраа көрбөйм. Балким чыныгы сүйүү ушундай чыгаар. Бактылуу дагы болуп кетем кээде, мага ушундай сүйүүнү татып көрүүгө мүмкүнчүлүк бергенине. Жетпей калган сүйүү барктуу дейт го бирок, ошол сүйүүң тирүү болсо. Сүйүктүүң бирге болбосо дагы, бир жерде бактылуу болуп жашап жатканы чоң бакыт эмеспи. Бөйрөгүмдү кайра өзүмө салганына караганда Аврамды оо дүйнө кеткени чын болсо керек. Мейличи, азырынча билинбей күндөр өтө берет. Эч качан турмушка чыкпайм, Аврамды сатпайм. Аврам менин биринчи жана акыркы сүйүүм болуп кала берет. Картайганда болсо Люда апама окшоп, бир мышык багып алсам эрмек болот. Эч кими жок адамдарды өкмөт жерге берип жатпайбы, мен деле эптеп ошол эки метр кара жерге жетээрмин.

Адам негизги кызык эле жан болот экен, бир нерсени жакшы ойлонбой, билбей туруп тыянак чыгарат. Ошентип жүргөн күндөрдүн биринде, мага назик үндүү бир аял коңгуроо кылып жолугушуумду суранды. Ким экенин аныктай алганым жок, болгону Аврам тууралуу билгиң келеби деди. Аврамдын атын укканда өчкөн шам кайра жанып, башкача болуп калдым. Айткан жерине тез жетип бардым, мен Аврамдын эжеси болсо керек деген элем. Тилекке каршы башка бирөө экен, улутун дагы тааныбай койдум. Елизавета деп тааныштырды өзүн, бирок оруска такыр окшобойт. Орусча сүйлөгөнү менен кандайдыр башкача акцент бар экен.

— Мени эмне максатта чакырдыныз? Аврамды кайдан тааныйсыз?

Олтураар замат суроо жаадырдым.

—Шашпа Айжамал, биринчи таанышып, курсакты тойгузуп алалы..

— Убакытым жок, жумушка барышым керек кайрадан.

— Анда мейли, Аврамды көргүң келеби?

— Ал өлгөн, мени шылдыңдап жатасыңбы? Ал өлгөн..

— Ал өлгөн эмес, ал өлбөйт. Сени дагы мен ооруйм, мага бөйрөк керек деп алдады беле?

— Айткан жок антип, ал өлүм төшөгүндө жатканда өз каалоом менен бергем.

— Ошондой де, ал Дон Жуан да. Айжамал демек мындай, менин каным үчүнчү группа, резус терс. Сеники дагы ошондой, үч жыл ашыгыраак мурун катуу ооруп калдым. Бөйрөк таппай эки жыл убакыт өтүп кетти. Сага маалым болгондой биздин группадагы кан сейрек кездешүүчү, табуу өтө кыйын. Ошондо Аврам бизди өзү таап байланышты, беш жүз миң долларга донор бар экенин билдирди. Менин күйөөм бизнесмен, ал үчүн мындай акча маселе эмес. Бир айдын ичинде операция кылабыз дешти, жашоо үчүн мыйзамсыз операцияга макул болдум. Карасам жаш кыз экенсиң, бир бөйрөк менен жашай алат дедим. Анан Аврамдын ойлоп тапканы ушул болду. Жанагы жоголуп кеткенде башка өлкөгө кеткен, сага окшоп өзүн сүйдүрүп алган кыздын бөйрөгүн сатып келген. Бул бизнес, канча деген кыздын бир бөйрөгүн сатып, өзүн өлдү кылып жүрөт.

— Калп, калп. Аврам эч качан андай кылбайт, кой оозунан чөп албаган момун. Калп айтасың, саткан жок. Мага өзүмдүн бөйрөгүмдү кайра кайтарышкан. Максатың эмне? Эмнеге Аврамды жаман аттуу кылып жатасың? Же эмне бирөөнүн буйрутмасы менен келдиңби?

— Сен кандай гана акмак кызсың, жүрү ооруканага. Бөйрөгүн барбы жокпу көрөлү, анан өзүңө кантип сезилген жок.

Чын эле мурункудай тез кыймылдай албай, тез чарчап кала турган болуп калганымды байкаган элем. Айткан сөздөрү кала болуп калса экен деп тиледим.

— Бул жолугушуунун максатына өтсөм, бир дарттан кутулсам экинчи дарт жабышты мага. Аты жаман, айыкпас дарт. Ашказандан рак болуп калдым. Врачтар эки ай өмүрүң калды дешти, сага айтпай уурдап алган өзүңдүн бөйрөгүнду өзүнө кайтаргым келет. Операциянын чыгымын өзүм көтөрөм, кудай менен жолугушууга күнөөмдү жууп, таза баргым келет.

— Эч жерге барбайм, Аврам тууралуу мындай ыплас куру дооматты уккум жок. Экинчи тынчымды албагыла!-деп кетип калдым. Өзүм иштеген санаторияда дагы УЗИ бар болчу. Жетээр замат УЗИГЕ түшүүгө бардым, чын экинчи бөйрөгүм жок экен. Мага кайра кайтардым деген болчу доктур. Бул эмнеси, Елизаветтанын айтканы чын сымал. Чыйпылыктап жана операция болгон жерин дагы ачып көрсөткөн болчу. Чын окшойт. Эрте күндү кеч кылбай, дароо өзүм байланыштым. Мага Аврамды таап берүүсүн гана сурандым. Ал дагы макул болуп, эртең саат ондо келип мени алып кетмей болду.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️