8- бөлүм.
Аврам сөзсүз айыгат, башкача болуусу мүмкүн эмес. Биз бирге болушубуз керек, мен ансыз жашай албайм. Катар турган керебеттин аралыгы узак болсо дагы, мен колум сунуп Аврамдын колун кармагым келди. Аврамдан келген жылуулукту сезинсем дедим. Аврамга күч берип, жанында экенимди билдиргим келет. Башымды Аврам тарапка бурганда, көзүмдөн жаш мончок сымал биринин артынан бири тоголонуп кулап жатты. Андан кийин караңгылык, эч нерсе эсимде жок. Жада калса түш, элес дагы жок. Көзүмдү ачсам бөлмөдө жатыптырмын, жер көчүп бараткан сыяктуу тегеренет. Кайрадан көзүмдү бекем жумуп, эже!-деп бакырдым. Аврамдын эжекесин чакырып, Аврамдын акыбалын билгим келген. Ак халатчан кыз келип укол сайып, оозума суу тамызып чыгып кетип калды. Аврам тууралуу сурасам жооп берген жок. Мен тааныган врачтын бирөөсүн көрө албай үч күн жаттым, үчүнчү күнү ордумдан туруп, врачты издеп чыксам, эч ким жок. Туурасын айтканда мен тааныган эч ким жок экен, Аврам жаткан палатага барсам бош экен. Эч нерсени түшүнө алаар эмесмин, Аврам кайда? Алым жетишинче кыдырып Аврамды издедим. Мен жаткан кабатта жок. Бешинчи күн дегенде мага ак конверт алып кирип беришти. Ичинде үч миң доллар, анан кат бар экен.
«» Айжамал, сага кандай ыраазычылык билдирүүнү билбей турам. Сенин жакшылыгын жардам бербесе дагы, Аврамдын акыркы мүнөтүнө күч, махабат, кубаныч берди. Сени бир тууганымдай көрүп калдым, бирок жашоо биз каалагандай боло бербейт экен. Аврам операцияны көтөрө алган жок, чыныгы жашоого бизди таштап кетип калды. Ден-соолук калыбына келгенге чейин өзүңдү жакшы кара, аз болсо дагы биринчи убакка жетип тураар. Суранам өзүңдү күнөөлөп, жалгызсырап ыйлаба. Аврам аркы дүйнөдө тынч жатсын. Аврамды Ата-мекенге алып барып жерге беребиз, сен бул катты окуп жатканда Аврам кара жер менен кучакташып жаткан болот. Издеп убара болбо, сен жашсың дагы бактыңды табасың. Сөзсүз бактылуу болосуң, кечирип кой сага дагы залакасын тийгизип койдук. Бирок өз бөйрөгүн өзүңө кайтарылды.’
Бул катты мага Аврамдын эжеси жазыптыр, жок мен түшүнөм баарын. Мен өзүм араң жатсам тынчымды албайын дешти, коштоштурбай менден жулуп качышты. Бирок, алар мен үчүн чечим кабылдоого акысы жок эле да. Эмнеге мага угузууну, коштошууну ыраа көргөнү жок. Мен татыктуу эмесминби? Жүрөгүмдү тыңшап турсам эмнегедир тынч, жакындарын жоготуп, өлүк көрө берип көнүп калганбы дейм. Же Аврамдын жүрөгү дагы деле согуп жатабы? Аврам мага тирүү эле туюлат. Анткен менен колумда далил турса ишенбөө мүмкүн эмес. Катуу ыйласам ичиме күч келип, тигилген жер кайра кесилип жаткандай ооруп кетти. Жерге бүрүшүп жатып калыптырмын, бутум, колум титиреп. Көзүм артка тартылып, тилим өзүнчө эле тамагыма тыгылып артка кете берди. Врачтар чуркап келип, тилимди кашык менен кайра артка тартып алды. Ошондо барып дем алуум калыбына түшүп, көзүм ордуна келди. Көпкө чейин титиреп барып өзүмө келдим, тынчтандырып коюуучу уколдон үчтү сайып жиберсе дагы таасир берген жок. Ошондон кийин ордумдан тура албай жыгылдым, он күндөн ашык жатып анан ооруканадан чыктым. Каргышка калган неме окшоймун, жанымда пайда болгондун баары өлүп жатат. Элге аралашпай, эч кимди жакын тутпай жашашым керек окшойт.. Кудай мага эмнеге кайра тартып ала турган инсандарды жөнөтөт? Түшүнбөйм….
Аврам бир жолу туулган жери тууралуу, ата-журт тууралуу айткан эле. Жалал-Абаддын Шамалды-Сай деген жериненмин деген. Апасы менен атасы ажырашып, башка жака көчүп кетүүгө аргасыз болушкан экен. Ата-журтка алып барып жерге беребиз дептир, балким кечиксем дагы Аврамдын күмбөзүн өз көзүм менен көрсөм жаным жай алаар. Мейли, Аврамдын бул жашоодо жок экенине көзүм жеткен соң эмне болсо ошо болоюнчу. Балким Дүйшөнго өзүм барам, качканда эмне пайда. Баарыбир өзүңдөн эч жакка кача албайсың. Люда апамдын үйүн сатып, акчасын Люда апамдын атынан балдар үйүнө өткөрүп берсемби деген ой бар болчу. Бирок, сата алганым жок. Мени жашасын дегенби, сатууга мүмкүн болбогондой кылып катталыптыр. Буйруганы болот, балким көрөр күнүм бар болсо кайра келээрмин. Келген жолум менен кайра мекенге аттандым. Бул тууралуу Жусупка дагы айтканым жок. Бишкекке конуп, андан ары ошол жерден эле туура Шамалды-сайга жол тарттык. Шамалды-Сай деле чоң экен, кайсы жери экенин билбейт экенмин. Көчөдөн көргөн адамдардан Сабитов Аврамды тааныйсыңбы?-деп сурап жаттым, эч ким тааныбайт экен. Анан бир көчө мага тааныш көрүнүп тургандай, эстей албай, көпкө кыйналдым. Кайдан, качан көрдүм эле бул жерди. Же түшүмдө көрдүм, билбейм. Эсимде калган сүрөттөр менен басып кете бердим. Айдоочу жини келип, көчөнүн башында калып калды. Мурунку эле дарбаза, мурунку эле эски там. Бул жерди кайдан көрдүм эле. Тартынбай барып дарбазадан кирсем, майып арабада мен курактуу эле бала олтуруптур. Сүйлөгөн жок, бирок көздөрү сен ким элең деген суроону берип турат.
— Саламатсызбы, суу сурасам болобу ичкенге.
Жанагы бала укпаган түр көрсөтүп, тескери бурулуп алды. Ары жактан сүйкүм жүздүү аял чыгып келип калды.
— Кел, кимди издеп жүрөсүң кызым?
Бул менин апамды сиңдиси болчу, бир тууган эмес. Турмуштун түйшүгү жолуктурган курбу эже-синди десем дагы болот. Дайыма биздин үйгө келип турушчу, бул бала дагы эсимде. Акыркы жолу буларды мен бешинчи класста окуп жүргөндө көргөм. Баласын көтөрүп, атайын борборго ооруканага келишкен болчу. Тентек кылып бир жерден кулады деген. Демек ошондо айыккан эмес экен да, бечара майып болуп калган тура. Биз ошондо Алмаш апаны баласы экөөнү узатып келген элек. Көчө, үй эсимде калганын кара.
— Алмаш апа кандайсыз? Мен Гүлсүн апамдын небере кызымын. Мени тааныдынызбы? Бул жерге жумуш менен келип калдым, анан үйдү таанып кире бердим.
— Ий кагылайын, тааныдым кызым. Өзгөргөн эмессиң кызым, кел келе гой!- деп арт жагымды карады. Апамды издеп жатат окшойт.
— Апамдын кайтыш болгонуна бир жылдан ашып калды, эч кимге кабар бере алган жокмун. Агам экөөбүз эле жерге бердик!-деп ыйлап жибердим.
Алмаш апа мени кучактап кошо ыйлады, көчөнүн башында калган айдоочу эсимден чыгып кетиптир. Азыр деп айдоочуга бардым, буюмдарды алып калып, айткан акчасын берип бошоттум. Эмне кылып жүргөнүмдү айта албай, ичим бук болуп тургам. Анан Алмаш апа өзү сурап баштады, мындай эле десем дагы болбойт. Анан Аврам тууралуу айтууга туура келди. Алмаш апам чоң баласынын кайниси Участкалык милиция экенин айтып, эртең сураштырып таап берээрине сөз берди. Эртеңки күндү чыдамсыздык менен күттүм, Алмаш апа баласынын үйүнө кеткен. Мен үйдө Акжол менен калдым, мага табыштаган болчу. Акжол бир жерге тигилген боюнча сааттап олтура берет экен. Сөзгө тартсам дагы болбойт, мени көрбөгөн түр кылат. Кайгысына чөгүп кеткен тура, өзүн ден-сак адамдардан пас коюп. Же билбейм, башка адамдын ичинде эмнелер болуп жатканын билүү кыйын. Тамакты дагы алып барып койсоң жетиштүү экен, эч качан үйдөгүлөр менен чогуу олтурбайт. Түштөн кийин Алмаш апам формачан бала менен чогу келди. Ал мага айылдагы Сабитов фамилиясындагы бардык адамдары көрсөттү. Эч кимде Аврам аттуу баласы жок, ал тургай болгон дагы эмес экен. Балким Аврам кичинекей кезинде кетсе адашып айтып алгандыр, балким башка айыл. Анда кантип табам? Жаманы менде Аврамдын бир дагы сүрөтү жок болчу. Ошончо чогу жүрүп сүрөткө түшпөй калыптырбыз. Аны эч кимге көрсөтө албайм, Аврам жүрөгүмдө гана жашайт. Анын элеси жүрөккө тартылган. Маанайым түшүп, үйгө кирип кеттим. Ойлонуп, Жусуп менен байланышууну чечтим. Фамилия атын айтсам ал мага кайсы жерден болбосун таап берет. Он беш күн мурун Кыргызстанга сөөгү келген десем, эч кандай маселесиз тапса керек.
— Жусуп, кандайсың. Мен Айжамал.
— Айжамал, сен акмаксын. Өз өмүрүң сага оюнчукпу? Сенин кайда экениңди Дүйшөн билет имиш, ал сага азыркы мүнөттөрдө жетип барышы мүмкүн. Тез кач, жашын. Жаныңа эч нерсе алба, телефонду ыргыт, мен сени өзүм таап алам. Мен баратам сага Айжамал.
Алмаш апама мени көргөн жокмун деп айт бирөө сураса дедим да үйдөн чыгып кеттим. Жөө, болушунча чуркадым. Дарыя жээгине. Чоң таштардын арасына бекиндим, Жусуп бул жерден мени кантип табат? Бүрүшүп олтуруп уктап калыптырмын, күндүн көздү уялтканынан ойгонуп кетсем, үстүмө бирөө жаап коюптур. Жусуп тура, байкуш бардык жумушун таштап келгенин кара. Баарыбир бир-тууганга деген сезим күчтүү. Жылмайып, акмак деп койду.
— Сенин жардамын керек Жусуп. Сабитов Аврам дегендин он беш күндөй мурун сөөгүн алып келишти Кыргызстанга. Ошону таап берчи..
— Ошончолук маанилүүбү? Ал үчүн жаныңды курмандыкка чабуу туурабы?
Азыр мен үчүн эң маанилүү ошол, менин өмүрүмдөн дагы маанилүү.
— Эмне кылып жатканыңды түшүнүп жатасың деген үмүттөмүн. Жусуптун машинасына олтуруп, борбор көздөй жөнөдүк. Мен уктап калган экенмин, ойгонсом ооруканада жатам. Орто жолдон авто кырсыкка кабылыптырбыз. Эч нерсени сезбегенимди кара, уктаган боюнча өзүмдү жоготуптурмун да. Башым бир аз айланганы болбосо калганы жакшы эле экен. Ордумдан туруп, эшикке чыксам жанагы мени байлап кыйнаган киши туруптур. Өкмөттүн адамы болсо керек эле, Дүйшөн тууралуу сураган.
— Мен сенин ким экениңди билем, баары билет. Эч кимге сыр болбой калган туурабы?
— Туура, эмне өлтүргөнү келдиңби?
— Жок, Дүйшөн издеп жүргөн саткын мен. Мен, ошол мафиоздор менен чогу жүрүп, алардын ишеничине кирип, аларды сатып жаткан менмин. Бул нерсенин деле бети ачылганы калды, сен кааласаң сага далил берем. Далил менен Дүйшөнго барсаң балким тирүү калтырат.
— Кайдан мындай эрдик келип чыкты?
— Эртеби кечпи ачыкка чыгат баары, мен баарыбир өлө турган адаммын. Баарыбир өлөт экенмин, сени сактап калгым келди.
Жанагы киши мага телефон берди, ал жерде жанагы башчысы, колунда иштегендер баары бар экен. Видео тасма, сүрөт, баары. Терезеге коюп кетип калды. Алып бардык нерсесин карап чыктым. Мен бул телефон менен Дүйшөнго барсам, ал бул далилди өзүнүн атынан көрсөтөт. Мени тирүү калтырса дагы, бошотпойт. Өлүп калгыча арам иштерине жумшайт. Мага мындай жашоонун кереги жок..
Ооруканадан качып кеттим, Жусуп менен жолугушуп, бирок эч нерсе айта алганым жок. Болгону Жусуптун суусундук ичкен идишин, чеккен тамекисинин калдыгын салып алдым байкатпай. Жусупка белгисиз адам берген телефондон байланышкан элем атайын. Жусуптан чыгып, Дүйшөндүн үйүнө бет алдым. Биринчи үйүндө башкалар жашап калыптыр. Экинчи үйүнө барсам Дүйшөн ошол жакта экен.
Уландысы бар