5- бөлүм.
— Мени керегиң жок дегениң кайда Дүйшөн. Дагы арам иштерине мени саласың да э? Билесиңби бир туугандан баш тарткан адамды кудай бейишке киргизбейт экен, а биз экөөбүз бир тууган, бир канбыз да туурабы.
— Мен кудайга ишенбейм. Сен айткандай болсо деле мага баарыбир, мен өлгөн соң мага демек денемди кууруп жесин ошол кудай.
— Сен жинди экенсиң, тозоктун төрүн сага даярдап койсо керек кудай. Дүйшөн, сен мени мурункудай алсыз, ишенчээк деп ойлобо. Өзүң казган орго өзүңдү түшүрүп, түбүңө жетпейин.
— Сен эми жакшы кызсың да Айжамал. Сөздүн кыскасы мындай, биз жанагы Канат менен келишим түзүп иш алып барчу элек. Ал бизге өзүнүн тааныштары аркылуу томожныйдан жардам берип, товар өткөрчү. Бизге кандайдыр бир кооптонуулар болсо алдын ала айтып, ал үчүн чоң акча алчу. Өзүбүздүн эле арабызда чыккынчы пайда болду, Канаттын биз менен иш алып бараарын тийиштүү жерге далили менен жеткириптир. Түшүндүңбү, эгер ошондо Канатты жолдон албасак көптөгөн адамдын башы кетмек. Канатты кысымга алышса керек, шефти өзү колго түшүрүп берди. Чыгарып алдык дечи бирок, азыр ишибиз жүрүшпөй калды. Биз бир кадам бассак, алар эки кадам алдыда тузак куруп күтүп турушкан болот. Мындай боло берсе бизнес жок болот, биз түрмөгө кетебиз түшүнүп жатасыңбы?
— Сен демек контрабанда ташыйт турбайсыңбы, мен сени жашыруун кызматта иштейт деп ойлогом. Андай болбосо деле, жок дегенде өзүнө өзү кожоюн болсо керек деп. Көрсө ортодо жүгүргөн шестёрка дейт беле ошондой экенсиң да. Мен эмне кылышым керек?
— Сага жасалма документ жасап койдук, биздин ишти алып барган Жусуп деген жаш бала. Бирок, өтө курч бала абайлаш керек. Ал Туңгуч тарапта жайгашкан спорт залга барат. Чуркоо аянтчасында өткөрөт көбүнчө убактысын, сен дагы ошол жерге барып эртеңден баштап чуркап баштайсың. Ал сага сөзсүз көңүл бурат, анан анын ишенимине кирип, кайсы жол менен болсо дагы кабарчысы ким экенин билип беришиң керек. Азыр сага биздин колдо иштеген балдардын баарынын сүрөтүн көрсөтөм. Жакшылап эсиңде сактап кал, балким сени менен чогу жүрүп күтпөгөн жерден жолугушуп калыштары мүмкүн. Бизге келген кабар боюнча бизди сатып жүргөн чыккынчы, жалгыз Жусуп менен гана жолугушат экен. Менимче башка кызматкерлер дагы ал ким экенин билишпейт. Биз үч, төртөө менен сүйлөшүп ким экенин билүүгө аракет кылдык. Он миң айлык алып иштегендер миллион үчүн апасын да сатып кетишмек, алардын көзү ойноду, акчаны алгылары келди, ким экенин билбегени үчүн катуу өкүндү. Кээ бирин кыйнап дагы көрдүк, билишпейт экен.
— Жусуп мага көңүл бөлөт экенин кайдан билесиң? Карабай койсочу? Эсиңдеби Жусуп менен болгон окуя, араң калдым эле го. Эгер колго түшсөм мунусунда сени аябайм, ачык айтып берем, керек болсо колго түшүрүп берүүдөн тайбайм.
— Сен акылдуу кызсың, мени коркута албайт экениңди билесиң.
Сулуулук салонго бардык, менден сурабай туруп чачымды башка түскө боёп, бир аз кыркып салышты. Дүйшөн кетип беш сааттан кийин келди. Ал келгенде мен башка адамга айланып калган элем, акчасын төлөп мени алып чыгып кетти. Үйгө барсак мага жаңы кийимдерди алып келип коюптур. Мен мындай кийинбейм, өтө эле ачык. Дүйшөн мага телефондон кыздардын сүрөттөрүн көрсөтүп баштады.
— Булар Жусуптун табитиндеги кыздар, мурунку сүйлөшкөн кыздары.
Чын, менин азыркы өзгөргөн келбетиме окшош кыздар экен. Кийимдери дагы могул жаңы кийимдерге окшош. Кийип көрүп, эртеңкиге деп өзүмө жакканын тандап алдым. Эртеси туруп, саат он бирге спорт залга барууга даярданып жөнөп кеттим. Кирип дароо Жусупту тааныдым, өзүмө көңүл бурдуруу үчүн үнүмдү бийик чыгарып машыктыруучу баланы чакырдым. Баары мени карады, Жусуп дагы мени сөзсүз көрдү. Мен кирер замат Жусуп чыгып кетип калды, дайыма жолум болбойт. Болбогону андан жакшы балким мени Дүйшөн пайдасы жок деп кууп жиберет. Сүйүнүштү же ыйлоону билбей машыгууну уланта бердим. Бир сааттан кийин чайканып, кийинип кеткен жатсам алдымдан Жусуп чыкты. Коркуп кеттим, баарын билип койгон сыяктуу сезилип кетти.
—Мен Жусуп, сенин атың ким?
— Айжамал..
Эмнеге өз атымды айтып салганыма дагы түшүнбөй калдым.
— Мурун кайда машыккан элең?
— Эч жерде, мен толуп кеттим биринчи жолу келип жатам мындай жайга.
— Сен алдаганды билбейт экенсиң, сенин дене түзүлүшүн, кыймылын, дегеле көзүң башка нерсени айтып жатышат.
— Сага эмне керек? Мени анча тергеп жатасың же эмне бир нерсе болдубу?
— Жок, жөн эле бир чыны чайга чакырайын дегем, эгер мүмкүн болсо.
— Менин болбогон нерселерге убакытым жок, жолдон качып койчу.
Аябай корс тийдим, мени бирөө жибергенин билбеши керек. Дароо жабыша калсам шектүү көрүнүп калат. Аялдама жакын болгону үчүн, биринчи келген автобуска түшүп кетип калдым. Эртеси дагы ошол маалда, кечеки олтуруп кеткен автобусума жолдон түшүп машыгууга жетип келдим. Эки, үч күн артымдан калбай койгону үчүн бирге тамактанууга макул болдум. Көз карашы бөлөкчө экен, бул көздөр өзүнө тартат, арбайт. Ак көгүчкөн ысымын алган жерде, бизди душмандын оруна түшүп калбоону үйрөткөн. Баарын билип турсам дагы, бул көздөр мени эсимден тандыра койду.
— Кана Айжамал, тамактан алып олтур.
— Рахмат алып жатам.
— Айжамал, сени Сейил деген жаңы ысым менен документ жасап мага жибериптир. Анан айтчы мага эмнеге өз атыңды айтып койдуң? Же бизге көмөк көрсөтүү оюңда барбы? Анда өзүңө жакшы билесиң да, эгер сыр бербей аягына чейин чыксаң сен боштондукта каласың. Ойлонуп көрчү. Дүйшөн сага жардам бербейт түрмөгө камалып кетсең, ал керт башын ойлогон неме.
— Билбейм, сени алдагым келген жок. Унутуп койду дешин мүмкүн бирок, унутпай өз атымды өз каалоом менен айттым. Дүйшөн мени эми колдон тирүү чыгарбайт, өлүм жанымда жүргөнүн билгенден кийин эртеби же кечпи айырмасы эмне. Сен мага саткын ким экенин айтасыңбы?
— Жок, кел биз керексиз маселени унутуп чыныгы достордон бололу. Дүйшөн болсо сени өзү айткан иштин үстүнөн иштеп жатат деп ойлосун.
Ошол күндөн баштап биз жөн гана дос болдук, же достон жакыныраак болсо керек. Биз шаар четине барып күндүн батышын карап суктанып олтурганды жакшы көрөт элек. Суктандырган жаратылыштан дагы мага Жусуптун далына башымды коюп, жатканды жактырат болчумун. Жусуптун чындыгында чындык үчүн күрөшкөн чынчыл адам экенин билдим, болбосо Дүйшөн берген акчага азгырылып кетмек. Ал жерде жүз миң доллар тууралуу сөз болгон. Ошол кезде ушул бакыт бүтпөсө экен деп тиледим, мейли ушундай бактылуу кезимде жанымды алса да ыраазымын. Бирок, Жусуп мени мамлекет коргоп алаарын айтат. Эч эле болбосо өзү коргойм дейт. Мен Жусупка ишенем.. Арадан бир ай өтсө дагы Жусуп эч ким менен жолуккан жок. Биз дайыма чогу жүрдүк эч нерсе байкаган жокмун. Бул аябай этият экен же өз ишин мыкты билген адис. Ошол күнү биз жолуккан жокпуз эмнегедир, мен дагы үйдө эс алып жата бердим. Анан тамактануу үчүн көчөгө чыксам мени зордуктап бир машинага салып кетишти. Кимдер экенин тааныбайм, бул Дүйшөндүн адамдарыбы же мамлекеттик кызматкерлерби? Эгер эртерээк билип албасам айтаар сөзүмдү билбей калам. Бир четинен Дүйшөн мындай кылмак эмес. Эмне болсо дагы чыдайм деп чечтим. Колумду артка байлап, башыма кара кап кийгизип коюшкан эч нерсе көрүнбөйт. Сүйлөсөм үнүм жаңырып жатты, демек чооң, бош имарат экен. Бутумду өйдөгө асып, башымды ылдыйга кылып илип салышты. Уккан элем, ушундай акыбалда эки сааттай илинип турса, оозу мурдунан кан агып адам оорудан катуу кыйналып өлөт деп. Кызыгы бир нече саат кыйналат экен, эң азаптуу өлүмдүн бири. Мени Дүйшөн куткарып калбаса өлгөн жерим ушул. Башымдагы капты алып салышты. Карасам эки бойлуу, сөөктү кишилер экен.
— Силер кимсиңер? Кимге кол салып жатканыңарды билесиңерби?
— Билебиз шпион кыз, кана айтчы эмне жаңылык?
— Мени бошот, өкүнүп каласың.
Калп эле баатыр болгонум менен өзүм коркуп, бүт денемди тер басты. Алар менин үстүмдөн мыскылдаган сыяктуу күлүп алышты. Менин ылдый жагымда чооң идиште суу туруптур, ошол сууга көкүрөккө чейин малып коюшту. Тыбырчылап жатам, дем жетпей өзүмдү жоготуп баштадым. Булар алып чыкпайт окшойт деген ой кетти. Ошол бир мүнөттүн ичинде бүт жашоом көз алдымдан өтүп жатты. Жашоодогу эң баалуу нерсем жалгыз апам болуптур, апам өлгөн демек менин бул жашоодо калуумдун деле эч кажети жок. Байланып бул жашоого умтулуунун кереги жок, туура эле кылып жатышат. Чын жүрөктөн өлүмгө даяр болдум, чын жүрөктөн ажалды кубануу менен кабыл алам. Чын жүрөктөн… Кээде кулагым чалып калган бейиш деген кудайдын үйүндө, эртерээк апам менен жолуккум келет. Ал жерде өз атам менен апам дагы жүрсө керек. Жакындарым ал жерде мени күтүп жатса жашоого мынча умтулганымды түшүнө алаар эмесмин. Өзүмдү эркин коюп, денемди туздодум. Мен даярмын.. Караңгылык каптап, тынчтык мага жагып баштаганда суудан сууруп чыгышты. Оозу мурдума суу толуп калыптыр катуу какап араң өзүмө келдим.
— Жусуп сага эмне деди?
Булар мамлекет ишкерлери экен.
— Жусуп экөөбүз менен ишиңер эмне? Мен аны, ал мени сүйөт. Болгону ошол.
— Издөөдө жүргөн Дүйшөн сенин тууганың экен, кандай максатта жиберди сени бизге.
— Мен аны тааныбайм, ал биз менен катышпайт. Жусуп менен капыстан таанышып калганбыз.
Жанагы ыкмада кыйноо токтогон жок, илинген жеримден түшүрүп столго байлап салышты. Ар кандай чооң темир, учтуу куралдарды көрсөтүп, азыр мага оору кандай болоорун көрөсүң дегендей ары бери басып жүрдү.
— Могуну көрдүңбү? Бул бычакты моргдо адам сойгондор колдонушат. Бул сөөктөн этти ажырата турган бычак. Өтө курч, бир жериңди сылап эле койсо шылып жиберет. Бул бычактын күчүн көрсөтөйүн сага.
— Өлтүрүп салсаң дагы ошол, мен билбеген нерсени сурап жатасың. Эмне кылдым мен? Жусуптун мындай иште экенин дагы эми угуп жатам.
Ишенген жок, бутумдун тырмагына ийне сайып кыйнашты. Чаңырып ыйладым, жалындым бирок, эч нерсе айткан жокмун. Азыр мен Дүйшөндү эмес Жусупту коргогум келет. Жусуптун мени аңчылыкка келгенимди билгенин билишсе, аны дагы жөн койбойт эле. Бул кыйноо эч качан бүтпөй тургандай туюлду, ошондо кудайдан жанымды ал деп сурандым. Бул жашоого келгениме өкүндүм, өлтүрүп сал деп тиледим.
Уландысы бар.