Ак көгүчкөн 16 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ак көгүчкөн
16- бөлүм.

— Бир нерсе деп көрүшсүн, эч кимдин көңүлүн карабайм. Айжамал сен болсо туура эмес кылдың, мени бир тууган катары көрөм деп алып. Эсиңде болсун мен сенден эч качан мага турмушка чык деп суранган эмесмин.

— Акжол, мен дагы сага эч качан ал деп жалынган эмесмин. Бирок эки бактысыз адам бирин-бири бактылуу кылууга эмнеге болбосун.? Уксаң мен болгон күчүмдү аябайм, сага сезим башкача. Туура махабат деп айта албайм, бирок сый дагы жакшы эмеспи.

— Айжамал кептин баары ошондо болуп жатпайбы, сый, сый. Мага сенин сыйын керек эмес, мага сүйүү керек. Мага ден-соолук керек. Үй-бүлөнү өзүм баксам дейм, бирок кептин баары анда эмес. Мен эркектик милдетимди аткара албайм, мурун тиземден ылдый эч нерсе сезбесе азыр өйдө жылып кеткен. Бара-бара жүрөккө жетет деп ойлойм. Эми түшүндүңбү? Мен сага эр боло албайм, сага эне наамын алып бере албайм. Майып болсом дагы эркек деген ысымды алып жүрдүм эле, эми сен эркек атымдан дагы ажыратмай болдуң. Сени жек көрүп кала элегимде кетип калчы, сага болгон тунук сүйүү ошол бойдон жүрөктө калсынчы. Суранам. Айжамал суранам….

 

Мындай болуп кетээрин билген эмесмин, бирок бактылуу жашоо үчүн төшөк эч кандай мааниге ээ эмес деп ойлойм. Наристе.. Ооба наристе эң биринчи орунда турат. Кайненемдин дагы тилеги ошол эмеспи.

 

— Акжол, мен баарын кабыл алып, жаныңда болууга даярмын.

— Эне болуу бактысынан ажырап калсаң дагыбы?

— Бала багып алабыз, баары эле ошентип жашап жатпайбы.

— Күлкүм келет, мен бала, аял багуучу акыбалда эмесмин. Жолуңдан калба, эгер мени орто жолдо таштап кетчү болсоң. Эгер түбөлүк мени менен болом деп сөз берсең, мага чыдасаң, кал. Жакшы ойлоп көр.

— Калам, бактылуу болобуз.

Акжолдун жеңелери эшиктин алдында бизди күтүп олтурушкан. Эмне деген каада салт? Бир чети ойлоп көрсөм туура, бир чети туура эмес. Эгер үйгө келген келиндин абийири таза, таза эместигин текшербесе кийин ар түрдүү сөз болушу мүмкүн. Эгерде текшерсе, бул жапайычылык болуп калат. Туура жапайычылык, ал нерсе эки жаштын ортосунда калуучу нерсе деп эсептейм. Аялына күйөөсү ыраазы болсо болду. Кызык эле калкпыз негизи, бул салтты биз кайдан алдык экен. Аравия же башка өлкөдөн алдык десем, бул салт илгертен бар. Илгери азыркы биздин замандагы сыналгы, радио, интернет жок болгон. Бирөөнүн жашоосуна башын тыккан бул биздин каныбызда болсо керек. Биз ушул кыял менен жаралып калганбыз.

— Айжамал, сен жатып эс ала бер. Мен баарын өзүм түшүндүрүп койом.

— Жок, Акжол сенин эркек атыңа шек келтиргим келбейт. Эгер ыраазы болсоң мен өзүм.. Бирок мени намысы жок деп ойлоп калба, сен үчүн кылып жатам.

Акжол жоопсуз калтырды мени, мурун угуп калганым бар эле. Колумду тилип, шейшепти алып чыгып бердим. Абысындар унчукпай алып кетишти, билип калбаса экен деп колдорум кадимкидей титиреп, коркуп турдум. Кайра келишкен жок, биз болсо бир төшөктө жатканыбыз менен оюбуз эки башка жакта. Бөлмө чоң болгондуктан дем алганыбыз гана угулат. Ал анан менен. Ушул дем алгандан чыккан дабыштан бири-бирибиздин оюбузду түшүнүп, угуп жатабыз. Акжол азыр аябай оор акыбалда турат, өмүр бою мага жүк болуп калам деп. Мен аны түшүнөм, бирок ал мени түшүнбөй жатпайбы. Ал мага жүк эмес, жөлөк болот. Ал мага башка балээ эмес, жүрөккө даба болот.

Акжол жакка бурулуп, акырын колун кармадым. Колун жүрөгүмө коюп:— Акжол, ушул согуп турган жүрөгүм менен ант берем. Сен мага эч качан жүк болбойсуң, сени эч качан таштабайм, сени бактылуу кылуу үчүн күн сайын аракет кылам. Баары алдыда, сени бутуңа тургузууга аракет кылам, сөз берем, ант берем.!-десем.

Акжол болсо колун тартып алды, мени түрткөн сыяктуу же колун катуу тартып алганынанбы төшөктөн оодарылып кете жаздадым.

— Акжол, мен сени кыйнабайм. Сага убакыт берем, мен күтөм, үмүтүм үзүлбөйт. Суранаарым, мага бир мүмкүнчүлүк бер.

— Укта, эртең эрте турушуң керек. Сен эми бул үйгө конок эмес, келин болосуң. Кызмат башталат.

 

Балким бул менин ушундай суранган мүмкүнчүлүгүм чыгаар. Акжол мени бул үйдүн келини болосуң деди…

Баарыбир уйку жок, сааттын жебеси түнкү үчтү көрсөтүп калыптыр. Кийинип, эшиктин алдында бир аз жумуш кылайын деп чыксам абысындарым жүрүптүр.

— Ай кыз, сен эмне каапырсынбы?

— Эмне болду жеңе?

— Сен же суу алып кирген жоксуң, же тагара алып кирген жоксуң. Сен эмне арам, адалды билбейсиңби?

 

Чынын айтсам мындайды уккан эмесмин, мен эмнеге жуунушум керек?

— Жеңе ошого чыктым, сууну кайда жылытса болот?

— Мына казанда ысык суу бар, тагара сарай жакта.

— Ооба, үйүңө эле алып кирип жуунуп чык. Жуунуучу жай тарапта кайнагаларын олтурат, уят болот.

Ысык сууну алып, бөлмөгө кирип дароо Акжолдон сурадым. Ал чачынды суулап ал деп койду. Калган нерселерди түшүндүрүп берди, уят болдум бирок.

Мына эми келиндик кызмат башталды, угуп жүргөндөй эшикти шыпырып, эртең мененки чайды даярдап. Апам мага турмушка чыкканда аксап калбай, бардык жумуштарды үйрөн деп үйрөткөн эле. Кайнене, кайнатага кызмат кылууну үйрөткөн. Баары турганча ысык тамагын даярдап койдум. Кайненемдин кубанычында чек жок, бизди карап көзүнө жаш алып алат, аны көрсөтпөө үчүн көзүн ылдый кылып, билдирбей арчып койот. Бир ай аябай жакшы жашадык, баары бактылуу. Ал тургай Акжол дагы мага көнүп, жылуу сөздөрүн аябай калды. Биздин төшөктө гана маселе болбосо, калганы кадимки аял күйөөнүн мамилеси. Мага Акжолдун майып экени такыр билинбейт, нике ысык дейт го, ошого ынандым. Мурунку кайгым эски барак сымал өчүп кетти, эми менин үй-бүлөм бар. Мен үчүн ар дайым колдоо көрсөткөн, мени күткөн, мени жакшы көргөн, мен дайым максат кылган үй-бүлөм бар. Апам менен кеңешип, шаардан үй алмай болдук. Мен иштесем, апам Акжолду караса, акча чогултуп Акжолду бутуна тургузуу үчүн аракет кылып көрмөй болдук. Чоң кайнагама үйдү сатып, малды сатып шаарга кеттик. Жанагы мен ижарага алган үйгө барып жашап калдык. Үйдүн ээси үйдү сатам дегенинен, ошол үйдү алдык. Мен жумушка орноштум, апам Акжолду карап биз менен чогуу жашап жатты. Мен үйгө шашам, апам менен Акжолдун мени күтүп жатканын ойлогондо жандарынан чыккым келбейт. Көз тийбесин. Кээ бири менин жашоомду сырттан көрүп, бечара айласы жок да деп ойлошу мүмкүн. Бирок ал адамдарды акмак дээр элем, эгер сүйүү, сый болбосо адамды жип менен байлап дагы өзү каалабаган жерде калтыра албайт. Менин өз үй-бүлөм жок туура, бирок мени татыктуу аял тарбиялаган. Тарбия алган, достукка, сүйүүгө бекем жанмын. Ишенчээк, бардык сөздү жүрөккө жакын кабыл алган, тырышчаак, адамдын жүзүн эч качан кайтарган эмесмин. Акжол майып болгону менен ал тубаса эмес. Менимче мүмкүнчүлүк болсо чет өлкөгө алып барып даарыланса басат. Болгону көп акча чогултуу керек. Акжол назик көңүл, ак жүрөк адам. Эгер эки инсандын жан дүйнөсү окшош болсо эмнеге башка нерсени кароо керек? Үй, оокат, унаа, акча бул бакытка себеп болчу нерселер эмес деп ойлойм. Анткени жан дүйнөсү каалабаган адам менен миллион үчүн дагы чогу боло албайсың. Бардык инсандар үчүн айта албайм, азыр мен өзүн сыйлаган, өзүн жакшы көргөн, намысына бек кыздарды айтып жатам.

Биринчи бирөөнүн колунда иштедим, үйрөнүп алуу үчүн. Үйрөнгөн соң өзүм Израилден алып келген акчага, жумуш баштадым. Ал деле бир чети коопту жумуш. Аида эженин артында тургандар чоңдор экен, ошол эженин артынан калбай, эптеп күн көрүүнү чечтим. Пакистанда алтын, күмүш, бриллиант аябай арзан экен. Ошол жактан алып келип үч- төрт эселеп кошуп сатат. Документтерди даярдап, акчаны камдап, үй- бүлөдөн уруксат сурап кетмей болдум. Мындай карасаң жакшы жумуш, эгер баары жакшы болсо пайдасы укмуштуу. Эң башкысы арам жолдо табылган акча эмес, баары закон чегинде. Апам дагы үйдөн ашкан акчаны кошуп берди. Аида эже жанына бир жаш баланы ээрчитип алыптыр, жүк көтөрүшөт го деп ойлоп койдум. Суроого батынбай. Аида эженин күйөөсү чоң кызматта, кээде күйөөсүн сыналгыдан дагы көрсөтүп калат. Эң кызыгы товарга өзү барат экен. Биринчи Астанага учтук, Астанадан Пакистанга учтук. Бизге сыналгыдан көрсөткөндөй эмес экен. Эми бар арасында анча-мынча, башына жоолук оронгон, ак көйнөк ыштан кийген эркектер, бирок баары эмес. Израилде жүргөндө кээ бири;-Кыргыздар тоодо, башкача үйдө жашайсыңар э. Дайыма узун көйнөк, башыңарга элечек кийип жүрөсүңөр!- деп сурап калышат эле. Эмнеге дегенде биз дүйнөгө өзүбүздү кандай көрсөтсөк, дүйнө бизди так ошондой кабыл алат экен. Каада-салт, ата-бабаларыбыздан калган үрп адатты унутулуп калбоо үчүн, башка элге таанытуу үчүн келечек урпакка, даңазалап сыналгыдан дайыма атайын тартылып даярдалган көрсөтүүлөрдү койот эмеспизби. А бирок, чыныгы Кыргыз жашоосу менен жашагандар жокко эсе. Бул жакта дагы ошондой экен, баары эле орустун кийимин кийип жүрөт. Аида эже канча жылдан бери мындай иште жүрүп, бардык нерсени жатка билип калыптыр. Мейманкана сыяктуу жерге келип, жөнөкөй бөлмө алдык бир күнгө. Мен өзүмчө, Аида эже болсо жанагы жаш бала менен бир бөлмөгө кирип кетти. Аида эже өзү аябай жакшы аял болгондуктан, балким акчаны үнөмдөп же иниси деп ойлодум. Жатып эс ал, эртең таң атпай товарга барабыз, анан түштө кайра учуп кетебиз деди. Бөлмөмө кирип жаткандан кийин аябай ачка болгонумду сездим. Аида эже кыйын да, өзү билип тамак алдырып коюптур. Чогу чай ичпесек дагы, курсагым тойгонуна кубанып уйкуга кеттим. Бир нерсе кылуунун башында аябай тынчым кетет, бул жолу дагы эрте ойгонуп, таң атканча ойго батып чыктым. Даяр болуп, Аида эжени күтүп олтурсам Аида эже менин болмомдун эшигин ачып, даярдан дейин десем, эчак даяр турбайсыңбы!-деп жылмайып чыгып кетти. Аида эже деле тез жыйналып чыкты. Өзүнчө товар алчу жерди коркунучтуу элестетип алыптырмын, көрсө кадимки завод экен. Алтын, күмүштүн түрү бар экен. Чын эле арзан, аябай арзан экен. Аида эже мени карап, күмүш шакек сөйкө салынган эки баштыкты астыма койду. Анан бир баштык алтын.

— Азыр бриллиант албай эле кой, ушулар жакшы өтөт, буйруса үч эсе оптомго берсең дагы утулбайсын!-деди.

— Ооба эже сиз билесиз да жолун.

Өзү болсо аябай көп алды, менин алганымда эсептесе бир аз акчам жетпей калды. Аида эже болсо мага жакшы иштеп бергениң үчүн ыраазычылык болсун деп кошуп койду. Сүйүнүп, ичимден кудуңдап алгам. Ошол жерден дароо Аэропортко барып, эмнегедир Өзбекстан жак менен келдик. Эч ким текшерген жок, баары жакшы болду. Ижарага алган жайга алтын, күмүштүн жарымын жайып апамды олтургузуп койдум. Өзүм түшкө чейин товардын жарымын Аида эже таап берген кишиге дүң баада берип келдим. Эс алайын деп үйгө келсем Акжолдун маанайы жок экен. Курсагын тойгузуп, жуунтуп анан сүйлөшүп олтурдук.

— Айжамал сени бир жаман нерсеге илинип калабы деп аябай корктум.

— Акжол коркпо, Аида эже менен чогу жүрөм го.Эгер жумуш ушундай уланса мен сени эмдиги жылы чет өлкөгө алып барып даарылатам. Менде бир ой бар, кааласаң апамдын ордуна сен иште. Жылуу жер, күндө эртең менен өзүм алып барып койом. Бул экөөбүз кылуучу жумуш экен, апамды каарыган да кыйнабай дегем. Анан өзүңө дагы жакшы болот, үй-бүлө бак!-деп бетинен өөп алдым. Акжолдун көздөрү күйүп, кубанып кетти. Ар бир эркек сыяктуу үй-бүлөсүн өзү камсыз кылгысы келет да. Бирок кээ бири бар го, башы көзү соо туруп дагы каарыган ата-энесинин мойнуна минип олтургандар.

 

Уландысы бар

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️