Ак көгүчкөн 1 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=12041&preview=true Кызыктуу окуялар.

 Ак көгүчкөн.

 

1- бөлүм.

 

Таң атпай эле эмнегедир маанайым суз, бүгүн эмне кылам деген ой жай таптырбай улам-улам башты кагып турду. Негизи көптөн бери жакшы маанай көрө элекмин. Апам ооругандан бери. Апам алтымыш төрт жашта, ашказандан аты жаман ооруга чалдыгып калды. Мен он жети жаштамын, Калия апам мени эки айлык кезимден өзү багыптыр. Өзүмдүн ата-энем мен эки ай кезимде талаадан түн ичинде ат менен келе жатып, ат ала качып, чоң каналга түшүп кетишиптир. Байкуш жалгыз бой апамдын колунан эмне келмек эле, айыл чогулуп таппай коюшуптур. Өйдө жака барып суранып, арыз жазып алар келгенче бир жума өтүп кетиптир. Табышыптыр. Бирок, алып чыгып жатканда бир жума сууда жатып эзилип кеткен экен, эт сөөктөн ажырап айтор ошол жердеги адамдар кусуп жиберишкен имиш. Апам ыйлап сыктап эптеп жерге бериптир. Бир күндө келини менен уулун жерге берип, эки айлык наристе менен калуу оор эле болсо керек. Апамдын эки баласы бар экен бирок, чоң баласын бир эле жолу көргөм. Шаарга бир жолу барганда кара костюм шым кийген, жанагы кинодогу бандиттердин кейпиндеги киши болчу. Жок жигит болсо керек, мен кичинекей болгон үчүн мага киши көрүнгөндүр. Анда ал өз атамдын бир тууган байкеси экенин билген эмесмин. Апам экөө урушуп, апам айылга чейин ыйлап барган болчу. Апамды ыйлатканы үчүн жаман көрүп калган болчумун. Ошондон кийин ал кишини көргөн да, укканда жокмун. Азыр болсо апам алдан тайып, оору менен алышып жатат. Үйүбүз эки бөлмө болгондуктан апамдын ооруга чыдабай онтоп чыкканы даана угулуп, жүрөгүм эзилип, мен дагы таң атканча ыйлап чыгам. Айылда оокат кыла албай, апам айылдагы чоң үйдү сатып, шаардан ушул сарай сымал үйдү алган болчу. Апам мени өзү жалгыз багып чоңойтту, билип турам мени чоңойтуу үчүн апам көп кыйынчылыктарды көрдү. Апам ушул жылы төшөк тартты, балким ооруп баштаганда айтса бир аз болсо дагы жеңилдик болмок. Оорудан жаздыгын тиштеп онтоп жатмак эмес. Ооруну басаңдатуучу даарыны нан сыяктуу жеп калды, анда дагы уктай албай уйку даары дагы ичет. Ичин кармап тоголонуп жиберет ооруганда. Бүгүн түндө дагы апам чаңырып ыйлап чыкты, жанына кире алганым жок. Мени көрүп дагы кыйналбасын дедим. Апам ооруган күндөн тартып мени убайымдап жүрөт. Азыр апамдын бөлмөсүнө баш баксам, көмкөрөсүнөн төшөктү мыкчып жатат. Акырын жанына бардым.

— Апа, кандайсыз. Бир нерсе керекпи?

— Ооба, керек. Кызым бери келчи.

— Апа, келдим колумдан эмне келет? Баарын кылам апа. Доктурга алып барайынчы.

Чындыгында апамды бир ай мурун ооруканадан чыгарып койгон. Алып барсам деле кабыл албайт. Бир кичинекей айнек идиште үч суюк даары берген. Ооруга чыдабай калган маалда укол сайуу керек экен. Ал укол эчак түгөнгөн. Апам чаңырып ыйлаганда катар менен сайып салган элем. Ал даары асмандын башы турат экен, алуу үчүн дагы көп убара болот экенсиң. Бизге ал даарыны дагы бербей коюшту.

— Кызым, догдур мага жардам бере албайт. Көрүп жатасың акыбал бул, бул ооруну итке дагы ыраа көрбөйт элем. Мен сени таштап кетишим керек, өзүңдү жакшы кара. Эсиңдеби, бир жолу бир киши менен кездешкенибизди?

— Ооба, эсимде апа. Сени ыйлаткан э?

— Ошол. Ал сенин чоң атаң болот, атаңдын бир тууган агасы, менин чоң балам. Мына бул дареги, барып кабар бер, жок дегенде мени жерге берсин. Көнбөсө айт, апам берген ак сүтүнө ошондо ыраазы болот экен де.

— Апа, аны кантесиң. Ошончолук жаман адам болсо эмнеге чакырасың? Менин колумдан келбейт дейсиңби?

— Жок кызым, мени өз абышкамдын жанына коюуш керек. Абышкам керез кылып кеткен. Сен ал жерди билбейсиң. Сага айтаарым, мени жерге берип жатканда барба. Агаң келгенче үйдү сатып башка жака кет. Ал сени көрсө балээге тартат.

— Апа, антпе айыгып кетесиң. Мени жалгыз таштап кетүүгө акың жок апа. Атам менен апама эмне деп жооп бересиң? Сага ишенген кызын кантип жалгыз таштадым дейсиң?

— Меники кечиримдүү, атаң өзү чакырып жатат. Бечара менин кыйналганымды карап тура албай жатат окшойт. Жакындарымдын жанына барат экениме жетине албай турам.

— Апааа, эмне деп жатасың? Менчи? Мен кантем апа?

— Сага ишенем, сенин жаның бекем көчөдө калбайсың.

— Сенсиз жашай албайм.

— Сага байланып кете албай жатам окшойт, кызым мына үч күндөн бери оозума бир тамчы суу алган жокмун, көптөн бери оорунун айынан уктай албай жүрөм. Кызым мага ыраазы бол, мен сага ыраазымын.

Унчукпай башымды ийкедим. Апамдын кыйналганын көрүп өзүм дагы кудайдан кыйнабай тезирээк жанын алчы!-деп тиленип калган элем. Апамды кучактап аябай ыйладым. Анан апам мага өзүнүн жоолугун берди. Түшүнгөн жокмун.

— Апа башыңа танайынбы?

— Жок, мага жардам берчи.

— Эмне деп жатасыз? Кантип өз апамдын жанын алайын?

— Эгер менин мээнетимди актайм, ыраазы болсун десең жардам бер.

— Жок, жок…

— Жоопкерчилигин өз мойнума алам, кызым суранам!-деп апамдын көзү башкача боло түштү. Чыдабай чыгып баратсам апам ушундай ачуу чаңырып жиберди ооруга чыдабай. Артка бурулсам көзү артка аңтарылып баратыптыр. Бетин муздак сууга жууп жибердим, бул оору апамды тезирээк жанын албай кууратты да.

— Апа, өзүн өзү өлтүргөн адамдай болбочу. Күнөөсү өз мойнумда калсын, сен тозокко ылайык жан эмессиң. Апа күнөөсүн мойнума албайм десең жардам берем.

Апам уккан жок, оору кулагын дагы дүлөй кыла салдыбы билбейм. Баш жагында турган уйку даарыны учтап ичирип салдым. Тынч албай койду, таасир берген жок. Бул доза менен атты дагы уктатса болот эле. Колум менен апамдын оозу менен мурдун жаптым.

— Алтын менин апакем, күмүш менин апакем. Уктай кой, уктай кой. Түбөлүккө уктай кой.

 

Жиндиминби?

 

Жок, жок, жок. Мыкаачымын.

Өз апасын тумчуктуруп өлтүргөн мыкаачымын.

 

Ырдап, ыйлап олтура бердим. Апам качан кичине тыбырчылап басылган да барып колумду алдым. Өлүк адам ушундай болот турбайбы. Апам дагы деле сулуу. Ооруп жатканда бетиндеги кызылдар жок болуп кетти эле, азыр болсо тескерисинче кичине кызылсынып калгандай. Жылмайып жатат, апам жылмайып гана жатат. Көзүн жапкан эмес элем, көзү өзү жумулуп калыптыр. Апам байкуш жашоого тойгон экен да. Колдору дагы түз. Чаңырып жибердим.

— Апаааааа……….

Эч ким уккан жок, укса деле эч кимдин иши жок. Суу жылытып келдим, апамдын кийимдерин кыркып чечип жуундурдум. Жинди болуп калдым окшойт, эч корккон жокмун. Кайра кийинтип, бетин ак шейшеп менен жаап, анан жанагы апам берген дарекке жөнөдүм. Шаардын ортосунда эле экен. Кичинекей дүкөн , аябай кичинекей. Кирип, Дүйшөн дегенди чакырып коюусун сурандым. Сатуучу аял мени башкача карады. Тиги аял сулууча келген арык экен. Кулагына бир нерсе салып алыптыр. Жанагы жакшы укпагандар тагынган неме го деп койдум өзүмчө. Жаш эле экен бечара укпай калыптыр деп койом. Эшиктен жанагы кудум бандиттердей эки узун киши кирди. Туура мени көздөй келип, эки колумдан каардуу колдору менен кармап сыртка алып чыгып, бир кара унаага олтургузуп алып кетип баратышты. Корктум.

— Силерге эмне керек? Кимсиңер?

Жооп жок. Апамдын айтканын эстеп кеттим, андан алыс бол, ал келгенче үйдү сатып башка жака кет дегенин. Демек чындап эле бандиттер окшойт. Агама алып бара жатат булар. Бир аз жүрүп токтодук, башыма кара кап жаап коюшкан. Эшиктер башкача ачылып жатты. Менимче жети эшик ачылды окшойт, анан бир жерге кирдик. Жана кара каптан дагы сырт жарык болуп турган, азыр күңүрт болуп кетти.

— Сен кимсиң?

— Айжамал?

— Эмнеге Дүйшөндү издеп жүрөсүң? Аны кайдан тааныйсың?

— Силер кимсиңер?

— Суроого суроо менен жооп берген жарабайт.

— Дүйшөн агам болот, мен дагы бүгүн билдим. Апам ушул даректи берди жан берип жатып, энеси өлгөнүн айтууга келдим. Анан барып башымдагы кап алынды. Эки жакты карасам башка дүйнөдө жүргөндөй болдум. Баары башкача, шпиондор тууралуу Америка киносунда көргөм мындайды. Маңдайымда апамды капа кылган киши олтуруптур. Дүйшөн агам демек ушул экен дедим.

— Мен Бейшенбектин кызымын. Билбесеңиз керек, эч качан бизден кабар албасаңыз.

— Эмнеге мен бул кабарды угушум керек, апаңды өзүң көмө албайсыңбы?

— Көмө алам, апам акыркы сөзүндө сизге айтуумду суранды. Дүйшөн мени өзү жерге берсе берген ак сүтүмө ыраазы болом деди. Өз энесин жерге берүүдөн баш тарткан акмак экениңди билет экен да апам, ошого сураныптыр. Апамдын акыркы каалоосун сага жеткирдим, калганын өзүң билесиң, баш тартсаң дагы макулмун, өзүмдүн колумдан баары келет.

— Мына сага, сен менден корккон жоксуңбу? Өз энесин аябаган неме мени көзүн жумуп өлтүрүп салат деген жоксуңбу?

— Мен өлүмдөн коркпойм, жоготчу эч нерсем жок.

— Сен кыйын окшойсуң.

Суроосуна унчукпоо менен жооп бердим. Мени баштан аяк карап, жанындагы балдарга карады. Алар менин башыма кайрадан кара капты жаап бир жакка алып басышты. Колумду чечип койду, башымдагы капты өзүм алдым. Жанымда эч ким жок экен. Машинага олтурбадык эле тепкичтен көтөрүлүп эшике чыктык. Жанагы биринчи келген дүкөндүн алдында туруп калыптырмын. Демек бул дүкөндүн түбү жашыруун жай экен деп койдум. Үйгө кайттым. Агамдын макул болгонун же болбогонун түшүнгөн жокмун. Кирсем апам жок, алып кетиптир. Мен келгичем апамды алып кетип калыптыр. Эмнегедир ыйлаган жокмун, жаныбыздагы орус үйдү сатсаң мага сат деп жүрдү эле

 

Уландысы бар.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️