Пример HTML-страницы

АК БУЛУТТАР

https://kyrgyzcha.site/?p=44984&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК БУЛУТТАР

 

Силер мен бала кезде ушундай болчусуңар. Апакай, сулуу, анан кол жеткис. Силерге кыялымда гана жетчүмүн. Чоң энем: “Булуттар суу ичкени түшүшөт. Ошондо көзгө атар мергендер атып алса болот имиш. Эгер кыз бала булутка жуунса, булуттай апакай, өмүр бою жаш бойдон калат, узак жашайт дешет”,- дечү. Ошондо чоң энемдин бырыш желелеген жүзүн карап туруп, “бизге бир мергенчи булут атып келип берсе, анан энем экөөбүз жуунуп, мен супсулуу, аппак, энем жапжаш болуп калса” деп кыялданчумун. Бой жеткен сайын бул кыялым тилекке айланып, жамгырдан кийинки көпкөк асманда каалгый суйсалган, буладай таптаза ак булуттарды карап туруп, “кайсы жерге коносуңар, ак булуттар?” деп кыйкыргым келип кетчү. Бир күнү энеме:

 

– Эне, булут аткан мергендер азыр барбы?- дедим акырын. Энем мени кызыктай карап койду да, анан:

 

– Көзгө атар мергенден мурун “булут атам” деген мергендин булут тартуулачу, жанынан артык сүйгөн кызы болушу шарт,- деди. Мен ошол күндөн баштап булут тартуулачу белгисиз жигитти күтө баштадым. Кыялымдагы бейтааныштын өң-түсүн ар кандай элестетип, анан баарынан мурун анын көзгө атар мерген болорун самачумун.

 

Сегизинчи классты бүтүп эле медучилищеге тапшырдым. Жайдын ысыгында тердеп-кургап, күн сайын окуу жайдын алдында атам экөөбүз ээрчишкенибиз ээрчишкен. Ошол күндөрү, чынын айтсам, булуттар жөнүндөгү таттуу кыялым да унутула түштү. Ар бир экзаменден чыккан сайын:

 

– Жакшы эле тапшырдыңбы?- дейт атам санааркап. Мен өзүмө ишенбей турсам да, ишеничтүү “ии” деп коём да, атаман бетер ичтен сызып кыжаалат болом. Маңдайыма жазганбы, же чын эле жакшы тапшырдымбы, окууга өтүп кеттим. Бирок атам экөөбүздүн кубанычыбызды мүнөзү темирдей бекем энемдин суздугу суу бүрккөндөй суутту. Биз сүйүнчүлөгөндө энем:

 

– Кыз баланын окуп мударис болгонун көргөн жокмун. Бактысын берсин,- деди да, этегин кагынып туруп кетти.

 

Мен энемди күздө окууга жибербей коёбу деп коркком. Жок, чоң энем мен жөнөп жатканда нааразылыгын билдирбей:

 

– Окуйм деп дегдеп калыпсың, барсаң бар, бирок кыздын бактысы барган жеринде. Мен сени бирөө жанындай көрүп, булут алып келгенге татыган кыз, этегин бала баскан касиеттүү аял болсо дегем. Мейли эми, заманыңар ушул экен,- деди да, жоолук учу менен кылгыра түшкөн көз жашын аарчып басып кетти.

 

Ошол жылы кеч күздө атам улактан жыгылып, күтүүсүз каза болуп калды. Өлүмдү эч ким күтпөй, бирок келгенде колунан баары келчүдөй ай чапчыган адам да айласы жок баш ийип отуруп каларын, каары катуу ажал деген мынчалык ачуу, оор, жүрөгүңдү сыздаткан кайгы менен коштолорун билбепмин. Мөгдөгөн чоң энемди, кайгыдан ыйлагандан башка колунан келбей телмирип, кара жоолугундай түнөрүп отуруп калган апамды, бозала болуп томсоруп, бир күндө эле жетим кейпин кийген кичинекей инилеримди таштап окууга кетүүгө жүрөгүм түтпөй койду.

 

– Бар, кызым, атаң сенин окушуңду каалаган,- деди апам көз жашын араң жута “шуу” үшкүрүп.

 

– Окушумду каалаган менен бүткөнүмдү көрбөгөндөн кийин окуп не кылам?- деп болбой койдум.

 

Кайра мектепке барган менден мугалимдер эч нерсе сурашкан жок, курбуларым да эч нерсе болбогондой сыр беришпеди. “Кара жер баарын суутат” деген ырас белем, апам баш көтөрүп, биз кээде күлүп, кээде ыйлап, айтор, баарыбыз өз түйшүгүбүз менен алаксыдык. Чоң энем гана кайгыдан түзөлө албай койду. Жыл айланбай чоң энемди да жерге бердик. Өлүм ызгаары мени дагы бир жолу катуу каарып өттү. Онду бүтүп деле окууга тапшырууга аракеттенбедим. Чоң энем менин ак булуттар, келечек жөнүндөгү таттуу тилегимди өзү менен ала кеткендей көкүрөгүм ээнсиреп, дилим кызыл-тазыл кыялдары жок бош калды. Балалык тилекти мен таштаган менен ал аруу тилек мени таштабаптыр.

 

Толукшуган жай келип, табият түркүн түс гүлдөн көйнөк кийгенине маашырланган кереметтүү мезгилде келди менин тилегим. Тамдын артында көлөкөдө кир жууп жаткам.

 

– Ким бар?- деди коңур үн. Колумду шаша чайкап, үйдүн алдына өттүм. Узун бойлуу, ак жүздүү, коюу каш-кирпиги төгүлгөн бейтааныш жигит туруптур. Минген аты да бейтааныш.

 

– Келиңиз,- дедим. Дилимде “сизге ким керек эле?” деген суроо турса да, сыпайыкерчилик үчүн сураган жокмун. Чоң энем: “Келген кишини “неге келдиң, кимге келдиң?” деп сурабагыла. Конок – кудайдын элчиси”,- деп көп айтчу. Бейтааныш жигит апкаарый түшүп:

 

– Үйдө эч ким жокпу?- деди шашкалактап.

 

– Мен бармын.

 

– Мен электрикмин, cчётчик текшерип жүрөм.

 

– Мен ушул үйдүн кызымын, кириңиз, апам азыр келет.

 

Менин тыкылдаганыман сүрдөдүбү, ал аттан олдоксон түшүп, тизгинди кармалай карбаластап туруп калды. Уялчаак коногумдун атын алып жатып колум колуна тийип кетти. Ток тийгендей “дирт” эте колумду тартканча шаштым. Эми эле тыкылдаган өктөмдүгүм күбүлүп, дене боюм кошо дирилдеди. Унчукпай үйгө баштап, счётчикти көрсөтүп, сыртка чыгып баратсам бейтааныш:

 

– Атыңыз ким?- деди тамагын кырып алып. Сыягы, тамагы кургап, үнү кардыга түштү окшойт.

 

– Соноайым.

 

– Нурсейит.

 

– Эмне Нурсейит?!- атын атап атканын билсем да, атайын кермек какшык узаттым.

 

– Атым Нурсейит,- Нурсейит жумшак жылмайды. Ушул күнөөсүз жылмаюу ортодогу көзгө көрүнбөгөн тоскоолдукту алып салгандай сөз жалганып, биз бара-бара эски тааныштай тартынбай сүйлөшүп, ал ишин бүткөнчө мен чай даярдап, экөөбүз чогуу чай ичтик. Чай сунсам колумду байкабайбы, же атайынбы, чыны менен кошо кармап алды. Сөөмөйүмөн башталган ысык илеп бүткөн боюма тарап, бетимен бери дуулдай не кыларымды билбей колумду шаша тартып алып, дасторкондун четин кармалай апкаарыган мени апамдын сырттан эле сүйлөп келаткан үнү эсиме келтирди. Ордумдан этегиме чалына атып туруп, сыртка бет алдым. Апам экөөбүз кире бериштен кагышып кете жаздадык.

 

– Кантет, ботом, делбектеп! Сырттагы кимдин аты?

 

– Тигил счётчик келиптир.

 

– Кайдагы счётчик?- деди апам түшүнбөй.

 

– Ии, электрик дегеним,- сөзүмдүн акырына чыкпай үйдүн артына өтө качтым. Апам мени эми көрүп жаткансып карап туруп, анан таң калгандай шыпшына эрдин түйрүп алып үйгө кирип кетти. Нурсейиттин качан кеткенин да көргөн жокмун. Ошол күндөн баштап мага ак булуттар тууралуу кыялдар кайра келип, күн сайын таң менен кошо турганда тээ колот ылдый көчкөн апакай булуттарды кимдир бирөөнүн алып келип беришин дегдеп күтүп, алтургай булут алып келчү адамды да элестетчү болдум. Болгону, ал адам ким экенин өзүмдөн да жашырып, дил тереңин алда кандай таттуу да, табышмактуу да купуя кыялдар уялап, бирок бул кыялдарымды бөлүшөргө жан таппай буулуккан адат таап алдым.

 

Биздин айыл суу жээктей конгондуктан, суунун шары дайым угулуп турчу. Суунун шоокуму кээде адамдын кадамындай күлдүрттөсө, кээде боз үйгө кимдир бирөө таш ыргытып жаткансып жүрөгүм өрөпкүп кетчү. Күндүзү сууга барганда өргө өжөрлөнө умтулган агымды карап туруп: “Мага окшоп жүрөгүң чакырган жакка умтуласың, бирок коё бербей тырмышкан агымдан кутула албайсың. Эмне, сен барчу жакка агым коё бербей, мага окшоп аргасыз анын нугу менен агып жатасыңбы?”- деп үнсүз сүйлөшөм. Анын мөлтүр мончок болуп көккө серпилген тамчыларына жүз тоссом, муздактыгынан буулуккан дил сергий көкүрөгүм бөксөрөт.

 

– Соноайым!- Апамдын ачуу үнү кыялымдан ойготуп, чакаларыма шаша суу сузуп, үйгө ашыктым,- Суунун боюнда эмнең бар? Сууга барса эле жер жуткансып жоголчу адат таап алды ушул кыз.

 

Үйгө жете берип, апам менен сүйлөшүп турган караанды көргөндө колуман чакаларым түшүп кете жаздап араң кармандым.

 

– Эмне болду?- дедим оозума башка кеп кирбей.

 

– Келиңиз дебейсиңби келген кишини. Өткөндө счётчиктин кагазын берген экен го бул бала. Каякка койдуң?

 

– Азыр, келиңиз,- башаламан сүйлөп, колдорум калтырап койгон жеримен кагазды ала албай, колум тийген нерсенин баары өзүнөн-өзү үй менен бир болуп калдырап кулап, жүдөгөнүмдү кантейин. Өлө албай жатып жүрөгүм көөдөнүм менен бир боло өрөпкүп делбирегеним, ай, ошондогу. Кагазды араң таап көтөрүп чыктым. Экөөбүздүн карегибиз чагылды. “Келдиңби? Кечиктиң го”,- деди менин кусадар көздөрүм. “Шылтоо таппай жүрдүм, кечирип кой”.- деди сенин сагыныч, арзуу толгон кумарлуу каректериң. Ушул учурда жанымда турган апам, аалам унутулуп, алтургай жер саамга өз огунда айланбай токтоп калгансыды.

 

– Бер кагазды селейбей,- Апамдын үнүнө селт эте шашкалактай колумдагы кагазды сундум. Кагаз колумда шамал тийген жалбырактай дирилдеп турду. Нурсейит кагазды колум менен кошо кармап, акырын кысып койду. Кулагыма чейин кызарып, колумду тартып алганча шаштым. Нурсейит бирдеме жазган болуп калемин камдай, эңкейген калыбында шыбырады.

 

– Алтүндө келип, суу боюнан күтөм.

 

Унчукпай басып кеттим.

 

– Мына, эже, кагазыңыз. Белгилеп алдым,- деди Нурсейит апама. Анын артыман караган көз карашын далым менен сезип, боюм чымырай үйгө кире качтым. Азыр мага үй да тар эле.

 

Ошол күнү кармаган буюмум колго турбай, уй саап келатып түз эле жерден чалынып жыгылып, сүтүм төгүлүп, апаман уруш уктум. Наалып жаткан апамдын оозунун кыбырап жатканын көрүп турган менен эмне деп урушканын уккан деле жокмун. Канча жатканымды билбейм, бир оокумда апамдын көптөн күттүргөн коңуругу угулду. Негедир апам калп эле коңурук тартып жаткансып, токтой калса мени аңдып дымып калгандай сезилип, жүрөгүм дүкүлдөйт. Мага алтургай апам жүрөгүмдүн добушунан ойгонуп кетчүдөй туюлду. Ошентип, өз санаам менен алпурушуп жатып, түн оогондо араң уурдана басып сыртка чыктым. Кокус апам ойгонуп кетсе, “сыртка чыгып келейин дейм” деп жооп да камдап алгам. Боз үйдөн кичине эле алыстаганда акырын сыбызгыган ышкырыкты угуп, титиреген буттарыма ээ боло албай бүткөн боюмду тер басты. Кадамым да арбыбай, жандуу-жансыздын баары мени эле аңдып тургансып, жүрөгүм алкымыма кептелди.

 

– Соно..- деди утурлай баскан Нурсейит. Үнү капилет сууга түшүп кеткен баладай аптыгып чыкты.

 

– Жакшысызбы…

 

– Сени чыкпайт го деп..

 

– Апамдан корктум.

 

Апам келип калчудай артымды элеңдеп карап алдым. Нурсейит унчукпай көзүмө тигилди. Көзүндө ай, жылдыз, мен жүрүпмүн. Анан да сөз менен айта албаган жылуулукпу, мээримби, айтор, дил толкуткан бир ажайып керемет нерсе бар болчу. Ошондой көз карашты кийин эч кимден жолуктурбадым.

 

Биз андан кийин да түн жамынып уурданып далай жолуктук. Ар бир жолуккан сайын мен ага уяң күмүш күлкүмдү, ал өпкөндөн улам албырган жүзүмдүн табын, жүрөгүмдүн түрсүлүн калтырып, өзүм Нурсейиттин коңур үнүн, жалын бүрккөн шыбырын, шамал ташыган эрмендин жытындай кермек таттуу жытын жүрөгүмө катып ала кетчүмүн. Нурсейит ошондо ар бир жолугушууда мага кыялдан жаралган жан дүйнөмдү түбөлүк сулуу, жаш кылган булут алып келчү.

 

Көп өтпөй керемет күндөрдөн бүткөн биздин жаркын ааламыбызды ызгаар шамал аралай чаап, жаз дүйнөбүздү үшүтүп кетти. Мени өмүрү көрбөгөн кошуна айылдык бала бада айдап келе жаткан жеримден ала качты. Далай жолу курбу кыздарымды ала качканын угуп-көрүп жүрсөм да, бул жапайы адаттын мынчалык кыз дүйнөсүн, деги эле адам тагдырын талкалап кетерин билбегем. Эч ким келбей туруп никемди кыйып салышты. Ыйдан көзүм тоодой шишип, үнүм кардыккан мени аяп койгон жан болгон жок. Тескерисинче, баары бул ишине маашырлангандай тойлоп, менден бир ооз макулдук сурап койбой менин тагдырымды чечип жатышканына заманам куурулду. Кудай да менин үнүмдү уктубу, күйөө улам жаныма кирип, кайра чыгып, жеңелери менен алда нени шыбырашып эле дүрбөп жатышты. Таң заарда апам келди. Медер тутар адамым келгендей бой таштаган мени апам суз кагып салып:

 

– Мынчалык босого аттап, никеге макулдук бербесең болот эле, бактың ачылсын,- деди суз.

 

– Апа, мен макулдук берген жокмун, менин көңүлүм башкада.

 

– Кыз көңүлүнө ким карады эле? Кайда калбаган көңүл, кулунум. Нике аттаган оңбойт. Сен эми күйөөлүү келинсиң,- деди апам көзүн ала качып.

 

– Апа, мен тазамын,- дедим ый аралаш киркиреп. Апам унчукпай сыртка бет алды. Жүрөгүм үзүлүп бараткандай кыйкырдым.

 

– Атам болсо минтмек эмес! Бүгүн калтырсаңыз, эртең кетем,- дедим ызадан жүрөгүм тилинип. Чыгып бараткан апам тык токтоду да, кайра келип:

 

– Ким ал?- деди үнү калтырап.

 

– Нурсейит,- бул атты атаганда мен эмес, жүрөгүм чыркырап жиберди.

 

– Кагылайын, ай, аныңа кабар айтайын. Колунан келсе, алып кетсин. Батамды берем. Болбосо тагдырыңа баш ийбеске аргаң жок,- деди да, тамакка чакырып жол тоскон адамдарды карап койбой чыгып кетти. Түшкө жакын апам, Нурсейит, атамдын аталаш иниси келип, мени ызы-чуу менен алып чыгып баратышканда:

 

– Никелүү келинди алып кеткен качан салтта бар эле? Эсиңе кел, Шарапат,- деди бир карыя.

 

– Ата, эки тарап макул болмоюнча нике кыйылбайт. Кызымдын макул дегенин уктум деп Кудай алдында күбө өтө аласызбы? Күбө өтсөңүз, ушул кызды чырылдатып, көз жашына, убалына карабай таштап кетейин,- деди апам карыяга. Ак сакалы белине жеткен кары киши бизди баса калчудай топураган аялдарды кол көтөрө үнсүз тыйып, унчукпай жол бошотту. Тозок отунан чыккандай апам менен агамдын колун карыша кармап дикилдеп келаткан мени апам көзгө суук айылдан чыга бергенде токтотту.

 

– Кызды минтип энеси алып кеткен, андан да, аны бир эрден бир эрге кармата берген салтта жок эле. Сени атаң башкача жакшы көрчү, ошонун арбагынан өтө албай, сенин көңүлүң деп ушул ишке бардым,- деди апам үнү ыйдан буула. Анан Нурсейитке кайрылды:

 

– Кызымды сага тапшырдым. Көз жашын агызбай бүлө кылып ал. Ыйлатсаң каргайм,- деди да, шарт басып кетти. Агам экөө колунан аялуу буюмун жулдурган баладай ийини түшө араң кадам шилтеп алыстай беришти.

 

– Кеттик, жарыгым,- деди Нурсейит колдон ала.

 

Биз ушинтип баш коштук. Айылдагылар бири апамды туура көрсө, бири сөөмөйлөй артынан сөз кылып, жылдап уу-дуу болушту. Нурсейиттин ата-энеси деле мени кубанып кабыл алган жок. Биз жети жыл жашап, бирок балалуу болбодук. Ошондойдо “чын эле нике, бата аттап кесир кылдымбы, каргышка калдымбы?” деген ойдон жүрөгүм бырчаланып, чоң энемдин “сени бирөө жанындай көрүп, булут алып келгенге татыган кыз, этегин бала баскан касиеттүү аял болсо дегем” деген сөзү жаңыра берчү болду. Мен бирөө жанындай көрүп, булут алып келгенге татыган кыз болгон менен этегин бала баскан касиеттүү аял боло албадым. Нурсейит тууганчылап кеткенде төркүнүмө кетип калдым да, канча жолу алдыма келсе да, кайра барбай койдум. Эки жылдан кийин үмүтүн үзгөн Нурсейит үйлөнүп, көп өтпөй апамдын бир кездеги мен үчүн анча-мынча аял бара албаган жолго барган энелик, аялдык эрдиги үчүн апам каалаган адамга кыңк этпей турмушка чыктым. Апам ошондо алгач мени алып качып кеткен кошуна айылдык жигитке барып ыраазылык сурап, анан Нурсейиттен жообумду алып келди. Мына, азыр бештин энесимин, Нурсейит жети баланын атасы. Бизден, ак булуттар, силер, анан силер тууралуу түгөнбөгөн, бирок аткарылбай кыял бойдон калган тилек кыялдар гана калды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE