Пример HTML-страницы

Ак бейит 9 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(9-бөлүм.)

Эртеңки күндү болжошо,экөө тең

жолукканына абдан кубанышып,чуркап

кетишти.

Таң үрүл-бүрүлдө чыгып кетишти,

окуучулук акыркы күндөрүбүз дешип,

шаракташып,киши карааны таанылбай

калганда,кучактарын гүлгө толтура,үйгө

кайтышты.Акмаралдын гүлдөрүн үйгө көтөрүп кирген Токтосунду көргөндө,

Ракыянын көзү чарасынан чыгып кете

жаздады да:-Эй,кыз кечээ мени алдап

кеткен турбайсыңбы,өтүкчү менен эмне

нин ичинен чыгып келдиңер,ээн жай-

кын талаалап келдиңерби,кандай эле

бул заматта «өтүкчүсүнөн» баш тартып

калды дейм да.Эч нерседен эчтеке жок

эле,Ракыянын оозунан ууктурган ачуу

сөз жазгы жамгырдай куюлуп жатты.

Адамды сөз кандай ууктурат,кан тамырга жайылса,адам мүрт кетээр

эле.-Сен бизди шерменде кыласың,се-

ни текшертем,иий койчу деги,кулак укчу

сөз эмес.Сыртта жүрүп,ачык терезеден

баарын уккан,Карыптын ачуусу келип,

үйгө кирди да:-Сен токтойсуңбу,бала не-

меге ушунча суук сөз айтасыңбы деп,Ракыяны карады.-Токтобосом не

кыласың,кызың төрүңө тууганда,»Көрка

зарга» өзүң барасың,»күчүгүңөрдү» алгы

ла деп,өлсөң көрүңдү бекер казып берет деп,Карыпты беттегенде,ал чоң

муштуму менен,Ракыяны бет талашты-

ра коюп калды.Мурдунан аккан кан,бе-

ти башын кан жалаган иттен да жаман

көргөзө,өлтүрдү,житирди деген,Ракыя-

нын ачуу үнү ай талааны жаңырткан-

дай ачуу чыгып,илинген сүлгүнү суулап

маңдайына келген Уламаны көргөн Ра-

кыя заматта тилин жыйнап алды.

Улама көчөнүн наркы бетиндеги ко-

шунасы,айылдагы жаңылыктарды

ушул биринчи угуп,жылып жүрүп таратат,кооздоп койгонуна алдына ки-

ши салбайт,айткан ушагын ушундай өзү

катышкандай жасалмалайт дейсиң,

угуп отуруп,эсиңди жоготуп,шилекейиң

акканча айтат.Кызы Барчын Акмарал-

дын классташы.Энесинен кем калбаган

неме.Такай кулагын түрүп жүрөт,Улама-

га да,Токтосун менен Акмарал тууралуу

баян кылып койгон жайы бар.-Эмне

жумуштап келдиң,деди Ракыя да,ага

өктөм сүйлөп.-Баш оорунун дарысына

баскам,Барчын гүлгө барып,ооруп ке-

липтир деди, камырабай.

Ракыя дары салгычтан дары алып

берди.

(Уландысы бар.)

 

 

.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE