(5-бөлүм.)
Ракыя өтө амалкөй,кыйды катын,ки-
шинин оозундагы илебинен,анын эмне
айтаарын баамдап,жообун чагылган-
дай чартылдап бат табат.»Канды канга,
сууну сууга куят»,кандай жол менен бол-
со да,Акмаралды Токтосунга жолотпоо-
нун амалын кылып,өйдө-төмөн сөздөн
ээр токуп,көрдү эле,Акмарал көнө тур-
ган түрү жок.»Атаң экөөбүз тең оорулуу
болсок,бизди таштап кайда барасың,
окууну сырттан оку,эрге тийгенче жаны-
бызда болбойсуңбу»деген сөзүнө,кызы-
нан катыра жооп алгандан бери,абдан
ойлонуп жүрөт.
-Апа,эки бирдей келинди колуңуздан
чыгардыңыз,эр уулдарыңыз жок болсо,
тагдырдын буйругу деп,өмүр бою тур-
мушка чыкпасам да,жаныңыздарда болмокмун,эр бүлөсүн батырбай,эрге
кетчү кызын жүгөндөп отурат деген кептен уялыңыз,мен окуймун,азыр күүлү-күчтүү элесиз,Токтосунга турмуш-
ка чыксам,өмүр бою жаныңыздамын,
тилиңизди тишиңизге катыңыз да,Асыл
байкемдерди көчүрүп келиңиз.Мен би-
рөөнүн бүлөөсүмүн апа,эртең сиз мени кетирбеш үчүн,төшөккө жатып калаа-
рыңызды да билем.Ал арам оюңуздан
кайтыңыз деп,катуу айткан.Акмарал-
дан муну күтпөгөн Ракыя:-Окууга бар-
саң баргын,бирок,»Көрказар»менен куда
сөөк болуп,бир дасторконго отура ал-
байм,бизди кепке кемтик,сөзгө сөлтүк
кылба,он гүлүңдүн бири ачыла электе,Токтосунду сүйөм,Токтосунга тийем дейсиң,сенин теңиң ошобу,өтүк-
чү болот,деп коёт,ошол да кесиппи,эри өтүкчү,кайынатасы көрказар,кайынэне-
си боёкчу дегенди уккум да келбейт.Ан-
сыз да,эки катындын башы бириксе,кеп
кылганы силерсиңер,белиңер бешиктен
чыкпай ээрчишип,түлкүгө салчу тайган-
дай болуп,аның эшиктен кетпейт.Бир
айыл элди тоотпой,он жыл чогуу бас-
тың,жолу бир классташ эмеспи деп,
таңазар албай жүрсөк,сүйөм,күйөм,
тийем дейсиң.Экинчи ошонун атын ата-
саң,балалыгыңды чийип эле салам,ал-
ты баласын жерге берген көрказардын
катыны деле жашап жүрөт.Өлдү деп
эле,эсептен чыгарып коём.Ракыя ызага
муунуп,кирген буурадай буркан-шаркан
түштү.Акмарал энесинин сөзүнө каяша
кылбады,тек гана жер тиктеп мелтирей,
көзүнөн аккан ысык жашты алаканы менен сүртө,үн катпай ордунан туруп кетти.
(Уландысы бар.)