(4-бөлүм.)
Акмарал Карып менен Ракыянын көкүрөк күчүгү.Тун уулу Акыл үй-бүлөсү
менен шаарда турат,Асылдын аялы ээн
ооз,эрке неме болгондуктан,Ракыяга келин болуп келгени жакпады,»акырын басса аксагын,катуу басса таскагын» чыгарып,кайынэне менен келиндин оту
таптуу болбоду.Муну сезген Эркенин ата-энеси кызына райондун борбору-
нан үй сатып берип,бөлүнүп кетишип,
Ракыя тишин бүлөөгө кайрып,ичтен тынып кала берди.»Мен жакпаган,ме-
нин балдарым жагабы» деп,небереле-
рин да жибербейт.»Бир катынга ээ боло албай,кайынына кайраты жок» деп,ке-
лин жумшап,керилээр убакта,казанын
кучактап олтуруп калды.Аймаралы ушул айылга турмушка чыккан,үнү жок,сөзү жок,Ракыянын тапкан күйөөсүнө үн катпай тийген,бардар жер
болгону менен,күйөөсүнүн камчысы
«камыр» боло элек.Үч балалуу болгончо
көзүнөн көгала кетпей,балдары үчүн жашап келет.Азуусун айга бүлөсө да,Ракыя дың дей албай,»чыдаган жеңет,эрден жеген таяк,эт оорутпайт»
деп,кызы нечен качып келгенде,кайра
колдоруна салып берип жүрүп,үч эркек
төрөп салды.Эми,ажырашайын десе да,
балдарынан заманасы куурулуп,»бир колу туткуч да,бир колу куургуч»,апам-
дын тилине кирбе,каалаганыңа кет,оку-
гун деп,Акмаралдын кулагына кыттай
куюп,менин тагдырымдай тагдырга туш
боло көрбө деп,какшайт.Мына ушунун
баарын көрүп,билген Акмарал,турмуш-
тан эрте эле,сабак алып,үйдүн кенжеси
болсо да,эркелигин чектеп,токтоо,то-
пуктуу чоңойду.Акмаралды окутпай эле,ылайыктуу жерге берүүнү самаган
Ракыяга,»Көрказардын» куда болуусу
акылына сыйбайт.Кызы да,окуйм деген
оюнан кайтаар түрү жок,экзамендерим
бүтсө,шаарга кетем,окууга тапшырам
деп,көгөрүп олтурат.Баарынан да,Ток-
тосун менен чогуу кетем дегени,көөдө-
нүнө көжө бышыргандай кыжаалат кылып,көзүм тирүүсүндө «көрказар-
дын» босогосун аттатпайм деген ою
бек.
Эгиз козудай ээрчишкен экөөнө ай-
рымдар суктанса,кай бирлери «жаша-
бай калгырлар,бири алып,бири тийип алгансып,ээрчишип алгандарына не бе-
ресиң,жанагы Ракыя көр болуп калган-
бы»деп,кеп кылышат.
(Уландысы бар.)