Ак бейит 33 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(33-бөлүм.)

Канча убакыт өткөнү билинбей,Ракыя

чай ичип бүтүп,Акмаралдын бөлмөсү-

нүн эшигин тартты эле ичинен илинүү

экен,үнүнүн болушунча бакырып,такыл-

датты,ачпады.Эшикке чыгып,терезеси-

не келсе,терезе ачык.Кыш куйган ка-

лыпты сүйрөп келип,терезеден башын

салып,ачуу чаңырды.Керебетте канга

чөмүлгөн Акмаралды көрүп,бакырып

чалкасынан күп деп,жерге түштү.Ого-

родто арык жээгинин чөбүн чаап жүр-

гөн Карып,Ракыянын ачуу чаңырыгы-

нан,бери басып келе жаткан эле.Там

түбүндөгү аялын көрүп,шаша-буша буту

тушала жетип,жерден көтөргөнчө:-Ак-

маралды кара деген Ракыя,эчкирип сөз

айта албай,терезени жаңдады.Карып

терезеден башын сала,үйдү көздөй чур-

кады.Эшик ичинен бек,сыртка чуркап чыкты да,ачык терезеден үйгө араң кирди,кан сөлү жок Акмаралды эшикке

көтөрүп,чыгып:-Жардамга деп кыйкы-

рып жатты.Карыптын үнүн уккан коло-коңшусу дароо чогулуп,башкарма-

нын машинеси менен өлүү-тирүүсүнө

көздөрү жетпей,Акмаралды райондун

борборуна алып жөнөштү.

Ооруканага алып кирип кетишкен

медсестралар,алып баргандардын кү-

түп туруусун өтүнүшүп,көп кан жоготуп-

тур,кеч болуп калыптыр деп,бир замат-

та жооп айтышты.

Сөөгүн кайра алып кетели дешти эле

азыр бербейбиз,судмедэкспертиза тек-

шергенден кийин,өлүкканадан аласы-

ңар,врачтар караганча күткүлө деген

жоопту алышты.Карып кара көк болуп

дулдуюп,оорукананын алдынан жыгы-

лып түшүп,аны көтөрүп кетишти.Айтор,

заматта акыр заман каптагандай үрөй

учуп,келгендер сөөк камын көргөнү

айылга жөнөштү.Карыптын кан басы-

мы абдан көтөрүлүп кеткендиктен,азыр

турууга болбойт деп,ооруканада калды.

Ооруканага кеткендер келгенде,Карып-

тын үйүн бир короо милиция каптап,Ра-

кыя өкүрүп-бакырып жаткан эле.

Сөөктү алып келгенге кайрадан ма-

шина кетип,милициялар коңшу-колоң-

дорунан,мугалимдеринен түшүнүк алы-

шып жүрүштү.

Ал күнү Токтосун атасы менен саз-

дагы чөбүн чаап,чарчап жөө келе жатышкан эле.Карыптыкындагы кото-

логон элди,тигилип жаткан боз үйдү

көрүп,эмне болду,Карып ооруп жүрдү

эле деп,үрпөйө түшүштү.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️