(32-бөлүм.)
Акмарал чыгаары менен,Ракыя
врачка кирип кетип,колуна он сомун
уучтап,тез эле чыкты да:-Эй,кыз эмне-
ге текшерилген жоксуң.Бирдемең бар
да ээ,таза болсоң,качпайт элең да.Кө-
рүстөнгө барып,»күчүк» экөөң эмне кы-
лып жүрөсүңөр.Текшерил дегенде текшерил,болбосо,атаңа айтамын.Сен
мени угуп жатасыңбы,беш жашыңда
кылганың бул,окууга барам дейт,сен
шаарга барсаң сойку болуп кетесиң.
Мен сен өлсөң да текшертемин,өлүгүң-
дү гана көрөйүн.Бузулган кыз деп,сени
молдо да көргөн жок,баскын азыр.Бол-
босо,өзүм»көрказардыкына» киргизип
берем.
-Өлүгүмдү текшертип,жаныңыз жай
алсын.Эч кандай текшерилбеймин,Ток-
тосундун эч кандай тийешеси жок,апа.
Эмнеге,ишенбей жатасыз,мен врачка
кирбеймин.Ал шарт бурулду да,энесин
карабастан басып кетти.
-Абийирсиз,шуркуя мен сени кандай
гана текшертээр экенмин,ошону жасай
албасам,Ракыя атым өчсүн,деп сүйлө-
нүп,кызынын артынан тызылдай бас-
ты.
Аялдамада айылга кетчү автобус
жылганы жаткан экен,бири алдыңкы,
бири арткы эшиктен кирген эне-бала
эки бөлөк орунга олтуруп,бири-бирине
жакын келе алышпады.
Айылды аралап,элдин баары түшкөн соң,экөө үйүнүн жанынан тү-
шүп калышты.Карып эшик алдында
чалгы чыңап олтурган экен:-Мунуң эл-
дин баарына шерменде кылат,врачка
көрүнбөй,качып чыкты.Бирдемеси бар
үчүн качты да,»күчүк» менен жетелешке-
ни башкача болчу.Төрүбүзгө тууп,шер-
менде кыл,баспай олтуруп,энең сени тууган,абийирин жаап,атаң экөөбүз ба-
гып чоңойттук.»Балтыр бит башка чы-
гат» болуп,чоңоюп алып,кылганы бул,ал дем албай,бакырып жатты.
-Жийдеш эжеме акаарат айтпаңыз,
айтсаңыз мени айтып,өлтүрсөңүз,жут-
саңыз мени жутуп жеңиз,ал калчылдап
да,ыйлап да жатты.
-Ата деп бирдеме айтмакчы болгон
Акмаралды:-Көзүмө көрүнбө деди Карып,көзүнөн чаар чымын учуп.Акма-
рал үн кайтара албады,кире бериште-
ги кол жуугучтун үстүндөгү атасынын
сакал алгычынан жаңы устара алды
да,бөлмөсүнө кирип,эшигин бекитти.
Көз ирмем убакытта,колунун күрөө та-
мырына жаңы «Нева» лезвиесин жанып
алды.
(Уландысы бар.)