(30-бөлүм.)
Ракыянын үнүнөн ызгаарды сезген
Акмарал үн катпастан,үй жумуштарын
бүтүрүп,энесинин сөзүнүн эки болбосун
так билгендиктен,эртеңкиге камдана баштады.
Токмоктун автобекетине түшөөрү менен,такси карашты.Эски «жигули» ай-
даган дунган жигит,экөөнүн каякка бараарын сураган соң,мен билем деп,
салып жөнөдү.Ахмед молдонун үйү
четки көчөлөрдүн биринде,калың бактан көрүнбөгөн,чакан там экен.
Жүзүм сөөрүдө,бир топ адам отурат,Ракыялар алар менен учурашкан
соң,кезек көп турбайбы деп ойлоп,чет-
теги орундукка көчүк басышты.
-Молдоке чыкты деген сөздөн улам,чүкөдөй арык чалдын,кызыл жү-
зү көзүнө уруна түштү.Башындагы ак
топусу,үстүндөгү кара чийбаркуттан
тигилген кемсели өзүнө куп жарашып,
жүзүнөн нур төгүлгөн бул адам баарын
тегиз карады да,эмнегедир Акмаралга
келгенде,башын түздөй бир карап алып,кирип кетти.
Көп өтпөй,кырма сакал жаш жигит
чыкты да,сиздер кириңиздер деп,Ра-
кыя менен Акмаралды киргизип кетти.
Ракыя умтула,сөз баштайын деди
эле,ал токтотуп койду,Акмаралды жа-
нына жакын отур деп,ишарат кылып,
тамырын кармады.Бир нече мүнөт өткөн соң,Ракыяга карады да,эшикте
күтө тургула деп,Акмаралды алып
калды.Ал бир топтон кийин чыкты,эмне
деди,дем салдыбы деген,Ракыянын
суроосуна эч нерсе кылган жок,мени
менен эмес бирөөлөр менен сүйлөшүп
жатты,кете берсеңер болот деди деп
жооп берди.Ыраазычылык айтайын
деп кирген Ракыяны тике карабады,
алдына койгон акчаны,колуна кармат-
ты.Баары жакшы болот деди да,аманчылык каалап,Ракыянын чы-
гып кетүүсүн күткөндөй болду.Ал аң-
таң,же жакшы,де жаман деп айтпай,
жолго салганы эмнеси.Же чын эле
кабатырлана турган эч нерсе жоктур
деген ой менен,Акмаралды ээрчитип,
туюк көчөнүн таштак жолунда,оюн ор-
дуна коё албай,эс-мас болгон кишидей
тамтаңдап келе жатты.
Кечки автобуска түшкөн экөө эски
бейиттен түшүп калышты.Ракыянын
жүрөгү дүкүлдөп,кызына билгизбегенге
аракет кылса:-Апа,биздин үйүбүз ушул
жерде,деген Акмаралдын сөзүн угуп,үйдү тапкан экенсиң,кобурабай
тез бас деди.
(Уландысы бар.)