АК-БЕЙИТ 3 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(3-бөлүм.)

Айылдыктар Тургунбекти тээ Таластан көчүп келген дешет,түбүм саруу деп,айтканын кулагы чалгандар

бар.Баласы токтобогондон,жер которуп

тайэжеси Зарылга башпаанек кылып туруп калышат,ушул айылга келгени үч

баласын жерге берет,алты перзентим жерде деп,канкакшап ыйлап жүргөндө,ушул айылдагы Сокур кемпир деп коюшчу,бүбү чалыш,»бейитке бешик орнот,бейит ыраазычылыгын ал,жер терметкен бешикти,мен да терметейин» деп,бейитке түнөп жалынгын дейт.Балалуу болууну эңсеген Тургунбек,өз колу менен арчадан бешик жасап,балдарынын бейитине орнотуп,аялы Арзыканды бейитке түнөтөт.Ошондон кийин,Токтосун төрөлүп,»күчүк»тууду дедиртип,элге көр-

гөзбөй багышып,үчкө чыкканда,Сокур кемпир,Тургунбектин «күчүгү» деп,айыл

аралатып,жетелеп чыгат.Токтосун мектеп

ке барганча,»күчүк» деп жүрүшүп,эл өзү бирин-бири тыйып жүрүп,Токтосун деп,

өз атынан атап калышкан.Кийин,Сокур

кемпирдин көзү өткөндө,Тургунбек анын көрүн өзү жалгыз казган дешет,жар

дамга келген кишинин баарына,»өзүм казам» деп,жолотпой койгон имиш.»Сен

казып бүткөнчө качан,сөөктү он күн кармайбызбы деп,кемпирдин жакында-

ры омуроологондо,таңга даяр болот деп,чын эле эртең менен келишсе,жаңы

казылган көрдүн топурагын жаздана ук тап жаткан экен.Жалгыз неме,эптеп оюп койду го деп келген туугандары,

кемпирдин көрүн көрүп,таң калышат.

Көрдү терең казып,казанагын терең оюп,топурагын таптап,секиче жасап

коюптур.Бул анын Сокур кемпирге

кылган ызаат-сыйы экенин баары түшү

нүп,ыраазы болушат.Мына ушул окуя-

дан кийин,көзү өткөндөрдүн тууганда-

ры,Тургунбекке,»жайды карап,казышып

коюңуз» дешип жүрүп,ал айылдын да-

лай адамын өз колу менен жай казып,узатып,ыраазычылык алып,сооп

таап жүрөт.Бирок,»сооптун түбү тешик»

деген,чын беле,оозуна алы жетпеген-

дер,Ракыяга окшоп,»көрказар» деп,кою-

шат.Ал алынып жулунбайт,өзүнө туштук

оокаты бар,жалгыз уулунун караанына

жалынып,Сокур кемпирди,өз баласы-

нан артык эскерип,анын бейитин таза-

лап,куран багыштаганы багыштаган.

 

(Уландысы бар)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️