Ак бейит 28 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(28-бөлүм.)

Ракыя чоочуп ойгонду,түшү экенин

билип,сүйүнүп кетти.Түшүнө Жийдеш

кирди,чай ичип олтурушса,эшиктен

Жийдеш кирип:-Жеңе,Акмарал кайда,

таппай калбадымбы,»үйүндө» да жок,

деп,анын бөлмөсүн ачып кирип кетет,

Ракыя аркасынан барып,ийнинен тар-

таарда,ойгонуп кетти.Жийдеш басып

жүрүптүр,колу да баягыдай эмес,эшик-

ти ачып кирип кеткенин кара деп,Ракыя

туруп барып,жарыкты күйгүзүп,Акма-

ралдын бөлмөсүн ачты.Кызы узун кара

чачын жаздыкка арта сала,мемиреп

уйкуда экен.»Кудайга шүгүр» деген Ра-

кыя,Жийдешке куран окутууну ойлоду.

Көптөн бери байкушка,куран да окута

элекмин,үмүт кылып жатат го,кызы-

нын чоңойгонун да сезип жаткандыр

деген ой менен,бети башын жууп,түн ортосунда боорсокко камыр жууруп

жатты.Көпкө түйшөлүп,миң санатты

ойлоду,Акмаралды шаарга Асылдыкы-

на жеткирип,окууга тапшырса,мунун

баары унутулаар.Бая күнү муну ким ээр-

чиди,Жийдешпи,капырай ал жакта мунун эмнеси бар эле?Мына ушундай

жай бербеген жайдак суроолорго жооп

таппай,таң атып кетти.

Ысык боорсоктун жыты,каңылжаар-

ды жарып,таңкы чайка чайкаган боор-

согун дасторкон бетине төккөн,Ракыя

Жийдешке атап,куран окуп кой дегенде,

Акмарал аны дароо карады.-Апа,мен

Жийдеш эжемдин мүрзөсүнө барып

келсем болобу,эми шаарга кетем,ал

мага,такай оку,оку дей берээр эле,аны

сүйүнтүп,окууга кетип баратам деп ай-

тып келейин.

Анын бул сөзүнөн кийин,тынчтык өкүм сүрүп,тынчтыкты Ракыя бузду:-Сен барганда,эжең тура калып

жакшы бар демек беле,чоңоюп калган

кыз бала,барбайт.Деги эле,аял киши-

нин көрүстөнгө барганы туура эмес,мол

доке көрсө,Карыптын ээнбаш кызы де-

бейби.

Ал унчукпады,эшиктен кирген Чагал-

дактын:-Жүрөктү түшүрдүң го,Карып-

тын Маралы,мен бая күнү эле айткам,

бул жакка келбегин деп,кыз бала эмес,

Наалы апам кайжерден чыга калат деп,

мен араң өтөм.Деги ал жакта эмнеңер

бар,Тургунбектин баласы да,ошол жактан кетпейт.Булардын жүрөгү курч

да,өткөндө Тургунбектин «күчүгү» айтып,

жатпайбы,кемпир менен баласын көр-

дүм,эч кимге,эч нерсе дебейт экен,мен

тиктештим деп.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️