(27-бөлүм.)
Арыктагы көпүрөнүн үстүнө төшөк салдыртып,алдынан суу өткөрө көпкө
окуду,Кары молдо.Ай баткан маалда
калың бадалга жоон топ киши Акма-
ралды көтөрүп келип,жаткырышты.
Кырк кадам нары тургула деген Кары
молдо,көпкө окуду.Эми,көзүн ача элек-
те үйүнө жеткиргиле,эмне көрдүң,эмне
койдуң деп,сурачу болбогула.Ушуну ме-
нен көзү буулса жакшы,болбосо Токмок
тогу татар молдого алып баргыла деди
Кары молдо.
Карып менен Ракыя таң атканча,ол-
турушту.Таңга жуук ойгонгон Акмарал
экөө эки жерде кыйшайган ата-энесин
көрүп,булар эмне бул жерге жатып алышкан деп,ойлоп койду.Кадимки-
синдей эле туруп,ата-энесин ойготту.
Андан эч нерсе сурашпады,ал да эч
нерсе билбегендей,мектепке камынды.
-Мен да сени менен барам,деген Ракыя
га,таң кала карады.-Бүгүн экзамен эмес
да апа,эмнеге барасыз,мен эч жакка барбай,үйгө шар келем.Сиз үйдө эле
болуңуз,ал энесинин чекесинен өптү
да чыгып кетти.Анын эриндеринин
муздактыгынан ичиркенип алды,Ра-
кыя.Окуусун бүтсө,Токмоктогу татар
молдого алып барайын деп,чечти.Ак-
марал мектептин алдында турган Ток-
тосунду алыстан эле тааныды.Бул эмнеге аппак кийинип алган,ал жакын-
даганда,Токтосун мектепке кирип кет-
ти.
Элдин көзүнөн,сактанып жатат го,
бирок,учурашып койсо болмок деген
Акмарал,ага элдин баары өзүн карап
жаткандай сезилди.Экзамен алган эже-
кеси да:-Акмарал,төрт чейрегиң тең,беш
экен,сага автоматтык түрдө,»беш» кой-
дук,бул комиссиянын чечими,үйүңө ба-
ра бергин деди.Бир чети сүйүнүп,бир чети атасынын мектеп алдында турга-
нын көрүп,бир нерседен кабаттырлана
баштады да,апам да келген тура,деп
эшикке атып чыкты.Токтосун менен
сүйлөшө албады,»үңкүргө»баргысы ке-
лип,Ракыянын көзүн такыр жазгыра
албады,көлөкөдөй гана ээрчип,жаны-
нан чыкпады,апасы.Эсине эч нерсе
кирген жок,баштагыдай эле,эки көзү
эски көрүстөндө,тыз коюп чуркагысы
келет,энесинен айбыгат.Анын үстүнө
аз күндө биротоло коштошом,апамды
капа кылып албайын деп,үй жумушу
менен алек болуп жүрө берди.Аттестат
алсам,кетем да,деген ой тынчтантты.
(Уландысы бар.)