(24-бөлүм.)
Шүкүрдүн тили катканы аз келген-
сип,Наалы да катып калды,Каласалы-
ны жерге берээр менен,баласын жете-
леп,көчөдө жүргөн Наалыны көргөндөр
андан чындап түңүлүштү,пендем десең,
баланын жаманчылыгын көргөзө көрбө
деп,жакасын кармаган эле киши.Жыл
айланта,Жаналы агасына күмбөз көтө-
рүп,ашын берди.Бейит башына барган-
да,Наалы Шүкүрдү ээрчитип,көрүстөнгө
жетели деп,калганда артка,айкырып,
кыйкырып качышты.Эч ким,эч нерсе
дебестен,эне-баланы жайына коюшту.
Наалы менен Шүкүр үч жылдан ашык
ээрчишип жүрүштү.Айылдагы аш той
бергендер,атайын баштык жасап,жетки
рип беришчү.Жанаалынын аялы Сайна
кирин жууп,нанын жаап,бир тууганчы-
лыктын улуулугун көрсөтүштү бейм,жа-
ны тирүү,дени өлүк экөөнү абдан караш
ты.
Жанаалы таң эрте келип,от жагып кетээр эле,сырткы эшиктин илгичин
кол салып ачып алчу,келсе эшик ачык.
Баласынын башын кучактаган боюнча,
экөө тең катып калган экен.Тим эле
уу жуткандай,кучактаган боюнча меми-
решет.Эл чогулуп келип,экөөнү боз үй-
дүн эки капталына солдойто жаткы-
рышып,ыйлабаган киши жок.Өлүк ээси
Жанаалы болгондуктан,көрүстөнгө ба-
рып,агасынын жанынан жер көргөзүп,
мүрзө казгандарды дайындап келген.
Шеримбек Жанаалыларга жакын тууган,мүрзө казгандар сизди чакырып
жатат дегенинен,Жанаалы көрүстөнгө
Каласалынын Айкашкасы менен тез эле жетип келди.Жанаалы аке,казган
жердин баары таш,башка жерден ка-
рап,жай казбасак,эмгиче эки күрөк ыр-
гыта албай жатабыз дешти.Жанаалы
өзү да көрдү,цементтеп салгандай,жер
бир укмуш,көрүнгөн жерди чукулашты,
күрөктүн учу ташка тийет,чукулдук,лом
алып келишти,не бири бойлосочу.Мол-
до Мамбетти чакырышты эле,кеңешти
Кары молдодон сурайлы деп,коңшу
айылдагы токсонго таяп калган Кары
молдонун үйүнө,Жанаалы менен Мамбет ооп,түшүп калышты.Кептин
чоо жайын аңдаган соң,көрүстөндүн
көңүлүн калтырып,жер таарынткан
турбайсыңарбы,ата-бабаларыңарга
куран окуп,жер которуп көмгүлө,арбак
тар кечирим кылса,жер алат,сөөктү
күттүрбөй,чапкыла деди.Айылга келээ-
ри менен,куран окутушту.
(Уландысы бар )