(23-бөлүм.)
Таң эрте,Шүкүрдү ойготкон Наалы,
кендир мүшөк менен шиш күрөктү колуна берип,элге окшотуп,биз да шы—
бап алалы,көрүстөндүн этегинен топурак алып кел деп жумшайт:-Апа,
атам нааразы болуп жатат го,албай
эле койсок эмне болот,Кара-Балтага
каттагандардан,акиташ эле алдыртып
актабайлыбы деген,Шүкүргө:-Ботом,
элдин баары эле алып жатат,эмне көр
казганга жер калбай калмак беле,атаңа
айтпай эле алып келе сал деп,жөнөтөт.
Эмнегедир,Шүкүрдүн буту тартпай,апа-
сынын сөзүн эки кыла албай,көрүстөн-
гө келип,эл байкабагандай жерден кү-
рөктөп сала баштайт.Көтөрүшүмө жараша алайын деп,улам салмактап
коёт.Бир маалда,күрөгү катуу бир нерсеге урунат,буту менен чиренип,жер-
ди катуу тебет,да күрөккө күч сала бер-
генде агарган баш сөөк алдына топ деп,
түшүп,оңурайган эки көздүн ордунан
бир нерсе чыр деп,учуп чыккандай болот.Шүкүр,айталааны жаңырта бакы-
рып,кыйкырып жүгүрүп жүргөнүн,эгин
сугарып жүргөн,Касмаалы көрүп,араң токтотот.Эмне болду деген,суроого та-
кыр жооп ала албайт,үзүл-кесил бирде-
мелерди айтып,мүрзө жакты көргөзөт
да,айылды көздөй чуркап кетет.Арты-
нан кууп жүрүп,араң кармап келишет,
дырдай жылаңач Шүкүрдү байлап,үйгө
алып келишкенде,Наалы тилин тиштеп,
үн катпай,молдого киши чаптырышат.
Молдо дем салган соң,кичине эс алган
Шүкүр сүйлөй албай,бирдемелерди жан
дап,көргөзүп,ошол бойдон тили катат.
Айыл чуу түшүп эле,жатып калат.Акса-
калдар чогулуп,куран окушуп,оюлган
жерди тегиздетишет,Шүкүр топурак ал-
ган жерден,баш сөөктү көрүшкөн соң,
баары түшүнүктүү болот.Көп өтпөй,
Петькалар түн ката көчүп кеткенин айыл эли билип,ырас кетиишти,булар
болбосо,бирөөнүн жалгызы мындай
болбойт эле деп,бүтүм чыгарып кою-
шат.Көп өтпөй,эр жеткен баласынын
оорулуу,жиндидей болуп калганын кө-
рүп,зээни кейиген Каласалы,отурган ордунда көз жумат.Наалы оорулуу ба-
ласынын азабын тартып,бир башкача
болуп,Шүкүрдү жетелеп,көчөлөп эле
калат.Өзү да кишиникине кирбейт,киши
алардыкына кирбейт.Тиричилигин инисиЖанаалы тескеп,кирип чыгып жү-
рөт.
(Уландысы бар.)