Ак бейит 22 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(22-бөлүм.)

Каласалы айылдагы кадырлуу,нарк

туу адам.Өзүнө туштук тирлиги тың,ко-

роосунан жылда көң чапкан,малдуу-

жандуу,казан-аштуу адам.Байбичеси

Наалы да,экинин бири болгон,ак кырдуу элечекчен,каада-салтты билген

мыкты аял.Жалгыз уулу Шүкүрүн эш ту-

тушуп,айылдын ички-тышкы саясатын

салмактуу жүргүзгөн,сөздөрү орундуу,

эл ээрчиткен адамдар.Наалы байбиче

нечен жыл төрөбөй жүрүп,Шүкүрдү тө-

рөгөн соң,кайрадан согончогун каткан.

Кудайдын мунусуна шүгүр,уучубузду ку-

ру койбой,ээр токуурубуз,эшик ачаары-

быз бар деп,миң мертебе тобоо кылыш-

кан,кудай деген адамдар.Шүкүр да,эрке

талтаң болбой,ата-эненин айтканы ме-

нен болуп,эркектин да жумушун каты-

рып,энесинин оорун колунан,жеңилин

жерден алып,мыкты тарбияланды.Жаз

келээри менен,айылдыктар жер тамын

актап,жууркан төшөгүн жайып,кыш чыкты деп бир силкинип алышат эмес-

пи.Айылдын көрүстөнү ак топурактуу,

күл ботолуу жерде орун алган.Ошол жылы айылга жолмастер болуп,Петр аттуу орус Кара-Балтадан,үй-бүлөсү

менен көчүп келип,жолчулардын үйүн-

дө жашап калат.Петрдун аялы Татьяна

кызы Василиса,айылдыктар менен тез

эле камыр-жумур болуп,тил табышып,»биздин Петька,биздин Таня»

болуп,кыргыздын каада-салтына,нарк

насилине таң калышса,алар орус мада-

ниятын,тамак-ашын бул чөлкөмгө би-

ринчилерден болуп таркаткандардан

айрыкча,талаа гүлдөрүн терип

келишип,терезелерине ар дайым сууга

салып,коюп коюшчу.Ошентип,гүл терип

жүргөн Таня,мүрзөнүн ак топурагына

көзү түшөт да,бир чака топурак алып ке

лип,үйүнүн ичин шыбайт,андан кийин

тамынын сыртын шыбап,айылдыктар

мүрзөнүн тегерегинен топурак алышып,

там-тарагын татынакай кылып,шыбап

Таняга,ыракматтарын айтышып,өмүр бою ушул жерде жашап,ушуну баамда-

баптырбыз деп,шыпшынышат.

Каласалы Чоң-Коктуга эгинин көр-

гөнү бара жатып,көрүстөндүн. тегерегинин баары,оюлуп,топурак ал-

ган жерлер жаңы мүрзө каскандай бо-

луп,оңурайып жатат,бул орус аял каяк-

тагы балээни көргөздү эле деп,Наалы-

га кейип айтат.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️