(2-бөлүм.)
Ракыянын чаары көзүнөн чыгып,кызын катуу какты да,эшикти тарс жапты.Апасынын кыялын жакшы билгендиктен,ал үн катпады.Эртеси экзаменге кийүүчү форма,фартугун даярдап,классташтарымдан калмак белем,ансыз деле,бир да жолу чогулган жерге жиберген жок,кыздар балдар билет жазганы чогулушуп эле,жакшынакай эле тарап кетип жатышат.Апамдын ою дайыма жаман нерселерге гана багытталган,качан болсо да,»тууп саласың» дейт да,турат.Эмне десе,ошол десин,гүлгө барам деген ой менен бирге бийлеген Акмарал,кийине баштады.-Атаңа айтып,абийириңди айрандай төгөм,тигил «Көрказардын»баласы менен сүйлөшкөнүңдү да айтамын,бешиктен белиң чыкпай,жигиттин балакетин аласыңбы,Токтосун да барат деп коёт мага,кысчу жериңди кыскын,кыспасаң дагы бир «көрказар» тууп,шерменде кылаарсың — Ракыянын оозунан ак көбүк атып,кирип чыгып какшап жатты.-Коюңузчу,апа.Макул,сиз азыр кайтарып жатасыз,бир айдан кийин окууга кетем,сиз дагы мени менен кетесизби,олда апакем ай,»көрказар» момун,кудай сүйгөн пенде деп,айтчу элеңиз го,эми эмне болду?Мен Токто-
сунду жакшы көрөм,апа.Окууга ал да тапшырат,мен да тапшырам,окууну бүткөндөн кийин үйлөнөбүз,ал мыкты өтүкчү болот.Мен мугалим болом,айылга жашайбыз,ал итатайы тутулган Ракыяны,кучактап өөп алды да,сыртка учкан октой атып,чыгып кетти.»Кыз туугандан көрө,кызыл күчүк туусамчы»,Ракыя кызынын артынан удаа чыкса да,Акмарал таш дүкөндөн эбак өтүп кеткен экен.
«Көрказар» бул айылдагы момун адам,азан чакырып коюлган аты Тургунбек,кой маарек,чыккан чөпкө да
зыяны жок.Аялы Арзыкан менен ушул айылга көчүп келгенине жыйырма жыл
дан ашты.Балдары токтобой,алты пер-
зентин жерге берип,ырымдап катар коюлган балдарынын жанына арча бе-
шик коюшуп,бейит ыраазычылыгын алышып,ушул Токтосуну токтоп,минтип
орто мектепти аяктап олтурат.Токтосун
Акмарал менен он жыл бирге окуп,бир
партада олтурушту.Экөө кичинесинен
ынак болуп,ыйык сезимдерин бой тарт-
канда гана бири-бирине билгизишип,
балалык ыйык сүйүүлөрүнүн чоң сүйүү-
гө айлангандыгын эч кимден жашыра
алышпады.
(Уландысы бар.)