(16-бөлүм.)
Карыптын каңырыгы түтөп,карын-
дашын аяп,кейигенинде,кыраан Ракыя аны да,жолго салчу:-Бул шордууну кү-
йөө албаса,жок дегенде аман-эсен тө-
рөп алса,эрмеги болот.Бала деген ба-
кыт эмеспи,биз эле багып өстүрөбүз,эр-
кек болсо,колуңа кол,бутуңа бут,карын-
дашыңдан туяк,кыз болсо,Аймаралыма
сиңди кылып,багып алам.Андан көрө,
ден соолугу чың болуп,төрөлсө деп тиле деп,кулагына куюп,жоошуп калган
эле.Бир күнү Карып,мал базардан Исага жолугуп калып,айтчусун айтып,
жакалап,тепкилеп салат.Кызың бар де-
генди укканда,анын көзү умачтай ачы-
лып,Карыпка сөз кайтара албай,токмо-
гун жеп кала берет.Анын да себеби бар,
Иса андан бери эки жолу үйлөнүп,аял-
дарынын согончогу канаган эмес,док-
турлар да,анын балалуу болуусунан кү-
мөн санашып,жакшы дарыланышыңыз
керек дешкен эле.Ошентип,менин өзүмдө го деп,ойлонуп жүргөндө,Жий-
дештин кызы сенден деген,Карыптын
сөзү,анын кыш күнүн жай кылып,үстүр-
төн кабар алып,акмалап жүрчү.Быйыл
орто мектепти бүтүп жатат,дегенди угуп,өзүм окутам,мен атасымын деп,
келгенинин жөнү да ушул.Ракыя аны
ит капкандай кылып,узаткан соң,ал
шашпады.Кыз окууга барсын,ыгын таап,сүйлөшүп,имерип алам.Анын үстү-
нө,жаагындагы калы менен көзү меники экенин,сокур калыс да айтат
деп,Ракыянын жаактуу экенин билген
неме,сөздү ырбатпай,кечирим сурап
чыгып кеткен эле.Ал кайым айтышып,
Акмарал чоңоюп калганда,жүрөгүн
оорутпай,бир ыңгайлуу учур болот,Ка-
рып менен Ракыя ээрчишип,кыздын
аркасынан жүрмөк беле деп,Акмарал-
дын окууга бараарын билген соң,токпейил тартып жолуна түшкөн.
Жанына тынчтык ала албаган бир гана Акмарал эмес,Ракыянын да,дүйнөсү дүрбөлөң,ылайыктуу күйөө
таап берип жиберсемби,окууга жибер-
сем,Иса таап,атаңмын деп,имерип ал-
сачы.Ушундай ойлор Иса үйгө келе электе эле,анын Баатыркулдан Ракыяга
айттырган салам дубайынан башталып,
түйшөлүп жүргөн.Мындан үч ай мурун,
Ракыянын жээни Баатыркул келип,Иса-
га жолукканын,Карыптын Акмаралы
менин кызым,соттошсом да алам де-
генин,тайэжесине айтып келген.
(Уландысы бар.)