Ак бейит 15 бөлүм.

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(15-бөлүм.)

Ракыянын жүрөгү уйгу-туйгу,качан-

дыр бир болуп өткөн окуяларды жаңы тарткан тасмадай көз алдынан өткөрүп

эрдин кесе тиштеп олтурду.Шакылда-

ган Ракыя бардык аяштарына жакчу,ко-

лу берекелүү,дасторкону дүйүм,ашы да,кашы да бар,Какемдин бактысы тоо-

дой,аялдын сырттаны жолуккан буга

деп,тамшанышчу жолдоштору.Шаардан

келген жолдоштору жамандык жакшы-

лыкка келгенде,үйрү-тобу менен Карып-

тыкына келип,жатышаар эле.Ракыя да,

анда-санда келген немелер деп,куда тоскондой тосуп,энедей узатып,баары-

нын сыйына ээ болгон,ак токум аял.

Карып бир жумуштары менен айылга

кетип,жайлоодо Ракыя балдары,Жий-

деш менен калган эле.Иса Сарыка-

мышка бара жатып,Карыптыкына кай-

рылып калат да,анын үйдө жогун кө-

рүп,бир арам ой менен негедир маши-

несине шылтоолоп калып калат.Ракыя

аяшы катары тамашалаша,жайлоо кенен,төрүнө төшөк салып берем деп,

бакылдайт.Балдар мал менен алек,кичинекей Аймарал эч нерсе менен иши жок,машинесинен армян

коньягын алып түшүп,ысык куурдак

жешип,шатыра-шатман отурушат.Дары

болот деп,Жийдешке да,анча-мынча уурттатып,үчөө тоо жаңырта ырдашып,

азилдешип отурушат.Жийдештин майыптыгы эле болбосо,жүзү жаркы-

ган,отуруп калган кыз эле.Мурда кийин

мындай отуруп көрбөгөн неме,Карып- тын жоктугунан улам,чачыла-төгүлө

шаракташат.Аттиң,майыптыгың болбо-

со,жанга шерик,жакшы жар болмок

экенсиң деп,ичинен кылтыйган Иса,Ра-

кыяга тийише баштайт.-Эй,сен мени эмне кыласың,кайынсиңдим кыпкы-

зыл эле кыз,эркек этегин ача элек,сени

ал деп,сотко бербейм,ал менин эле ко-

лумда,зордук кылды дебейм,эркек жы-

тын искетип кой деп,төргө төшөк салып,билмексен болуп,чыга берген.

Жийдештин ой- боюна койбогон Иса,

Ракыянын өтүнүчүн канааттандырган.

Иса Жийдештин өзүнө да,жаккан бе-

лем,Сарыкамыштан келе жатып да,Иса

эки күн өргүп алып,андан кийин кайып-

тай жок болгон.

Качан гана,үч күндүк Жийдештин ырахатынын жыйынтыгы байкала баш-

таганда,Карып Ракыяны жарга такап

айттырган.Иса ал учурда,Казакстандын

темир жолунда иштеп,бир топ жыл Кыр-

гызстанда болгон эмес.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️