Ак бейит 13 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(13-бөлүм.)

Ал тез басып,чуркап кетейин деп,

темтеңдей түшүп оңолду.Көкүрөгүн зыл

дай оор нерсе басып,бет келди кулагы-

сы келди да,»үйүн» эстеди.Ошол жакка

барып,оюн териштирип,зылдай нерсени

көкүрөгүнөн алып салгысы келди.

Эптеп кетип бараткандай сезилгени

менен,чындыгында ал чымылдап чур-

кап бараткан.Үңкүргө кирээр менен,өз ордуна олтуруп,бакырып-бакырып ал-

ды.Үңкүрдөн айылдын көрүстөнү даана

көрүнөт,анын үстүнө эски бейит менен

ортосун төтө жол гана бөлүп турат.Ба-

шын көтөрүп караганда эле,Жийдешке

коюлган кара таш даана көрүнүп,Акма-

ралдын жүрөгү бир кызыктай болуп,сы-

гылып кетти.Ал Жийдештин жанына жолочу деле эмес,Ракыя жокто гана,жа

нына чакырып,эпке келбеген майып колдору менен,кучактагысы келээр эле,

ал андан суурулуп,качканча шашчу.

Ал ордунан турду да,түз эле Жийдеш-

тин мүрзөсүн карай басты,кара ташка

чегилген,сулуу жаш аял,муңга толгон

көздөрү менен,тосуп алды аны.Ал көп-

кө чейин тиктеп турду,жаңы эле уккан

сөздөр кулагына жаңырып турду.Көз

жашы токтобой,үн ката албай турду,сүй

лөшкүсү келди.Акылга сыйбаган нерсе,

түшүм болуп калса эмне деп ойлонду да,жалооруй караган таштагы Жийдени аяп кетти.Сумкасын ачып,эч нерсе тап-

пады,ак барак алып чыкты да,Жийдеш-

тин жүзүн аарчыды.Чаң баскан жалты-

рак таштын бетин сүргөндө,жаркырай

түштү.Жийдеш жакындап,мурдагыдай

кучактап,өпкүсү келгендей,сезилди.Ал

эңкейди да,муздак кара таштагы Жий-

дештин сүрөтүнө,үлбүрөгөн эриндерин

тийгизип,шарт бурулду.Өзүнүн кылга-

нына,өзү да түшүнбөдү,бирок,эң жакын,

эң кымбат адамынын көзү жок экенди-

гин сезе,ыйлап келе жатты.

Чоң жолго чыкканда,жанагы алар-

дын үйүнүн жанында токтоп турган ак

машина,чолок көчөдөгү Теңдик деген

кишинин үйүнүн жанында токтоп турга-

нын көрдү.Акмарал Исаны мурда көрүп

жүргөндүгүн ,аны шаардан кел-

ди дешип,атасынын достору менен ке-

лип,өзүнө акча карматканын эстеди.

Каап,кичине кечирээк келгенимде,

муну укпайт элем,»апам»аны кууп жибер

мек.Бул тууралуу классташтарым билет

болду бекен деп ойлоду.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️