Ак бейит 12 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=48254&preview=true Кызыктуу окуялар.

АК-БЕЙИТ

(12-бөлүм.)

Ракыя Акмаралды көрөөрү менен

баштайт,ыр жомокту.Акыркы күндөрдө

ачуу,жаман тилинен заарканган Акмарал,баштагыдай эркелегенин да токтотуп,эртерээк окууну бүтүп кетүүнү

гана самап калды.Токтосун экөө сүйлөшкөндөй «үйлөрүнөн» жолугушат

да,кеткенче шашышат.Ракыяны жин даарыгандай,кандай Акмаралды көрөт,

ошондой ит оорусу кармайт.

Бүгүн биринчи экзамен,эрте турган Акмарал баштагыдай эмес,апам эмне

үчүн мени көрсө эле жини келет,унчук-

пай эле,кетип калайын деп,эшиктин тут

касын кармаары менен:-Экзамениңди

берип,эрте кел.Бир жакка барабыз де-

ген апасынын сөзүнөн улам,башын ийкеп,чыгып кетти.Биринчи экзамен-

ден эркин теманы тандап,элден бирин-

чи тапшырып,чыгып кетти.Апам мени

каякка алып барат болду экен деген

суроо,көкүрөгүнө чий болуп,чийки май

жегендей,келди үйүнө.

Эшиктин алдында токтоп турган чоочун машинаны көрүп,апам мени күйөөгө бергени жаткандан сообу деп,

ойлонуп,бутунун башы менен басып,кылайып ачылган эшиктин түбү-

нө сөз тыңшаганы турду.-Айта албайм,

андай урукту ташка да сиймексиң Иса,

сени да,Жийдешти да,билбейт Акмарал.

Чоңоюп калганда,жараны чукуба.Ырас,

менин атам экенсиң деп эле,көкүрөгүңө

жыгылып түшпөс,мурда кайда жүрдүң

эле?Карып барып,алка-жакадан алган-

да,майып карындашың мен болбосом,

эркек көрбөй өтүп кетет,мени Ракыя

чакырып,карындашыңды койнума ка-

тының салып берген деп,айтып салга-

ныңдан кийин,Карып экөөбүз канча

урушуп жүрдүк.Эгерде,ошол учурда,

майып кызды зордуктаган деп,сотко

берип койгонумда,ырдаган бойдон ке-

силип кетмексиң.Эч бир сот сени актай

алмак эмес,Акмарал Карыптын кызы,

сенин эч бир акың жок,көзүмө көрүн-

бөй жогол,Ракыянын добушу акырын

чыкканы менен,жаалдуу эле.

Ракыя менен бет маңдай отурган

мойну жол караган катындыкындай

койкойгон,чапжаак суйдаң муруту жүзү

нө жарашкан,маңдайындагы алтын тиштери оозун ачкан сайын жаркырап,

оң жак бетиндеги жаактагы бармак ба-

сым кара калы,өзүнүкүнө окшош экен-

дигин көргөн,Акмарал турган ордунда

катып кала таштады.

(Уландысы бар.)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️