Автор:Ханифа Садыкова.
Окуп,ой болушунуздор.Автордун жана модердин эмгегин баалап болушуп коюнуздар.Жакшы создорду бири-бирибизден аябайлычы?
(1-бөлүм.)
Карагырдын чокусунан жаңы гана башпактаган күндүн нурларынын учу ааламга жылуулук ушул жерден тарачудай болуп,тегиз чачыла баштаганда эле,Кабыл атынын ээрин көтөрүп чыгып,сазда тушалып,оттоп жүргөн атын алып келгени жөнөдү.Таң жаңы эле атып келе жатканы менен,анда-санда гана айыл иттеринин үргөнү угулганы болбосо,айыл тыптынч.Эринин туруп кеткенин сезген Ракыя,терең үшкүрүп алды да,оң капталына оодарыла,түйшөлө жатты.
«Аттиң кургурум ай,бүгүн да түшүңө кирген экен,барсаң барып кел» деген ой менен,көзүн жумса да,уйкусу умачтай ачылып,бирөө жуурканын сыйрып алгандай титиреп чыкты,өзүн
жектеп,тамагы буулуп,ыйлагысы келди.Ыйлай албады,аялдык алсыздыгы денесин жанча,бардыгына өзүм күнөөлүүмүн,кудайым кечирээр бекен деген ой менен,ордунан онтой туруп,кийине баштады.
Кара саздагы Карагерден дайын жок,каап дүрбүмдү ала чыкпай,тушалган неме,бир жерге маталып,тыгылып калып,шору катпаса экен деген Карып,атын издеп,бир топ жерге келип калганын өзү да таңазар албады.Мына,бул кырды ашса эле,Ак-Бейитке жетет,артка кайрылбай бара берейин деген ниет менен,күн төбөдөн ура электе деп,кадамын тездетти.Күн аркан бою көтөрүлгөндө жетти Ак-Бейитке.Наар сызбай чыккангабы,ээги титиреп,эрини кургап,эски көрүстөн орун алган жерге келип,жай олтуруп,куран окуду жалпы арбакка.Ордунан очорула туруп,тээ эски бейиттердин этегиндеги жаңы бейитти көздөй,илээлеп кадам таштады.Жаңынын иши жаңы да,эски бейиттердин жанында жаңы топурактан үйүлгөн,четки бейит төрөдөй көрүнүп,чукул келе албай,обочороок олтурду.Ал бир топко олтурду да,ордунан туруп,келген жолу менен,башын жерге сала,шыбак аралай келе жатты.
*****. ******. ******
— Апа,эртең биринчи экзаменибиз,бүгүн гүлгө барабыз.Балким,кеч келебиз.Атам экөөңөр кабатыр болбогула,классыбыз менен чогуу барабыз,Токтосун да барат деген Акмаралдын сөзүнө:-Эч жакка барбайсың,гүлдү тиги Шалпылдактан эле терип алгын,тоонун гүлү болбосо,окууну бүтпөй каласыңбы,жанагы Токтосун деген каракчынын атын угузба.
(Уландысы бар.)