Пример HTML-страницы

Айжанка

https://kyrgyzcha.site/?p=44956&preview=true Кызыктуу окуялар.

Сегиз сааттык учуу чарчатып, денем талыкшый учактын отургучуна чалкалай көзүмдү жумдум. Алдымда дагы үч сааттык учуу бар. Жаныма келип отурган сапарлашымдын үстүңкү багажникке бирдемелерди шыгыратып коюп жатканына да маани берген жокмун. Самолёт ордунан көтөрүлгөндө көзүмдү ачып иллюминатордон үйлөрдүн улам кичирейип баратканын, учу-кыйрына көз жетпеген деңиздин жылып келе жаткансып жүрөк опколжута сестенткен сүрүн карап жерде жүрүүнүн кадырын сезип, тез эле жерге конууну самап кеттим. Бир кезде сапарлашым шуу үшкүрдү. Дене-бойду селт эттирген үшкүрүк азанын үшкүрүгүндөй күйүттүү экен. Жалт карадым. Кара тору, көздөрү бакырайган тили буруу жигит алаканындагы желим баштыкка оролгон бир ууч топуракты аялуу сылагылап ойлуу отуруптур. Көздөрү эми эле ыйлап сооронгондой жаштуу, шишимик тартып турат. Адам санаасы күлүк тура. “Туулган жеринин топурагы го, же бул жигитке катуу таарынган жакындары топурагын түйүп берди бекен. Жок, андай болгондо мынчалык аялуу сылагыламак эмес, туулган жердин топурагы эле болуу керек…” деген ой келди. Сапарлашым карап калганымды байкадыбы, мени карап саламдашкандай муңайым жылмайып койду. “Тил билбейт го, кап, тил билсе үшкүрүктүн, топурактын чоо-жайын сурамакмын. Мүмкүн, түрк тилин түшүнөт чыгар” деген ой, кесиптик кызыгуум тилимди кычыштырып түркчө саламдаштым.

 

– Саламатчылык, – деди кыргызча таптак. Тим эле жоготконумду тапкандай кубанып кайра кыргызча саламдашып жиберген мени ал күлүмсүрөй карап:

 

– Кыргызсызбы же казаксызбы? – деди акырын. Үнүндө кусалык шоолаланып турду.

 

– Кыргызмын, – дедим көөдөн толо сыймык менен. Сапарлашым мени жакынындай мээрим менен карап калганын байкадым.

 

– Кыргызмын деңизчи… Ал дагы оор үшкүрдү. Аза бойду дүрүлдөткөн үшкүрүк жүрөгүмдү үшүтө:

 

– Минтип үшкүрбөй жүрүңүз, бизде “үшкүргөн жаман” дешет, — дедим ичиркенип.

 

– Билем, бирок үшкүрсөм кадимкидей жеңилдеп калып жатам. Бул үшкүрүктүн мага шерик болгонуна жети жыл болду.

 

Экөөбүз саамга үнсүз отуруп калдык. Көзүм топуракка түшкөнүн сезген жигит:

 

– Бул топурак да менин жан жолдошум.

 

– Туулган жердин топурагы го ээ?

 

– Жок, бул менин жарымым, жүрөк жарам, арманым, жубатарым.

 

Жигиттин кареги жашылдана үнү каргылданып кетти. Не деп кеп айтарымды билбей апкаарып калдым. Жигит дагы үшкүрүп алып сөзүн улады.

 

Бул сырдашуу ушинтип башталган эле.

 

Мен бир үйдүн жалгыз баласымын. Египетте туулуп-өстүм. Атам — аскер кызматкери, апам — дарыгер. Атамдын жумушуна байланыштуу жер жүзүнүн чар тарабында болдук. Менин бизнеске кызыгуума да ушул жер кезүү себеп болду окшойт. Бала кезден туристтик фирма ачсам деп кыялданчумун. Атам канчалык аскер кызматкери кылгысы келсе да мен өз каалоом менен кеттим. Бизнестин арты менен отуз жашымда Кыргызстанга келип фирма ачып иштеп калдым. Тоого чыкканды, күн узатып, таң тосконду аябай жакшы көргөн жаным ара күндө Ала-Арчага чыгып кетчүмүн, көлдү кылаалап басып, тээ Арсланбоб, Соң-Көл, Сары-Челекти кыдырып жүрүп кыргыз жериндей керемет жер аз эле экенин өз эли билет бекен деп ойлой берчүмүн. Бир күнү кечинде Көлдөн кайтып баратсам жол боюнда жаш кыз эрбейип жалгыз машине тосуп туруптур. Жамгырдан калкаланар эчтемеси жок кыздын үшүп калганы бекем кысып алган арык ийиндеринен көрүнүп турду. Жанына токтотсом мени бир карап алды да, “түшпөйм” дегенсип ары басып кетти.

 

– Кел, отура гой, коркпо, айткан жериңе жеткирип коём, – дедим жумшак. Алымдын жетишинче кыргызча сүйлөмүш болдум. Түшүндүбү же менин жамандык кылбасыма ишендиби, элеңдей келип артка отурду. Күзгүдөн суу болгонго тармалдаша жаагына жабышкан чачтарына, капкара көздөрүнө, али балапан түгү түшө элек аруу жүзүнө көз таштап “татынакай кыз экен” деп ойлоп алдым.

 

– Эмнеге жалгыз жүрөсүң? – десем ийнин кыса күлүп койду. Сыягы, менин сүйлөгөнүмө түшүнбөдү көрүнөт. Шаарга кире бергенде түшүп калды. Ошол күндөн баштап менде бир түйшүк башталды. Жанды эзген түшүнүксүз санаа жүрөгүмдү буулуктура берчү болду. Бейтааныш кыз менин жан тынчтыгымды уурдап кетти. Кайда жүрбөйүн, ошол кызды элеңдеп издегеним издеген. Окшош караан көрсөм аптыгып жетип барам да, ал эмес экенин көргөндө шагым сына ичим эңшерилет. Ушул жашка келип менде мындай азаптуу да, таттуу да сезим болуп көрбөптүр. Деги эле кыз аттууга минтип мээрим салып көрбөгөм. Ошол күнү бош болсом да таң атпай үйдө отура албай негедир сыртка чыккым келип ашыга бердим. Жол бойлоп баратып артымдан шыңгыраган күлкү уктум да, негедир далым чымырай кызыктай болуп кеттим. Бул күлкү мага бир өмүр тааныштай сезилди. Жалт бурула бердим да, бутум шилтенбей катып калдым. Мен издеген бейтааныш кыз мени байкабай жандай басып эки-үч курбусу менен өтүп кетти. Артынан ээрчип баса бердим, өзүмчө эле кудуңдап кубанып да, аптыгып да алгам. Жанындагы курбулары менен бейкапар сүйлөшүп бараткан кыз менин акмалап баратканымды сезгендей артына бурулду да, саамга көз токтотуп карап калды. Жанындагы кыздар сөз менен алек боло бири-бири менен тартышып кете беришти, сыягы, курбусунун артта калганын деле байкашпады көрүнөт. Ошол ирмемде мага аалам тегеренбей токтоп калгансыды. Экөөбүз тиктешип турган ушул мүнөттөр үчүн өмүрүмдү бергенге даяр элем. Кыз мени тааныды окшойт, ууртун бүлк эттире күлүп койду да:

 

– Мен сизди тааныдым, – деди жайдары. “Тааныганыңдан айланайын, жолуктурган тагдырдан айланайын”, — деп ичимден жалынып жибердим.

 

– Атың ким? – дедим кайра жоготуп алчудай шашып.

 

– Айжанка, – деди ал эч кири жок көздөрү менен жоодурай карап.

 

– Менин атым Жахан. Ал унчукпай колун сунду. Колдорун кармарын кармап алып апкаарып кеттим. Жупжумшак, назик алакандан жүрөктүн какканы угулуп тургансып сезилип кетти.

 

– Узатып койсом болобу?

 

Айжанка дагы ууртун бүлк эттире жагымдуу күлдү. Катар басып бараткандагы бактымды азыр сөз менен жеткире албас элем. Ушул жолдун бүтпөсүн, Айжанканын жаныман кетпешин тилегендей тилекти өмүрүмдө тилебесем керек. Бирок Айжанка тез эле кетип калды. Курбулары:

 

– Айжанка, кеттик, сабактан кечигебиз, – дешти шаштырып. Кыз кетип баратканда бирдеме айтчудай бурулуп бир карап алды да, анан этектерин делбиретип чуркап кетти. Аалам аңгырап, жан кыйнаган боштуктан кадимкидей ыйлагым, Айжанканы тапканыма кубанып кыйкыргым келип, айтор, миң бир сезим жан дүйнөмдө бороон түшүп атты. Мен Айжанканы сүйүп калдым, сүйгөндө да боз баладай акыл-эсимди жоготуп сүйдүм. Күн сайын таң атпай Айжанканын жолун акмалайм, негедир жанына басып барганга даай албай сүрдөнөм, басып барсам эле аялуу буюмумду кирдетип алчудай же туура эмес сүйлөп капа кылып алчудай тартынам. Айжанка менен өз тилинде сүйлөшүү үчүн курска жазылдым. Мен артынан акмалап жүргөндө Айжанка кимдир бирөөнү издеп жаткансып элеңдеп эки жагын карай берчү. Ал анткен сайын жүрөгүм кабынан чыгып кетчүдөй дикилдеп дүйнөм оодарылат. Ошондой азаптуу күндөрдө Айжанка капилет жолуман чыкты. Экөөбүз тең саамга эндирей туруп калдык.

 

– Сизди кетип калган го дегем, – деди ал кыпкызыл боло албырып.

 

– Кайда?

 

– Билбейм…

 

– Сабакка баратасыңбы?

 

Кыз саамга унчукпай бирдеме айта албай жаткансып колдорун укалай үнсүз турду да:

 

– Мен мектепте окуйм, бирок сиз менден качпаңыз, мен тез эле бүтөм, – деди күтүүсүз. Мен чыны чочуп кеттим. Айжанканы биринчи курста окуйт го деп ойлогом. Бирок ошол замат мунун мен үчүн мааниси жок экенин тээ дил тереңинен туйдум. Мага Айжанка өзү макул болсо эле жылдап күтүүгө даяр элем.

 

– Анын мааниси жок, – дедим кыздын баёо каректерин карап.

 

– Чын элеби? – Айжанка баладай кубанып кетти. Бала да, бала эмей эмне. Анан божурап мектеби, курбулары, тилек-максаттары тууралуу айтып кирди. Ал сүйлөй берди, мен болсо дүйнөдөгү эң жагымдуу музыка угуп жаткансып жыргап тыңшап бараттым. Ошол күндөн баштап күн сайын жолукчу болдук. Мен жолуккан сайын сагынып, көргөн сайын көзүм тойбой, коштошо албай кыйналам. Арадан бир жыл убакыт кандай өткөнүн сезбей калдым. Ошол бир жыл аралыгында кыздын колун гана кармаганым болбосо, жакын туруудан сүрдөп жүрдүм. Сиз мунун мыйзамдан корккондон деп ойлобоңуз, Айжанка кол тийгис аруу эле, ой жеткис бийик эле…

 

Айжанка туулган күнүнө чакырып үйүнө бардым. Апасы Айжанкага куюп койгондой окшош сулуу, атасы болсо токтоо, ак сөөктөрдөй түптүз басып, аз, бирок абдан сылык, маанилүү сүйлөгөн адам экен. Алар мени азиз меймандай кабыл алышты.

 

– Сиз Айжанканын мугалимисиз да ээ? Сизге барганы кызым англисче жакшы сүйлөп калды, – деди апасы чай үстүндө. Айжанканы карасам каректери чоңоюп кетиптир.

 

– Ооба, англис тилинен сабак берем, – дедим сыр алдырбай. Айжанка мага ушундай бир ыраазы боло карады, ошол көз карашты мен али да көөдөнүмдө сактап жүрөм. Атасы болсо кызы менен мени алмак-салмак маанилүү карап койгону болбосо, кепке аралашпады. Биз мен болгон мамлекеттер, туулган жерим, ата-энем тууралуу сүйлөшүп отурдук. Айжандын атасы абдан билимдүү, көп өлкөдө болгон адам экен, ушул жагдай биздин маегибизге жардам берди. Айжанка мени гана чакырыптыр. Биз бир оокумга чейин сүйлөшүп отурдук, кетерде Айжанка мени узатып коймок болду эле, атасы:

 

– Сен кала бер, кызым, мен таза абада бир аз сейилдегенче мейманды узатып келем, – деди кызын эркелете мээрим менен карап. Бирок ошол мээрим толгон көз карашта алда кандай нааразылыкпы же шек санообу, айтор, бир кермек ой жатканын баамдадым. Мен азыр кандай кеп болсо да угууга даяр элем.

 

– Сиз канча жаштасыз? – деди сыртка чыгып бир аз басканда.

 

– Отуз төрткө чыгам жакында.

 

– А Айжанка эми он бешке чыкты, ал али бала. Кызым өзүндөгү сезимдерди талдай турган куракка жете элек. Сиз чоң адамсыз, баланын тагдырына кесириңиз тийип калышын каалабайм. Сиздей жигитке кыздар жокпу, тим эле чекесине чертип тандаганга мүмкүнчүлүгүңүз бар, – деди тамекисин ойлуу үйлөп.

 

– Мага эч кандай кыздын кереги жок. Мен сизге Айжанканы бактылуу кылам деп жигиттик сөз берем.

 

– Бул биздин акыркы кездешүүбүз деп ишенем, кызыма жакындасаңыз, таарынбаңыз, мекениңизге кандай жетип калганыңызды байкабай каласыз.

 

– Сиз мени туура түшүнүңүзчү, мен Айжанканы сүйөм.

 

– Кайдагы сүйүү, ал деген али бала, сиз муну түшүнүп жатасызбы?! Мен сизге эскерттим, сиз акыл-эси толгон адамсыз, туура чечим чыгарарыңызга көзүм жетет, – деди да, шарт бурулуп түптүз басып кетти. Мен түн бою үйгө кирбей көчөлөп басып жүрө бердим. Айжанкасыз жашоомду, ансыз өтчү өмүрүмдү элестете албай койдум. Тоого кетчү жолго түшүп алганымды качан тоо аралап баратканда байкадым. Тээ жол жок жерге чейин бардым да, сыртка чыгып алып үнүмдүн барынча “Айжанка” деп кыйкырып-кыйкырып алдым. Ошол түнү «Айжан» деп үнүнүн барынча кыйкырып, ыйлап, жиндеп кеткенсип ары-бери басып жүргөн мени тоолор, анан капкараңгы түн гана угуп тунжурап турду. Баса албай калганда сулк жыгылып, топурак тиштей жер кучактап көпкө жаттым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE