Айрым каталарды оңдоп, кайталабай койгонго болот.

https://kyrgyzcha.site/?p=59993&preview=true Кызыктуу окуялар.

Айрым каталарды оңдоп, кайталабай койгонго болот. Айрым каталар болсо ѳмүр бою ѳкүнүчкѳ кептеп, бир эле эмес бир канча адамдын жашоосуна кара кѳлѳкѳ түшүрүп, зыянын тийгизип турат. Мындай азапка кабылып калбоонун жалгыз жолу – жаштыкта жаңылбоо, чалынбоо. Ал үчүн башкалардын катасынан сабак ала жүрүү керек.

«Телегейим тегиз эле»

– Ата-энемдин тун кызы, бир туугандарымдын башчысы болуп абдан тың ѳстүм. Айылда болсок да мектеп директорунун балдары катары маданияттуу, билимдүү, чынчыл болуп калыптандык. Атам менен апам мени эле эмес, үч инимди да жогорку билимдүү кылышты. Бир гана атабыздын сый кѳрѳр маалда бул жарыкты таштап кеткени баарыбыздын арманыбыз эле. Окуумду аяктаган соң жеке менчик ири компанияда иштеп жүрүп, башка ѳлкѳгѳ которулууну чечтим. Алыска кетишим апама жаккан жок, бир топ каршы болду. Мен ал сайын «турмушка чык» деген сѳздѳн тажап, бир чети жашым ѳтүп бараткан сайын жалгыздыгым ѳзүмѳ жакпай же жаңы бир кызыктуу нерсе таппай башка ѳлкѳгѳ чыга качтым. Жаңы жер, жаңы эл, жаңы иш болуп жашоом бир кыйла кызыктуу боло түштү. Ошол кездеги абалым сонун эле, эч ким жашоомо кийлигишпей, келечекке күлѳ карап, телегейим тегиз болчу.

 

«Махабатка мас болдум»

– Апам мени абдан катуу кармачу. Айылда турсун борбордо жүрүп да кең-кесири басып, каалагандай ойноп-күлѳ алган эмесмин. Себеби апам аралыктын алыстыгына карабай мени тайкелериме кайтартып, кѳзѳмѳлүн токтотчу эмес. Бул үчүн апама капа болуп, таарынышып да калчубуз. Апам бирде коркутуп, бирде жалынып «кыз кургурдун тагдыры кылдын учунда. Кѳз ирмемде жашооңо жик кетип, абийирсиз калууң мүмкүн. Чолпондой жалгыз кызымсың. Сен ордуңду таап отуруп калмайынча мен тынч уктабайм го» дечү муңая. Апамдын камкордугуна бирде эреркесем, бирде таң калчумун. Жигит жандап, күйѳѳ тандабай карт бойдок болушума, балким, апамдын ушундай мамилеси себеп болгондур. Балким, убакыт-сааты келе элек беле?..

Пример HTML-страницы

Түркияга келгениме 2-3 ай болгондо гана мекенге болгон сагыныч менен мекендештердин жоон тобуна кошулдум. Кыргыздар абдан эле кѳп экен. Алардын арасынан биздин райондон чыккандар ѳздѳрүнчѳ бѳлүнүп тыгыз катышып турушат экен. Айбек менен ошондой жолугушуулардын биринде таанышкам.

Экѳѳбүздүн айылдарыбызды эки айыл бѳлүп турат. Экѳѳбүз алгачкы таанышууда эле тил табышып, жылдызыбыз келишип калды. Ал мени жактырып калганын башында эле байкагам. Түпкүрдѳн түрүлүп чыккан сезимдер мени да ага кайдыгер караткан жок. Мен аны жомоктогу ханзаадам деп атам алдым. Түркүн шылтоолор менен сүйлѳшүү, жолугушуу бизге адат болду. Мен ишиме баштагыдай берилбей, элден качып бекинбей, издегенимди тапкандай жыргал жашоого ѳтүп кеттим. Бул жерге тажатма жашоодон качпай эле бактымды издеп келген окшойм. Айтор, кыз-жигиттик кызык күндѳр ѳтѳ баштады. Сүйүүдѳн бактылуу болгон адам менче болор.

 

«Айка, артка кайт»

– Мамилебиз чукул бурулуп, ысык-ынак болуп кеткенибиз менен таанышканыбызга саналуу гана айлар болгондо Айбек үйлѳнүү сунушун киргизди. Бул мен үчүн күтүлгѳн да, күтүлбѳгѳн да сунуш эле. Толкундануудан ѳзүмдү араң кармап, колума шакек салындым. Айбек мени телефон аркылуу апасы менен тааныштырып, апасы тойдун эрте болушу керектигин айтты. Биринин артынан бири болуп жаткан бул чоң сунуштарды апамдан башка ким менен бѳлүшмѳкмүн? Апама чалып болгон сырымды тѳгүп, тойдун жакында болорун кошо сүйүнчүлѳдүм. Албетте, апам абдан кубанды. Кайсыл жактан болорун сураганда кошуна эле айылдан экенин айттым ишенимдүү. Апам менин жакын жерге турмушка чыгышымды каалачу. Айылынын атын укканда апам Айбек тууралуу дагы да билгиси келип суроолорун жаадырды. Апасы жалгыз чоңойтконун, атасы жок экенин айтканымда апамдын маанайы бузулуп апасынын атын билип беришимди суранды. Чынын айтсам, ушул убакка чейин Айбектен апасынын аты ким экенин сурабаган экенмин. Апамдын суранычы менен дароо эле Айбектен апасынын атын сурап, апама жазып жибердим. Эмнегедир апам болочок күйѳѳ баласына эч кандай реакция кылган жок, бир да быйтыкча жиберип койбоду. Эртеси чалып ала албадым. Инилерим аркылуу да байланышпай койду. Үчүнчү күн дегенде таң азандан чалып, учурашып эле:

– Айка, кызым, артка кайт. Кел биякка. Тез кел,- деди титиреген үн менен. Мен эч нерсеге түшүнбѳй калдым.

– Апа, эмне болду сизге? Тынччылыкпы?

– Айка, кайт дейм.

– Апа, ыйлап атасызбы? Эмне болду?

Байланыш үзүлүп калды. Инилерим апамдын катуу ооруп калганын айтышып, жолго чыгууга аргасыз болдум.

Менин келишим апама кубат берди. Дароо чыйралып, баш кѳтѳрдү. Кан басымы кѳтѳрүлүп кеткен экен. Апамдын мага бир нерсе айта албай жатканын сезип турдум. Жалгыз калганыбызда кѳп күттүрбѳй кеп баштады:

– Кызым, силер жашап алдыңарбы? – Башка чапкандай болдум. «Бул эмне деген орунсуз суроо?» дедим ичимден.

– Апа, той кылабыз деп айттым эле го,- таарынычтуу үнүмдү катканга тырыштым.

– Үх-х. Той… Тойду кой, кызым.

– … – Кѳз жашым жарышып кетти. Мен апама таң калып турдум.

– Айна менен сүйлѳштүрчү.

Айбектен номерди алып бердим. Апам жалгыз калууну ѳтүндү. Эмне болгонуна түшүнѳ албай, алдыда эмне болуп кетерин болжой албай короодо ары-бери басып жүрдүм.

 

«Мен сени келин кыла албайм»

– Оо, далайда апам мени жанына чакырды. Апам экѳѳбүздѳгү дүрбѳлѳңдү бул үйдѳгүлѳр байкашкан деле жок. Мен келгени апамдын баш кѳтѳрүп калганы гана аларга жетиштүү сыяктуу. Апам үнсүз мелтирейт. Ыйлаган окшойт. Мен да ооз ача албай катып турдум. Аңгыча жанагы номерден чалуу келди. Апам телефонду үнсүз мага сунду.

– Алло, саламатсызбы?

– Саламат айланайын, жакшысыңбы кызым? – Трубкадан оор үшкүрүк жаңырды.

– Сизди угуп атам.

– Айка, сен бизди кечир. Апаңды кечир. Мен сени Айбекке алып бере албайм. Апаңды кечир, макулбу? Силерге болбойт! Болбойт! Мен Айбекке ѳзүм айтам.

– Апа, – мен апама үмүттүү карадым. Апам эрдин тиштеп, жер тиктеп отурат.

– Ай, Айка, укчу, апаңды кыйнаба. Айбек экѳѳң бир туугансың. Анан кантип…

Телефонду ѳчүрүп салдым да, дендароо болуп туруп калдым. Апам эки күн тилден калгандай үн катпай койду. Бир туугандарым тызылдап ден соолугуна кабатырланып чуркап жүрүштү. Мен же чындыкка жете албай, же баарына кол шилтеп кете албай эки күн эки кылымдай болду. Айбекке байланышуудан жүрѳгүм титиреп коркуп турдум, ал да кабарын билдирип койбой тынч. Ушундай эч кимдин кѳзүнѳ кѳрүнбѳй, бирок мени тумчуктуруп жаткан туңгуюк маалда андан кат келди.

– Уктуң да, э?

– Ооба, бирок эч нерсеге түшүнгѳн жокмун.

– Сага айтып берген жокпу?

– Жок, абалы жакшы эмес.

– Мен бакма бала экенимди билчүмүн. Сенден жашыргам. Бирок мени таштаган адам сенин апаң экенин билген эмесмин.

Бул сѳз мага уудай болду. Ушул кыска маектен Айбектин менден кандай алыстап кеткенин туя алдым.кыркы үмүтүм кыйрап, эч качан илебинен кайтпачудай болгон сезимим жалп ѳчүп, мупмуздак денем эле калгандай нес болуп калдым.

Бир жума күттүм, апам дагы деле кеп айтууга жарабады. Айбекке кайрылуу эми маанилүү эмес эле. Чындыктын түбүнѳ жетпесем да болчудай эмес. Бар күчүмдү жыйнап анын апасына байланышка чыктым.

 

«Ачылган сыр. Алданган кыз»

– Кѳрсѳ Айна эже апамдын алыскы туугандары болот экен. Экѳѳ Фрунзенин ири заводунда чогуу иштеп, сырдаш болуп, бир бѳлмѳдѳ жашашыптыр. Апам окууга ѳтѳ албай иштеп жүрүп бир жигит менен кыз-жигит болуп, сүйлѳшүп калыптыр. Качан гана апам кош бойлуу экенин билгенде ал адам изин суутуп, аягын карматпай кеткен экен. Окуянын баарына күбѳ болгон Айна эже «согончогум канабай туруп дагы кимге тийип балага зар кылат элем. Жалгыз ѳтѳм дечү элем, эми, мени жалгыз кылбай баланы мага тѳрѳп бер» деп апамды багып, жарыкка келген наристени колуна алыптыр. Ошентип, жарасы ырбаак, сыры аялуу эки аял жан адамга билгизбей бул ишти сыр кылып жаап, мындан ары бет келбеске ант берип, тагдыр буюруп беттешип калышса бейтааныштай ѳтүп кетүүгѳ убадалашып коштошушкан экен.

 

Апамдын болгон сырын уккан соң ѳзүнѳ берер суроом деле калган жок. Тилекке каршы, алдыга карай үмүтүм да калбады. Апамдын мени кайтарып, тынчсыздануусунун сыры ушул жакта жаткан турбайбы. Эх, апам, апам, ѳзү айтмакчы, кыз кургурдун тагдыры кылдын учунда экенин билген соң мени анча аярлап корубай эрте күндѳ ѳзү тандаган бирѳѳгѳ узатып жиберсе, балким, бактым ачылып кетмек беле деп ойлой берем…

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️