Айка

https://kyrgyzcha.site/?p=44409&preview=true Кызыктуу окуялар.

Бүгүнкү кардын көптүгүн айт, апакай болуп сүт төгүлүп калгансып бир да кара жер жок. Мен үстүмдөгү эски курткамдан тартынып троллейбустун артындагы бурчта бараткам. Сен университеттин аялдамасынан чыктың да, тыгылган элди жиреп эле алдыга умтулуп жөнөдүң. Бир кезде дал ортого туруп алган семиз аялдын капталына келип тыгылып калдың. Ары жылсаң да, бери жылсаң да өтө албай аялдын колтугунда калган сага күлкүм келди. Ошондогу турпатың али да көзүмдө турат. Бир кезде сен эптеп бери чыктың да, мага карап күлүп койдуң. Анан жаныма келдиң, кадимкидей тердеп кетипсиң.

 

– Ушундай чоң аялды биринчи көрүшүм, – дедиң актангансып. Анан:

 

– Мен азыр түшөм, сенчи? – дедиң эски тааныштардай эле шар. Чынын айтсам, сенин мындай “наглыйлыгыңа” ачуум да, күлкүм да келди.

 

– Сага отчёт беришим керекпи? – дедим мен да сенсиреп.

 

– Жок, тек сурадым да, узатып койсом дегем.

 

– Жолду өзүм деле таап кете алам.

 

– Сени ээрчип эле басам, чынын айтсам, шаарды деле жакшы билбейм, – дедиң баладай жаркырай күлүп.

 

– Деги өзүң каерден түшөрүңдү билесиңби?

 

– Ооба, ЦУМдан түшөм.

 

– Апей, ЦУМга деген тескери жакка кетет да.

 

– Жөнчү ай, тиги ЦУМ деген жазуусу турбайбы?

 

Мен сенин көзү алайган кебетеңе ансайын күлдүм. Апасынан адашкан баладай болуп бозоро түштүң. Жанагы киргендеги шарлыгың күбүлүп, заматта бечара кейпин кийип шалдая түштүң.

 

– Атаңгөрү, эми кантчүмүн, кайра кеткенге жол кирем да жок эмес беле, — деп дилиңдегини айтып жибердиң.

 

– Мен берип турам, – дедим чын ниетимден. Сен мени жалт карадың. Карегиңде эми эле турган жумшак жайдары күлкү каарга айланып жек көрө карадың.

 

– Сенден алгандан көрө жөө эле кетем, – дедиң да, — мейли, кабарлашып турабыз, — деп коюп түшүп кеттиң.

 

“Кантип кабарлашабыз? Неге телефонумду сурабайт, же өзүнүкүн бербейт?” деп ойлоп, таарына да түштүм.

 

***

 

Мен бүгүн сени көрдүм. Жалгыз эмес экенсиң, жаныңда көздөрү бакырайган, кара тору кыз жүрүптүр. Эмнеге телефонун бербейт десе… Сен мени көргөн жоксуң. Мен көргөндөгүдөн бир топ өзгөрүп көз карашың олуттуу, келбетиң салабаттуу боло түшүптүр. Сен мени байкаган жоксуң. Оболу жаныңдагы кызды көрбөй умтула бергенде ары жактан тиги кыз басып келди да: “Кыялбек, жүрсөң, тиги жакта мындан да сонуну бар экен”, — деди сени колдон ала. “Демек, аты Кыялбек тура”, — дедим ичим тызылдап.

 

***

 

Кайрадан кыш. Болгондо да сени алгач көргөн күн. Бүгүн да дал ошол кыштагыдай аппак кар жааптыр. Болгону мен башкамын, үстүмдө жаңы пальто, а жүрөгүм болсо кусадан эскирип дат басып кеткенсип атат. Сени неге унутпай койдум, билбейм. Кечинде мага келген кудаларга макулдугумду бергем. Эмнени күтмөк элем, жигитим деги жок, өзүм болсо төртүнчү курс болуп калдым. Үстүмдө желкемден басып турган пальтону ошолор кийгизип кеткен.

 

– Айка, – деди бир кезде бирөө, жалт карасам, айылдаш курбум. Ал бизден бир курс жогору окучу. Демейде көргөндө тек гана учурашып койчу айылдашым тим эле кубанып алыптыр.

 

– Сени жолуктурганым ырас болбодубу. Кечинде эле сени кеп кылганбыз.

 

– Эмне деп, жамандаппы?

 

– Жок ай, — ал бирөө угуп койчудай мага жакын келип шаша шыбырап кирди, — кечинде биздин үйгө оорукчан болуп калган карындашын айыктырам деп Казакстанда иштеп жүргөн бөлөм келген. Анан ал сенин сүрөтүңдү көрүп эле: “Мен издеп жүргөн кыз”, — деп чалкасынан кетти. Ой, баарынан кызыгы атыңды да билбейт экен.

 

Берилип сүйлөп жаткан айылдашымдын кебин бөлдүм:

 

– Бөлөңдүн аты ким?

 

– Кыялбек. Коё тур, менде сүрөтү бар.

 

Курбум сумкасынан сүрөттү сууруп чыкканча кылым болуп кеткенсиди. Сүрөттө сен күлүп турдуң, жаныңда баягы мен көргөн бакыраң көз кыз.

 

– Бул ким? — дедим кызды сөөмөйлөй.

 

– Ошо карындашы да, оорулуу болгон, ой, азыр жакшы болуп калды. Байкуш Кыялбек болбосо, ким билет, ошол кай жерде жакшы доктур бар десе алып барып жүрүп айыктырып алды. Апасы алып барат, а Кыял болсо каражатын табат. Атасы жашында өтүп кеткен да.

 

– Айдана, бул менин номерим, мен Кыялды эртең саат беште биз жолуккан университеттин аялдамасынан күтөм, – дедим да, маршруткага түшүп кетип калдым.

 

Мен үстүмдөгү пальтодон, кулагымдагы сөйкөдөн кутулганга шашып бараттым. Кыштын күнүндө пальтосун колуна кармап алып шашып бараткан мени баары карап өтүп жатты, а мен кийсем булгап койбоюн, аманатты тапшырайын деп үйгө шашып бараттым.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️