Пример HTML-страницы

Айдана.

https://kyrgyzcha.site/?p=41095&preview=true Кызыктуу окуялар.

Айдана.

Кайрымсыз тагдырга ачууланган өңдөнүп асман дагы бир ирет күр-шар эте күркүрөп алды. Анын коркунучтуу үнүнөн чочуган наристе дагы ойгонуп чырылдап ийди. Бели бекчейип, карылыктын майда бырышы колу менен жүзүн бирдей баскан кемпир ымыркайга үңүлө калып соорото баштады. А арык келин кыймылга да келип койгон жок. Кайрадан күр-шар түшкөн добуш жер жарып кетчүдөй каарын салды да нөшөрүн төгүп жиберди. Чагылган күңүрт тарткан бөлмөнү жарык кылганда терезенин түбүнөн жылжып түшүп тактайды суу кылып жаткан ылай суу жалтырай түштү. Ырасында бул тар бөлмөдө көктөн түшүп жердеги баткакка жуурулган ылай суудан башка жылт эткен жарык берер эч нерсе жок.

 

Таң атып ата электе ойгонгон суз келин шырп алдырбай жаман халатын жонуна салып, өңү өчкөн жоолугун бекем байланды. Адеп тирүү бекен дегендей кары кемпирге үңүлө тынып турду да, анын алсыз демин байкап санаасы тынгандай болду. Анан бул жашоого кантип келип калганын али аңдай элек наристесин телмире тиктеп турду. Эне мээрими кандай, эми гана наристеге мээр сала караган эненин бир үзүм болуп жылт эткен жакшы оюн сезе койгондой ууртун тарта чукуранып алды наристе. Анын бул кыска жылмаюусу келинге бир күндүк күч болот, бир айлык дем, бүт өмүрүнө жете турган үмүт берет. Ал ушул нерселерге бел байлады да, аста туруп бырышкан эски күрмөсүн колуна кармап сыртка чыкты. Ырас жаан басылып калыптыр. Күн ачык болчудай…

 

Ар бир таңда келинди жапыз тамдан ээрчитип чыгып кымбат машинелер зуу коюп өткөн чоң жолдун жээгине жеткирген жети чакырымдык узак жол суз келиндин санаасын санга, оюн онго бөлөт. Бүгүн дагы канча аракет кылганына болбой санаалуу ойлорго жетеленип шаша басып жөнөдү. Мындай жашоонун жетегине көнгөнүнө кеч күздүн ушул экинчи айы менен туура эки жыл болот экен. Эки жыл. Бул ой келиндин сезимин булкуп кетти. Эки жылдан берки жашоосу биринен-бири айырмаланбаган санаалуу, түйшүктүү болсо дагы аларды башынан ойлоп эрмек кылгысы келди, курган.

 

***

 

Муздак көрүнүшү адам аттууну өзүнөн түртүп турган жетимдер үйүнөн кутулганына кубанган кыз келечегине абдан ишенди. Анткени анын сулуулугун, акылдуулугун, зиректигин тынбай даңазалап айтып турган мырзасы бар. Баарынан кубанганы ал жигит Айдананын жетимдер үйүндө тарбияланган кыз экенин таптакыр оозуна албайт. Ал турсун уккусу да келбей «Айка, мен болгону сенин жашоомо келген жарык экениңди гана билем. Сен антип жаман ойлор менен кыжаалат болбочу. Башкысы менин жанымда болсоң болду. Мен сенин аялдык кадырыңа жетем» дейт. Анын мындай таттуу сөздөрү кыздын күнү ишин, түнү уйкусун токтоткон кыялына айланган. Басса-турса бактылуу жашоонун ханышасы болот да жүрөт. Азыр да чакан баштыгына бир аз кийимдерин салып, балалыгы өткөн бөлмө менен кош айтышып чыкты да, артын карабастан чоң жолго бет алды. Көп күттүрбөй алыстан ашыга баскан тааныш караан көрүндү. Албетте, бул сөзү шекер, жүзү жылдыздуу, ар дайым өзүнө ишенип жашаган Куба. Айдана менен алгач ирет таанышканда ушул ысымды айткан. Кийин жакын мамиле күтүшкөндө чын ысымын билгиси келген кызга ушундай эле чакырышын сылык суранган. Кубаныч менен көрүшкөн жаштар эч буйдалбастан дайыма кезигип жүрүшкөн бак ичине жөнөштү. Адаттагыдай жайдары маанай, жарышкан тамашалар, таттуу кыялдар болду. Бир убакта жайдары кыздын күлкүсү тыйыла жигитке үңүлдү.

 

– Куба, жетимдер үйүнөн кутуларын кутулдум. Бирок эми кайда барам, айтчы? Окуу деген менин кыялымда гана жашап калат окшойт. Шаар ичинде бир эле адамдын жашоосу кандай кыйын, ээ? Иштешим керек.

 

– Сен эч ойлонбо дебедим беле. Ушундай суроону бергендин өзү жакшыбы эми? Менин батириме барабыз. Анан эртеңдерден иш издейбиз. Колуңа акча тийип бир сыйра жаңыланып алсаң батирге чыгып кетесиң да, кабатырланбачы.

 

Кыздын сулуу жүзү кубанычка жаркый түштү. Жер үстүндөгү жакын санаган жалгыз адамынын мынчалык тапкыч, акылгөй экенине жетине албай кетти. Шаар ортосунда жайгашкан бир бөлмөлүү батир тууралуу укканы менен Айдана бул жерге биринчи ирет келип олтурат. Бойдок эркектин иретсиз, бирок бардыгы бар үйү ага хан сарайдай эле туюлду. Мындан өткөн бакыт болобу, жүрөгү толгон сүйүү, ал сүйүүсүнүн ээси жакшы сөзүн аябай жанында турат. Бул сокур сезим ушул түнү кыздын башын биротоло айлантып, биротоло ошол адамга байлап койду. Сезим торуна тушалган кыз өзүн биротоло энчилеп, мындан ары эч качан ажырабайбыз деген ойго чырмалды да калды. Бирок аз убакытта төгүл-чачыл болуп чыга келген бул бакыт бактысыздыктын башаты эле.

 

Айтылгандай Куба Айдананы ээрчитип иш издөөгө чыгышпады. Ар бир таңда жайлуу бөлмө, жылуу төшөктө ойгонушуп, түш оогончо сезимдердин кучагында бактылуу термелип жашап калышты. Түш оой ишке чыккан Куба кеч менен тамак-ашын көтөрүп келип калат. Айдананын үйдү таза тутуп, кирин жууп, тамагын камдап турганы экөө үчүн тең жагымдуу. Бири өзүн эр сезсе, бири аялдык бакыттын учкундарын туюп кубанышат. Заматта өтүп кеткен эки ай аларды бири-бирине биротоло көндүрүп, бири-биринен ажырагыс абалга келтирип койду. Башта айтылган убаданы аткарууга экөө тең чыгынышпады, ал турсун ал тууралуу ойлонуудан оолак болгулары келди. Экөөндөгү ой «башкысы бирге болсок, жаштыгыбыздын мындай кумардуу күндөрүн жакшы өткөрсөк» деген гана болду. А ата салты, эне адеби, мусулман парзы тууралуу ойлонууга чамалары да келбеди.

 

Ушул күндөр эки жашка дагы бир жаңылык сунду. Кудай берип Айдана кош бойлуу болду. Бул кабарды билгени анын бактысы эки эсе арбып, ажары андан бетер ачылды. Көңүлү сергек, мүнөзү мурдагысынан да жайдары болуп балалыгынан тартып ой басып калыптанган жүзү мээрим менен нурданып калды. А Куба мурдагы калыбынан эч жазбады. Бир күнү машине алуу тууралуу оюн ортого салып, алдыдагы бакыт тууралуу кыялдарын чачты. Айдананын жок дебеси турган кеп. Заматта насыя жолу менен машинелүү да болуп калышты. Айдананын ар бир күнү Кубаны ишке узатуу, күн бою улам сайын чоңоюп келе жаткан курсагы менен сүйлөшүү, анан кайрадан жолдошун иштен күтүп алуу менен өтүп жатып заматта төрөр күнүнө сегиз айга жакындап барды. Бир ыргагынан бузулбаган бул күндөр бир күнү катуу толкуду. Айдананын ыза, кызганыч менен аккан ачуу жашына толкуду. Сырттан келип ваннага кирген күйөөсүнүн кол телефону кат келгенин кабарлап шыңгырады. Демейде анын ишине кийлигишпөөнү эсинен чыгарбаган Айдана бул жолу эмнегедир телефонду колуна ала койду. Аты аталбаган номер менен бирге келбеттүү кыздын сүрөтү туруптур. Катты ачууга аргасыз болду. «Романтик, мен сени дагы канча күтүп турайын?..». Аягына кабак түйгөн быйтыкчаны кошуп коюптур. Келин же ишенерин, же ишенбесин билбей туруп калды. Заматта чакан бөлмөнү он айланып чыкканын өзү сезген жок. Туш тараптан жааган ойдун баарын «мен ага ишенем, ал мени алдабайт» деген күмөндүү ою менен артка кайрып жатты. Ваннанын эшигинин ачылышы келиндеги ойлорду чачыратып, ашканага жөнөдү. Бирок ал ойлогондой күйөөсү тамакка келбестен жаңы баштала турган иши менен алыска барышы керек болуп жатканын айтып жөнөп калды. Ал түнү канча ирет коңгуроонун шыңгырын аңдыганы менен таң агарганча бөлмө тынчтыгы бузулбай койду. Ашкана столуна өбөктөп таң атырган келиндин ишеничине жарака кетип, жүрөгүн үзүп алчудай болгон кызганыч ааламын тарытып жатты. Ичин кучактап буркураган келин болгон бугу чыкканча ыйлады.

 

Чыдамкай, сабырдуу адам болсо ушунча болор. Айдана кош бойлуулугунун акыркы айында жолдошунун күн алыс үйгө келбей калуусун кыңк этпей көтөрдү. Ойлонсо эсине келер деген үмүт менен үйүн түрлөп жасалгалап, өзүн андан сулуулап, беш маал тамагын камдап турду. Күйөөсү үйдө болуп калган кезде жарыкка келерине аз калган наристеси тууралуу кеп козгоп, төрөт жөнүндө билгендерин бөлүшөт. Бирок анын мындай аракеттери абага тарап жок болду.

 

Төрөтканага таштап, колуна тыйын карматып кеткен бойдон күйөөсү келбеген келин айланасына таң калуу жаратып жатты. Ымыркайы менен бакытка балкыганы менен ичинде сары оорусу бар экени ойлуу каректеринен даана байкалат. Чалуусун албай жаткан күйөөсүн бир жектесе, бир санааркап ойлонуп олтурган келин медайымга дагы бир күн ооруканада жата турууну, күйөөсү маанилүү иштеринен бошору менен алып кете турганын айтып жалдырап ийди. Келин канчалык сыр бербегенге тырышканы менен андагы бушаймандык менен ызаны байкаган кыраакы аял аргасыз макул болду. Бирок келин күткөндөй күйөөсү келбеген соң айласыздан палатада кийип жаткан кийими менен бир колуна баласын, бир колуна баштыгын көтөрүп жөнөп калды.

 

Алтынчы кабатка араң дегенде жеткен келин үй алдында кайра-кайра коңгуроо басып кыжаалаттанып турду. Бир маалда ич жактан чыккан жай дабыш босогого келди да, каалга аста ачылды. Келин ымыркайын бооруна кысып аң-таң болуп туруп калды. Алдындагы периштедей сулуу, өзгөчө назик кызды тааныбады. Бирок анын үстүнө жабылган халат менен башына оролгон сүлгү өзүнүкү экенин тааный калганда башына кылт дей түшкөн «кантип эле башка үйгө адашып келип алдым» деген оюнан бошоно калды. Ушул кыска мүнөттөрдө босогонун ары жагы менен бери жагына таштай каткан эки аялдын жакшы тилектери биротоло бырчаланып, кыялдары таштандыга айланды.

 

Булкулдай камынып сыртка жөнөгөн жаш кыздын артынан чыккан күйөөсүн эми келбесе керек деп ойлогон эле. Жок, Айдананын күтүүсүз кирип келгенине болгон ачуусун жашыра албай жулкунуп келди. Бирок ой баскан кабагын ачпаган келиндин үнсүздүгү анын да жаагын жапты. Айдананын кыялындагыдай бакылдаган эркелетүү, кам көрүү менен калдастаган кыймыл болбой үй ичин муздактык каптады. Куба үйдө болгону менен эч пайдасыз. Айданага акча санап берерде гана эриндери кыймылга келип бир аз козголбосо ашыкча кыймыл, бир ооз сөз жок. Айдана болсо наристеси менен гана алек. Адаттагы үй тазалап, даамдуулап тамак жасоого эми кызын эркелетип, тамактандырып, кирин жуу кошулган. Бир жыл гана убакыт мурун бул бөлмөдө бирисиз бири турбаган алар азыр бири-бирин бул бөлмөдөн ашык көрүп, айдап чыгууга аргалары жок жашап калышты.

 

Мындай жашоого Куба бир ай гана чыдады. Анан адаттагысындай жоголуп кеткенине кызып келүү деген кошулду. Ар нерседен өөн таап, жөнсүз сынчыл болуп кеткен күйөөсүнүн кылыгына Айдана унчукпай гана чыдап жүрдү. Баланын ыйы ага иттин улуганындай жагымсыз экенин канча кайталаса ошончо жолу үмүтү кыркылган Айдана биротоло дудук болуп калгансыды. Түн ортосунда келген Кубанын бул жоругу ашынып кетти. Айдананы маңдайына отургузуп алып таштанды экендигин, кара нан менен өскөндүгүн, сулуу болуп калып азгырып алган күнөөсү бар экенин, эми ал түзүп берген жакшы жашоонун арты менен минтип семирип жашап жатканын айтып таң атканча столду койгулап, андай жетесизге кезигип калган бактысыз экенин айтып зар какшап олтурду. Баарын айтып болгондой дымып турду да анан:

 

– Назкам, а менин Назирам тим эле периште. Ай, сен аны кайдан билмек элең. Аны эрте кезиктиргенимде сен минтип менин төрүмдө олтурмак эмессиң. Каныкей тууп семирип атам деп мага каяша кылып турмак эмессиң. Сен билсең Назиранын агасынын, менин досумдун жардамы менен ушул жашоодо жашап жатасың он айдан бери. Жогол, алдагы кызыңды ал да экинчи көзүмө көрүнчү болбо. Бул үйдө сенин бир кашыгың да жок билсең,-деди айкырып. Мынча болорун күтпөгөн келин ыйдан күчүн чыгарып отуруп берди. Аз убакыт өтпөй кубалоо сөзүн кайра укканда тизелей калып жалынып жиберди.

 

– Жазыгым болсо кечирчи, Куба. Жакшы тилектерибиз бар эмес беле… Ак сүйүүбүздөн жаралган наристенин келечеги үчүн антпе. Кайда барам ымыркай бала менен, кимге барам?

 

Жүзүн жаш жууп жалбарган келинди түртүп, башынан аттап өткөн Куба башын жаздыкка коёру менен эч нерсе сезбей уйкуга кетти. Жер муштап ыйлаган келиндин зарын угуп да, туюп да койгон жок. Ачуусу тарайт деген үмүттө тирилигин кылып калган келиндин тилегин таш капты. Түш оой сыртка чыгып кеткен Куба түн ортосунда келип «Дагы деле үйдөсүңбү? Мени укпай, мени тоготпой калдың беле? Атаңдан калган үйдөн бетер эмне козголбойсуң» деп келиндин жалынганын чымын үнүндөй көрүп койбой түн ортосунда кубалап чыкты. Беш айга жаңы толгон ымыркайын бооруна кыскан жаш келин жаздын суук түнүндө жол жээктеп максатсыз баратты.

 

Болор-болбос соккон жел жука кийимчен келинди калтыратып ийди. Көз жашын аптыга сүртүп, ыйдан пайда таппасына ишенгендей чыйрала түшкөн келин ымыркайын кымтып жаап, чакан баштыгын оңдой асынды. «Кайда келип калдым?» дегендей туш тарабына абай салып өлүү тынчтыктан жүрөгү титиреп коркуп кетти. Байкалбай кыйла басып коюптур. Болгондо да шаар ичин беттебей тескери басканын карасаң. Калыптанып калганына бир топ болсо дагы жаңы конуш аты өчө элек аймактын босогосун араң дегенде тааныды. Анан эмнеси болсо да дегендей наркы өйүздөгү чакан, бирок сымбаттуу салынган үйдүн эшигин какты. Таттуу уйкусунун бузулганына ачуусу келген орто жаштагы аял келиндин кебетесин көрүп көзү умачтай ачылды.

 

– Ээ катыгүн, ким элең?! Эмне, эмне келдиң? Кайдан келатасың деги? Ой, тиги уулум менен келиним келип калган экен деп бейкапар чыкканымчы. Ээ айланайын, ымыркай бала менен да ушинтип жеңил жүрөбү? Кандай немесиң, ай?-деп келиндин бетине үңүлүп башаламан сөздөрүн токтотпой жатып дарбазанын ичине киргизип алды.

 

Арыдан-бери келинди жайгаштырып үстүнө жылуу кийим жаап, чай коюуга да жетише калган аял жай олтуруп суракка ала баштады. Аялдын адамгерчилигине ыраазы болгон Айдана ар бир суроосуна чындык менен жооп берди. Бир туруп терезеден уул-келинин карап, бир туруп эмнегедир ички бөлмөнү тыңшап келип ысык чай куйган аял таңдайын шакылдатып баш чайкап олтурду. Ымыркайдын ыйы менен экөөнүн сөзүнө чекит коюлуп, аялдын акылы менен келин бул түнү ушул үйгө түнөп калды.

 

Таң агарганча кирпик-көзүн какпаган келин түндүн узун болушун тиледи. Таң атса кандай жашоо башталарын биле албай санаасы санда. Канча кылыгына көз жуумп чыдаган күйөөсүнүн өткөн түндөгү уу сөздөрү бүт үмүтүн кыя чапкан экен. Анын келиши тууралуу таптакыр ойлонгон да жок. Бир сыйра кийим, чөнтөгүндө жүргөн 100 сом акчадан башка карманар байлыгы жок келин бар үмүтүн боорукер аялга артты.

 

Жакшы көргөн адамы мейманга келгендей дасторконун кенен жайган аял келинди мыктап тойгузду. Ал тамактанып жатканда ымыркайды эркелете карап коюп үндөбөй олтурду. Анын мындай добушсуздугу Айдананы бушайман кылып баратты. Андан кеп күтүүгө чыдамы түгөнүп сөздү эмнеден, кантип, деги кайсы сөздү баштаган атканын да билбей тынчы кете берди. Анын абалын байкай койгондой аял:

 

– Ээ, жашооң кургур. Адамзаттан чыккан иттер арбып, акыр заман дегенге чын эле жакын калдык окшойт. Эми кандай арга кылабыз. Мен азыр сага бир дарек берейин. Сен ошол жерге барып баш калкалаар жай сура. Таң атканча толгонуп тапкан акылым ушул болду, айланайын. Кылган жакшылыгым ушул болсун,-деп кебин аяктады да, бата кылынары менен дарек жазылган баракка кошуп акча сунду. Ырасында канчалык ыңгайсыз болсо дагы келин ал акчаны албайм дей албады. Унчукпастан ушалай чөнтөгүнө салып, көтөрүнүп алып сапарын улап кетти.

 

***

 

Чаңы сапырылган ичке жол менен келип жапыз тамга такалды. Таңда чыккан боюнча эрди кеберсип, чыркыраган баласын улам сайын чала эмизип олтуруп түш оогондо табылган үйдү көрүп жүрөгү ылдыйлай түштү. Бирок батынып кирип бара албай коомайланып туруп калды. Кулаганы аз калган дарбазанын ичи кулак-мурун кескендей тынч. Деги бул үйдө тирүү жан болду бекен, же «ушул ээн калган тамды башпаанек кылып тур» деп жиберди бекен деген ойго кептеле калды. Аңгыча адам дабышын кулагы чалып кубанып кетти. Коёндой алаңдап турган келин каалгадан аста баш бакты. Короо ичинде кыбырап жүргөн кемпирге сылык салам узатып, жайын айтты. Кемпир кызы экөө мында жашап турууга макул экенин, бирок ай сайын 4000 сомдон төлөшү керектигин билдирди. Андан башка айласы жок келин акчанын табылышын ойлонуп да койбостон талаада калбасам болду деген ой менен дароо макулдугун бере салды.

 

Жалгыз тоокко да жем керек эмеспи. Таяныч кылар эч нерсеси жок келинге ымыркай кызы менен күн көрүү кыйынга турду. Санаа тартып ойлонууданбы, же тамак аттууну унутуп нан менен сууга карап калгандан уламбы сүтү жоголуп, кызынын тойбой ыйлаганы жанына батты. Сүт болбосо анда “мына” деп таңдайына сала калчу да эч нерсеси жок. Заманасы куурулуп, кызы менен кошо ыйлачу болду. Бирок бир жумага жетпеген мындай жашоо келинди чыйралтып койду. Кемпирге оюн бөлүшүп кызын ага табыштады да, иш издеп жөнөдү. Аргасынын жоктугунан арзыбаган тыйын үчүн күнү менен иштеп бүтүрүп акчасын дароо алчу иштерге киришти. Ал күнү түш оогон кезде огороддун чөбүн тазалап, отоосун жулууга иш таап алды. Каш карайганча иштеп, кечинде бутун тарта албай араң келди.

 

Ошондон баштап таң агарганда ал адамдын огород иштерин кылып, түш менен кошумча иш издеп жатып күн алыс бирден иш кошуп олтуруп бир да мүнөт бошобой турган болду. Аз убакыттын ичинде кара жумуш аттуунун баарын өздөштүрүп алды. Алгач шаар ойгонуп, кыймыл көбөйө электе жолдун узактыгына карабай өзүнө чактап бөлдүрүп алган көчөнү шыпыруу үчүн жолго чыгат. Ал ишин аяктаган соң огород иштери, анан кабат үйлөрдүн подъездин жууйт. Андан чыгып жакшы жашоодо жашаган бир туугандардын катар жайгашкан эки кабаттан салынган үйлөрүн жыйнайт. Ушундай тер агызган иштер менен тапкан акчасы кызы экөөнүн жашоосуна тыгын болот. Андан бир аздан ашырып катып-жыйып чогулткан акчасын батир акысына карматат.

 

Заматта төрт мезгил бир тегеренип чыкты. Кызынын улам жаңы чыгып, кызыгы артып турган кылыктары тууралуу кемпирдин божурап айтып бергенинен гана укпаса, жанында жашап жатып өзү деле көрбөй калды. Болгону “аман-эсен өссө болгону. Анан мен бактысызды шорго таштабай ушул кемпир көп жашаса экен” деп ойлойт . Бул экөө күнү бою эсинде, кадам сайын кызы менен кемпирдин жашын, ден соолугун тилейт. Өзү болсо акыркы кезде көп ооручу болду. Бирок кабагым-кашым дебей ооруган жерлерине көз жуумп коюп ишке кетип жүргөнүн кары кемпир көз жаздымда калтырган жок.

 

– Мындан ары батир акысын төлөбөй эле кой. Жалгыз уулумдун сен сыяктуу иштеп жүрүп салган жаман тамы эми бизге тең болсун. Кайраным эрте кетпегенде мындай болгон небере жыттап олтурбайт белем. Андан көрө ушул үйдү, менин караан болгон күчүмдү пайдаланып кызың эс тартканча ирденип ал. Жаныңа карап, кызыңдын бактысы үчүн саламатта жаша,-деди көптү көргөн кемпир.

 

Анын мээрим менен айтылган бул сөздөрү жаралуу көңүлгө дары болду. Бир жыл бою кабагы ачылбай, жетишпестик менен көңүл калуунун азабынан арыла албай жүргөн келин өзүнчө сергек тартып калды. Ойлонсо, бир жыл ичинде бир да ирет кызымдын келечеги үчүн деп ойлонбой күнүмдүк жан сактоонун гана далалатында жүрүптүр. Ошондон баштап анда наристесинин эртеңине байланган жаркын тилек пайда болду. Адаттагы көнгөн жумуштарын таштабады, бирок ал иштерди аткарууда жанын кыйнап, мазесин алып турган санаалуу ойлордон арылды. Анын ордун жакшы үмүт менен кыз кезиндегидей таттуу кыялдарга толтурду. Бүгүн эмне жеп, эмне ичебиз деген санаасын «кызым келечекте» деген жакшы багытка буруп алды. Аң-сезимин аралап кеткен жакшы сөз үчүн кемпирге басса-турса ичинен алкышын айтып жүрдү. Мурда батирге кеткен акчасын кийинки күндөр үчүн сарамжалдап катып, бир аз ашкан тыйын болсо ага кошуп чогултууну адат кылды.

 

Ушундай жакшы аракеттерге берилип тыңып калганына да бир жыл болуптур. Келин адаттагыдай жөө баскан бул сапарында ушул күнгө жеткирген жашоосун тизмектеп олтуруп, чаңы менен таштандысы сапырылып келиндин тазалашын күтүп жаткан чоң жолго кантип келип калганын байкабай да калды. Жалгыз келген сапарына эрмек болгон ойлорунун соңунда болуп өткөн окуяларга маанайы суз тарта түшсө да, акыркы кездерде улам сайын жарык жанып бараткан үмүтүнө бел байлап көнгөн ишине киришип кетти.

 

Эпилог ордуна

 

Кадимкисиндей ишке чыккан келин шашпай басып баратты. Улам сайын жер жарыкка бөлөнүп, ал ансайын эмнегедир кубанычы көөдөндө ашып бараткансыйт. Анткени ушул күнү колун туурултуп, жүзүн бозортуп келген көчө шыпыруу ишин таштайт. А эртең эрте менен буга чейин иштеп келген иштеринин маяналарын чогултуп, ага айлык акы төлөгөн адамдардын баарына алкыш айтат. Анан таман акы, маңдай тер менен табылган бул акчаларына кызын 1-класска алып барууга даярдайт. Өзүндөй сулуу, зирек кызын жаркыратып кийинтсем дегенде жүрөгү алып-учуп кетти. Анан кызын мектепке алып баруу үчүн өзү да жарашыктуу кийим сатып алат. Ушул ойлор менен келатып аялдамада чапталып турган «Шашылыш түрдө үй сатылат» деп баасы ойго келбегендей арзан көрсөтүлгөн жарнаманы окуп калды. Ойлонсо 6 жылдан бери чогултуп жүргөн акчасы менен аталган үйдүн баасы бирдей сыяктанды. Анан жарнаманын телефон номери жазылган бөлүгүн үзүп алып сапарын улап кетти. Иши аяктаганга чейин үйлүү болууну кыялданып, жайдары жүрдү. Үйгө келип эле бекем тигилген баштыкты сөгүп акчасын санады. Жаңылбаптыр, үйдүн баасына эң эле дал келди. Жетине албаган Айдана кемпирге эртелей сүйүнчү айтып, кызын жетелеп аталган үйгө бет алды. Алыс жол убакытты алып, көз байланып баратканына карабай барган келинге чакан үй сыртынан эле дароо жакты. Сатып алууга токтолгон келин алдын утурлап чыккан кожейкени таанып кадамын жайлатып калды. Мына тагдырдын тамашасы. Алдында бир кезде тал чыбыктай ийилген Назира турат. Абдан толуп кеткени болбосо, сулуу келбети анчейин өзгөрбөптүр. Болгону арылбас санаасы бардай муңайым экен. Анын артынан антаңдай ээрчип келаткан Куба Айдананы тааный коюп тык токтоп калды. Артка бурулуп кетүүгө кеч болуп калган эле!

 

(Аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE