Жаз, келегой, жаркын жаз! Ушинтип кыйкырып көчө бойлоп чуркагым келди. Кардын эриндисинен төрөлүп, кайда нук болсо, багыты жок агып кете берген жазгы суулардай туш келди агып кетким келди. Үйгө кеч келдим. Кирип-кире электе телефон чырылдады.
– Алло! — дедим ашыгып.
– Мага бир кичинекей сары кыз керек эле, — деди Азат агай эркелете.
– Кичинекей сары кыз азыр бош эмес, — дедим тамашаны улап.
– Эмне менен алек?
– Куурчак ойноп жатат.
– Мен барсам оюнга кошот бекен?
– Сурайынчы, ээ?
– Сурачы, оюнга кошсо мен да оюнчуктарымды көтөрө барам, чогуу ойнойбуз. Анан да апамдын сандыгынан уурдап алган конфеттерим бар, ошондон берем, — Азат агай мактана таңдайын шык эттирип койду.
– Конфеттериңиз болсо, анда кошом, — деди.
– Азыр барам, — деди Азат агай шашкалактай.
– Азат агай, сиз мага керексиз. Ушундай чоң шаарда, ушунча көп элдин ичинде жалгыз болуу кандай оор экенин билбейсиз. Айрыкча аны сагынып кусаланганда жанымда алаксытып туруңузчу, болбосо өзүмдөн корком.
Чоң мамалак оюнчук көтөргөн Азат агай тез эле жетип келди.
– Мен келдим! — деди ал жаркырай күлүп.
– Кана, конфеттериңиз?
– Апам бербей койду.
– Анда ойнобойм, — дедим ары карап тултуңдап.
– Мен болсом апаман акырын жашырып баары бир алып алдым, — агай артыман кучактай ийиндеримен өпкүлөдү.
– Кана?
– Мына, жарыгым! — Азат агай бир коробка конфетти колума карматты. Мойнуна ороло бутумдун учуна тура калып мурдунун учунан өптүм. Ал мени бооруна кыса кучактап аймалай эриндеримен, алкымымдан өпкүлөп жиберди.
– Жакшынам менин, кичинекейим, кубанычым, — деди жалын бүркө аптыгып.
Көздөрүм өзүнөн-өзү жумула салмагымды сала чалкаладым. Агай мени так көтөрүп төргө өттү. Ал жалынып да, өөп да, калтыраган колдору менен белимен сыга кучактап, демимди кыстыктырып баса жыгылды.
– Билесиңби, менин курагымда көптө барып от алып, шашпай өчөт. Сен мени өрткө салдың. Өмүр бою өрттөнүп өтөм го. А сенин курагың башка, эркем, тез от алып, тез өчүп, кайра от ала берет, — деди чачыман жыттап.
– Мен сиздин курагыңызды эске алдым беле?
– Сен мендеги эч нерсени эске албайсың.
– Неге ушинте бересиз?
– Анткени өтө сезгич, майдачыл, жаман адаммын. Сени абдан жакшы көрөм. Сенин колуңду кармаганда колум кубанып, үнүңдү укканда көкүрөгүм өрөпкүп, жүрөгүм толкуйт.
– Мен болсом сизди көргөндө өзүмдү күнөөкөр сезем.
– Кимдин алдында?
– Жеңемдин.
– Дагы кимдин?
Унчукпай көзүмө жаш айланды.
– Билип туруп сурайсыз да.
Сиз оор улутундуңуз.
– Аны ойлоо мага да оор. Аны менен чогуу жүргөндө сенин куса, муң толгон каректериңди эстеп жинди болуп кете жаздайм. Сени мен кучактап, мен өпкөн менен сен анын өбүүсүн, кучактоосун самап жатпайсыңбы. Ушуну ойлогондо кээде аны муунтуп жыгылгым келет.
– Кантип? — ордуман тура калдым. Ал сербейип отурган мени бооруна тарта ызалуу сүйлөдү.
– Ушинтип эле. Ал сен үчүн гана кол тийгис, башкалар үчүн көптүн бири.
– Алдында антип айта албас элеңиз.
Азат агай ордунан тура калып жаагыман кош колдой кармап жүзүмө тигилди. Көздөрү жаалдана күйүп туруптур.
– Ооба, иш тууралуу унчуга албас элем, бирок эркек катары сага кеп тийгизип же сени менден талашууга батынса, Кудай болуп кетсе да тиешесин алмак! — Азат агай мени түртүп жиберди да, ордунан туруп тамеки жандырды. Мен ызалуу сүйлөдүм.
– Ал менин эмнемди талашсын? Менин сизден башкага керегим жок. Ал тургай, жакында сизге да керегим жок болуп калат.
– Ал эмне дегениң? — деди агай артын карабай.
– Жалганбы? Үй-бүлөлүү бир адам убактысы болгондо жашынып келип кеткен, жеңил ойлуу, жашабай жатып кыз абийиринен айрылган кыздын кимге кереги бар?
– Сен өзүң каалаган жок белең? — Азат агай жалт карады.
– Каалаган эмесмин, болгону сиз менен жатып андан өч алгым келген.
Жаныма бир аттап жеткен Азат агай мени жеп жиберчүдөй булка тартып ийинден алды. Көздөрү ачууга толуп канталап туруптур.
– Эмне дейсиң?
Мен көзүнөн көзүмдү албай тик карадым. Ысык көз жашым жүзүмдү жууп жатты. Анын ачуу бүрккөн каректери негедир жалтанып жер карай акырын кобурады:
– Кечирип кой.
Азат агай араң кийинип, коштошпой чыгып кетти. Көкүрөгүм сел алгандай аңгырап жата бердим. Жанымда Азат агай эми эле кубанычы койнуна батпай делбиреп көтөрүп келген мамалак жатты.
– Оюн бүттү, — дедим мамалакты боорума кыса кучактап. Мамалакка кандай жакшы, ыйды билбейт, эч кимди сүйүп кыйналбайт.
Ошол ажырашкан бойдон сиз келбедиңиз, мен болсом күндөлүккө сиз тууралуу жазбадым.
Сиз жөнүндө бул күндөлүккө 1998-жылдын февралында жазган бойдон ачкан эмесмин. Анткени андан кийин менин өмүрүмө тез эле кара сызыкка толгон күндөр кирип келди да, түйшүктөн, бактысыз баш аламан турмуштан жолумду таппай карайлап калгам. Андай кезде жаркын нерселер жөнүндө жаза албай, кез-кезде гана жакшы күндөргө болгон кусалык тиш оорудай дил сыздатып, эскерүүдөн да качып калат тура.
Менин кайгым эле сиз болдуңуз, агай. Мени чын дилинен сүйгөн адам бир гана Азат агай болуптур. Аны сезген кезде абдан кеч болуп калган эле. Мен өзүмдөн-өзүм качып, Азат агайдан алыска кетип калган элем. Мен сизсиз жашаган ушул жылдарда эмнелерди гана баштан өткөрбөдүм, кимдер менен гана тааныш болбодум. Мен тааныш болгон адамдардын ичинде мансабына менменсинген текебери да, акчасын кайда чачарын билбей дөөгүрсүгөн дөөпөрөсү да, акыл калчап, сезимдин баркына жете алчу жакшысы да болду. Алар өзүн ким сезбесин, баары менин алдымда байкуш болчу. Биринин акчасы, биринин кызматы, биринин акылы керек болду. Бирин да адам, эркек катары карабадым. Мен үчүн алар бүгүн бар, эртең жок аманат буюм, тойго кийген бир күндүк кымбат баа көйнөктөй эле сезилчү. Алар деле мени, балким, ушинтип карашкан чыгар. Негедир мунун баарынан өтө таттуу чайдай тез көңүл калды да, эч кимди дос тутпаган мерез, баарына кайдыгер караган бакадай муздак кандуу, таш боор жанга айландым. Болгону, жүрөгүм өзгөрбөй койду…
Биз арадан жети жыл өткөндө кайрадан жолуктук. Сизди көрөрүм менен жүрөгүм титиреп, баягы кездегидей эле боорум күйүттөн эзилип турганын мойнума албай коё албадым. Чачыңыз гана көбүрөөк буурул тартканы болбосо баягыдай эле көзгө жакын, жүрөккө тааныш элеңиз.
– Келегой, Алиман, — дедиңиз бир кездегидей кабинеттен учурашып жаткансып. Мен не дээримди билбей апкаарыдым. Келдим дейинби?
– Саламатсызбы, агай?
– Иштериң, ден соолук, жашоо-турмуш кандай?
Не дээримди билбей турдум. Баары жакшы деп калп айтсамбы? Жок, сизге калп айтууга болбойт.
– Жакшы эле…
– Каерде иштеп жатасың?
– Жогорку окуу жайда мугалиммин, аспирантурамды быйыл бүттүм.
– Азаматсың! — Сиз бирдеме сурай албай жаткандай саамга башыңызды жерге сала катар бастыңыз. Машинаңыз артыбыздан акырын келатты.
– Сиз ушул жерде иштейсизби? — дедим заңгыраган имаратты башым менен жаңдай көрсөтүп.
– Ооба, ушул жерде иштейм, — саамга дымый калып, анан негедир тартынып жаткандай коомай сурадыңыз, — Алиман, ыр жазып жатасыңбы?
– Жок, ыр жазбай койгом.
– Эмнеге?
Жүрөгүмдө карттанып бараткан жарам сыйрыла ичимден кан өтүп кеткенсиди.
– Ырга татыктуу эмес экенмин.
Экөөбүз тең тунжурап, ичтен сыза өз оюбуз менен алпурушуп келе жаттык. Өзү өтүп кетсе да, элеси жүрөктөн өчпөгөн оор, максатсыз, кайгылуу, куса жүктөгөн күндөргө окшоп машинаңыз артыбыздан калбай жылып келатты.
– Сен анда секелек болчусуң. Эми келген жаздай наристе элең, баёо элең. Турмуш ырдагыдай эмес экенин туйгандырсың.
– Жок, агай, жаңыласыз, турмушту ыр коштойт. Бири жазат, бири обонго салат, бири ырдайт, бирок, атаганат, ырга баары эле татый албайт тура. Качан ыр ээсин таппаганда кор болот, муңга, ачууга, ызага айланат,- ыйлап жибербейин деп кармана оор дем алып алып кайра сөзүмдү уланттым, ушул азыр айтып албасам жарылып кеткидеймин, — Сиз сүйө албадыңыз, сүйүлүүдөн корктуңуз. Мен болсом өжөр жүрөгүмдү алдай албадым, жеңе албай койдум. Ошондо өзүмдү, жүрөгүмдү жазалоону чечтим. Оболу ким жүрөгүн какса, чын эле кагып жатабы же убактылуубу, аны талдагым келбей ар биринен сизди издедим. Сиздин азыткыдай элесиңиз мени аз жерден сойкуга айлантып жибере жаздады. Анан алардын биринен да сизди таппаганда сизди унутуу үчүн бир боор шаарды, ага-тууганды, жандай көргөн атам менен апамды, санаалаш курбуларымды таштап тентип кеттим. Ачка-ток, ийин кубанткан кийим кийбей, эртеңкиге арка-жөлөк, кайрат кылар эч нерсеси жок калсам да, көзгө ысык, жаштык, студенттик курак калган бир боор шаарга сиздин баскан-турганыңызды эскерткен жерлерди көрбөө үчүн кайра барбай, баарына кайыл болуп тиштенип, өжөрлөнүп жүргөнүмдү сиз кайдан билмексиз. Сиз мунун баарынан кабарсыз, бийлик, мансап манчыркатып, саясат менен алек элеңиз. Ойлоп көрсөм, өмүрүмдө кетирген катам да, эсте калар эскермем да сиз болупсуз. Унута албай азап тартып, кадырына жетип-жетпеген адамым да өзүңүз болуптурсуз. Мен сизге жолугууну кандай гана күткөм. Сиз качан көкүрөгүм чер болуп катып, шарлыгымды, өжөрлүгүмдү, кыялкечтигимди, тазалыгымды тумчуктуруп салганда жолуктуңуз.
Мен сүйлөп да, ыйлап да жаттым. Көптөн бери мындай ыйлай элек болчумун. Сиз күнөөкөр жандай унчукпай, башыңызды жерге салып угуп келе бердиңиз. Бир кезде көз жашым да, сөзүм да түгөндү. Көз жашым, сөзүм түгөнөрү менен үстүмдөн көптөн бери кийгиси келбесе да, аргасыз кийип жүргөн эски кийимди сыйрып салгандай жеңилдеп, кадимкидей көзүм ачыла түштү.
– Баары жакшы болот, — дедиңиз бир кездегидей акырын. Баягы эле сөзүңүз, баягы эле сыпаа жылмаюуңуз. Жок дегенде серпилип койсоңуз боло. Ошондо сизди биринчи көрүп жаткандай карадым. Көзүмө кымбат баа кийим кийгизип койгон кооз куурчактай көрүндүңүз. Жок-жок, программада эмне болсо, ошону гана аткарган жандуу роботко окшош экенсиз. Ал тургай, мага айтар сөзүңүз да жок тура. Кудай, ай, ким үчүн өзүмдү курмандыкка чалдым эле? Жаныңыздан кеткенче шаштым. Өрт жармашкандай шашып бараттым. Бирок каякка?
***
Жаз келди. Көөдөнүм буулугуп, эч жерге батпай чыктым. Бирдеме болчудай эле жүрөгүм опкоолжуйт да. Эмне болмок эле. Өзүмдү ушинтип жооткотуп коюп көчөгө чыктым. Көчө бойлоп басып баратып таш түбүндө коргологон майсаң чөптөрдү көрдүм. Мага окшоп кыштын ызгаар шамалынан корголошуп, таш түбүндө үшүп турган жаш чөптөргө боорум ооруду. Отузунчу жазым менин! Кубанычынан кайгысы, ийгилигинен кемчилиги, жолугуудан күтүүсү, бактысынан шору, табышуудан жоготуусу, жыргалынан кууралы, адашуусу, өкүтү көп отузунчу жазым. Бош өткөн күндөргө толгон отуз жыл, кечир мени. Аялдык милдетти аткарып жар күтүп, бала төрөбөгөн мерездигимди кечиргин. Бирөөгө өчөшүп жаш өмүрүмдү, кыз абийиримди курмандыкка чалган акылсыздыгымды кечиргин. Кыз үчүн эң ыйык абийирин курмандыкка чалганга ал жан татыса эмне, аттиң, ай! Өз сүйүүмдөн башканы эске албай, мени сүйгөн жандардын сүйүүсүн теңсинбеген өзүмчүлдүгүмдү кечиргин. Баарынан да Азат агайдын сүйүүсүн тебелегеним үчүн кечир мени, отузунчу жазым! Ушунун баарын сезип, билип туруп сенден кечирим сурабаган көк беттигимди кечир. Көптөн бери биринчи жолу бүгүн ушинтип төгүлдүм.
Жаш окумуштуулардын семинары болуп, окуу жайдан мени жиберишти. Семинардан кийин чай ичүүгө дешкенинен калгым келбей сыртка чыктым. Отузунчу число, отузунчу жаз! Көкүрөгүм буулугуп, жалгыздай бастым. Акыркы күндөрү эч кимге кошулбай өзүм менен өзүм болуп баратам. Акыркы күндөрү эмес, курбу, дос, жигит күтпөгөнүмө кылым болуп кеткенсийт. Жумуш, анан үй, илимий иш. Мени кубанткан ушул гана нерсе. Кубанткан эмес, алаксыткан. Кээде дилимди жарып кетчүдөй болгон ыр саптар келет. Андайда өзүмдү коёрго жай таппай, күчүмдү кир жууп же бирдеме тигип чыгарам. Колума калем кармабаганга аракет кылам. Ыр жазсам эле баары кайра башталып кетчүдөй корком.
– Алиман! — деди тааныш да, тааныш эмес да үн капыстан. Өз оюм менен алек болуп бараткангабы, аябай катуу чочуп кеттим. Жалт бурулсам, Азат агай. Машинадан бир буту түшүп, бир буту түшпөй делдейип туруптур.
– Азат агай… — дедим өз үнүм өзүмө араң угула шыбырап. Азат агай жаныма жетип келди. Көзү толо жаш.
– Тааныдыңбы? — деди үнү титиреп.
– Тааныдым.
Делбиреген Азат агай бооруна кыса кучактап, үнү ыйлап аткансып каргылданып кетти.
– Тааныганыңан айланайын, каралдым менин! Жоготуп алдым го дегем.
– Жоголуп кетерде таап алдыңыз… — ысык көз жашым жүзүмдү жууп ыйлап аттым.
Ал мени кайра жоготуп алчудай майда калтырак баскан колдору менен жүзүмдү сылагылап, жетине албай жалынып, анан колунан жулдуруп жиберчүдөй калдаңдай шашкалактап жетелеп жөнөдү.
– Адашкан жазым, колдон жулдурган бактым, бир келген керемет ышкым!
Машинасын дуулдай айдап бараткан Азат агай жалынып да, намыстанбай эле ыйлап да баратты. Бет алдыбызда учу-кыйырына көз жетпеген узун жол жатты. Мен бул жолдун бүтпөшүн кааладым.