Ачылбай калган сыр 1-болук

https://kyrgyzcha.site/?p=66558&preview=true Кызыктуу окуялар.

Ачылбай калган сыр!! 1-болук

…Кун буркоо. Кечки убак эле. Ага-карындаш шаар айланып журушкон. Анан агасы карындашына озунун суйлошкон кызы менен тааныштыраарын айтты. Кубанганычы, «эми менин жакын курбум болот, сырдашаарым болот…» деп, агасына эркелеп жатты. Агасы да карындашынын кубанычын болушту. Алардын куткон адамы да келди, кафеге кирип тамактанышты, паркта сейилдеп, анан тун болуп кетти, кызды узатып, озулору да уйго кайтышты. Карындашы болмосуно кирип кетти, агасы конок болмого кирип сыналгыны жандырды, копко чейин отурду карындашы чыккан жок. Айласы кетип, ашканага барды, чай коюп, карындашынын болмосун такылдатты, ун чыкпайт, коркуп кетип эшикти туртсо ачык экен, караса карындашы бир нерсе жазып жатат. Эшикти жаап, кайра артка карады да ичкери кирди. Карындашына жакын келди:

— эмне болду?

— эч нерсе, качан кирдиниз, эшик ачык бекен?

— ооба, чай койгом, тамактанып алалы

— макул, азыр чыгам. Эмне тамак бар?

Пример HTML-страницы

жылмайып карап:

— сен кутпогон тамак…

— ммм, уфф, даагы жумурткабы?

— билбейм, а мен жумурткадан башканы бышыра албайм.

Карындашы наушнигин кулагына салып, кайра улантып жаза берди. Агасы ашканада тамак даярдап журот. Артынан карындашы мурунун бырыштырып келди:

— даагы оюмду буздунуз, даагы жумурка, жебейм…тарелканы туртуп койду.

— жумуртканы жесен, эртен торт алып келип берем

— баайкее, сиз уже 99чу жумуртканы ошентип жегизип жатасыз, тортко да тойдум

— хеей, карындашым, сен окуп жатасын, мен окуумду жаны эле буттум, туруктуу жумуш таап алайын сенин каалаганынды алып берем, ээ?макулбу? Бырышкан муйдусунан. ..деп карындашынын мурдун чымчып койду.

— ммм, бугун кайсы кун?

— суббота

— уф, эртен воскресение

— а эмне экен?

— понедельник жакындап калыптыр да

— хаха, окууга баргын келбей жатабы?

— понедельник, курсовой тапшырыш керек, а мен буто элекмин

— кайсыдан?

— экономика и управление предприятием

— ким берет?

— профессор Марат Абылкасымович

— аа, менин кураторумбу?

— ооба, эртеден-кечке чейин суйлой берет. Тынбайт эч, аны коруп мен чарчап кетем

— хаха дагы профессор болом дейт элен го

— жок, эми оюмду озгортум… Эмне эле коп суйлойсуз десе, кураторунузду тартып калыпсыз да

— хаха, койчу. Сенин кураторун ким?

— Арман Сагындыкович

— жаны келгенби? Жаш агай

— между прочим, кандидат наук

— ой ой ой, суйлой албайт го, анын парында дайым мен диктовать этчумун, кантип жактады болду экен? Бир да жолу унун укпагам

— жаны келсе, жаш болсо…

— койчу ай, ал мен 5-курста окуп жатканымда келген, а ал келгенче 4-курсумда 1-2-курстарга мен сабак берчумун информатика менен ОСтен, 4-курсумда!

— ОС кандай сабак?

— операционная система, 2-семестрда отосунор

— анан ошол жерде кала бербейт белениз сабак отконду жакшы билсениз

— паракорлор менен иштешким келген жок. Вот ошол сенин агайын пара алат

— сиз пара берчунуз го, анан ал албай коет беле

— бергем, бирок озумо берген эмесмин

— анан кимге?

— группалаштарымдын атынан бергем, жада калса куратор бул жонундо билбейт, мен староста болгон учун группанын журуш-турушу менин мойнумда болчу, саныныбыз азайбашы учун ошол жолго баргам

— алар учун озунуздун акчанызды коротконду билесиз, мага дегенде акчаныз жок болуп калат!

— баштабачы Саяна! Сен учун мына бул квартираны алдым го кун-тун иштеп!

— а мага бул квартирандын кереги жоок!

— эмне керек сага?! Кайт артка Саяна, эмне керек сагаа!

 

Карындашы ыйлап болмосуно кирип кетти.

 

Агасы да балкондо терезеге карап, ичинен суйлонуп жатты:

» мен сени алдадым Саяна, карындашым кечир мени. Оюмда сен аны кабыл албайсын деп ойлогом, ал менин группалашым эле. Мумкун сени жакшы корорумду айтсам, сен тушунбой каласынбы деп корком…»

Ыйлап жатып, Саяна уктап калыптыр. Адил уктай алган жок, Саянаны алдап койгону учун озун куноолуу сезип жатты. Ошол нерсе Адилди уктатпады, анткени ал Саянаны бир да жолу алдаган эмес эле, жада калса Саянага «сиз» деп кайрылганын Саяна озу урушуп жатып, жакында эле токтогон. Айласы кетип, интернетке кирди, китеп окуду, сыналгы корду, анан тан атаарда эшикке чыгып кетти…

 

Арандан ойгонгон Саяна жуунганы ваннага кирип кетти, агасынын жок экенин байкабады. Жуунуп алып ашканага барды, муздаткычты ачкысы келбеди, конок болмого кирип сыналгы корду. Анан гана эшиктин сырттан ачылганын билди, караса агасы экен, колуна баштык кармап алган. Агасын бир тиктеп кайра сыналгы коргонун улантты. Адил ашканада бир нерселерди кылып журот, карындашы эшикти ачаарда кирбесин деп, кайра туртуп койду. Саяна таарынганын токтотпой болмосуно барды да, кечээки бутпой калган жазуусун кайра улантты. Бир убакта тышкы эшикти конгуроосу басылды. Саяна болмосунун эшигинин жанына жеткенде Адил эшикти ачканын билди, тыншап турду. Эркек бироонун уну угулду, тааныш ун

— кандайсын? Адил

— Ассалому алекум, келиниз агай.

Конок болмого кирип кетишти

— иштерин кандай? Жумуш таптынбы?

— азырынча таба элекмин, бирок, тапканымча деп автомойкада иштеп журом

— ал жумуш эмес да… менин балам сайт ачып жатат, жумушчулар керек, мен сени сунуштап койдум. Эртенден калбай жолуккун, Жоомартты тааныйсында

— аа, ооба, тааныйм, рахмат сизге

— мен барайын анда

— жоок, чай ичип кетиниз

— кой, кеч болуп баратат, мына бул жерде Жоомарттын дареги бар

— мм, рахмат агай, отуруп кетсениз жакшы болмок

— дагы коп корушобуз, аман бол

— жакшы барыныз

Агайын узатып, эшикти жапты да ичинен суйунуп калды

— ессс, уррра, Саяна, ачсан эшикти. Чык тамактанабыз, жакшы жанылыгым бар.

— жебейм жумуртканызды

— эмне жейсин?

— жемиш жегим келип атат

— жузум жейсинби?

Эшикти шарт ачты

— жузум барбы?

— бар, жур ашканага

Ашканага барышат, агасы жемиштер, шириндиктер менен дасторкон даярдаптыр, ишене албай Саяна муздаткычты ачып карады, ичин да толтуруптур. Суйунуп агасына эркелеп, моюнуна асыла кетти

— ушунчанын баарын кайдан алдыныз

— ушунун баарын саткан жерден

— а кайсы акчага?

— а сен аны эмне кыласын? Алып келгенден кийин жей берсенчи

— а мен урдалганды жебейм

— … карындашын копко тиктеди … Сен мен жонундо ушинтип ойлоорунду билген эмесмин. Сен ашыкча эркесин. Ал, же, тамагын таттуу болсун

— бирге болсун

— сеники озгочо таттуу болсун

— анда сиздики…

— болду, токтодук

— неге? менин токтогум келген жок

— коп суйлойсун да, менимче сен журналист болушун керек эле, суроо бергенден тажабайсын, дагы мени айтат

— агасын коруп иниси осот да

— а сен кыз-баласын, кичине болсо да озунду тартышын керек

— ооба, эмне болсо эле кыз — баласын дей бересиз…

— макул, мен жумушка кеттим, сен уйлорду жыйнап кой э, кыз-бала?

— неа, жыйбайм, мен курсовоюмду бутурушум керек

— канча барак жазышын керек

— кырк

— сен баштай элексин го

— бешоону жазгам

— канчалык тез жыйнап бутсон, ошончо тез баштайсын

— ааа, койбойсуз да

— бир жолу жыйнап койсон, уйго келгенинден бери жыйнай элексин, мен кылып журом баарын

— ой макул, жаям эле, жононуз ишинизге

 

 

 

Адил чыгып кетти, баратып ою Саянада » эмне мынча эрке, тобо кылдым ушундай адамды биринчи жолу кордум, аялын ушундай болсо э? Оиий, кудай сактасын, бир создон калбайт, ашыкча эркее. Хм, дагы тентушундай айтышып турат, менден кичине го…» ичинен суйлонуп, башын чайкап койду. Бирок, баарыбир жакын адамы, баарыбир жакшы корот.

 

Саяна уй жыйнап атып, кузгунун алдына отура кетти » жиндимин э, ооба Саяна, сен жиндисин, байкене ошентип ашыкча эркелегенден кийин. Тайманбай айтты го бетиме, ашыкча эркесин деп, ошону уккун келди беле? Бир куну уйдон кууп чыгат, коросун анан. Ал эмне, кызын эрчитип келет да жашай берет…» кайра уйун жыйноого киришти. Баарын жыйнап буткондон кийин, музыканы коюп алып бийледи, интернетке кирди, эптеп убактысын откозду, курсовоюн ойлогон да жок. Ошентип, кеч кирди, тамак даярдап агасын кутту, кундо келчу убактысынан кечигип жаткан эле…

 

Тун бир убакта кирип келди, Саяна ашканада столго башын коюп уктап жаткан экен, которуп болмосуно алып кирип жаткызды. Экономика дептерин издеп таап, тапшырмасын карады, курсовоюнун темасы жазылып турган экен. Анан барактарын текшерип — териштип жатты, козуно бир эски дептер урунду, бирок, кызыгып алып карабады. Курсовоюн жазып жатты, китептерден, интернеттен карап, озунун билгендерин кошуп жазып бутурду да, ошол жерде уктап калды. Эртен менен будильниктен ойгонуп кеткен Саяна, агасын коруп жылмайып койду, жанында даяр курсовойду корду да суйунуп, агасынын бетинен ооп койду. Жуунуп, тамактанып окуусуна кетти.

 

Уйунун бурчунан бир жигит менен туртушуп кетишет. Экоонун колдорундагы кагаздары тушуп кетип, жигиттин кагаздарына Саянанын озунун тарткан суроту кошулуп кетет. Жигит профессордун уулу Жоомарт эле, Адилди издеп бараткан. Жоомарт менен Адил университеттен таанышышкан

« Адил, окууга тапшыруу учун келгенде, кабыл алуу коммисиясында Марат Абылкасымович бар эле, Жоомартты жардамчы катарында жанына алып алган…

— саламатсызбы? агай, мен маалымат алуу учун келдим, кандай кесиптер бар?

— саламатчылык, мына…-телефону шынгырап кетет… — Жоомарт, маалымат бер…

— макул… келиниз, атыныз ким?

— Адил

— Адил, менин атым Жоомарт. Бизде мына бул кесиптер бар…

(Адил ошол кундон Жоомарт менен достошкусу, жакындан таанышкысы келди, себеби, Жоомарттын адамдарга жасаган мамилеси жакшы эле, аны Адил, ошол учурда байкайт…)

— кайсыны тандайбыз?

— а сиздин кесибиниз ким?

— программист, инженер – технолог болуп айтылат

 

— кандайча, а эмнеге программист эмес?

 

— программа тузгондон кийин «программист болосун», а негизи, программист, кесип катарына кирбейт, бирок, жумушсуз калбайсын, анын устуно, учурда техника аябай онуккон учур…

— анда, мен да ушуга окуйм

— макул, документтер толукбу, даярбы?

— ооба, мына…

Ошентип, окууга отту. Адилдин кубанычында чек жок эле, кубанычын карындашы менен болушушту. Саяна экоо ошол куну шаар айланышты, балмуздак жешти. Саянанын ошондогу оз колу менен колуна тийген ар бир буюмдан жасаган сувинери дагы деле сакталып турат… Ошол кезден бери Жоомарт менен жакындан таанышып ага — инидей мамиледе болушту…»

 

Жоомарт уйго да жетип келди, эшигинин ачык экенинен тартынбай кире берди

— Адил, Адилбеек…

Адил коздорун ушалап, карындашынын болмосунон уйкусурап чыкты

— оо, Жоомарт байке, келиниз

— келдик, рахмат. Кандайсын? Уктап атасын, квартира бекерчинин уйу деп, хаха, тамаша…

— тамаша да чындыгына жараша экен да, байке

— мм, корунбой кеттин го, окуунду буткондон бери биздин уйго келе элексин. Сени мен эле эмес, балдарым да сагынды. Сени сурай беришип, кулак-мээмди жеп салышты

— жумуш менен бошобой жатам…

— жумушунду билем, атам айтты, кечээ келген экен

— ооба, келген, сиздин ишиниз туралуу да айткан

— мына, ошол ишти сен менен суйлошойун деп келдим. Мына бул документтер, карап чыгаарсын

— макул, чогу карайлы, мен чай демдеп келейин же кофе ичесизби?

— кофе болсо, кофе эле алып келе бер

— ооба, мен да уйкусурабай кофе ичейин…

Экоолоп, кофени шурулдата ичишип, документтерди кароого отушот. Карап жатып Адил суротту коруп калат

— оо, сонун го, озунуз тарттынызбы?

— жоок э, мен кыздардын койногун тартмак белем

— эми, эжениз моделдик агентте иштесе, дизайнерликти оз колунузга алгансызбы дейм да

— койчу, мен мындайларга кызыйпайм да… Токто, жакшы ой, берчи суротту

— мына, тынччылыкпы?

— бул суроттун авторун билип турам ким экенин, азыр эле тиги бурулуштан бир кыз менен туртушуп кеттим…

— мм, анан? Мумкун, кино — клиптердегидей коздор тиктешип кетишкендир, а?

— жончу, уй-булом бар го

— эми, тамашаладым да, сизге эле уруксат бекен?

— макул, капа болбо, мен кеттим, суротчуну табышым керек

— таап не кыласыз? Кайдан издейсиз?

— университеттен издейм, ошол тарапка бурулгандай болду? Эжеме дизайнер керек болуп жаткан, сен карап тур

— мм, тушуном, бара бериниз, баарыбир издейт экенсиз да…-жылмая башын чайкап койду.

 

Жоомарт университетке кирди, университеттин алдында атасы Арман Сагындыкович менен суйлошуп турган эле, Жоомартты коруп, алдынан чыкты

— кел балам, эмне болду?

— мына, бул суроттун авторун издеп журом

— кызык, а эмнеге?

— эжем дизайнер издеп жатпайбы? Жардам берип коеюн дегем

— жакшы, мага бер, сураштырып коройун, бизде окуганы аныкпы?

— билбейм ата, ушул жакка бурулгандай болду эле, тиги Адилдин уйунун бурчунан коргом

— аа, Адилге бардынбы? Жакшы эле бекен?

— ооба, азыр ошол жактан чыктым, жакшы эле. Баштап жаткан жумушумдун документтерин менен тааныштырганы келгем

— жакшы, аны кимдин ордуна коеюн деп атасын?

— атаа, пол жуугуч кылбасам болду да

— тамашан курусун. Макул, мен барайын, сен да бар

— макул, ата, рахмат

Жоомарт уйуно кете берди. Адил кагаздарды карап буткондон кийин кайра эле уйкуга кетти.

Суротту которуп профессор кабинетине кирди, Саянанын группасы отурган

— саламатсынарбы? Сабакка ким даяр?

Бештей студент кол которот…

— башкаларыбыз кийинки сабакта даярданып келебиз э?

— кудай буйруса, агай

— кудай деген кур калбайт, балам.

— рахмат, агай » 2 » койбой турсаныз эле тапшырабыз

— » 2 » койбойм, » нб » коем, отработкада тапшырасынар. Болду, ким даяр болсо, чыгып айта бергиле, Абдибалиева Саяна?

— мен…- Саяна жооп беруу учун доскага чыгат

 

Курсовоюн агайга берди. Агай ичин карап, барактап жатты «кол жазмасы кимдир бироонукуно окшош, ким эле ал? Жакшы студенттеринин бири, болбосо, кол жазманы таанымак эмесмин. Озунун группасында эмес, булардын кол жазмасын коргон эмесмин…»

Саяна жооп берип болду

— сенби, группанын старостасы?

— ооба

— макул, отура бер…

Бир нече убакыттан кийин бул пар да бутту, студенттер чыгууга камынууда

— кое турсанар, мына бул суротту ким тартканын билбейсинерби? Аранарда ким сурот тартат?

Саяна конул бурбады, досторунун бири

— бизде Саяна кызыгат суротко

— жок, кызыкпайм, бизге уруксатпы агай?

— уруксат бара бергиле

Саяна журналды алаары менен козуно сурот урунду «кайдан алды экен? Кантип агайдын колуна тийди? Бул суротту эмне кылат экен?..» ал «сурот тартпайм…» деп айтканынан унчуга алган жок. Сырка чыгаары менен модулунун баасын карады, » 5 » …

— кыздар, бул акыркы пар беле?

— ооба, тан эртеден эле сага окуу бутуп калат

— оф, биринчи пар эми буттубу?

— эмне болду?

— байкеме барайын дедим эле

— ал каякта?

— уйдо…

— апеей, доктурга жатып калдыбы десе, анан обедте барасын, жур кеттик…

Парлары бутуп, Саяна уйуно кетээрде суротун эстеди. Кайра алуу учун агайды издеди, ал жумушу чыгып кетип калган экен. Уйуно барса, Адил уктап жатат. Агасынын жанына келип, тизелеп отурду

— байке, турбайсызбы?

— мм, качан келдин?

— азыр эле, суйунчу бериниз

— болсун, эмне болду?

— суйунчуну бериниз айтам

— айта берчи, дем алышта сени киного алып барып келем

— соз бердиниз, мен бугун » 5 » алдым

— кайсыдан?

— Марат Абылкасымовичтин сабагынан

— курсовойду эртен менен кордун го, кантип даяр болдун?

— ал теманын кыскачасы, дептеримде бар болчу, ошону окуп, айтып бердим, ал байкабады деле окшойт

— аа шумшук, алдапсын да агайымды

— алдабай эле, бир эле тема го

— кой, дагы урушпайлы. Сен кийимдеринди алмаштыр, мен тамак ысытам…

Тамактанууга отурушту

— а сиздин агайыныз, мени билеби?

— жок, эмнеге?

— жон эле. Бугун мен тарткан сурот анын столунда туруптур…

— кандай сурот?

— бир кыздын суроту, свадебный койнок кийген

— анан?- Адил Жоомарттагы суротту оюна келтирбеди

— анын колуна кайдан тийди дейм да

— ким билет, мен жада калса сенин сурот тартканынды билбейм го

— болмомо ушунча кирип, суротторумду корбогонунуз кызык экен

— мен сенин буюмдарына тийгенден корком, жеп саласын да бир нерсе болсо

— ооба, аран эле турам

— тамаша, таарынып журбо. Саян…

— офф, канча айтам Саян балдардын аты деп

— кечирип кой, Саяна, уйго дагы эмне алайлы?

— мен, конок уйго, диван, кресло столу менен алгым келип атат, атайын болот го комплекттер

— ошол элеби?

— телевизорду да, алмаштыргым келет, анан килем, парда алыш керек

— кенешине рахмат…

— а кайсы акчага алабыз?

— бир айдан кийин жаны жумушка орношом, кесибим боюнча

— охо, жакшы го. А уйду ремонттобойбузбу?

— кийинки жылы

— мм. Мен болмомо кеттим

— идиштерди мен жуймунбу?

— ооба…-жылмайып кетип калды.

 

Адил ашкананы тазалап чыкты. Балкондон сыртты карады, кун бурколуп калыптыр. Сыртка чыккысы келди.

— Саянаа, жур сыртка чыгып келебиз?!

— неге?

— жон эле, сейилдейбиз да

— кеттик, азыр мен устумо кийип алайын

Шаардагы сейил бактардын биринде ээрчишип, бири-бирине тамаша айтышып, бактылуу баратышат. Коргондор экоону кыз-жигит деп ойлошту. Алдыларынан Адилдин достору чыкты

— экоо ээрчишип болушпайт го

— Рамео Джулиетадай десен

— койгулачы, бул Адилдин карындашы да, жаны эле окуганы келген

Адил да жанына келди, Саяна тоскоолдук кылбаш учун узагыраак басып кетти

— кандайсынар? балдар

— шугурчулук? Озун кандай? Иш таптынбы?

— таптым, бир айдан кийин орношом

— жакшы, бир куну чогулабыз, жумушчулардын урматына

— макул, чалып коесунар

Жолун улап, Саянанын артынан барды

— ким булар?

— досторум. Саяна, тиги жерде гул сатып атат, алып берейинби? Кандай гул жагат сага?

— жок, албайм. А сиз суйлошкон кызынызга гул алып бересизби?

— жок

— эмнеге?

— ал гулдорду жаман корот

— кандайча? Кыздардын баары эле жакшы корот го

— ал ошондой, озгочо…- Саянаны тиктеп турду.

 

Саянанын конулу чогуп кетти

— сага эмне болду? Саяна. Жон жерден маанайын тушуп кетти

— сизге жакшыы, суйлошкон кызыныз бар, а менин суйлошконум жок

— апеей, жигит элеби? Таап берейинби? Озумо окшогондон, э

— жоок…

— неге? Каалабайсынбы? Анан не…

— менин жакшы коргонум бар, ал мени…-токтоп калды

— эмне жакшы корбойбу? Тааныйсынбы аны? Ал сеничи?

— тааныйбыз, экообуз тен, жакшы билебиз бири-бирибизди. ..

— анан?

— болгону ал, ушинтип, сизге окшоп мамиле кылат

— кандайча?

— мени карындашындай корот

— ошол элеби? кийин жакындашып кетесинер… -деди да, ичинен кызганыч сезими козголду.

Жамгыр себелей баштады, уйуно шашылышты. Лифтке кире бергенде Саянанын ушугонун байкап, Адил кучагына кысты. Саяна алгач адаттагыдай агасынын эркелетип жаткандай туйду. Бирок, Адил карындашынын коздоруно башка коз карашта карады, Саяна сурдонуп кетти. Отура кетишкен эле, лифттин токтогонунан эстерине келишти…

Ошол кундон тарта, Саянанын мурункудай эркелиги азайып, уйлорун жыйнап, кыз-баланын жумуштарын толук оз колуна алды, бул нерсени Адил да байкады.

Агайдагы сурот Саянанын эсинен чыкты. Кундордун биринде кайрадан стол устунон коруп, Марат Абылкасымовичке жалгыз отурганда келди

— кечиресиз, мумкунбу?

— кел, кызым

— мен… сурот, суротту мен тарткан элем

— мм, жакшы тартыпсын, сенден мыкты дизайнер чыгат

— бирок, ал сиздин колунузга кайдан тийди

— уулум берди, «авторун таап бериниз» деп

— мм, кайра алсам болобу?

— болот, мына

— а, неге издеди, мен сиздин баланызды тааныбайм го

— кызым, моделдик агентте иштейт, учурда чет олкодо. Дизайнер издеп жаткан эле, балам суротту кайдан тапты билбейм, эжесине жардам беруу учун издеди

— мм, бирок мен дизайнер боло албайм, окуум бар…

— созсуз турдо окууну таштап кетип иштебейсин, кызым тез-тез келип турат, ал келгенде жолугушуп турасынар

— анда мен ойлонуп кором

— ооба, уйдогулор менен да суйлошуп кор

— макул, рахмат агай, саламатта калыныз…

Уйуно барып, болмосунон копко чыкпай ойлонот. Адилге айтайын дейт, бирок, негедир коркот…

 

Ойлуу отурганда Адил келет

— окуулар кандай? Кыйналбай элесинби?

— жок, рахмат. Байке, сиздин жумушунуз эмне болду?

— орношуп алдым, кийинки жумадан барам.

— мен да иштейинчи?

— не кыласын? Окуунду окуй бер, кыйналсан мен бармын

— жок, мен агайдан суротту алдым

— анан? Ким бериптир?

— баласы, дизайнер издептир

— Жоомарт байкеби? Ааа, баса, сенин суротун беле?

— ооба, сиз кайдан билесиз?

— кордум, экоонор туртушуп кеткен экенсинер го, ошондо анын кагаздары менен кошулуп кетиптир. Кагаздарды карап жатып мен коруп калдым…

— мм(үйүнүн жанынан түртүшүп кеткен жигитти эстейт)

— эжесине дизайнер керек деп издеп кеткен, агай айттыбы?

— мм, айтты. Макулсузбу?

— билбейм, озун бил. Бирок, чет олкого жибербейм…

Саяна » анда, эже менен таанышып, бул жакка келген учурларда суротторумду коргозуп турам…»деп ойлонду ичинен.

— Саяна, кеч болду тамактанабызбы?

— мм, азыр. Тамакты ысытайын

Тамактангандан кийин уйкуга кетишет. Эртеси Адил Жоомартка жолукканы уйуно барат. Үйүнон Жоомарттын апасы Уркуя чыгат

— арыбаныз, эже, ден соолугунуз жакшыбы?

— Адил, сенби? Кел балам, жүр, үйгө кир.

— Жоомарт байке барбы?

— ал, атасы экөө жумуштар менен кетишкен, азыр келип калышаар, көп болду кеткенине. Келин, чай алып кел?

— кичинекейлер корунбойт го…

— ойноп атышат. Келин, балдарынды чакырчы?

Келини балдарына Адилдин келгенин айтаары менен чуркап киришет

— Адил байкооу

— ооу, кандайсынар? Чоноюп калыпсынар го, мегиле, алгыла…-чонтогунон атайын балдарга атап алып алган шоколадын берет. Суйунуп Адилдин жанында айланчыктап, ар нерселерди суйлоп журо беришет

— бакчага барып атасынарбы?

— ооба, бугун байбадик, дем айыс дя

— канча кун дем аласынар?

— бийбем, атам алип баят. Ажый биж уктабыж

— неге? Мен кантем анан?

— бакчада дайым уктабыж да, сиж энем менен отуюп туюнуз да, анан ойгонобуж

— макул, анда баргыла, уктагыла, жакшы эс алгыла э

Балдарды апасы болмосуно алып кетет. Жоомарт менен атасы келет. Адилди коруп, Марат Абылкасымович суйунуп калат.

 

— Саламатсызбы? агай.

— кел, Адил, кандайсын?

— рахмат, агай, кудайга шугур. Кандайсыз Жоомарт байке?

— кандайсын? Келгенин жакшы болду, мен да сага жолугайын деп жаткам. Суротту тарткан кызды таптым…

— мм, жакшы. Ким экен?

— атам таап берди. Озу келип жолугуптур. Биринчи курста окуйт экен, аты Саяна.

(Адил карындашы экенин айтпады, унчукпады.)

— атам, дизайнерлик боюнча айтыптыр, ойлонуп кором деп кетиптир…

— биздин жумуш эмне болду?

— понедельниктен иштейбиз да, азыр он адам смендешип иштеп атышат. Биз кобойгучо деп, алардын маянасын азырынча кобуроок берем, кийин баарыбыздыкы бирдей болот.

— мм, жакшы.

— озун жон эле келдинби?

Ойлуу отуруп, Адил башын ийкеп койду. Чынында Саяна боюнча суйлошкону келген эле.

— балдарынызды коргону келдим. Уйкудан турса ойноп кетейин, соз берип койдум эле

— ооба, сени да катуу сагынышкан

Копко суйлошуп отурушту.

 

 

 

Балдар ойгонуп, Адил балдар менен сыртка чыкты, алар менен бирге агай да чыгып, эшиктин алдындагы отургучка отуруп алды. Адил балдар менен топ тебишип ойноп жатты

— Адил?

— оу, агай

— сени менен суйлошойун дедим эле, жаныма келчи

— эй, кичинекейлер, силер ойноп тургула, мен азыр, ата менен суйлошуп келейин.Макулбу?

 

-(баштарын кылыктана ийкешип)мааакууул

 

 

 

-Угуп жатам, агай…

— сен, жанагы сурот тарткан кызды тааныбайсынбы?

— жоок, эмнеге?

— кол жазманар окшош экен

— аа, окшой берет да…

— качан уйлоносун?

— ошону сурай албай, тигини созго кошупсуз да э? (жылмая карады) буйруган куну да

— суйлошкон кызын барбы?

— жактырганым бар, бирок, айткан эмесмин

— таанышсынарбы? Байланышып турасынарбы?

— ооба, мамилебиз жакын

— анан, эмнени кутуп жатасын?

— быйылча, уйду ремонттоп, ичин толуктап алайын, бир жылдан кийин анан уйлоном.

— аа, жакшы, жардам керек болсо, тартынбай сура

— уйлонсом, сизди окул ата кылам, агай

— мен карып калбадымбы, Жоомартты кой

— жок, сиз болосуз, Жоомарт байке, менин бир тууганымдай. А сиз атамдайсыз, карысаныз эмне экен? Карысы бардын, ырысы бар дейт го

— макул, балдар урушуп жатышат, сен барбасан азыр…

Балдардын бири, босогодо турган Жоомартты коруп ыйлап келди

— атаа, мен Додай(Жоодар) уйду

— ыйлаба, байкен да, таарынба. Апана барсан, балмуздак берет

— ким апкеди?

— мен. Жоодар, уйго кир балам, апан чакырып жатат

Жоомарт, босогодон балдарын чакырып жатты. Кеч киргенин коруп, Адил уйуно шашты.

— мен барайын анда

— бугун калсан болмок, уйундо эч жок го

— досторум келмек…

— аа, макул анда, бар. Жоомарт жеткизип коет

— рахмат, агай, озум эле кетем…- Адил кетип калды, жолдон бир-эки таанышы жолукту

— оо, кудайга шугур, жолукканынар жакшы болду

— а эмнеге? Издединби?

— ооба, уйго жургуло, иш бар

— ой, биз башка иш менен журобуз

— билем, силердин ишинерди. Мен жаны квартира алдым, ошону коруп кеткиле

— оо, куттуктайбыз. Каерден алдын?

— биздин университеттин жанынан. Барасынарбы?

— ооба, жолдон бир нерсе алып алалы э

— ооба, кеттик…- Адилдин уйуно жоношту. Бул учурда карындашы тамак даярдап, озу уктап калган эле.

 

Адилдин достору уйго кирери менен болмолорду карап чыгышат. Бири шашылып Саянанын болмосунун эшигин ачып алып, кайра шарт жаап коет

— эй, ким бул?

— ой, мен сага откондо айттым го «карындашы» деп

— а мен кайдан билем?

— сен билбесен, мен билем

— жакшынакай экен

Адилдин жини келип кетет

— карындашымды озунун оюндарына аралаштырып журбо, аман калбайсын

— Адил, сен мени коркутуп жатасынбы?

— мен сага эскертип жатам. Кыз жандуу экенинди жакшы билем

— болду, балдар, токтобосонор урушуп кетесинер, андан коро эмне жумушун бар эле ошону айтчы, Адил?

 

— биздин куратордун баласы, Жоомарт байке бар го, ошол сайт ачыптыр, жумушчулар керек экен, ал озунун досторунун чакыртайын десе, копчулугу чет олколук сайттарда иштешет, анан мени досторуна айтып кор деген эле…

 

 

 

Кечке чейин суйлошушуп,  отурган  жерлеринде уктап калышат..

 

Эртеси Саяна уктап жаткандарды коруп, агасын да ичти деп ойлоп калат. Ичинен жини келсе да, сыртынан билгизбейт. Адилдин достору да кетет. Саяна орой суйлоп:

— ичтинизби?

— жок, кайдан алдын?

— тигилер ичиптир го

— алар деле пиво эле ичишти, эмне болуптур?

— жон эле сурап койдум да

— мм…- Адил ойлонуп кетет…- Саяна, мен сага бир нерсе айтышым керек

— эмнени?

— кийин айтам, андан коро сен айтчы, дизайнерликти ойлондунбу?

— мм, иштей берейинчи? Компьютер алып бергенсиз го, интернетти да улап бердиниз, интернет аркылуу байланышып турам да

— макул, озун билесин. Бирок, дагы эскертем, мен сени чет олкого жибербейм

— мм…

 

Адилдин алгачкы иш куну да келет. Тандан туруп даярданып, атайын жумушка кием деп озуно кастюм-шым алган эле, кийинип алып чыгып баратса Саяна токтотуп калат, атайын агасына галстук алган экен, анны тагып бергенден кийин ийгилик каалап узатат. Ишканага барса, жумушчулардын копчулугун тааныйт, Жоомарттын группалаштары эле.

 

Ар бир сайттагы жазылган жарыя, макала дагы ушул сыяктуулар Адилдин мойнунда, алардын катасыз жазылышын текшерет. Жоомарт сайтты озунун эки досу менен биргеликте жараткан. Эки досу башкаруучулукту Жоомартка ишенишет. Кундон кунго колдонуучулар кобойот, Адил ар жаны идеяларды ойлоп табат. Саяна дизайнерлик жана окуусу менен алек. Бир куну Адил карындашына жаны чонток телефон алып берет. Адилдин жашоодо жасаган ар бир кадамы Саяна учун эле жана карындашы учун баарына даяр эле. Агасы керек болуп, бир куну Саяна Адилдин ишканасына барып, эшиктин алдында кутуп турса, Жоомарт жолугуп калат.

— кел Саяна, жон жай элеби?

— ооба, байкеме келгем

— байкем? (ойлуу тиктеп)байкен ким  ким?

— Адил

— кайсы Адил? Менин баламбы?…- жылмайып карайт

— кандайча? Мен сизди тушунбодум?(танкалып)

— Адил Жоомартовичби?

— ааа…-кулуп жиберет…- ооба, ошол

Адил да чыга келет. Экоонун суйлошуп турганын коргондо, бир азга токтоп, артка бурула кетип кайра карындашын коздой басат, баары ачыкка чыга баштаганын тушунду. » эми, агайды кайсы жузум менен карайм. Ал менин карындашым бар экенин билбейт болчу, каап, баарын ошондо эле айтып койбой…» башын жерге салып, Жоомарттын алдына барат.

— кечирип коюнуз, биз суйлошуп алалы, сизге кийин баарын айтып берем-

Жоомарт кетип калат, Адил Саянанын коздорун карап, эмнеге келгенин сезет.

— Саяна, мен сени…

— эмнеге мен жонундо эч ким билбейт? Же менин бар экенимден намыстанасызбы?

— жоок, Саяна, эмнеге антип ойлойсун?

— анан эмнеге эч кимге айткан эмессиз, мени…- коздорунон жаш айланып кетет

— Саяна, менин сага да айтпай жургон сырым бар, баарын уйго барганда айтып берем. Ыйлаба, кечирип кой мени

— мен эми, сизди укпайм, мени Айсана эже(Жоомарттын эжеси) Францияга чакырып жатат, эртен учуп жатам

— менчи? Мени жалгыз калтырасынбы?

— жок, сиз учурга чейи эле жалгыз болчунуз го… (катуу тарынып кетип калат)

Адил ичинен озун жемелеп кала берет. Саяна ыйлап, шаар айланып басып журот.

 

Уйуно келип, Айсана эжеге макулдугун берет. Билет алганы барса, тунку рейске бир орун калган болот. Ойлонбой сатып алат. Уйго келип, буюмдарын алып, Адилге кат жазып кетип калат. Жумушта тынч отура албаган Адил, Жоомартка да эчнерсе айтпай  уйуно шашып кетип калат. Саянанын жок экенин байкайт, катты да окуйт, аэропортко шашат. Барса, рейстин учуп кеткенине он мунот болуптур. Айласы жок эле. Башын мыкчып, копко чейин жерде отурду.

— эй, жигит сага эмне болду? Тун бир убак болду, сен отургандан бери эки саат отту окшойт, отура бересинби?

— аа? Мм, кечиресиз…

Адил эмне кылаарын билбей, уйуно бараары менен Саянанын компьютери менен интернетке кирди, Саянанын дарегине кат жазып жонотту. Францияга жетээри менен, Саянаны Айсана озу тосуп алды. Уйуно алып барып, уй-булосу менен тааныштырып, болмосун корсотту. Болмосундогу компьютерди коруп, шарт эле жабышты. Почтасын ачып карады, агасынан кат келген экен, ичинен таарынычы жазылбай, ачып окуйт

 

«Саяна, мени кечир, суранам, кайтып келчи, ооба, мен сени баарынан жашыргам, бирок, сенден озумду жашыргам, тушун, эмне учун айтпаганымды да озум билбейм, азар да озумду жек коруп жатам, суранам, мени жаман акыбалга калтырбачы, кайтып кел…»

 

 

Катты окуган Саяна, токтоно албай ыйлап жиберет. Буулугуп кетет. Ыйлаганы сыртка да угулганынан Айсана эшигин такылдатып, ачууга аракет кылат.

— Саяна, эмне болду? Эшикти ач, Саяна?

— жок, Айсана эже, мен жалгыз болуп турайынчы? Суранам

— мм…- эч нерсени тушунбой калган Айсана тан калып кала берет. Копко чейин болмосунон чыкпагандыктан аябай кабатырланат. ..

— Саяна, жумушка барышыбыз керек, тур.

— мына, баратам.

— мен ашканада болом…

Тамактанып, жумушка жоношот. Саянанын дагы эле болсо, маанайы жок. Ишканага жеткенде, Айсана Саянаны жумушчулар менен тааныштырат, Саянага иштин жол-жобосун тушундурот. Жумуш буткондон кийин Саянаны алаксытуу учун Айсана шаар айланууну сунуштайт. Уйго кечигип келишет. Айсананын жолдошу Бакыт жумушунан келип калган экен. Балдар менен тамактанып жатышкан болот. Саяна кайра эле болмосуно кирип кетет. Айласы кетип Айсана артынан кирип, кабатырланганынын жайын сурайт. Экоо копко сырдашып, Саяна кайра Кыргызстанга кайтмак болот. Билетин алып берип, Айсана Саянанын артынан уй-булосу менен бирге келээрин айтат. Танкы рейс менен Саяна учмак, кечки рейс менен Айсана уй-булосу менен учмак болушат. Эртеси Саяна менен Айсана аэропортко жоношот. Баратып жолдон эки машинанын авария болуп, жолду тосуп калгандыктан аларды алып кеткиче кармалышат. Бир нерсе сезгендей Саяна Адилди ойлоп, санааркай берет. Аэропортко да жетишет. Кечигип барышат, бирок, рейс кармалып калып, жетишип калышат. Саяна самолетко отурукташкандан кийин, Айсана уйуно кайтат. Самолет учуп кетет.

 

 

 

…Саяна орундукка отурардан алдын сумкасын багажнике коердо жанына кыргыз жигит келип жардамдашат, алар менен чоогу француз кыз олтурат француз кыз да багажникке сумкасын коердо, ошол жигиттен дардам сурайт Саяна кереги тиет деген ойдо кичинекей сумкасын колуна алып алган эле, француз кыздын да колун да сумкасы бар эле, стюардесса келип кол астында эч нерсе болбош керектигин айтканда Саяна менен француз кызы сумкаларын кайра эле тигил жигиттен жардам сурашат, эки кыздын чон сумкаларынын ону окшош болгондуктан жигит кыздардын сумкаларын алмаштырып алат…

… Бишкек. Манас аэропорту. Самолеттун конуусуна уруксат берилди. Коноорго жакын калганда, самолет аварияга учурайт. Катуу келип, коно албай калган самолет эки-учко болунуп кетет. Бир нече адам каза болуп, дагы бир канчасы оор акыбалда ооруканага жеткизилет. Айсана самолет учканда Жоомартка телефон чалып, Саянанын келээрин айткан эле. Жоомарт Адилге кабарлаган. Адил кутуп жатып, аварияны укканда, кармана албай авария болгон жерге келет, жолун тоскон куткаруучуларга да баш бербей авариядан улам болунуп кеткен самолеттун жанында Саянаны издеп айланчыктап журот.  Саянаны издеп жатат. Айланасы ызы-чуу, биринин бир тууганы, биринин ата-энеси ыйлап жатат. Куткаруучулардын бири Адилдин жанына келип:

— кечиресиз, кимди издеп жатасыз?

— Саяна. Абдубалиева Саяна

— Абдубалиева Саяна? Азыр куто турунуз, — деп ары  жактагы куткаруучулардан сураштырат- кечиресиз ал, бул жерде жок экен, азыр эле алып кетишиптир…

— каяка? кайда алып кетишти?

— кайрат кылыныз…

— аа?…- эч нерсе уккусу келбеди, башын мыкчып, козунон жаштар акты, эч нерсе козуно корунбой, эч нерсе кулагына угулбай, дендароо болуп, озун билбей калат…

— моргко алып кетишти, суук кабар учун кечириниз, кайрат кылыныз, сизге куч-кубат берсин…

Башы ман болуп, Адил эмне кыларын билген жок, откон кундору, бала чактары коз алдына элестелди.

 

Уландысы бар!!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️