Эгер баарын башынан айтсам адам ишенгис коркунучтуу бир жашоо драмасы. Мумкун сиз аны чыгарма кылып жаратаарсыз?
Эгер сизге кызык болсо мен аз-аздан жаза берем. Сиз аны окусаныз, койсонуз оз эркиниз. Бирок тунку 12-ден кийин, себеби билайн бекер да
Менин сизге жазганым кутуусуздон эле болуп кетти. Заметканызды окуп отуруп, оюма келе калды, а мумкун ушул нерсе буйруктур. Суранарым, эгер жадап кетсениз, акырын гана чёрный списокко киргизип коюнуз ээ. Капа болбойм, андайга конуп калганмын.
Эмесе сизге тушунуктуу болсун учун апамдан баштасам. Апам 1966ж. Х обл. Х районунун Х айылында туулган. 7 бир тууган. Таятам, тайнем эрте кайтыш болушуп апамдар ар кимдин колунда чоноюшуптур.
19 жашында менин атам ала качып кетип, салттын курмандыгы болуп жашап калган. 88жылы агам, 89жылы мен торолгон экенмин. Атам абдан урчу экен апамды. Азапка чыдабай апам экообузду алып кетип калган экен.
Атамдын такыр балалуу боло албаган агасы келип байкемди талашып алып кетет. Ошентип, бир карында жатып, бир кандан жаралган бир боорумдан тируулой туболукко ажыратышкан.
Кийин апам Ысыколдогу Х районундагы Х деген айылына 2-жолу турмушка чыкты. Андан 2 балалуу болду. Ал куйоосу да кызыл камчы, ото начар адам эле.
Арак ичип келип, апамды тоголото тепкилеп, жанчып жатканын коруп чонойдук учообуз. Себеби, биздин козубузчо болоор эле бул окуянын баары. Чыркырап ыйлаган бизге карабай тепкилечу, кээде чон бир жыгачты келтекти алып келип, балта м.н уучтап алып, апамды жыланачтап алып ошол казыкты арткы тешигине кагып киргизчу
Мен болсо анын не кылып жатканына деле акылым жетчу эмес. Бул тири шумдук окуяларга конуп калган жаным, чынырып ыйлагандан башка эч нерсе кыла алган эмесмин.
Акыры апам баарына кайыл болду окшойт, кошо жарышып иче баштады. Болгон ишеничим, умутум, аска-зоом, таянарым апам эле да. Апам иче баштаганда куураган жаным бул нерселерден да айрылдым. Ошентип кундо уруш- талаш менен омур ото берди.
Менин 1-класска бараар убак келди. Ал озунчо эле кызык, кулкулуу да, кейиштуу да окуя мен учун. Анткени менин эч нерсем жок эле. 1-сентябрь куну мени апам алып барды. Кийгеним фудбока шорта ( мужской), чачы башым саксайган. Себеби, жай башталганда апам чачымды кырып таштаган эле. Кызык, башка апалар кызынын чачын бапестеп остурот экен го, а менин апам неге анткенин азыркыга чейин тушунбойм.
Эсимде, бир куну магазинге бутылка откозуп, сагыз алайын деп барсам, бир аял мени коруп алып: «Могу келесоо жайдын чилдесинде не калын топу кийип алган?!»,- деп шылдындаганы. Кийин ал аял менин 1- мугалимим экен.
Ошентип, класска кирсем апакай болуп жаркырап кийинген кыздар балдар. Эч нерсеси жок эле 2-3 кун барып окудум. Апам бироодон сурап келсе керек, бир чакмак дептер, бир ручка берди. Баардык сабакты бир эле дептерге жазам да. Мугалим б.о:» Бул кайсы чалагайымдын дептери?»-деп кыйкырганда кирээрге тешик таппай калгам.
Баарына шылдын болуп журдум. Окуучулардын чон кичинеси дебей баарынын эрмеги эле мен элем. Ананчы, чачы сапсайган, жудоо, самтырап кийинген, озумдон чон сумкага бир дептер м.н бир ручка салган мени ким эле б.о очу бардай заар создорун айтмайын жон турушпас.
Корсо ал сумка чон кишилер бир жака бараарда 5-6 сыйра кийимин салып алса баткан, жол сумкасы тура
Мен 3-кл. болгондо ал куйоосу олуп калды. Ал апамдан 13 жаш улуу эле. Чынымды айтсам, олгонуно абдан суйундум, балалык оюм м.н эми апамды эч ким сабабайт ойлогом. Кыркашы буткондоле апамды кайын агасына тий деп чыгышты. Апам б.о не кылаар айласын таппай, тийбейм деп чырылдайт. Анткени, тиги киши олгон куйоосунон откон жинди, зоокур болчу да.
Байкуш апакем не кылаарын билбей карбаластап турганда, кошуна аял озунун бир кудасын чакырыптыр, апама тааныштырам деп. Ал да болсо апамды куткаргандагысы эле.
Ал келип апам м.н таанышты. Апам дароо эле макул болду тийгенге, ал жашы жагынан 4 жаш улуу болчу да. Алам деп макул болуп, бирок, бир баланды ташта, мен учоону тен бага албайм деп шарт койду. Байкуш апам ай, не кылаарын билбей чарк айланып, же канкорго жем болоорун билбей, же баласын таштаарын билбей чырылдайт.
Таянаар бир туугандары да, дайынсыз жок б.п кетишкен. Себеби, куйосу оло электе барып таппай келген эле да апам.
Ал ортодо кайнагасы иштин жайын билген экен,келип апама:» Кетсен кет, бирок, Айбекти бербейм. Эгер алып кетсен, жеткен жерден баары бир алып кетем»,-деди. Айласыз апам макул б.у. Эртен жолго чыгабыз деген куну, Айбектин калаарын уккан жаным, журогум ооруп, чыдабай кочого издеп чыктым.
Байкушум эч нерседен капарсыз кочодо жалгыз ойноп журуптур. Кучактап алып, бети башынан опкулой, ый аралаш айта бердим,:»Жакшы кал Айбек, биз эми сени таштап кетет экенбиз, мен сени сагынам , чон атан м.н каласын,»-деп. Айбегим анда 4 жашка жаны эле чыккан эле. Алда нени сезгендей, элендей мени карап:» Эже, мен да силер м.н кетейинчи,»-дейт. Ансайын сай соогум сыздап ыйладым. Ошол коз ирмемдер, Айбегимдин ошол турган элеси, жалжылдаган коздору омур бою менин эсимде бекем сакталып калды. Аны таптакыр калтырып кетким келбеди, озум м.н кошо ала кетким келди. Бек кучактап бетинен ооп-ооп алып, Ишендин:» Айбек»- деп чакырганын угуп, акыркы жолу боорума бекем кыстым да, артыма качып жонодум. Анткени, мен андан коркчумун. Ошентип, тагдырымда 2 бир тууганымдан тируулой, туболукко айрылдым.;-(
Андан аркы жашоомду эстес мен учун ото эле оор. Ошондуктан, болушунча кыскартайын дедим.
Моя мама вышла замуж за этого идиота. У них родилисрь 3 е девочек. Когда мне была 13 лет, он меня изнасиловал! Каждый день, в течении двух лет. Селых двух лет! Вы себе представляете?!
И моего брата он жестоко избивал всегда, сейчас ему 20 лет, он вырос почти дебилом. Некчомным человеком стал, просто ходячий существо! Тот изверг сделал его таким! И мою жизнь сломал тоже.
Я в своей жизне в первые рассказываю об этом. Мне очень трудно,
Тируунун олугуно айлангам ошол кундон баштап. Адамдар бутун да сурткулору келбеген тряпкадаймын. Озумду озум жек кором, неге жашап журом бул жашоодо озум да билбейм.
Маскачан тируунун олугу
Кийин качып кеттим, Бишкекке. Пол жууп, идиш жуудум, официант болдум. Бирок праститутка болгонум жок негедир
Эч качан куйоого тийбейм деп чечкем. Окугум келчу, чындыкты айткан журналист болсом деп кыялданчумун. Каяктаан, мендейлерге ким жардам берип окутмак эле. Бай болсом, озумдойлорго жардам бермекмин.
2008-жылы алакачып кетти Таласка. Жапайычылык деп ойлойм, неге ала качышат.? Анан жашап калдым. Апамдар кунуго чалат, алдыбызга жыгылып келсин деп. Педафил, изверг жуз мин калын алып келишсин дептир
Кайындарымды жолотподум ал жака. Кайын энем деле ачык эле айтып койду, «кыз эмес экенсин барбайбыз» деп. Типа, мен экинчи аялы болгону учун гана макул болушту да жашатканга.
Калган азапты бул жактан коруп келе жатам. Кызым беш айлык кезинде колума карматып туруп, февральдын суугунда эшикке чыгарып коюшкан кет деп. Ар жагын тушунот чыгаарсыз.
Азыр болсо кызым бешке чыкты. Апам былтыр каза болуп калды. Баарынан да кичинекей эки синдим тиги канкордун колунда калганы жанымды кейитет. Бир синдимди тырышып олтуруп озумдун жаныма алып алгам, азыр 7-класс. Берки экоо бири 8 кл. Бири 5 кл. Алар азыр ысыколдо атасында.
Куйоомдун биринчи аялынан 2 кызы бар. Аларга алимент кестирип коюптур. Алимент тологучо кайра алып келип жаша, муну кетирип деген да апасы. Бирок мен жалдырап буттарына чоголоп жатып кеткен жокмун. Бараар жерим жок, кайда, кайра тиги канкордун колуна барамбы? Мен кызымды озумдой кылгым келбейт. Мен кыйналсам кыйналам бирок кызым оз атасынын жанында болот. Азыр куйоом, кызым, синдим, мен б.п жашайбыз
Куйоом болсо синдинди кечке эле бага беремби пусть атасынан акча алып келсин продуктыга дейт. Синдилерим мени атасы не кылганын билишет. Себеби булардын козунчо жасачу да арам иштерин
Ошон учун баргысы келбейт
Эми мен эмне кылаарымды билбей калдым. Кимге айтам арманымды, кимден жардам сурайм жалдырап билбейм. Эгер кызым жок болсо олуп калмакмын эмдигиче
Женский жактан катуу жабыркасам керек, азыр жаным козумо корунуп ооруйт. Дарыланайын деп да аракет кылдым, бирок, кайненем» баламдын акчасын коротпогунун, корунгон м.н жатып келип алып» деп койгон. Андан бери 4жыл отту, ошондоле кол шилтеп койгом баарына.
Мына ушундай чиеленишкен татаал тагдырымды омурумдо биринчи жолу сизге гана айттым. Куйоом да билбейт мунун баарын. Кокурокко батпай бараткан эле…