Абийир куну 

https://kyrgyzcha.site/?p=47141&preview=true Кызыктуу окуялар.

Абийир куну 

Күздүн шападасы билинип, күн суугуна тартып калганын Айгерим бүгүн сезди. Негедир жүрөгү сыздай жалгызсырап алды. Кийинки жылдары ар күз сайын ушул сезим жанын өгөөлөй берчү болду.

– Апа, карачы, тигил аял ыйлап жатат, сооротуп коёлучу, — деп ары жакта ойноп жүргөн уулу чуркап келди. Уулунун боорукерлигине ичи жылый ал көрсөткөн жакты карады. Арык, бирок кийген кийими жарашыктуу, жаш аял бетин басып алып сейил бактын чет жагында жалгыз отуруптур.

– Сизге эмне болду? – деди жакын басып келип акырын. Аял башын көтөрүп айыбы бардай жалтаң карады.

– Эч нерсе… — деди, анан ый аралаш. Аял жалгыз болгусу келип тургандай сезилди. Айгерим жанында турган уулун колунан алып бурула берерде аял акырын суроо узатты:

– Сиздин уулуңузбу?

– Ооба.

– Боорукер бала экен. Менин да ушундай балам бар болчу… – аял кеп акырын жутуп жашына такалды.

– Азыр кайда? – деди Айгерим ушу азыр айтылчу суук кабардан корккондой батынбай.

– Атасында, мага бербей коюшту.

– Неге?

– Жеңил ойлуулуктун кунун энелик бакыт менен төлөдүм. Мен баламды күндө көрүү, күлкүсүн угуу бактысынан айрылдым, бул бакытты жеңил ойлуулуктун кунуна бердим.

Аял ордунан туруп басып кетти.

– Апа, кун деген эмне? – деди уулу Айгеримдин колун силкип.

– Жаман иш кылсаң, ошонун акысына төлөнчү нерсе…

– Ал акча менен төлөнөбү?

-Ар кандай, акча менен төлөнчүсү — эң жеңили, бактың менен төлөп калгандан Кудай сактасын, балам.

– Биз кун төлөбөйбүз ээ?

– Сен төлөбөйсүң, а мен төлөп жатам, уулум. Абийир кунун жалгыздык менен төлөп жатам.

***

Айгерим эстегиси келбеген өткөн өмүрүнө аргасыз сүңгүдү.

Анда да күз эле. Окуу жылы жаңы эле башталып, жогорку окуу жайга окуп калышкан Айгерим курактуу сары ооз балапан улан-кыздардын али бала жүрөктөрүн студент болдук деген өрөпкүү делөөрүтүп, ааламга сыйбай калышпады беле ошол күздө. Ара күндө түрдүү кечелер, туулган күндөр шылтоолонуп майрамдардан бошобой калышкан. Ошондой майрамы көп күндөрдүн биринде Айгерим классташы Сардарды жолуктуруп калды. Күндөр канчалык көңүлдүү болбосун, туулган жерге, бир боор айылдаштарга болгон сагыныч кусалантып жүргөн экен. Айгерим муну Сардарды көрөрү менен туйду. Ары Сардар экөөнүн ортосундагы балалык аруу сезимдер, боз уландын үч бурчтук каты кыздын жүрөк бурчун али да жылытып жүргөн. Экөө бири-бирин көрөрү менен албырып кубанып да, сүрдөп да кетишти. Айыл, андагы классташтар, мектептеги күндөр тууралуу айтып түгөтө албай жатышты. Ошол кечтен баштап экөө эгиз козудай ээрчишип калышты. Кечелерге да кыз-жигит катары ээрчишип барышып, ал тургай, булардын сүйүүсүнө суктангандар болбоду беле. Балким, ошол каргашалуу түн (анда булар үчүн эң бактылуу, анан өзгөчө түндөй сезилген) болбосо тагдыры башкача болот беле, ким билет.

Шаардын четиндеги эми гана үйлөр салынып жаткан жаңы конуштардын бирине тайпалаш кыздын туулган күнүнө барышкан. Отуруш кызып калган кезде эшик шарт ачылды да, эңгезердей болгон бир жигит беш-алты кошоматчысын ээрчитип кирип келди. Күлкүлөр дароо өчүп, кыздар эле эмес, жанатан бери өзүн эркек тана сезип отурган боз балдар да бозоро түштү.

– Ии, уланта бергиле, эмне дымып калдыңар? – деди эңгезердей жигит доого келгендей демитип. Оозунан эне сүтү кете элек жаш балдарды демиткенине курсант болгон бул кемпайларды карап туруп Айгеримдин ичинде жек көрүү кайнап, бирок алы эч нерсеге жетпесин билип тилин тишине катты. Сардардын артына далдааланган Айгеримди көздөй басканда кыз ансайын жигиттин колтугуна корголоду.

– Эй, сулуу, сен мага жагып турасың, бери кел, таанышалы, – деп кызды билектен алды. Сардар кызды артына калкалай:

– Бул кыз эч ким менен таанышпайт, коё бер, – деди калчылдап. Кыз билегин жулкуп алып Сардардын артына жармашып чырылдап жиберди:

– Байке, биз жакында баш кошобуз, убалыбызга калбаңыз, – деди аптыгып. Тигилер күлкүлүү сөз уккандай ансайын каткырды. Айгерим бул сөздү кантип айтып жибергенин билбей, али баш кошуу тууралуу сөз козгой элек Сардарга өзүн таңуулап жаткандай уялып, тигилер кызды шылдыңдап жаткандай басынган эле.

Сардар тиги жигиттин жарымынан келип турса да кызды канатына калкалай бекем турду.

– Баатыр окшойсуң, чын эле жигит болсоң, жүр эшикке, жекеме-жеке сүйлөшөлү, – деди Сардарды ээктен ала.

– Сардар эч жакка барбайт, – деди кыз жигитке ансайын жармашып.

– Эмнеге барбайт, сени сүйсө барат, – деди кызды канталаган жансыз көздөрү менен теше тиктеп. Мынчалык муздак көздөрдү көрбөптүр кыз, аза бою дүркүрөп чыйрыгып кетти.

– Айгерим, коркпо, мен азыр келем, – деди Сардар кызды жоошутуп, а өзү болсо шамал жулмалаган жалбырактай калтырап турду. Алар Сардарды желкелей сыртка жөнөгөндө кыз элейген боз балдарды карап чырылдап жиберди:

– Сардарды жалгыз жиберип коюп эмне карап турасыңар, намысыңар барбы?

Боз балдар баары жер тиктеп, күнөөлүүдөй каректерин жашырды. Айгерим тигилердин артынан кошо чыгарда балдар чыйрала түшүп сыртка сүрдүгүштү. Айгеримге ошол учур тим эле кылымга созулуп кеткенсиди. Бир кезде эшик ачылды да, кыздардын баары сырттан боз ала болуп кирген балдарга жабылды. Айгеримдин көзүнө урунганы эле Сардардын канжалаган бети, шишиктен көрүнбөгөн көзү болду.

– Сардар!? — Сардар боюн таштаган кызды айдалысынан сылагылай каадалуу кишидей жумшак шыбырады.

– Кетишти, коркпо, баары жакшы, – деди үнүнөн корстон болгону сезилип. Эми эле капилет келген селдей топурап кирип келген немелердин кеткенине кубанган кыздар сыртта эмне болгонун сурашкан да жок.

– Бетиңе бирдеме басыш керек го, антпесе эртең сабакка кантип барасың? – деди Айгерим кам көрө.

– Муздаткычта чийки эт болсо, ошону бассаң көгөрбөйт, – деди кыздардын бири. Үй ээси Саадат чуркап чыгып муздак эт көтөрүп кирди.

– Бетимди жууп алайын, – деди Сардар. Айгерим кошо чыкты.

Экөө бош бөлмөдө отурушту. Сардар бир колу менен көзүнө коюлган этти кармап, бир колу менен кызды имере кучактады.

– Коркуп кеттиңби? – деди акырын. Кыз унчукпай баш ийкеди.

– Сен “жакында баш кошобуз” деп чын эле айттыңбы? – деди боз улан кулак түптөн шыбырай.

Бир ысык толкун бүткөн боюн аралаган кыз бул жолу баягыдай уялып эмес, жүрөгү толкуп баш ийкеди.

– Мен сенин ошол сөзүң үчүн сыртка чыктым, – деди боз улан энтигип. Сырттагы дыбыраган жамгырдын үнү кичинекей бөлмөдөгү эски шырдактын үстүндө туйлаган эки жаш дененин шыбырын, кыздын сууга чөгүп бараткансып аптыккан таттуу онтоосун суук сөз, жаман көздөн жашырып жаткансыды.

– Эмне кылып салдык? – Бир кезде чачы жүзүнө жабышкан кыз апасынын жакшы буюмун сындырып салган баладай корккон үн менен ый аралаш шыбырады.

– Сен өзүң “баш кошобуз” дебедиңби?

– Ооба, бирок аны сен эмес, мен айттым, – деди кыз үнү калтырап.

– Мен деле ошол ойдомун. Болгону жок дегенде үчүнчү курска баралы. Ага чейин эч кимге айтпайбыз, – деди жигит кыздын саамайынан сылай. А өзү не кыларын билбей апкаарыганы көзүнөн көрүнүп турду.

Чын эле алар эч кимге айтышкан жок, бирок кандайдыр бир аялуу чектен өтүп кеткендей, кол тийгис нерсеге кир жугузуп койгондой экөө тең бири-бирине суз тарта түшүштү.

Сардар сейрек келип, келгенде да күнөөлүүдөй жер карап, сөздөрү түгөнбөй сүйлөшкөн адаттары калып, экөө тең бирөө чыга калып суракка алчудай коомайланат. Бир күнү Сардар бир аз кызуу келди.

– Айке, кечирип кой, мен окуумду токтото туруп Орусияга барып иштеп келбесем болбойт. Атамдар насыясын төлөй албай жатышат. Мени күт ээ? Мен сени алам, болгону иним үйлөнсүн. Апам “биринчи келген келин кыз абийири менен келүүсү керек, анткени ал тун келин” дечү. Ошондуктан иним үйлөнсүн, анан биз. Ага чейин…

Анан бирдеме айтчудай кыйылып турду да, акырын шыбырады:

– Балдар “бир эле жолу кошулуп, анан кошулбаса кайра кыздык бүтүп калат” дешти… – деди кызды тике карабай. Айгерим ыйлап жатты. Экинчи курсту бүтүп чоңоюп калган кыз азыр гана орду толгус, оңдолгус ката кетиргенин туйду.

Сардар ошол бойдон келген жок. Баш аламан замандын, бет келди бакыт издеп агылган жаштардын шарында экөөнүн кайгысын, түйшүк санаасын териштирген жан деле болгон жок чыны. А Айгерим бир нерсеге — кайра кыздык бүтүп каларына ишенди. Сардар келгенче кыз болуп калса, анан биринчи түндө жеңелери кайненесине сүйүнчүлөп, апасы кызынын тазалыгы үчүн кубанарын элестетип ички толкундоодон кадимкидей аптыгып да, коркуп да кетчү. Бирок кыздык бүтөрүнө, Сардар ага үйлөнөрүнө бекем ишенчү.

Арадан сабакка барып-келген жолдон башка жакка баспаган окшош төрт жыл тез эле өттү. Айгерим алгачкы жылдары кокус бирөөгө жолосо эле араң түзөгөн аялуу дүйнөсү кайра кыйрап калчудай коркуп эч кимди жанына жолоткон жок. Сунуш айткан мен деген жигиттерге сустайган бойдон көз кырын салбады. Жыл өтүп кыздык эч качан бүтпөсүн, сынган ааламы түзөлбөсүн түшүндү, бирок бир үмүт үлбүрөп жашай берди…

Мына, быйыл туура отуз үчкө чыкты. Жумушу жакшы, тапканы өзүнө эле эмес, ата-энесине, ал тургай, турмуштагы эки сиңдисинин анча-мынча кем-карчын жапканга да жетет.

Бир күнү Фейсбуктан бир достук келди. Кабыл алары менен тааныш көздөр аны карап турду.

– Саламатсыңбы, мени тааныдыңбы? – деп жазды тааныш көздүн ээси. Тагдырын бузуппу, же буруппу кеткен адамды кантип тааныбайт. Алар ошентип кайра жолугушту. Оболу сайт аркылуу, анан телефондо, кеч күздүн күүгүмүндө көзмө-көз учурашышты. Айгерим бүт өмүр күткөн адамынын алдында жат да, өз да боло албай чайналып турду. Ал эч нерсе болбогондой эки балалуу болгонун, аялынын жакшы адам, чыйрак, эптүү кожойке экенин айтып отурду. “Аялыңды абийири менен алдыңбы?” деген суроо Айгеримдин дилине миң келип, миң кетти ошол кечте. Бирок суроого даай албай койду.

Кантсе да наристе сезим башкача болот тура, алар кантип жакын болуп кеткенин аңдабай калышты. Айгеримде, тагыраак айтканда, Сардарда эки жүздүү жашоо башталды. Аялына бирди, Айгеримге бирди сүйлөп, ортодо жанчылып, жоголуп баратты. Айгеримге келсе балдарынын күлкүсү кулагында жаңырат. Аялына барса сумсайып жалгыз калган Айгерим, анын даамдуу тамагы, жыттуу таза төшөгү, жумшак күлкүсү жанын өгөөлөп сагынтат. Бул жашоо канчага созулат эле, ким билет, бир күнү Айгеримдин кош бойлуу экени белгилүү болду. Бул кабарга кубанарын да, кайгырарын да билбей нес болуп отурду. Сардарга чалса телефону өчүрүлүү. Дайым керек болгондо, майрамдарда, туулган күнүндө анын телефону өчүк болот.

Бир жумадай жоголуп, анан келди. Чай үстүндө келин сөз баштады:

– Сен эми келбе, Сардар. Билесиңби, бала экем, сенин “кыздык кайра бүтөт” деген сөзүңө чындап ишенип, кайра бүткөн ошол абийирдин жүзүн кайра сен ачсаң деп жылдап күттүм. Анан жылдар өтүп абийирдин сага эмес, мага керек экенин туйганда бир өксүп бармак тиштедим. Баарынан оору кыздык абийир эч качан кайра бүтөлбөсүн билүү болду. Атаганат, абийир менен босого аттаган үйгө бир тамчы канды эмес, бүт өмүргө жетчү ишенимди, сыймыкты, бакытты алып барарын бардык кыздар биле бербейт экен. Кудайга шүгүр, мен азыр бактылуумун. Абийирдүү келин болбогонум аз келгенсип эне да болбой каламбы дедим эле, Кудай ыйымды уктубу, эне болуу бактысын берди. Мен ушуга ыраазымын. Бир тилегим — кыз болсо экен. Бапестеп, кыздык абийир деген эмне экенин балапан кезден кулагына куюп, жүрөгүнө сиңирип чоңойтсом. Сага рахмат, сен менин үмүтүм элең, эми балага айланды ал үмүт. Аман бол, мен доктурга барайын деп камданып жаткам, сен ачкычты ордуна калтырып коюп, үйүңө бар, — деди да, капилет жолуккан жолоочудай коштошпой чыгып кетти.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️