Абдан таасирдүү экен

https://kyrgyzcha.site/?p=64397&preview=true Кызыктуу окуялар.

Абдан таасирдүү экен 😪

 

Төрт-беш жашар кичинекей кыз 4-стадиядагы мээ рагы менен ооручу. Кыздын ата-энеси эле. Балдар үйүндөгү бала багуучулар менен тарбиячылар кыздын пристубу бат баттан тынбай кармап, күнү түнү онтогон үнүнө туруштук бере албай ушул бейтапканага алып келип ташташкан. Бул эң жөнөкөй бейтапканада өлөрүнө аз гана убакыт калган айыккыс, көрөр багары жок оорулуулар даарыланышат. Кыз жаткан бөлмөгө кырк беш жаштагы өпкө рагы менен ооруган аялды жаткырышты. Бул аялдын да эч кимиси жок эле. Кантип эч кимиси жок?…

Жаш кезинде энеси, сүйлөшкөн жигити бар эле. Бул аялдын боюна бүткөндө, ала турган жигити ай асмандан кетип, биз карьера жасашыбыз керек деп боюнан алдырткан. Аял эне болуудан калган. Иши жүрүшкөндөн кийин ал жигит да жел айдаган кара булуттай ың жыңсыз жок болгон. Аял атасын эч качан көргөн эмес. Апасы кийинчерээк ооруп каза болгон. Жан дүйнөсү талкаланган аял эри бар боюнда бар аялдарды, анан жаш балдарды жек көрө баштады. Апасы каза болгондон кийин өзүн алаксытыш үчүн тамеки чеге баштады, анан көрүнүшкө айланып, акыры рак ооруга чалдыкты. Эми болсо батири бар болсо да, акчасы бар болсо да эч кимге кереги жок айыккыс оорулардын бейтапканасынан орун алды. Эч кимиси жок, бардык жакшылыктан үмүт үзүп бүл бүл жанган өмүр оту өчөрдө бул аялды онтоп, уйку соонун ортосунда апакелеп чакырган бечара кыздын бөлмөсүнө жаткырышты. Бул аялдын жан дүйнөсү муздап, бирөөлөргө болгон жакшы сезими, мээрими эчак өчүп музга айланган эле. Таш боор, өз жашоосунан да түңүлүп, башка түшкөн кайгысына чөмүлүп, өзүң кем баа сезип, бактысыз жашоосунун бүтүшүн кайдыгерлик менен гана эңсеп калган.

Ыйлап, онтоп, уйку соонун ортосунда апакелеп чакырган кызга жини келе жаман көрүп жатты. Болду эми чыдай албайм, көргүлүктү көргөзөм деп кимгедир кекетти, тишин кычыратты. Оордунан тура кызды көздөй жөнөдү, бирок пристубу кармап жыгылып түштү. Аял кайра эсине келгенде кыздын өмүрүн кармап турган аппаратты өчүрүп, кызды да, өзүн да бул онтоодон куткаргысы келди. Аял кыздын апаратын өчүрүү үчүн эңкейип клапанды колго алганда, кыз онтоосун басып көзүн бакырайта ачып аялды карады да: Апа, апаке сен, келдиңби?- деп чочуганынан калтыраган аялдын мойнунан эки колдоп кучактап калды. Аял колундагы клапанды мыкчый кармап, эңкейе туруп калды. Кыз ыйлап да, сүйлөп да аялдын көкүрөгүнө башын коюп, бекем кучактап, бир аздан кийин бышылдап уйкуга кетти. Аял кызды ойготуп албайын деп, жүрөгү жарыла үнсүз ыйлап жатты. Эки тизеси уюп чыкты. Сайылган трубкаларга тийбей, акырын кыздын жанына жатты. Бир аздан кийин кыздын бышылдаган деми менен биринчи жолу тынч уйкуга кирди…

 

Пример HTML-страницы

Аял бирөөнүн көз карашынан ойгонуп кетти. Көзүң ачса, трубкалар менен курчалган, таралбаган сексейген чачтуу, көздөрүн бакырайта ачып, кирпиктерин ирмебей карап отурган кызды көрдү. Аял уйкудан ойгонгондо кыз мындай деди.

— Апаке, сен кайсы жакта жүрдүң мени күттүрүп? Мен сени сагындым, аябай күттүм.

Аял карбаластай түштү, кандай десе?

— Кызым, апаң аябагандай көп иштеди, командировкадан кече эле келдим. Кызым апаңды тилдегенден көрө кел кучакташып сагынычыбызды жазалы. Ошол замат кыз арсак терсек өскөн сүт тиштерин көрсөтө, балалык назик күлкүсү менен кош колдоп энесин кучактады.

— Мен билгем сенин келериңди, сен дайыма түшүмө кирчүүсүң. Сени дайыма күтчүмүн. Балдар сенин апаң жок дешчү, апаке сени жок дешчү, а мен сенин бар экениңди билчүмүн. Дагы сен жакында өлөсүң дешчү, мен буга да ишенбейм, менин өлгөндөн бөлөк ишим жокпу-, деп аялдын көкүрөгүнө башын жөлөп алып сүйлөп жатты. Аял кызды бекем кучактап ыйлап жатты. Ажал экөөнүн жанында аңдып турганын билип, Жараткан ажал менен арбашкан эки адамды бириктирип, эне- бала кылып табыштырганына таң кала, же бир билгени барбы деп биринчи жолу тобо кылды. Кызды балалык бакыттан, рахаттан ажыраткысы келбеди. Ал бош колу менен кыздын уйпаланган сексейген чачынан сылап да, үнсүз ыйлап да, даары жыттанган башынан жыттап да жатты. Бир аздан кийин кыздын пристубу кармады. Бирок кыз апасына эч нерсени билдирбеске аракет кылып онтободу. Аял кыздын кыйналганын өңүнөн билди. Кыз бир жолу да онтоп койбой, тиштенип, жылмайган бойдон уйкуга кетти. Түн ортосунда оорусу күч алды. Дарыгерлер чогулуп келишип, баштарын чайкап кызды аяган менен колдорунан эч нерсе келбесин айтышты. Кыздын ичер суусу калбаганын айтышты. Кыз онтоп, эсине келе калганда апасын бажырая карап жатты. Аял кыздын колун бекем кармап, сексейген чачынан сылап олтурду.Аялдын жашоосундагы акыркы мөөнөтүнүн баары кыздын колуна өтүп, оорусу тээ алыска арткы оорунга өттү. Аял үнсүз кыздын ар бир кыймылын, өң түзүлүшүн карап олтурду. Ал кудайга жалынып, дуба окугусу келди. Бирок бир да дубаны эстей албады.

— Оо Жаратканым, менин кызым кандай гана жакшынакай, чыдамкай,- деп ойлоду. Ал өз тили менен жаратканга жалынып, жалбарып дуба кыла баштады.

— Оо жараткан, мени кечире көр. Сени тилдеп, сөгүп, арызданып, ыйлап да жүрдүм. Мени кечире алсаң кечир.

Мен жашоону, сени да жек көргөнүмдү кечире көр. Мен баарын жек көрүп жүрдүм, өзүмдү да сүйө албадым. Жаратканым баары сен каалагандай болсун. Бир гана суранычым, кызымды кыйнабачы, кичинекейимдин кыйноосун да, оорусун да өзүм көтөрөйүн, рахмат менин сөзүмдү укканыңа. Кыз көөшүп, онтобой, чабалактабай, жөөлүбөй тынч жатып калды. Аял кыздан ажырарын сезип, бирок кудайга мурдагыдай акарат айткан жок. Анын жүрөгүңдө эми гана бүрдөп, бүчүр ача баштаган энелик сүйүү жаткан кызынын колун оорутуп албайын деп бошотпой кармап олтурду. Кызынын онтобой, чабалактабай тынч жатканына ыраазы эле. Бир убакта кыз көзүн ачып апасынан суранды.

— Апаке, сен мага сүрөт дептери менен сыр калем таап бере аласыңбы. Мен сөзсүз бир нерсе тартышым керек. Кыздын көзүндө айтылбаган сыр турду.

— Оо Жаратканым, ыраазымын сага!

Менин кызым тирүү… Аялдын кубанычы көкүрөгүн жарып кете тургансып, жан дүйнөсү жашарып, мээрими көзүнөн төгүлүп турду. Ал үч- төрт күндөн бери кирпик кагып уктабаганын унутуп, жаш кезиндегидей сергек эле. Ал медайымдан сүрөт дептерин, сыр калем жана өчүргүч алып келип берүүсүн суранды.

— Күнүм менин, эч жериң ооруган жокпу?- деп сурады аял ушунчалык мээримдүү, назик үнү менен.

— Ой апакебай, сен келгенден бери, өзүмдү эң сонун сезип жатамын,- деди кыз көздөрүн бакырайта күлүп.

— Менин түшүмө эки канаттуу ажыдаар кирди, коркунучтуу экен, бирок мен корккон жокмун. Кара ажыдаар менин керебетиме от чачып өрттөйүн деди. А мен корккон жокмун. Менин апам бар дедим, муштумумду түйүп, эки муштумумду түйүп тап бердим. Экинчи күрөң түстөгү ажыдаар сенин керебетиңди айланып учуп жүргөн. Анан менин керебетимдеги ажыдаар мындай деди.

— Бул бөлмөдө биз тамактана турган кайгы- капа калбаптыр. Кубаныч, сүйүү, ишеним орун алыптыр. Бөлөк бөлмөгө баралы деди.

— А мага эгер апаң менен үйүңө эрте кеткиң келсе, биздин сүрөтүбүздү тарт, эмне көрсөң ошону тарт-,деди.

Кызы сүрөт дептерге калем сап менен бир нерсе чиймелеп жатканда, кызынын таптаза жуулуп таралган чачынан жыттап, минтип сурады:

— Кызым, мен ишиме барып келейин, руксат бересиңби?

— Ооба апаке, бирок тезирээк эле келчи, мен сагынып калам,- деди эркелей.

Аял такси чакыртып үйүнө жөнөдү. Жумушчуларды жалдап, айнек терезелерин жуудурду. Кошунасы менен барып ар түрдүү үй гүлдөрүн сатып алды. Үйүн кызын чыгарып келүү үчүн жасалгалады. Ал өлүм жөнүндө ойлоп да койгон жок. Бир жумадан бери өнөкөт оору өпкөсүн кысып алдастатканын таштады. Бейтапканага келгенде кызы бир ажыдаарды тартып бүткөн эле. Ал апасын кадыр эсе соо балдардай керебеттен түшүп, чуркап тосуп алды. Аял да кызын чачынан шуу жыттады. Дарыгерлер ренгенге тартып аябай таң калышты. Баштагы шишик кичирейип тарай баштаган эле. Энесинин жөтөлү азайып, өңү нурданып сергек боло түштү. Кыз сүрөттөрүн тартып бүтүп, өчүргүч менен өчүрүп баштады. Эне баланын ден соолугү таң каларлык болуп тез сакая баштады. Дарыгерлер бир жагынан таң калып да, сүйүнүп да эне баланы ооруканадан чыгарышты. Үйүндө жайнаган гүлдөр кызыл тазыл болуп тозуп алышты. Энеси менен кызынын экинчи, бактылуу өмүр жолу башталды.

 

( Аягы)

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️