9-БОЛУМ.
#АбаккаТуртконСуйуу
Мырзабек ушул күндү башкача элестетти эле.Оюнда жагасың десе,Анара да көзүнө карап ооба мен да жактырып жүргөм же азыр мага сүйүшүү эрте дейт го ,деп жүргөн .Бирок,өзүнө окшоп тарткынчыктабай эле чечкиндүү болуп бетинен бир өөп сүйөм деп кетип калганы Мырзабектин мээси токтоп өпкөн жери өрттөп баратты.Бир саамга ордуна катып калган Мырзабек үйүнө кирди да сааты эсине түштү.Эми ушул белегин берип койсо болот.Бирок, буга гүл кошуп коюш керек .Ооба,гүл кошуш керек деген өз оюн бышыктаган Мырзабек огородунда эле кооз болуп өсуп турган гүлдөрдүн кайсысын жулуп алсам экен деп кармалай баштады .Биринен бири өтүп кооз болуп көрүнгөн гүлдөрдү тандай албай ар кайсынысын кармай берди.Ии, эмне эле көпөлөктөр анысына да мунусуна да учуп коно берет десе,алар деле мага окшоп тандай албай кооздорун издеп жүрүшкөн окшойт деп ойлонуп атып байкабай тикенегине колун сайдырып алды.Чочуп кетип колун тарта калып каны чыга түшкөн сөөмөйүн үйлөп коюп кайрадан базардан дарбыз тандагансып тандап кирди. Көзгө жакшы көрүнгөнүн сындырып алайын деди эле ,апасынын эмне кыласың деген үнү чыгып уурулук кылып жаткан немедей токтоп калды.Кылмышынан кармалган адамдай жооп таппай кекечтене ,,неме неме,бир кыздын туулган күнү болчу,ошого… «,деп ,апасын карап кылып жаткан ишин улантпай туруп калды.,,Ал болбойт ,бар кайчы алып кел ,мен тандап берейин «-деп апасы,гүлдөрдү аралап тандап кирди.Мырзабек чуркап барып кайчыны алып келип берди.Тандап кооз болгон гүлдөрдөн бешөөнү кесип алды да,өзүнчө ушулар болот деп койду.Мырзабек кармаган гүл апасы кесип алган гүлдүн жанында суу кечпей калды.Эмнеге мен буларды көрбөй калдым экен,уят болмок экенмин ээ,деп апасы кыркап алган гүлдөрдү карап суктанып жатты.Бары бир эркек киши менен аял кишинин көз карашы бөлөкчө болот экен да ээ деп,апасы тандап бергенине сүйүнүп .
—Эми дүкөнгө барып жылтырак кагаз алып кел,атайын байлоочу жибин да кошо ал деп ,колундагы гүлдөрдү чакадагы сууга салып коюп үйгө кирип кетти.
Мырзабек дүкөнгө барып айткандарын сатып алып келип берди.Апасы гүлдөрдү ороп туруп түстүү жип менен бантик кылып байлап койду эле базардагы гүл саткан аялдардын гүлү да бул жакта калды.Кооз болуп көркүнө чыккан букетти колуна кармап алып апасы,,ме , сүйгөнүңө алып бар ,»деп тамашалай колуна карматып койду.Апасы чындап билип айттыбы же билбей эле тамашалап айттыбы Мырзабек букетин колуна кармаган боюнча үйдү көздөй бараткан апасын таң кала карап туруп калды.
Ооруканада жаткан Мамат бир аз жакшы болуп жарааттары айыккансып калды.Бирок,көзүнүн шишиги анын айланасындагы көктөрү дагы эле кете элек.Палатадагы чогуу жаткандар дагы эмне болду эле иничек деп кызыгып сурап көрүштү эле аларга да ,,билбейм,мас болуп калган экенмин, өчөшкөн бирөө караңгыда тепкилеп кетиптир «деп ,жаттап алган жообун берип койду.Милиция да албууттанган апасы да издештирип ,сурап атып түңүлүштү .Атасы өз адамдары аркылуу тымызын издештирип,бирок эч жик билинбей кала берди.Маматтын жообу даяр,баягы эле сөз.Милиция түндө ичип жүргөн адамдарды кармап алышып тескеп көрүштү эле алар урмак турсун аракка араң акча таап көрүнгөн жерден бир нерсе чогултуп аны сатып өлбөстүн күнүн көргөн эмнелер болуп чыкты.Ачууланган милициялар жөн койо бербей үч күн милициякананын тегерегин шыпырып анан коё беришти.Маматты токмоктоду деп ачылган иш ошо бойдон жабылып жок болду.
Маматка жолугууга келген Эсен менен Шакен сырттагы обочо турган орундукта көпкө сүйлөшүп отурушту.Алардын сөзү баягы эле Мырзабек.Анын эмне кылып жүргөнүн,Анара менен жүрүп атабы каякка басып атат.Мен жөнүндө эмне сөз бар ,ушул жөнүндө тымызын маалымат топтоп бир нерсени ойлогондой сурап жатты.Эч нерсе оюнда жок бул экөө билгенин айтып жаңы маалымат укса кабар берип турушту.Эсен менен Шакен жөн эле зээриккенден сурап жатса керек деген ойдо болушту.Бирок,ичте калган кек бара бара өрчүп жаткан.
Мырзабектин бетинен өөп качып кеткен Анара үйүнө келгиче бети кызарып алоолоп чыкты.Үйүнө келип бирөө көрүп койчудай уялып өзүнүн бөлмөсүнөн чыкпай отура берди.Чай ич деген ата энесине азыр деген боюнча чыкпай,сабак даярдаган киши болуп китеп окуп отурду.Көзу китепте болсо да ою Мырзабекте.,,Чындап эле сен да жагасың Мырзабек,көптөн бери мени сүйүп жүргөнүңдү да билем.Мен үчүн жаныңды тобокелге салып зөөкүр Мамат менен тирешип ,аны баш көтөргүс кылдың.Сендей сүйгөнүм болсо бул дүйнөдөн армансыз өтөм.Жанымда сендей камкор,сендей боорукер,сендей коргоочум турганда башымды көтөрүп сыймыктанып өмүр бою сыйлап өтөм «, деп,ою чабыттаган Анара өз келечегин Мырзабек менен гана көрүп жатты.
Кеч кирип баратканын байкаган Мырзабектин апасы баласынын алигиче сабак даярдап отурганын көрүп:
—Ээ,балам,туулган күнгө кечиктиң го,тур эртереек жөнө ,гүлдөрүң соолуду, деп ,айтты.Эмне деп барам,эмне деп айтам деп тартынып жаткан Мырзабек ,апасы айтканда ,макул мына азыр жөнөйм дегени менен ,Анарага эмне шылтоо айтып барам деп башын катырды.Сүйөм деп койсо эле гул көтөрүп келе бересинби деп койсо эмне кылам деп ,мээсине алгылыктуу ой келбеди.Туруп жаңы кийимдерин кийип ,апасынын духисин көрсөтпөй сееп алды да баягы белекке берем деген саатын бекиткен жеринен алып гүлгө кошуп көтөрүп көчөгө чыкты.
Эмне кылсам эртең эле класста берсемби деген ой мээсине келе түштү.Кайра айнып кетти себеби гүлдү эртең класста берсе баарына маалым болуп гүл берди деп жарыя болуп кетпейин деди .Мейли азыр эле берип салайын эмне десе ошо десин деп Анаранын үйүн көздөй баратты Анаранын үйүнө жакындаган сайын колундагы гүл колун күйгүзгөндөй болуп,жүрөгү башкача согуп толкунданып жатты .
Караңгы кирип калгандыктан көчөдө Мырзабектен башка эч ким жок.Акырын Анаранын үйүнө жакындаган Мырзабек бирөөсү көрүнөбу дегендей карап турду да эч ким байкалбагандыктан адатынча акырын ышкырып койду.Бир аз күтүп туруп дагы ышкырып койду эле эшикке чыккан Сейитбек ага жарыкты күйгүздү да ким бул деп сурап калды.Мырзабек атасы чыгат деп күтпөгөндөн алгач качып кетейин деп ойлоду.Анан кайра айтып эле чакырайын деп ойлоп атып колундагы гүлдү эстей коюп эмне гүл десе эмне деп жооп берем деп алдастап калды .Аңгыча эле Сейитбек ага чыга келди .Мырзабекти тааныган Сейитбек ага:
—Аа,сенсиңби Мырзабек,эмне болду ?-деп сурады.
—Мен жанагы…Бир классташ кызыбыздын туулган күнү эле..Ошого мен Анарага эртең баралбайм сен бул гүлдү ала кетип берип койчу дейин дедим эле,деп араң сөз таап жооп берди.Аа ,деген Сейитбек ага кирип кетти .Сөз таппай тердеп кеткен Мырзабек ,өх деп дем ала оюна ушул сөз келе түшкөнүнө кубана түштү.Бир аздан соң сыртка Анара чыга келди.Мырзабектин гүл кармап турганын көрүп эки колу менен оозун баса калып көзү бакырая түштү.Мырзабектин минтип келерин элестетпептир.
—Бул ,магабы ,?-деп кубанганын жашыра албады.
—Ооба ,Анара,ушул гул сага.Мен да сүйүүмдү билдирүү ниетимде ,сага көтөрүп келдим.Сени мен көптөн бери сүйүп жүрөм,бирок түз айтуудан айбыгып жүрдүм.Сенин чечкиндүүлүгүңө баа бердим.Рахмаат,сенин сүйүүңдү аздектеп көзүмдүн карегиндей сактайм ,деди,Мырзабек..Эки колу менен узаткан гүлдү алып Анара көзүн жумуп гүлдүн жытын кере кере жаттап ,ай ий мынча жыттуу гүл,сонун экен деп ,дагы бир ирет жыттап койду.
—Мындан ары Анара ,сен мени үчүн ушундай гүлдөй назик, гүлдөй жыттуу жана гүлдөй барктуусун.Ушул гүлдү кармаган эки колум менен сени көкөлөтө башын асманга тийгизе бактылуу кылам,деп,чөнтөгүн чукулап саатын сууруп чыкты да байлоосун чечип кутусунан чыгарып келе колуңду деди.
Мырзабектин эмне кылып жатканын карап турган Анара саат чыкканын көрүп күлүп ,,бул дагы магабы?-«деп, күлүмсүрөп колун сунду.Караңгыда шыкаалап атып араң таккан саатын Анаранын колу менен кошо кармап туруп,Анара сага берген биринчи белегим болсун,деди.
Рахмат деп Анара жарыкка саатын карап туруп кулагына такап чыкылдаганын угуп дагы бир жолу рахмаат деди.
Анара кой эми кирейин,атам урушат деди.
Мырзабек атасынан тартынып бирөөгө ушул гулду берип койсунчу деп айттым эле дегенин Анара угуп алып каткырып Мырзабекти кошо күлдүрдү.Мырзабектин тапкычтыгына ыраазы боло түшкөн Анара ,,макул мен да ошентип айтам» деп,коштошуп кирип кетти.Анаранын кирип кеткенин карап туруп терең дем алды да, келген сапары ойдогудай чыкканына сүйүндү.Анаранын каткырыгына эле муюган Мырзабек , сүйүүсү күч алып баратканын өзү да сезип Анаранын сүйлөгөнүнө,күлгөнүнө суктанып бүтө албай койду.
Анара гүлдү көтөрүп үйүнө кирип баратып эстей коюп саатын чечип катып алды.Мырзабек айткандай көтөрүп кирген гүлдү караган ата энесине,, бирөөнүн туулган күнү эле ошого алып барам» деп койду.Өз бөлмөсүнө кирип катып алган саатын чыгарып ары бери айландырып карап атты.Кадимкидей эле аялдар такчуу саат болсо да Анара үчүн күтүлбөгөн белек болду.Колуна дагы бир жолу тагып колун алдыга сунуп айлантып көрүп жатты.Басканда кандай болот экен деп колун шилтеп басып бараткандай болуп да карап көрдү.Сонун,саат тагып алып шаарда студентка болом да деп кыялданып ою тээ алыс жакта чабыттап жүрдү.Шаарга Мырзабек экөөбүз тең окууга тапшырсак,анан кечинде парктарда аллеяларда эрчишип жүрсөк ээ .Анан баары бизге суктанса,деп,Мырзабек экөө шаарда ээрчишип жүргөнүн элестетип атты.
Ушинтип Мырзабек менен Анараны сүйүүсү башталып кетти.Кундузу эле жоолугалы,түндө келбе уялам ата энемен, түндө чыгалбайм деп ,Мырзабекке эскертип койгондуктан сабактан чыкканда экөө бөлүнүп мектептин алма багында сүйлөшүп сырдашып отурушуп анан үйлөрүнө кетишчү.Экөөнүн минтип сүйүшүп калганын баары эле байкады.Көрө албас жигиттер Анарага жете албай ичи өртөнсө ,Мырзабектей жигитти Анара ээлеп алганына кыздардын ичи күйөт.Чогуу куушуп ойногондо эмнеге сүйүүмдү билдирбедим экен, деп чыккандар да болду.Мырзабекти да жактыргандар мектепте көп болчу .Мырзабек мойнунан кучактап тийишип жаткан кыздарды акырын эле колун чыгарып,, кой минтпе уят болот «,деп койсо,али да бала бойдон турбайбы деп кыздар да тийишпей калган.Анара менен Мырзабек бир биринин көзүнө тигилип суктанып бүтө албай коюшту.Көбүнчө Анара сүйөп Мырзабек угат .Сүйлөп жаткан Анараны тиктеген Мырзабек ушундай кызды тандаганы үчүн өзүнө ыраазы да болуп кетет.Ушундай бир бирине сүйүүсү артып жаткан мезгилде кылычын кармап кыш келип жаңы жылдык балаты майрамы болуп калды.Кар уруп ойногон балдар балаты майрамын күтүп сыртта жүрүштү.Майда класстардын концерттик программасы бүтүп эми чоң класстардын концерти башталмак.Саат болуп эшик ачылып киргиле деген агайдын сөзү угулуп топураган балдар шашыла бири биринен өтүп жарыша балаты өтчү залга кирип жатышты.Алып баруучу концерттин башталганын жарыя кылып анан четтен даяр болгон номерлерди чакырып окуучуларга көрсөтө баштады.Кезек келип Мырзабек менен Анара Шекспирдин ,, Ромео менен Жульетта «спектаклинин үзүндү ойноп беришип окуучулардын купулуна толушту.Ушунчалык берилип ойногон Анараны баары актриса болчудай экен деп кол чаап жатышты.Булардын сүйүүсү да ошол экөөнүн сүйүүсүндөй болуп уланып жатканы баарын суктандырып жаткан.Бирок,ичинен көрө албастар да сүйүүсүнө кара так түшүрүп экөөнү уруштуруп жиберүүгө даяр адамдар бар эле.
УЛАНДЫСЫ БАР….